БИЛИМДҮҮ ТИЛЕГИНЕ ДАЙЫМ ЖЕТЕТ!

  • 30.04.2022
  • 0

Билим адамзат коомунун мыйзамдарына ылайык пенде тарабынан жаратылган. Ооба, даанышмандар билим — бул бакыттын ачкычы деп айтышат.  Ал эми философиялык көз карашта обьективдүү чындыктын адамдын сезиминде чагылдырылышы деп кабылдоого болот.

Илим – билим, акыл- адам баласына ыйгарылган өзгөчө бир дөөлөт. Ал укумдан тукумга, муундан муунга өтүп келет. Турмуштук жашоонун философиясы да  ушул билимге таянылат.

Тээ байыркы заманда эле улуу ойчул Жусуп Баласагын билим тууралуу мындай дептир:

“Билим алсаң, урмат-сый алып келет,

Билим сага акыл-ой кубат берет.

Канча билсең, ошончо үйрөн, оку,

Билимдүү тилегине дайым жетет”.

Демек, билим — адам үчүн соолбос булак. Ал – жашоо, турмуштун ачкычы.

Адам өмүр бою билим алып жүрүп олтурат. Билимдин булагы ар түрдүү.  Ага айлана-чөйрө, коом, жашоо турмуш  — негизги өзөк,  чоң мектеп болот.  Мектеп жашында биз билимдин негизин алып турмуш жолуна даярданып, адамдык сапаттарыбыз калыптанат.

Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет.

Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү  болуп эсептелет.

Экинчиден, билим берүү — белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү.

Үчүнчүдөн, билим берүү — билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат.

Чындыгында, бул термин  адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан “билим берүү” түшүнүгүнө  окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болуу ишмердиги катары кароо туура десек болот.

“Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат”, “Билим — түгөнбөгөн кенч” деген жана башка ушул сыяктуу толуп жаткан накыл сөздөр бар. Булардын баары турмуштук   тажрыйбадан жыйынтыкталып алынган фразалар.

Билим менен илимди бүткүл дүйнө баалашат. Илими өнүккөн өлкөлөрдө элдин турмушу жакшы, маданияты гүлдөп өскөн.

Негизи илим-билимдин табылгалары адам турмушун жакшыртууга, жумушчу-дыйкандардын жумуштарын жеңилдетүүгө багытталат. Адам баласы билимдин жардамы менен илимий ачылыштарды, жаңы техникаларды ойлоп табышат.

Мына акыркы жылдарда адамзат компьютердик техникаларды ойлоп табышты. Аны менен оор жумуштар жеңилдеди, ааламдашуу процесси ишке ашты. Албетте, муну менен дүйнө элдеринин социалдык-экономикалык деңгээли өстү, өнүгүү күчөдү.

Ар бир жаш өспүрүм өз мекенин, жашап  өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп-билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз элинин, жеринин тарыхын, эне тилин, салт-санаасын, каада-салтын жана рухий казынасын жетик белген, аны жашаган заманына, мезгилине  жараша баалап түшүнө алган таалим-тарбиялуу, билимдүү жаш адам гана өз алдына келечек максатын кое билет жана турмушка өз чыйырын туура салып, ордун таба алат.

Алган билимине, үйрөнгөн илимине, тандаган адистигине жараша турмуштук орун табылып өзүнө жана коомго пайда алып келүүчү инсанга айланат. Бир кесиптин ээси болгон жаран буга билим алуу аркылуу гана жетишет.

 

СЕЙДАЛИЕВА Айнура, Ноокат районундагы Нойгут орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер