БИЛИМДҮҮ МУУН — ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

  • 22.12.2023
  • 0

Ноокат районунун «Ноокат билимканасы» жатак-лицейинде «Билимдүү муун — өлкөнүн келечеги» деген аталышта өткөң облустук семинарда  билимкана жамаатындагы Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоонун усулдары, «Алтын сертификат», «Алтын тамга» артыкчылыктуу аттестатына даярдоо багыттары, ошондой эле предметтик олимпиадага даярдоонун жолдору жөнүндө иш-тажрыйбалары менен бөлүштү. 

БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

Семинарда конокто Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, усулдук  кааналардын башчылары, мектеп директорлору  жана бир топ  мугалимдер болуп, жалпысынан 51 өкүл катышты.

БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

Бул мамлекеттик “Ноокат билимканасы” жатак-лицейи 1989-жылы илимий жетекчи, физика  жана математика илимдеринин кандидаты Өмүрзак Мамаюсуповдун жеке демилгесинде, коомчулуктун, райондук бийликтин колдоосу менен  Новосибирск университетинин алдындагы физика-математикалык мектептин моделинде ачылган.

34 жыл ичинде бүгүнкү күндө билимкананын 1358 бүтүрүүчүсүнүн  202си өзгөчөлөнгөн аттестаттардын ээси: 32  — алтын медаль,  124 — “Кызыл аттестат”, 46 —  “Алтын тамга” артыкчылыктуу аттестатынын, 2  — “Алтын сертификаттын”, 2 —  Президенттин мактоо баракчасынын ээлери.

БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

Бүтүрүүчүлөр толугу менен жогорку окуу жайларга, 90%  бюджеттик орундарга, 10% контракттык  төлөм менен окууларга өтүшөт. Багыттары: 20%   — медициналык, 20% — педагогика, журналистика боюнча, 20% — техникалык, 20% — иш башкаруучулук, ишкердик, финансы, экономика — 20%  ж.б. Бүгүнкү күнү ондогон бүтүрүүчүлөр – илимдин кандидаттары, докторлору. Андан сырткары,  өлкөбүздө, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө ийгиликтүү окуп  жана мыкты кесипкөй болуп иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрбүз да арбын.

БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

Ошондой эле илимий жетекчинин тапшырмасы жана колдоосу менен айылдык мектептерден алгачкылардан болуп “Робототехника” алып келинген, IT негиздери (“Ойгонуу” долбоору), “Тынчтык” корпусунан волонтёр иштеп  ж.б. демилгелер ишке ашырылууда.

БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

Учурда билимканада 29 чыгармачыл, тажрыйбалуу мугалимдер иштейт. 254 окуучу билим алууда, 120 башка облус, райондордон келген окуучулар жатаканада жашайт.

Билимкананын масштабында тажрыйба алмашуу максатында өтүп жаткан райондук, облустук, аймактык семинар, жолугушууларда айтылып келе жаткандай, илимий жетекчинин атайын усулдары, сунуштары менен билимкананын мугалимдери эң жогорку деңгээлдеги кесипкөй педагогдордун өзгөчө маданиятын калыптандырууга жетишкен. Ош облусундагы 34 жылдан бери предметтик (эл аралык) олимпиадалар, ЖРТ боюнча жогорку көрсөткүчтөрдү негизинен “Ноокат билимканасы” берип келе жатат.

Болуп өткөн семинарда жамаат бир эле  учурда үч топко бөлүнүп  иштешип (ЖРТ, «Алтын тамга» артыкчылыктуу аттестаты, олимпиадага даярдоо) ж.б жетишкендиктер, көйгөйлөр боюнча бөлүнгөн кааналарда маалымат беришти. Предметтик олимпиадага даярдоо маселесинде, бүгүнкү күнгө чейинки жетишкендиктерди, олимпиадага даярдоо ыкмалары, даярдалган тапшырмалардын өзгөчөлүктөрү, аны балдарга жеткирүү, иштетүү, колдонулган адабияттар, материалдар (буларды дээрлик олимпиадалык топту жетектеген мугалимдердин өздөрү даярдайт), олимпиадачы окуучуларыбыздын азыркы учурдагы окуу-иш ордулары жөнүндө баяндап беришти. Ошону менен бирге, алып барылып жаткан иштин дагы да жемиштүү болушуна кедерги болгон  негизги көйгөй, өзгөчө так илимдер боюнча,  окуу базабыздын бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей тургандыгы, теориялык билим менен практикалык иштерди шайкеш жүргүзүүдө окуу лабораторияларыбыздын, андагы керектүү көрсөтүүчү, тажрыйба, эксперимент  жүргүзүлүүчү аспап-шаймандардын жоктугу болуп жаткандыгын өз сөздөрүндө белгилеп өтүштү.

Ошондой эле мындагы үч маселени талкуулап келгендеги негизги маселе — ар бир жогоруда айтылып талдоого алынып жаткан тармактар боюнча жоопкер мугалимдердин жогорку деңгээлде тажрыйбага ээ болушу, ЖРТге, «»Алтын тамга» артыкчылыктуу аттестатына, предметтик олимпиадаларга даярдоодо окуучунун билим «сандыгын» эске алуу менен ишти ырааттуу  алып баруу (анткени, ар бир баланын өздөштүрүү жөндөмү, кабыл алуусу ар түрдүү), тапшырмалардын деңгээлге жараша жөнөкөйдөн татаалга карай түзүлүп барышы, ар бир алынган апталык, айлык сынамык тесттерден соң, окуучунун берилген тапшырмалардын ар бир бөлүмүндөгү аксаган жактарына басым жасоо, каталарын окуучунун өзүнө таптыруу, өздөрүнө чакан тесттерди түздүрүү, бири-биринин тесттерин алмаштырып  иштөө, өздөрү  тарабынан түзүлгөн  тесттердин деңгээли жөнүндө пикир айттыруу максатка ылайыктуу болот. Мисалы, ЖРТге, «Алтын тамга» артыкчылыктуу аттестатына даярдоодо андагы  материалдардын стандартка дал келиши, кандай тапшырмалар берилишин эске алуу — башкы маселе. Ушул ыкманы колдонуу бир топ жемишин бергендигин билимкана мугалимдеринин  бир топтон бери  иштеп келе жаткан тажрыйбаларынан белгилүү болууда. Тилекке каршы, учурда билимкананын окуу корпусу тар болгондуктан (болгону 9 эле окуу кааналары), бул окуу жайда окууну каалагандардын баарына эле орун жетишпейт. Ал эми айылдыктардын дээрлик көпчүлүгү балдарын келишим менен  жогорку төлөмдөгү жеке менчик мектептерге окутууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Ошону менен бирге келген меймандар мугалимдердин айткандарына удаалаш эле окуучулар менен да жогорудагы маселелер тууралуу кеңири маек куруп, суроолоруна жооп ала алышты. Аларды ыраазы кылган жагдай окуучуларыбыздын көтөрүлгөн маселенин алгылыктуу жагын да, көйгөйү жөнүндө да өз ойлорун эркин бөлүшкөндүгү жана сүйлөө кебинин, кеп маданиятынын тазалыгы болду. Андан сырткары окуучуларыбыз «Интеллектуал муун» позициясында «Робототехника», «Ойгонуу» долбоорлору менен иштеп, окуп жаткандыгы жөнүндө  да  келген коноктор менен ой бөлүштү.  Ошондой эле семинардын 2-жарымы 12-декабрь -Улуттук адабият күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аталышындагы  мамлекеттик тилдин үч айлыгын аткарууга алуу максатында Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Биз дүйнөнү жаңырттык, дүйнө бизди жаңыртты» аттуу  адабий-музыкалык иш-чара менен коштолду.

БИЛИМДҮҮ МУУН - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ 

Албетте, бала — бул бала. Ал кээде шоктонгусу, кээде тентектик кылгысы, анан да эркин болуп артист болуп ырдагысы, актёр, актриса сыяктуу кино каарманы болгусу, жазуучу, акын болуп чыгарма жазып, элди таң калтыргысы, мактангысы келет… Демек,  билим менен тарбия жааты эриш-аркак баруусу шарт. Бул — табигый көрүнүш. Ошондуктан окуу-тарбия жаатындагы «кош дөңгөлөктүн» тең айланышы — бизге ар тараптуу билимдүү да, руханий дүйнөсү жакыр эмес, адам кадырын, баркын түшүнгөн жаш муунду берет. Ал муун бардык нерсеге саресеп  сала  алган, ак-караны ажыратып, өз алдынча акыл калчаган мыкты адис, мыкты жетекчи, мыкты үй-бүлө башчысы ж.б. социалдык статустарга ээ боло алат.

Семинардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башчысынын орун басары Э.Толтоев  уюштурулган семинар  жогорку деңгээлде  өткөндүгү тууралуу баса белгилеп,   мектеп жамаатынын тажрыйбасын жайылтуу максаты ишке ашкандыгын өз сөзүндө айтты. Башка коноктор да өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшүп, бүгүнкү иш-чарадан алган маалыматтарды өз жергелеринде жамааттарга жеткирип, мындан ары да кызматташ боло тургандыгын билдиришти.

Семинардын жүрүшүндө ушундай шарты дээрлик жок, окуу-техникалык базасы жагынан «өксүп турган» билимкана  жамааты жаңы  окуу корпусуна ээ болуу  үчүн да бир топ ири иштерди жүргүзүү аркылуу долбоорлор  менен иштөөнү колго алуу милдети тургандыгын билдиришет. Дал ушул маселенин үстүнөн илимий жетекчи мугалимдерди, окуучуларды менеджер болууга, изденүүгө, жокту бар кылууга үйрөтөт, суранат! Билим алуунун, билим берүүнүн инновациялык жолдорун издейт, билимкананы багыттайт, дайыма сүрөөнгө алат. Илимий жетекчи ушулардын баарын 34 жылдан бери коомдук башталышта аткарып келе жатат. Окуу корпусу заманбап, кененирээк болсо, тажрыйба алмашуулар, айылдык билим берүү, билим алуу көрсөткүчтөрү кескин өсөрүндө шек жок. Ошондуктан өкмөт, мамлекеттик жетекчилер да бул көйгөйгө кайдыгер карабай, кызыкдар болушуна билимкана жамааты ишеним билдиришет.

Нурийла АЙДАРОВА, “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер