БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

  • 12.05.2023
  • 0

Ушул аптада билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар билим берүү мекемесинен кабар алып, ишмердүүлүгү, окутуучу курам жана окуучу, студенттер менен баарлашты. Ошондой эле кесиптер фестивалына катышты.

БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

Бүтүрүүчүлөр жумушчу адистиктерге ээ болушу зарыл

Иш сапардын алкагында Каныбек Иманалиев фестивалды ачып жатып, жумушчу кесиптердин маанисин белгиледи.

— Акыркы жылдары орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын популярдуулугу өстү. Мунун себеби колледж жана лицейлерди аяктаган балдар жумушсуз калбагандыгына байланыштуу. Эмгек рыногунда техникалык адистиктерге өзгөчө суроо-талап болууда. Андыктан мен бүтүрүүчүлөрдү жумушчу адистиктерге ээ болууга үндөгүм келет, — деди министр.

Фестивалда Нарын шаарынын мектептеринин жана ага жакын жайгашкан айылдардын 9-11-класстарынын окуучулары үчүн колледждер менен лицейлердин окутуучулары жана студенттери окуу багыттары, кабыл алуу шарттары, окуу программалары тууралуу айтып берип, мастер-класстарды өтүштү.

БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

Бул иш-чарада окуучулар окуу жайлардын кызматкерлери, жумуш берүүчүлөр менен баарлашып, сынактарга катышып, студенттердин мода көргөзмөсүнө жана концертине күбө болушту.

Фестиваль мектеп окуучуларына кесип тандоодо, артыкчылыктуу адистиктерди таанытууда, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоодо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу үчүн уюштурулган.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында экинчи жылы уюштурулду. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Жаңы адистиктерге талап күчөйт

Ошондой эле Каныбек Иманалиев С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине жана К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжине барып, окуу имараттары, борборлору менен да таанышканга үлгүрдү.

Министр Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине окуган лекциясында глобалдык жылуулук, жашыл экономика, санариптештирүү, жасалма интеллект жана келечектин кесиптери боюнча айтып, технологиянын өнүгүшү, коомдун муктаждыктарынын өзгөрүшү менен суроо-талапка ээ болгон жаңы кесиптер пайда болуп жатканына токтолду.

БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

— Алдыңкы жылдарда жасалма интеллекттин өнүгүшү менен алгоритмдерди иштеп чыгып, үйрөтүп, маалыматтарды талдап, инновациялык чечимдерди түзө ала турган адистерге муктаждык пайда болот. Ошондой эле киберкоопсуздук, медициналык жабдуулардын архитектору, дени сак карылык боюнча кеңешчи, медициналык роботтордун оператору, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча адистиктерге суроо-талап күчөйт, — деди министр.

Каныбек Иманалиев НМУнун Агро-экономикалык колледжинде Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ачылган окуу-өндүрүштүк комплекстердин иши менен таанышты. Министр ветеринардык клиниканы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү цехти кыдырып, колледждин студенттеринин мастер-класстарына катышты.

“Мектептер — 2030”

Министр Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби менен дагы жакындан таанышты. Окуучулар мектеп ичиндеги интеграцияланган ийримдерди презентация кылышты. Муну менен катар “Мектептер — 2030” долбоорунун алкагында даярдалып жаткан иштер да көрсөтүлдү.

БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

— Мектеп окуучуларын «Манас таануу» интеллектуалдык сынактарга даярдап келген Гүлжан Мусабекова окуучулары менен биргеликте «Манас» эпосундагы медицина тууралуу презентация кылса, туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырып келген Гүлзада Жангазиева жетектеген «Чебер колдор» интеграцияланган ийрими келген меймандарга керектөөдөн чыккан кездемелерден пано жасап көрсөтө алышты. Жоопкерчиликтүү керектөө айлампасын ишке ашырууда мектепте «Жаш архитекторлор» интеграцияланган ийрими да өз салымын  кошуп келет. Стол, парта, стул, шкафтарды 8-9-10-класстын окуучуларынын жасап жаткандыгы меймандарды кайдыгер калтырган жок, — дейт «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова.

БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

«Мектептер — 2030» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иш-аракеттердин  бири — бул мектепте «Сарамжал — студент» тез татымынын ачылышы. Тез татымда окуучулар үчүн натуралдуу, пайдалуу тамак-аштары жасалат. Алгачкы кардар болуп Каныбек Иманалиев бир нече тамак-аштын түрүн сатып алды.

«Усупбекстан» медиа борборунун кабарчылары Каныбек Иманалиев менен түз эфир уюштуруп, өзүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты.

БИЛИМ МИНИСТРИ ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ЖАНА КЕНЕН НАРЫН АЙМАГЫНДА

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Мирбек Абыловго К.Иманалиев  эки компьютердик класс ачуу сертификатын тапшырды. Ошону менен катар «Манас таануу» интерграцияланган ийриминин жетекчиси Гүлжан Мусабековага, ийрим мүчөлөрү Акбермет Руслан кызына, Айдеми Асановага, Таазим Шайымкуловага, «Чебер колдор» ийриминин мүчөсү Аяна Медербековага, «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбековага жана жаш кабарчы Гүлнара Кенжеш кызына жайкы лагерге жолдомо тапшырды.

Нарындыктардын өзгөчөлүгү

Министрдин иш сапарына байланыштырып, тарыхы терең жана кенен нарындыктар Улуу Жибек жолунда жашап, чыгыш менен батышты байланыштырып, маданияты бай эл экенин айтып кетпесек болбостур.  Нарын аймагында не деген гана белгилүү, тарыхый инсандар жашап өткөн эмес. Алар, Арстанбек, Боогачы, Казыбек, Калыгул, Тайлак баатыр, Тыныбек, Кожомкул ж.б. Ал эми Мидин Алыбаев, Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулов, Эсенгул Ибраев аталарыбызды кантип унутабыз?! Эң башкысы Нарындан чыккан чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевтин өлкөбүзгө жасаган ак эмгеги, анын адамдык бийик сапаттары ар бир нарындыктын жүрөгүндө сакталып, баарыбыз сыймыктанып келебиз.  Ал эми Ат-Башыдан чыккан эки Советтер Союзунун Баатырлары Анварбек Чортеков менен Дайыр Асановдорду ким гана билбейт.  Билим берүү тармагына кайрыла турган болсок, нарындыктардын сыймыктанчу дагы эки Социалисттик Эмгектин баатыры  наамын алган Ат-Башы районундагы ошол кездеги XXII партсъезд колхозунда жайгашкан мектептин башталгыч классынын мугалими Апыш Койчуманов менен Кочкор районундагы Талаа-Булак орто мектебинде биология мугалими Көкөбай Мамбеталиевдер. Дагы бир нарындыктардын зоболосун көкөлөткөн атактуу Чкалов мектебинин мурдагы директору  Владимир Филиппович Унгефухт. Ал 30 жылдай жетектеген мектептин аты Алайга, даңкы далайга таанылган. Белгилүү мектепти  көптөгөн саясий ишмерлер, абройлуу окумуштуулар, дүйнөнү дүңгүрөтүп турган белгилүү ишкерлер,  маселен, Кыргызстандын экс-Президенттери Аскар Акаев, Роза Отунбаевалар дагы ушул мектепте окуп, билим алышкан.

Учурдагы Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, анын орун басары Эдил Байсаловдор да Нарындын кулундары.

Дегеле таза аба менен дем алган, мөңгүдөн таштан ташка урунуп түшкөн суудан ичкен нарындыктардын интеллектуалдык потенциалы өтө эле жогору экенин мактануу менен айта алабыз. Кандай гана жаңы ыкмалар, жаңы кесиптер чыкпасын нарындыктар шымаланып биринчилерден болуп окуп, аны өздөштүрүп, керек болсо Нарында жашап Американы багындырып жаткан жаштар жок эмес.

Буга байланыштуу Нарын мамлекеттик университетинин, эл аралык Орто Азия Ага хан университетинин алкагында кадимки кесиптерден тышкары заманбап кесиптерди – технология, компьютердик программаларды түзө алган IT адистерин даярдоого басым жасалууда.

Баса, облус боюнча жалпы беш район жана бир чоң шаар бар. Окуучулардын жана мектептердин саны боюнча Кочкор району 1-орунда болсо, ал эми окуучулардын саны боюнча Ак-Талаа району соңку орунда, Нарын шаары мектептердин саны боюнча артта турат.

1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны: Кочкор районундагы 35 мектепте 13 917 окуучу; Ат-Башы районундагы 21 мектепте 11 083 окуучу; Нарын районундагы 34 мектепте 9686 окуучу; Нарын шаарындагы 8 мектепте 9394 окуучу; Жумгал районундагы 24 мектепте 9232 окуучу жана Ак-Талаа районундагы 18 мектепте 7002 окуучу бар.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер