ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ

  • 20.09.2021
  • 0

Мугалимдердин майрамын утурлап, республикадагы мыкты жетекчи, мугалимдердин бейнесин ачып берүүнү туура көрдүк. Биздин каарманыбыз Гүлнара Дайырбекова «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин башкы директору, математика мугалими.  Кыргыз  Республикасынын  Эл  агартуусунун  отличниги  (1992-жылы), Кыргыз  Республикасынын  Ардак  грамотасынын  ээси  (2010-жылы), Кыргыз  Республикасынын  эмгек сиңирген  мугалими    (2016-жылы).

ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ

Мугалимдер династиясы

Гүлнара 1-январь 1967-жылы  Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Анын чоң атасы Дайырбек тарых предмети боюнча мугалим, жаш экенине карабай мектептин директору болуп эмгектенип, 27 жашында каза болгон. Чоң энеси Кайыр өтө акылдуу, даанышман, калыс, жогорку билими болбосо да билимдүүнү баалай билген зирек адам эле. Атасынын кесиби бухгалтер, апасы кыргыз тили жана адабияты мугалими.

«Ата-эненин эмгеги баланы жарык дүйнөгө алып келгендиги эмес, татыктуу тарбия бергени менен бааланат» деп коомдук ишмер А.Сүйүнбаев айтып кеткендей,  анын ата-энеси  балдарынын баарына жогорку билим алуусуна шарт түзүп, эмгекчилдикке, адамдык асыл сапаттарга сугарып, мээрим төгүп тарбиялап өстүрүштү.

Гүлнара Дайырбекова алты бир тууган.  Баары  үй-бүлөлүү болуп, коомдо өз ордуларын таап, бакубат жашоо жашап,  ата-энеси балдарынын жакшылыктарын көрүп жаткан мезгили.

Мыкты математик    

ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ      

Гүлнара айым 1983-1988-жылдары   В.В.Маяковский атындагы КЖПИнин физика-математика факультетинде окуган. Студент кезинде эле ал окууга дилгир болгондуктан В.В.Маяковский атындагы, лениндик стипендиант болуп окуп, группада староста, факультетте комсомол комитетинин председатели болуп коомдук иштерди да өз убагында майын чыгара иштеп, аткара билген. Ал 1988-2018-жылдары Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназия окуу тарбия комплексинде математика багытындагы класстарга сабак берип эмгектенди (математиканы тереңдетип окутуучу класстарга мугалим болуп эмгектенүү үчүн 1988-жылы атайын конкурстан өтүп кабыл алынган).

Гүлнара Дайырбекова 1992-жылы  «Жыл мугалими — 1992»  республикалык конкурсунда 1-орунду жеңип, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги төш белгиси менен сыйланган.

2008-2010-жылы ал АБР «Экинчи  билим  берүү»  проектисинде «Математика боюнча улуттук куррикулумду иштеп чыгуу боюнча тренинг, семинарларды өткөрүү, жазуу» боюнча улуттук консультант, 2011-2012-жылдары “Алиппе ТВ” телеокутуусунда «Математика боюнча телесабактарды даярдоо, эфирге алып чыгуу жана консультация берүү, сабактарды эксперттөө» боюнча эксперт, консультант болуп эмгектенди. Ал эми 2012-2014-жылдары     МНО, СОРОСтун «Жаңы муундун окуу методикалык комплектисин толуктап иштеп чыгуу жана апробациялоо» долбоорунда «5-6-класстар  үчүн  математика боюнча  кошумча окуу куралын жазуу, пилоттук мектептердин мугалимдерине  окуу китебиндеги материалдарды окутууга  карата консультация берүү,  тренингдерди өтүү» боюнча консультант-тренер, ошондой эле 2014-2015-жылдары “Алиппе ТВ”, “Билим ТВ” телеокутуусунда «Математика боюнча телесабактарды, методикалык сааттарды  эфирден өтүү» боюнча  телемугалим, 2014-2016-жылдары “ Билим берүү секторундагы реформаны колдоо” МНОнун проектисинде «5-9-класстардын математика предмети боюнча мамлекеттик стандарт жана методикалык колдонмо түзүү» боюнча консультант болуп негизги жумушу менен айкалыштырып иштеп келди.

Г.Дайырбекова 2017-жылдан тарта Бишкек шаарындагы «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинде математика мугалими, башкы директор болуп үзүрлүү эмгектенип келатат. Ал катардагы мугалимдердей эле класс жетекчилик милдетти да аткарат.

Гүлнара айым И.Арабаев  атындагы  КМПУнун   мамлекеттик  аттестациялык  комиссиясынын  мүчөсү   (2000-2010-жылдар); Кыргыз  Республикасынын  билим  берүү   жана  илим   министрлиги  «Айылдык  билим  берүү» проектисинин   алкагында  уюштурган окуу  китептерин  баалоо  боюнча  эксперттик  комиссиянын  мүчөсү  (04.05.2010); Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү   жана  илим   министрлиги  «Сапаттуу  билим» проектисинин   алкагында  уюштурган  республикалык  олимпиаданы  өткөрүү  боюнча  методикалык  колдонмону эксперттөө  боюнча  эксперттик  топтун  мүчөсү  (04.02.2011); Математика предмети  боюнча  автордук  программаларды  эксперттөө  комиссиясынын  председатели (Бишкек  шаарындагы кыргыз тилинде  окутулгандар  үчүн, 2000-2016-жылдар); Математика  мугалимдеринин  методикалык  кеңешинин  председатели  (Бишкек  шаарындагы  кыргыз тилинде  окутулгандар  үчүн,  2005-2018-жылдар); республикалык   6-класстар  үчүн  өткөрүлгөн олимпиаданын   калыстар  тобунун  мүчөсү  (2010-2017-жылдар); шаардык  математика  боюнча  үлгүлүү  иштерди  текшерүү  комиссиясынын  председатели (2010-2016-жылдар).

Гүлнара Дайырбекованын окуу-методикалык пособиялары  (публикациялары), статьялары байма-бай маалымат каражаттарында жарыкка чыгып турат. Ал эл аралык, республикалык ар кандай конференцияларда, жыйындарда кызыктуу докладдар менен чыгып, кызуу талкуу жаратып келаткан жетекчилердин бири.

Мугалимдердин жардамчысы

ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ

Гүлнара Дайырбекова окуучуларга эле билим бербестен, мугалимдердин дасыктык чеберчилигин жогорулатуучу кыска мөөнөттөгү окуу курстарын байма-бай өткөрүп келет. Бул курстар  Кыргызстанда аналогиясы жок билим жана тарбия берүүнүн  үч негизги багыты боюнча  маселелерди камтыгандыгы менен өзгөчөлөнүп келатат.

ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ

— Мугалимдерге мультимедиалык технология менен долбоордук окутуу  технологиясынын теориясын айтып, практикалык жактан кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин, аны кантип пайдаланууну айтып беребиз. Ошондой эле сабактын анализдеринин түрлөрүнө токтолобуз. Предметтик мугалим кесиптешине кантип анализ берсе болот, ошол эле кезде башка предметтик мугалимдин сабагына кантип анализ берсе болот, методисттер кантип берсе болот деп үч түрдүү форматын  сунуштайбыз. Биздин  дасыккан, тажрыйбалуу мугалимдерибиз азыркы педагогикада мода болуп колдонулуп жаткан рефлексия менен мотивация ыкмаларын туура пайдаланганды үйрөтүшөт. Мотивациянын кандай түрлөрү бар, аны сабактын мазмунуна карата кандай колдонсо боло турганы тууралуу конкреттүү мисалдар көрсөтүлөт. Бул ыкмалар тууралуу негизинен  мугалимдердин арасында түшүнүктөр бар, бирок курстан кийин мугалимдер сабаттуу түрдө мотивациянын, рефлексиянын түрлөрүн кайсы учурда, кандай пайдалануу керек экени тууралуу дагы маалыматтар менен байышат деген ойдобуз. Бир нерсени айта кетүү керек, баарыбыз эле бекерге көнгөнбүз. Жаңы нерселерди кабыл алуу кыйынга турат. Бул жерде дегеле пайда таппайбыз, максатыбыз – кесиптештерге жакындан жардам берүү, — дейт Г.Дайырбекова.

Эмгек жерде калбайт

ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ

Гулнара айым «Жыл-мугалими — 1992»  шаардык  жана  республикалык  конкурсунун  жеңүүчүсү; райондун, шаардык  билим  берүү  департаментинин,  мэриянын,  КАОнун  жана  ББжИМнин Ардак грамоталарынын  ээси.

Гүлнара Дайырбекова математика боюнча жаңы муундагы мамлекеттик стандарттын түзүүчүлөрүнүн, ошондой эле жаңы муундагы  5-6-класстын  математика боюнча окуу китебинин авторлорунун бири.

ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН ЖҮРӨГҮ

Үй-бүлөлүү. Жолдошу  Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде проректор, техника илимдеринин кандидаты, доцент болуп эмгектенген. Тилекке каршы, жакында эле ал дүйнө салды. Кызы КICB банкында башкы адис, уулу  ЖЧКда финансылык иштер боюнча  директор.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер