БИОГЕОЦЕНОЛОГДОРДУ ДАЯРДОО — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 13.05.2022
  • 0

Кѳптѳн берки кѳпчүлүктү түйшѳлткѳн ѳзѳктүү маселенин бири, ѳлкѳдѳ жогорку окуу жайларын кандай реформа жасоо болчу. Ушул жылдын 4-апрелинде мамлекет башчы Садыр Жапаров билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлерине эбак бышып жетилген талаптарды тизмектеп, аларды тез арада чечүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине, анын тѳрагасы Акылбек Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине, анын жетекчиси Алмазбек Бейшеналиевге, жалпы эле мамлекеттин билим жана илим тармагында эмгектенген жамаатка кабыргасынан койду.

БИОГЕОЦЕНОЛОГДОРДУ ДАЯРДОО - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

«Сѳз чынынан бузулбайт» дейт, бул бийлик ишке киришип, ѳз озуйпасын (милдетин) аткара баштагандан бери, бир топ кѳйгѳйлүү, элди эчактан түйшѳлткѳн маселелер четинен чечиле баштаганы, кимди болсо да кубантат. Алсак «Кумтѳр» алтын кенинин ѳлкѳбүздүн менчигне ѳтүшү, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу, Камбар-Ата – I ГЭСин ѳз күчүбүз менен курабыз деген демилгелери, ошондой эле кѳптѳн бери унутта калган соцтармактын кызматкерлеринин эмгек маянасынын 50%дан 100%га чейин кѳтѳрүлүп жатышы, билим жана илим жаатында иштегендерди шыктандырбай койбойт. Мына ушундан улам, «Темирди ысыгында чап» дегендей, билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиев, республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушуп, алдыда аткарыла турган реформалар боюнча кеңири маалымат берди. Андагы ѳзѳктүү маселелердин бири, тѳртүнчү муундагы университетке ѳтүп, ЖОЖдо: — билим, илим, бизнес жана ѳндүрүш эриш-аркак аткарылышы бүгүнкү күндүн талабы б.а. бардык иш билим-илим-бизнес жана инновациялык продукцияларды ѳндүрүүгѳ багытталышы, ошондой эле эчак эскирип, талапка жооп бербей калган адистиктерди, билим берүү программаларын жаап, алардын ордуна заманбап багыттагы адистиктерди ачуу зарылчылыгы белгиленди. Айрыкча «Бечелге жѳтѳлдүн керги эмне» дегендей, биздин чакан ѳлкѳгѳ алтымыштан ашуун ЖОЖдун кереги барбы? бул жагынан да жогорку окуу жайларды ирилештирип, бири-бирине кошулушу, бир эле учурда эки же үч кесипти бириктирип окута турган мүмкүнчүлүктүн берилиши, жаңы окуу стандарттарын иштеп чыгууда окуу жайлардын ѳзүнѳ ыйгарылышы, гибриддик негизде окутууга уруксат берүү, студенттик стартап мамлекеттик программаны ишке ашыруу, эң кызыгы, бул максатта дүйнѳлүк банк ушул жылдын октябрь айынан баштап 4 миллион АКШ долларын чегерип атышы бизге жакты. Ал эми илим жаатында, илим изилдѳѳ иштери жогорку окуу жайларда, илим-изилдѳѳ институттары университеттерге ѳткѳрүлүп, лабораториялык базалар менен камсыз болуусу, эки илимдин ортосунда илимий иштерди жүргүзүүгѳ да жолдун ачылышы жакшы идея болду.

Бул идеялар, мурунтан ѳлкѳ Президенти Садыр Нургожоевичтин «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук» жѳнүндѳ жарыя кылынган жарлыгынын негизинде кабыл алынган жол картанын алкагында, биз буга чейин ѳкмѳттүк массалык маалымат каражаттарында, республикалык радио-телекѳрсѳтүүлѳрдѳ жана ѳкмѳттүк эмес маалымат каражаттарында, жогоруда КР Билим берүү жана илим министри тарабынан белгиленген, негизги идеяларды камтыган кѳйгѳйлѳр тууралуу байма-бай ѳзүбүздүн ой-толгоолорубузду, сунуш-пикирлерибизди, окумуштуу катарында билдиргенбиз. Эң негизги талаптын бири — билим-илим-бизнес-ѳндүрүш чынжырчасын ишке ашырууга басым кылсак, анда эң ириде ѳлкѳдѳгү экологиялык абалды оптимизациялоо (жакшыртуу) жалпы элибиздин, айрыкча, окумуштуулардын алдына коюлган милдет (наказ) катары кабыл алуу абзел.

Ушул ѳңүттѳн алганда, жогорудагы кѳйгѳйлүү проблемаларды чечүүдѳ, азыркы жаңы турмуш талабына жооп берген Улуттук экологиялык мониторингдин негизи болгон «Инновациялык билим-илим экологиялык борборлорун» биздин ѳлкѳдѳ уюштуруу жана аны тез арада ишке киргизүү болуп саналат. Республикада бул багытта, бир топ мамлекеттик бирикмелер, илим-изилдѳѳ институттары жана атайын станциялар иш алып барышат, бирок бул мекемелерде бүгүнкү күндүн талабына жооп берүүчү, бир максатты кѳздѳгѳн, коплекстүү изилдѳѳ иштери жүргүзүлбѳйт. Бул мекемелер ар бири ѳз алдынча, ѳздѳрүнүн гана иштерин бир багытта аткарууда. Ошондуктан алдын ала жалпы экологиялык абалдын ѳзгѳрүүсүн, анын кесепетинен адамдын жана жаныбарлардын ден соолугуна таасир этүүчү терс факторлорду аныктоо мүмкүн болбой келет. Бул максатты ишке ашырууда республикада, бүгүнкү күндүн ургалына жооп берүүчү, инновациялык билим-илим экологиялык борборлорун уюштуруу заман талабы болуп саналат. Дүйнѳлүк алдыңкы илимий-практикалык кѳз караштарда, экологиялык абалдын тездик менен ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу тынчсызданып, бул багытта комплекстүү инновациялык «улуттук экологиялык мониторинг» иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.

Биз иштеп чыгып, сунуштаган инновациялык билим-илим экологиялык борбору биринчиден, Кыргызстанда экологиялык абалды (ѳзгѳрүүнү) ѳз учурунда мониторинг жасоого,  экинчиден, экологиялык жактан таза мал жана ѳсүмдүк продуктуларын алууну, үчүнчүдѳн, адам, мал жана ѳсүмдүк ооруларынын чыгышын кѳзѳмѳлдѳѳнү, б.а. ѳз учурунда улуттук экологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт. Мындай милдетти аткарууда заман талабына жооп берүүчү бир максатты кѳздѳгѳн, заманбап билим-илим борборунун ачылышы жана аны коомдун ѳнүгүүсүнѳ пайдалануу, жогоруда белгиленген ѳлкѳ башчысынын ЖОЖго койгон талаптарына толук жооп берет. Баса белгилей кетүүчү нерсе, инновациялык билим-илим экологиялык борборунда жаңы кѳз караштагы адистигин жогорулаткан же кайра даярдоодон ѳткѳн жогорку квалификациялуу биогеоценологдор: медициналык врачтар, экологдор, биологдор, ветеринардык медиктер, антропологдор, технологдор, гидрологдор, агрохимиктер, токсикологдор ж.б. кесипкѳй адистер, окумуштуулар бирге, бир борбордо иштеп, коюлган максатты ишке ашырышат. Бул заманбап адистикти (биогеоценологдорду) даярдоо да, бышып жетилген, ѳлкѳ үчүн эң керектүү талаптардын бири.

Бул маселе жалпы коомчулуктун, кыргыз интеллигенциясынын, илимпоздордун, мамлекет башчыларынын колдоосуна муктаж. Борбор ѳлкѳбүздѳ жарыяланган «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын» алкагындагы иш-чалаларды жана ЖОЖго коюлган мамлекет башчы Садыр Жапаровдун талаптарын ишке ашыруудагы ѳзѳктүү компонентинин бири болуп саналат. Демек, бул инновациялык борборду бүгүн колдоо учурдун талабы, эртең кеч болуп калат.

 

Ногойбаев Мукамбет, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору, Эл аралык жана Россия илимдер академиясынын академиги, ветеринардык илимдеринин доктору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер