БИР МЕКТЕПТИН ЭҢ МЫКТЫ ОКУУЧУСУ, МУГАЛИМИ, ЖЕТЕКЧИСИ
- 24.06.2021
- 0
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылынын Мукай Элебаев атындагы орто мектеби быйыл 100 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Ушундай мааракелүү күндөрдө тээ жүз жылдан берки тарых артка карай баракталып, мектеп кандай эле, кимдер иштеп, кимдер кандай салым кошту эле, кандай инсандар чыкты эле деп ар бир мугалимге, жетекчиге, окуучуга баа берилет эмеспи. Төмөндө биз ошондой эл оозуна алынган, ушул бир кылымдык тарыхы бар мектепти эң узак жетектеген эң мыкты агартуучу, жетекчи жана бир үй-бүлөнүн куту болгон инсан жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Кылым жашаган мектепте кыйла инсандар иштеп, миңдеген окуучулар уядан учту. Ошолордун катарында аты алтын тамга менен эң мыкты окуучу, кесипкөй мугалим жана үлгүлүү жетекчи катары жазылып калган Ибраев Бекбо да бар. Бекбо агай ушул мектептин эң мыкты окуучусу эле. Ал мектепти аяктагандан кийин Пржевальск педагогикалык институтуна тапшырып, 1960-жылы мамлекеттик жолдомо боюнча Ош облусуна жиберилет. Ошентип, анын узак жана түйшүктүү эмгек жолу Жаңы-Жол районундагы Жапа-Салды айылынын Карл Маркс атындагы орто мектебинде физика жана математика мугалими болуудан башталган. Ал кезде жогорку билимдүү кадрлардын жетишсиздигинен улам тез эле ушул мектептин директору болуп дайындалып калат. Беш жылдан кийин Ак-Суу айылындагы Макаренко атындагы орто мектепке директордун орун басары катары которулуп келип, ошол эле жылы директор болуп дайындалат.
Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Терек-Сайда масштабдуу геологиялык чалгындоо иштери башталып, көп өтпөй Терек-Сай кен ишканасы түзүлгөн. Алгач Терек-Сай-Ала-Бука жолу, 1955-жылы кайра иштетүүчү завод курулган. 1969-жылга чейин шахтада 1000ден ашык адам иштеп, шаар тибиндеги конушка мүнөздүү бардык инфраструктура курулган. Дал ушул жылдары Ибраев Бекбо иш билги жетекчи катары Терек-Сай айылындагы орто мектепке директорлук кызматка жөнөтүлөт. Ал кезде бул жерде Советтер Союзунун ар кайсы булуң-бурчунан келген жарандар иштеген жана ар улуттун өкүлдөрү болушкан.
1971-жылы Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Жергез айылындагы орто мектепке которулуп келип, ал жакта 1973-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. 1973-жылы Бекбо агай өзүнүн өтүнүчү менен туулуп-өскөн Талды-Суу айылына мектеп директору болуп которулган. Бул мектепти 23 жыл бою туруктуу жана үзүрлүү жетектеп, жүздөгөн улан-кыздарды уядан учуруп, мектепти райондогу алдыңкы окуу жайлардын катарына чыгара алды.
1977-жылы келечек муунду тарбиялоодогу ийгилиги үчүн “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Агайдын ак эмгеги 1995-жылы бааланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» жогорку наамына ээ болгон.
- Атам көрсө, убагында опол тоодой эмгек кылган экен. Убагында жаштык кылып биз көп нерсесин билбептирбиз. Эми гана элдин оозунан угуп, архивдеги документтерин көтөргөндөн кийин баалап отурабыз. Атабыз биздин эле эмес, өзү иштеген мектептин жамаатынын, окуткан балдарынын, алардын ата-энелеринин дагы атасы турбайбы, өзүн ошондой жоопкерчилик менен алып жүрчү тура. Биз болсо аны өзүбүздүн гана атабыз деп билчү экенбиз. Атам таў эрте туруп, чыкыя кийинип алып жумушуна шашып кетчү. Биздин эсибизде үйдөн бизге тапшырма берип, аткарылганын энебизден талап кылган, айткан сөзү биз үчүн мыйзам болгон, принципиалдуу адам катары сакталып калыптыр. Бир сүйлөгөн, жакшы-жаманды так ажырата алган адам эле. Пенсияга чыккан мугалимдерди эс алууга кетирип, жаш кадрларды көп топтогону үчүн убагында ар кандай сөздөрдү да уккан. Мен өзүм да мектепте иштегендиктен азыр пенсияга кетип, бирок дагы эле иштей бергиси келген улуу эжей, агайларды эми түшүнүп турам. Атам өзү дагы принципке туруп, пенсияга чыгаары менен мектептен кетип калган. Көрсө, атабыздын дагы бир топ иштери, ой-максаттары аткарылбай калган тура… Атам эс алууга чыккандан кийин да сынынан жазбай, такыр ак көйнөгүн чечкен жок. Качан болсо үйгө барып калсак кычырап ак көйнөгүн кийип, сакал-мурутун кырып, атырдан себинип алып анан келип чайга отураар эле. Эмнеси болсо да атам жакшы жетекчи, иш билги инсан жана камкор ата катары жүрөгүбүздө жашай берет, ар дайым сыймык менен «МЕНИН АТАМ» деп айта алам, — дейт кызы Ибраева Аэлита.
Ата-эне жолун жолдоп Аэлита Ибраева дагы агартуучу. Ал – Жети-Өгүз районундагы С.Сыдыков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты сабагынын мугалими. Бекбо агай менен жубайы Садырова Момой он бир баланы тарбиялап өстүрүштү. Момой да өмүр бою мугалим болуп эмгектенип, жолдошу кайда болсо жанында жүрүп, үйдө да, жумушта да бири-бирине тирек болуп, ар дайым кош жылдыздай ээрчишип жүрүшкөн.
Ар дайым эгиз козудай болуп жүргөн эки педагогдун дагы бир кызы Гүлмира өмүрүн бала тарбиялоого арнап келет. Арал айылындагы Ж.Ашымов атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими, Эл агартуунун отличниги, ондогон жаш мугалимдердин устаты. Өзүнүн педагогикалык иш тажрыйбасында автордук программа менен көп жылдан бери эмгектенип, эл оозунан түшпөй келет.
Чолпон КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер