БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

  • 23.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билимди транформациялоо боюнча кабыл алган “Алтын казык” программасында алдыдагы 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мугалимдин кесиптик даярдыгына өзгөчө маани берилип, ар бир педагогдун жыл ичинде 100дөн 300гө чейинки тренинг, семинарларга, онлайн-офлайн конференцияларга катышуу жагы баса белгиленген. Белгилүү болгондой, “Кут Билим” гезити 2013-жылдан бери жер-жерлерде мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга багытталган көчмө семинарларды Лейлектен тарта Кара-Буурага чейин уюштуруп, бул саамалыкка өз салымын  кошуп келүүдө.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

 

“Калемгер” тобунун жаш мүчөсү

 

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

17-майда өткөн  Сузактагы семинарга “Кутбилим сабактын” активдүү авторлору, “Калемгер” тобунун талыкпас мүчөлөрү, Бишкек шаарындагы  профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин  кайратман таалимчилери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова, башталгыч класстын дасыккан мугалими Айсулуу Орозканова, Талас облустук лицей-комплекстен  Ашыккал Тагайматова, Ноокат районунан ардагер педагог Абдиназар Эргешов, Алайдан айылдык кеңештин төрагасы Сыдык Мамыров, Кара-Суудан Топ-Терек негизги мектебинин директору Назира Шайлиева, Жалал-Абаддын көрүнүктүү өкүлү Байыш Мүсүралиев, ушул эле облустан дагы бир чыгармачыл инсан Узен Атаканов, ошондой эле “Калемгер” тобунун эң жаш мүчөсү, Алай районундагы №35 Сатар Карыев атындагы орто мектебинен Ийгилик Атакулов катышты. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн бул педагогду 2021-жылдын аяк ченинде Алайда өткөн акыркы семинарда ардагер агартуучу Абдиназар Эргешов “Калемгер” тобуна мүчөлүккө сунуштаган болчу.

—              Абдиназар агайга терең ыраазычылык билдирем. Бул күнкү семинардан өзүмдүн кесиптик өнүгүүм үчүн баа жеткис усул-ыкмаларды үйрөндүм, — дейт Ийгилик Атакулов.

 

Кызыл-Сеңирдин Дүйшөнү

 

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Сузак районундагы №31 Ырыскулбек Чанаков атындагы  орто мектептин  байманалуу таржымалы тээ 30-жылдардан башталат. Ошол оош-кыйыш заманда жаңы большевиктик бийликтин сабатсыздыкты жоюу саясатын колдоп, Актам Абдуллаев аттуу татар жигит кызылсеңирликтерге ариптерди үйрөтүп, далайлардын сабатын ачыптыр. Ошон үчүн азыркы күндө да айылдыктар Актам Абдуллаевди “Кызыл-Сеңирдин Дүйшөнү” деп коюшат. Элдин сабатын жоюуга айыл активдери Алыкул, Базарбай, Алдос, Кадыркул, Жолдош, Исраил акелер жардам беришкен экен. Кийин 1959-1960-окуу жылында 7 жылдык, 1961-1962-окуу жылында 8 жылдык, 1978-1979-окуу жылында 10 жылдык мектеп ачылат. Билим уясын ар кайсы жылдары Кубатова Салима, Батырова Ырыскан эжейлер,  Стамкулов Икрам, Алимбаев Мамрасул, Капаров Кудайберди, Камчыбеков Кадырбек, Муратов Жаныбек, Жороев Асылбек, Маатазимов Эрмамат, Исаков Абдыманап агайлар жетектеп келишсе, 2021-жылдын сентябрынан тартып “Кутбилим сабак” аркылуу агартуу журтчулугуна таанылган  жаңычыл-педагог Бусара Калмурзаева педжамаатты башкарып келүүдө.

—              Бүгүн бизге республикабыздын туш тарабынан “Кутбилим сабактын” мыкты авторлору келишти. Биз тажрыйба алмашуу семинарына  6 ачык сабакты жана 3 тарбиялык саатты  даярдадык. Семинардын ишин жыйынтыктоодо сабактар боюнча жөндүү сунуштарды, алгы пикирлерди угабыз деген ойдомун, — дейт мектеп директору.

Жаңыланган билим ордосу

 

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Кыргызда “Эшигин көрүп, төрүнө өт” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, Сузак районундагы №31 Ырыскулбек Чанаков атындагы билим уясы бизге, тажрыйба алмашуу семинарынын катышуучуларына  өзүнүн тазалыгы, окуу кааналарынын заманбап жасалгасы менен жагымдуу таасир калтырды.  Бул жердеги  дубалдарда илинген  көргөзмө куралдардын баары окуучулардын билим-тарбия алуусуна көмөктөш болууга багытталганын байкадык. Чоң окумуштуу, тилчи, профессор Ырыскулбек Чанаковго арналган атайын стенд да балдарга өрнөк болорлук экен. Деги эле бул мектепте Кызыл-Сеңир айылынан чыккан аттуу-баштуу адамдардын өмүр жолун изилдеп, аны окуу-тарбия процессинде колдонууга жакшы маани берилиптир. Мектептеги бардык окуу кааналары ошондой өмүрү өрнөк инсандардын ысмында экенин айта кетели. Жыл сайын көзү өтүп кеткендердин балдары, тууган-туушкандары бул окуу кааналарын оңдоп-түзөөгө, жабдууга жардам беришерин билдик. Ата-энелер, коомчулук өкүлдөрү билим ордосундагы акыркы өзгөрүүлөрдү мектеп директору Бусара Калмурзаеванын демилгеси, чарчоону билбеген талыкпас аракети менен байланыштырышат.

—              Эки жыл мурун эле билим ордобуз аянычтуу абалда болчу. Өткөн кылымдын 80-жылдары салынган окуу корпуснун сыры кетип, парта, отургучтардын баары эскирген эле. Бир тобу башка айылдарга каттап окуй баштагандыктан, окуучулардын саны да азайып кеткен. Бусара Якубовна эки жылда эсепсиз иштерди аткарды.1 миллион 600 миң сомго долбоор жазып, жылытуу системасын толук алмаштырды. АРИСтин көмөгү менен мектептин чатырын жаңылап, усулкана менен электрондук китепкананы ишке берди. Өкмөттүн эсебинен толук оңдоо-түзөө иштерин бүткөрүп, жергиликтүү бийликтин жардамы менен парта-отургучтарды жаңылады. Марафон өткөрүп, элден, демөөрчүлөрдөн, мугалимдерден, техникалык кызматкерлерден түшкөн 368 миң 400 сомго мектептин кем-карчысын толтурду, — дешет алар.

Элдин мектепке болгон ишеничин кайтарып берген иштемчил жетекчи Бусара Калмурзаевага биз, семинардын катышуучулары, ыраазы болуп турдук. Жаңыланган, жакшы жагына өзгөргөн билим уясында учурда 615 окуучу билим алып, аларга 44 мугалим билим-тарбия берүүдө. Өз кесибиндеги жараткан ийгиликтери үчүн 18 педагог  “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси экенин зор сыймык менен белгилей кетели. Былтыркы окуу жылында ата-энелердин суроо талабы менен мында орус классы да ачылган.

Бул күнкү семинарга улай, Кызыл-Сеңирдеги жүз жылга чукул тарыхы бар мектептин дагы бир ийгилигин айта кетпесек болбойт. Жакында эле Санжарбек Данияров фонду уюштурган республикалык чоң таймашта башталгыч класстын тажрыйбалуу мугалими Нуржан Исакова баш байгени жеңип алып, Орусияга он күндүк саякат жолдомосуна ээ болду. Мунун өзү мында эмгектенген агай-эжейлердин кесиптик дарамети жогору экенин көрсөтүп турат.

 

Эстен кеткис инклюзивдик сабак

 

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар билим алган инклюзивдик класс оолак жерде, менчик үйдүн бир бөлмөсүндө жайгашыптыр. Инклюзивдик класс деп аталганы эле болбосо, көбүнесе үйдү эске салат. Үйдөгүдөй жагымдуу атмосфераны түзүү өзгөчө муктаждыгы бар балдарды окутууда маанилүү экенин ушул жерде отуруп, жүрөгүбүз менен сездик. Мугалим Ибрагимова Тургунбүш эжейге балдар өз апасындай эле мамиле кылып жатышты.Улуу педагогдор эңсеп келген балдарга карата гумандуу мамилени ушул жерден көрө алдык десем да болот. Сабакта А.С. Пушкиндин “Алтын балык” жомогу өтүлдү. Мугалим алгач окуучуларды сабактын максаты менен тааныштырды. Тыным менен текстти окушкан соң, оюн түрүндө кайырмак менен балык кармап, балдарга балыктын пайдасы тууралуу айтып берди. Андан кийин окуучулардан дарыяда, көлдө, деңизде, океанда жашаган балыктын түрлөрүн сурады. Окуучулардын эске тутуусун, чыгармачылык ой-жүгүртүүсүн курчуткан көрсөтмө куралдар арбын колдонулду. Идиште  тирүү алтын балык турган үчүнбү, айтор, балдар “Алтын балык” жомогун ушунчалык бир дилгирлик менен аткарып беришти. Үстүнө кийген кийимдери да жомоктогу окуяга опокшош болду. Жыйынтыктап айтканда, бул күнкү сабактан окуучулар жомоктун адам баласына тийгизген таасирин жетик түшүнүшүп, ач көздүктүн аягы аянычтуу болоруна бекем ынанышты. Сабактан кийинки талкууда инклюзивдик класстын мурунку бүтүрүүчүлөрүнүн тагдырына кызыктым.

—              Биринчи класстан бери окуган төрт окуучумдун баары турмуштан өз ордун тапты. Бирөөсү ЖАМУну аяктап, программист болуп иштеп жатат. Дагы бир жигит Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейди бүтүрүп, электр-газ ширетүүчү кесибин аркалоодо. Бир кызым ашпозчулукка окуду. Жалал-Абаддан тигүүчүлүккө окуган бир улан азыр — Барпы атындагы облустук драма театрында костюмер, — дейт инклюзивдик билим берүүнүн устаты Ибрагимова Тургунбүш эжей.

 

Семинар катышуучулары ой бөлүшөт

 

ОРОЗКАНОВА Айсулуу,  Бишкек шаарындагы УИТМЛнин башталгыч классынын мугалими:

 

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Биз инклюзивдик класста Ибрагимова Тургунбүш эженин адабият сабагына күбө болдук.  Ачык сабакта А.С.Пушкиндин «Алтын балык» жомогу сахналаштыруу менен бышыкталды. Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген үч окуучу билим алат экен. Балдар билим алган каана жеке үйдүн ичинде болгону менен зор чеберчилик менен жасалгаланыптыр. Каанада сабакка керектүү көрсөтмө куралдар ирети менен илинген. Сабак өтө кызыктуу болду.  Балдарга жомокту  түшүндүрүп эле тим болбостон, ар биринин китеп окуусуна, сүйлөө чеберчилигине, жомоктогу оң жана терс каармандын образына кирип ролдорду аткаруусуна көңүл бөлүп, балдарга мээримин төгүп, жогорку деңгээлде сабак өттү. Ал эми окуучулары эжейинин сабагын кунт коюп угуу менен бирге текстти шар окуп, өз алдынча берилген суроолорго жооп берип, кызыгуу менен сабакты кабыл алып жатышты. Мен өзгөчө муктаждыгы бар балдардын билимге болгон кызыгуусу жана умтулуусу күч экенин байкадым.

 

НУРБАЕВА Урниса, Сузак районундагы №83 Зулум Жамашев атындагы орто мектебинин  география мугалими:

Мен Ашимбаева Тамаранын 8-класстагы  «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!»  аттуу тарбиялык саатына катыштым . Мага класстын ичи улуттук колоритте жасалып, кыргыздын улуттук буюмдары менен кооздолгону жакты. Окуучулар тил жөнүндө  декламацияларды аябай сонун айтышты.  Окуучулар кол өнөрчүлүккө шыктуу экенин, колдо жасап келген буюмдарынан байкадым. Эне тилин, улут салтын аздектеген кыздар-балдарды көрүп, эне тилибиз эч качан тарыхтан өчпөсүнө ынандым.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Сыдык МАМЫРОВ, Алай районундагы №35 Сатар Карыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

Алимкулова Нуржамалдын 2-«в» классындагы математика сабагына катыштым. Сабак өтүлүүчү класстын дубалына математика  тууралуу учкул сөздөр, ырлар,  командалардын аттары жазылып, 1-100 таблицасы, көрнөктөр илинип, партанын үстүндө оозеки жооп алуу үчүн даярдалган ватман, маркерлер коюлуптур. Сабак интерактивдүү ыкмада өтүп, кызыктуу болду.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Андан кийин 4-«в» класстагы Абдрасулова Махбураттын «Табият – менин тагдырым» аттуу ачык асман алдында өтүлгөн тарбия саатына катыштым. Табиятты сактап калуу үчүн жалпы аракет кылышыбыз керек экенин окуучулар ролдук оюндар аркылуу түшүнүштү. Сабак көрсөтмөлүү өтүлүп, катышуучулардын көңүлүнө толду.

 

Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими:

Бизди мектептин алдынан кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүп, улуттук кийим кийген окуучулар ыйык наныбыз менен тосуп алышты. Фойеде көргөндүн көз жоосун алган  улуттук буюмдардын көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук баалуулукка өзгөчө көңүл бурулганы билинди. Анан сабактарга катыштык.  Муратова Жаркындын 2-«б класстагы мотурайган окуучулары баары улуттук кийим кийип келип,  сабакка жагымдуу маанай тартуулашты. Мугалим Адабий окуу сабагынан «Түлкү менен кумурска» темасында турмуш менен байланыштырып, технологияларды колдонуп, кызыктуу, көрсөтмөлүү сабак өттү. Сабакта окуучулардын ой жүгүртүүлөрү,  сөз байлыктары кенен экени байкалды.  Сабакта Жаркын эжей «Окуу керемет» долбоорунун стратегияларын колдонуп, балдардын сабакка болгон кызыгууларын арттырды.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Ачык асман алдында  өтүлгөн  4-класстагы  Абдрасулова Махбурат эжейдин «Табият — менин тагдырым» темасындагы тарбиялык саатында жерге салынган улуттук шырдак, төшөктөр, мектептин бак-дарактуу, жапжашыл, жыпар жыты аңкыган бакчасына төп келип турду. Балдар өздөрүн эркин сезишип, табиятты коргоону, көздүн карегиндей сактоону, Ч.Айтматовдун «Бугу эне» чыгармасындагы табиятка, жаныбарларга мамиле жасоодогу, терс көрүнүштөрдү, ой жүгүртүү менен айтып беришти. Андан кийин «Адамдын пейли» чыгармасын сахналаштыруу менен аткарып, чыгарманын картасын түзүштү. Сабак кызыктуу болуп, өз максатына жетти.

Ал эми Ашимбаева Тамара эжейдин 8-класстагы «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу тарбиялык сааты да абдан кызыктуу болду. Окуучулардын баары улуттук кийим кийишип, эне тилибиз жөнүндө  ырларды, макалдарды көркөм айтышып, эне тилин даңазалап, обондуу ырларды созолонтуп, улуттук бийлерди аткарышты. Ар бир окуучунун кадимки артистердей, сөздөрдү так, көркөм айтканы, мугалимдин балдардын билим сапатын жогорулатуу үстүндө такай иш алып баргандыгын көрсөттү.

 

Назира ШАЙЛИЕВА, Кара-Суу районундагы №27 Топ-Терек негизги мектебинин директору:

 

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Мен 3-класстын  англис тили мугалими Турдуева Замира эжекенин «Fruits» деген темадагы сабагына күбө болдум. Сабакта эжей  PISA, STEAM ыкмаларын, интерактивдүү методдорду колдонуп, заманбап технология менен сабакты  кызыктуу өттү. Балдар өтүлгөн сөздөрдү сабактын башында топ ыргытуу оюну менен баштады. Окуучулар абдан зирек, жөндөмдүү болгондуктан, мугалимдин англис тилинде берилген суроолоруна так жоопторду берип, топто активдүү иштеп, кроссвордду толтуруп, сөздөрдү туура жазууга машыгып, жемиш тууралуу табышмак айтып, жандырмагын таап жатышты. Алар мөмө-жемиштердин атын гана билбестен, анда кайсы витамин бар, ал эмнеге пайдалуу экени жөнүндө англис тилинде ырларды айтып, ар бир жемишти тарелкага салып, колдору менен кармап, көрүп, партага жайгаштырышты. Мен бул мугалим эжейдин көкүрөгүндөгү сыйлыгын көрүп, чындыгында «Эл агартуунун мыктысы» экенине ынандым. «Мугалим кандай болсо, окуучу да ошондой «- деп бекеринен айтылган эмес.  Мен Замира Турдуева өз кесибин сүйгөндөрдүн катарын толуктаган  мыкты педагог экенине суктандым.

 

Ашыккал ТАГАЙМАТОВА, Талас облустук лицей-комплекстин математика мугалими:

 Мен математика мугалими Сатарова Элмиранын 6-класстагы  математикалык кечесине катыштым.  Математика жөнүндө учкул сөздөр, макал-лакаптар, жаңылмачтар  айтылып, эки топтун бири-бирине математикалык терминдерди, аныктамаларды топ ыргытуу менен айтышы эң кызыктуу болду. Математиканы турмуш менен байланыштыруу, окуучулардын чыгармачылыгы сабакка катышкан ар бир мугалимди кайдыгер калтырбады.  «Математика поэзия, живопись сыяктуу эле эң кооз» деген чакырык кеченин көркүн ачты. Сабактын формасы, колдонулган усул-ыкмалардын туура тандалганы мугалимдин кесипкөйлүгүнөн кабар берет.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Мындан тышкары, 2″Б» классындагы Алымкулова Нуржамалдын, «Умножение число 3, Умножение на 3» деген темадагы сабагына байкоо салдым.  Жок дегенде бир орус тилдүү адам жашабаган жөнөкөй кыштактын балдары орус тилинде акценти жок жооп беришкенине таң калдым. Муну мен мугалимдин мээнети, кесипкөйлүгү деп билдим. Балдар 1ден 10го чейинки сандар боюнча ырларды жатка айтып,  2ге көбөйтүү таблицасын кайталашты.

Жаңы тема да балдар үчүн кызыктуу жана түшүнүктүү болду.

 

Узен АТАКАНОВ, Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин директору:

Мен Гүлмайрам Халикованын физика  сабагына катышып, сабакты мыкты деңгээлде өткөнүнө күбө болдум. Мугалимдин окуучуларга жасаган мамилеси, сабакты уюштуруудагы ыкмалары өзгөчө  болгонун айта кетейин. Санариптик технологияны да өз орду менен натыйжалуу пайдаланды. Окуучулардын билими, сабактагы активдүүлүгү сабактын системалуу түрдө жогорку деңгээлде өтүп келе жаткандыгынан кабар берди. Мугалимдин усулдук чеберчилигинин  жогору экендигин байкадым.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

Ошентип, Сузак районуна караштуу №31 Ырыскулбек Чанаков атындагы орто мектептеги “Кутбилим сабактын” активдүү авторлорунун катышуусундагы билим сапары ийгиликтүү аяктады. Тажрыйба алмашуу семинарына Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Айзада Көкчаева жана Жалал-Абад облустук усулдук борборунун кабинет башчысы Жамила Жолдошова катышты жана семинар тууралуу өздөрүнүн омоктуу ойлорун айтышып, республикабыздын туш-тарабынан келишкен “Кутбилим сабактын” активдүү авторлоруна  ыраазычылык билдиришти.

БИР КЫЛЫМГА ЧУКУЛ ТАРЫХЫ БАР МЕКТЕПТЕГИ СЕМИНАР

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”, (Бишкек-Жалал-Абад-Сузак-Бишкек)

Бөлүшүү

Комментарийлер