Билимден да биринчи – АдептҮҮлҮК
- 17.01.2025
- 0
ЖАПОН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө трансформацияланып жаткан кезде ушул моделде өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан сабак алышы керек. Ошондой билим берүүдөгү дүйнөлдүк лидерлердин бири — Жапония. Төрт жылдан бери бул өлкөнүн Сайтама кен Хигашиматцуяма шаарында үй-бүлөсү менен жашап, жеке ишканада менеджер болуп иштеп жаткан дзюдо күрөшү боюнча Кыргыз спорт чебери, өлкөнүн чемпиону, эл аралык калыс Марат Табалдиев “Кут Билимдеги” маегинде Жапон өлкөсүнүн мектебинин өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Себеби анын кызы Самия жапон мектебинде 4-класста окуп, билим алууда..
— Жапон өкмөтү жана жеке компаниялар илим менен билим берүүнү өнүктүрүүгө эч кандай инвестицияны аябайт. Жапониянын бардык университеттери жана колледждери заманбап лабораториялар менен жабдылып жана жогорку квалификациялуу окутуучулар менен камсыз болгон. Бул билим берүүнүн терең теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү камсыз кылуусуна шарт түзөт.
Башталгыч мектепке 6-7 жашында барып, 6 жыл окушат. Андан кийин орто мектеп, анда билим берүү 7-класстан 9-класска чейин 3 жылга созулат. Жапонияда мектепте толук билим алуу үчүн 12-класска чейин окууга туура келет. Бул өлкөдө билими топтук окууга жана кызматташууга басым жасайт. Окуучулар көбүнчө көйгөйлөрдү, маселелерди чечүү үчүн чогуу иштешип, коомчулуктун күчтүү сезимин өөрчүтүшөт. Ал эми бизде индивидуализм класста көбүрөөк байкалат, — дейт М.Табалдиев.
Балдар эки сменада окушат. Башталгыч мектепте адатта ар бири 45 мүнөттөн төрт сабак болот. Орто мектепте сабактардын саны жана алардын узактыгы көбөйөт: ар бири 50 мүнөттөн алты сабак өтүлөт экен. Жогорку класстын окуучулары дээрлик университеттин графиги боюнча саат 8ден 18:00гө чейин окушат.
Кеңири ассортиментте жеткиликтүү болгон ылайыктуу окуу китептери муниципалдык райондордун билим берүү комитеттери же мектеп жетекчилиги тарабынан тандалат. Көпчүлүк муниципалдык мектептерде окуучулар үй кийими менен келишет.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарда үч жаштан алты жашка чейин таалим-тарбия алышат. Бала бакчалар Маданият жана билим берүү министрлигине эмес, Бакубаттык жана эмгек министрлигине баш ийип, алардын камкордугуна алынган.
Бала бакчалар үч жаштан алты жашка чейинки балдарды башталгыч мектепке даярдайт. Балдарды окууга абдан кызыктырып, жөндөмүн ойготууга басым жасашат.
Кээ бир бала бакчаларда, өзгөчө, жеке менчик бала бакчаларда окуучулар үчүн форма кийүү милдеттүү болуп саналат. 2024-жылга карата өлкөдө 40 миңге чукул бала бакча болсо, аларда 3 миллионго жакын бала тарбияланган. Мамлекеттик бала бакчаларга салыштырмалуу жеке менчик бала бакча басымдуулук кылат.
Кагава, Окаяма, Ямагучи, Кагосима, Исикава префектураларындагы муниципалдык мектептердин, ошондой эле көптөгөн жеке менчик мектептердин окуучулары үчүн бирдиктүү форма талап кылынат. Эреже катары, мектеп окуучулары тарабынан окуган классын жууп-тазалоо милдеттүү болуп саналат.
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектептерде уландар менен кыздар бирге окушат. Кээ бир жеке менчик мектептерде — өзүнчө. Көпчүлүк мектептерде окуучулар ата-энелери даярдаган түшкү тамакты алып барып, тамактанышат.
Кыргызстандагы мектептерден айырмаланып, Жапониядагы бардык мектептер сандар менен эмес, алар жайгашкан аймактардын аттары менен аталат. Мектептер жер титирөө жана цунами коркунучунан улам бийик жерге коопсуздукту эске алуу менен темир бетондон бекем, сапаттуу болуп курулганын байкадым.
Толук эмес орто мектептерден тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектептер бар. Бул мектептерге 12 жаштан жогорку балдар кабыл алынат. Окуучулар 15 жаштан баштап мектептен сырттан окуй алат. Ал эми башталгыч жана толук эмес орто билим милдеттүү болуп саналат.
Орто мектепте окуу үч жылга созулат. Милдеттүү предметтерге: мамлекеттик тил, гуманитардык илимдер (география, тарых, коом таануу), математика (алгебра, геометрия), табигый илимдер (физика, химия, биология, геология), музыка (музыкалык аспаптарды өздөштүрүү жана биргелешкен аткаруу), сүрөт искусствосу, дене тарбия, эмгек, чет тилдер.
Кээ бир жеке менчик мектептерде кошумча дин таануу, светтик этика ж.б. сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле аймактын тарыхын, пацифизмди жана мектеп окуяларын изилдөөгө арналган класстык саат бар.
Сабактан кийин окуучулар класстан тышкаркы иш-чараларга – ийримдерге катышат, алар спорттук (футбол, жеңил атлетика, кендо, дзюдо, бейсбол ж. б.) жана маданий (каллиграфия, оркестр, искусство ж. б.) болуп бөлүнөт.
Учурда өлкөдө 10 миңден ашуун орто мектеп бар. Аларда 12 жаштан 15 жашка чейинки 3 миллиондон ашуун бала таалим-тарбия алып жатат.
Жогорку мектеп-күндүзгү мектептер, күндүзгү — кечки мектептер, сырттан окуу мектептери, дистанттык мектептер жана майыптар үчүн атайын мектептер болуп бөлүнөт. 15 жаштагы жана андан улуу балдар жогорку орто мектепке тапшырышат. Эреже катары, кабыл алуу кирүү сынактарынын негизинде жүргүзүлөт.
Жогорку мектеп милдеттүү эмес экендигине карабастан, мектеп окуучуларынын 98 пайыздан ашыгын түзөт. Жеке менчик жогорку мектептердин саны болжол менен 55 пайыздын тегерегинде. Бирок мамлекеттик-аймактык жана жеке менчик жогорку окуу мектептеринде акы төлөнөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, анын ичинде жеке мектеп окуучуларына ата-энелеринин кирешелерине ылайык мамлекеттик колдоо системасы бар.
Күндүзгү жогорку мектепте окуу үч жылга созулат, кечки мектептерде окуу төрт жылды түзөт. Жогорку мектептер билим берүү программалары боюнча кадимки, кесиптик жана интеграцияланган болуп бөлүнөт. Кадимки бөлүмү бар мектептерде гуманитардык жана табигый предметтер боюнча адистик болушу мүмкүн, башкаларында ар кандай интенсивдүүлүктөгү өзүнчө курстар окутулат.
Билим берүүнүн негизги максаты — университетке же техникумга кабыл алууга окуучуларды даярдоо. Ал эми адистештирилген билим берүү программасы бар мектептерде окутуу тар чөйрөдөгү адистиктердин (өнөр жай, айыл чарба, соода, информатика жана башкалар) бири боюнча жалпы билим берүү предметтери менен параллелдүү жүргүзүлөт же окутуу курстардын бирине басым жасалат.
Интегралдык программаларда окуучулар өздөрүнүн кызыкчылыктарына жана жөндөмдүүлүктөрүнө жараша жалпы жана кесиптик предметтерди тандап алышат.
— Жапонияда билимден да биринчи — адептүүлүк турат. Адептүүлүктү жапон эли 70 жылдан бери түптөп, элине сиңирип, иштеп чыккан. Биз сыяктуу жаңыдан өнүгүп жаткан мамлекетке ушундай даяр, сыноодон өткөн методду элге сиңирүү зарыл. Экинчи – математиканы биздикилер бул оор илим, аны акылдуулар эле билет деген түшүнүк менен жашап, көпчүлүгүбүз математикадан начар билим алганбыз. Математиканы жакшы окуган адамдан сөзсүз эле кыйын математик чыкпайт, бирок логикалык ойлонуу, жөндөм, чечим кабыл алуу сыяктуу жөндөмдөр кошо өнүгөт. Аны туура ыкма менен берип, баланы кызыктырыш керек. Жапон элинин методдору биздин менталитетке туура келээрин байкадым, — дейт спорт чебери.
Аларда окуу материалдары окуучуга түшүндүрүп берүү үчүн эмес, баланын өз алдынча окуусуна шарт түзүү үчүн атайын иштелип чыккан. Ар бир баланын жөндөмүн көзөмөлгө алып, баланы эртерээк өз алдынчалыкка көндүрүү методун колдонушат. Ал окуу материалдарда баланын кабыл алуусуна жараша гана жүктөмдөр берилет экен. — Мисалы, менин кызым Самия сүрөт тартууга абдан кызыгат. Учурда анын жөндөмүн, шыгын өнүктүрүүгө басым жасалып жатат. Бул өлкөдө мугалимдерди сенсей деп терең урматтап, сыйлап, барктап турушат.
Анан дагы ата-энелердин чогулушунда мугалим ар бирин жеке кабыл алып, баласынын окуусу, тартиби, жөндөмү тууралуу жекече пикир алат экен. Жалпы ата-энелер чогулушунда жеке окуучу жөнүндө сөз болбой, окуу процесси жана башка маселелер талкууга алынат.
Жапон элинин менталитети, маданияты, түпкү аң-сезими кыргыз элине жакын болгондуктан, бат сиңип, эл жакшы түшүнөт деп ойлойм. Бул жерден бала эле эмес, ата-эненин да окуу шарттарын кабыл алуусу зарыл. Себеби ата-эне балдарынын билим алуусуна кызыкдар болсо, убактысын, каражатын да аябайт. Кыргызстанда советтик системанын таасири менен билим берүү тармагында бирөөнүн айтканын аткаруу, жардамын күтүү деген принциптер калыптанып калган. Азыр балдарды көз карандылыктан чыгарып, жөндөм, өз алдынча окуганга, катанын үстүндө иштөөгө үйрөтсөк жакшы жыйынтык болот эле, — дейт Марат Табалдиев.
PS: Каарманыбыз Марат Жапон өлкөсүндө төрт жыл мурда кантип барып калганы, бул өлкөдөгү ишмердиги, дзюдо күрөшү, спорту, сергек жашоо ыңгайы, кыргызстандык мекендештери, келечек максаттары тууралуу кийинкиде кеңири кеп кылабыз.
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер