БИЛИМ КЕРБЕНИ – БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ

  • 27.06.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окутуучулук-профессордук курамы Баткен облусунун мектеп директорлору, кыргыз тили жана адабияты, аскерге чейинки даярдык, дене тарбия жана информатика мугалимдеринин 72 сааттык курстарын жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашылган графиктердин негизинде өткөрүштү. 31-майдан 6-июнга чейин созулган предметтик окууларга 550 мугалим катышты. Анын ичинде 143 мектеп директорлору, 116 кыргыз тили жана адабияты мугалими, 154 информатика мугалими, 59 аскерге чейинки даярдык жана 78 дене тарбия мугалимдери курстук даярдыктардан өтүштү.

БИЛИМ КЕРБЕНИ – БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ

Жаңыча окутуу

31-май жана 1-июнь күндөрү Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын мектеп директорлору, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, аскерге чейинки даярдык жана информациялык коммуникациялык технологиялар сабактары боюнча эки күндүк офлайн сабактары Исфана орто мектебинде болуп өттү. Курстун башталышын Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жеемуратов ачып, ал райондун билим берүү кызматкерлери үчүн окуу жылын жыйынтыктоо, класстан класстарга көчүрүү жана мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү чоң милдеттердин бири экенин билдирди. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окуу, усулдук жана илимий иштер боюнча орун басары А.Шергазиев курстар үч райондо өз-өзүнчө эки күндөн офлайн форматта өткөрүлсө, калган сааттар дистанттык түрдө, баардыгы 72 сааттык программа менен өткөрүлүп, курс проектилик иш, тестирлөө түрүндө жыйынтыктала турганын, курска активдүү катышып, чечилбеген суроолорду лекторлорго берип, чечип калышын суранды. Курстун жыйынтыгы менен мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар бериле турганын да маалымдады.

Кийинки курстар Баткен шаарынын жана Баткен районунун мугалимдерине арналган бул окуулар 2-3-июнь күндөрү Баткен шаарынын Айтбай Имаров, Кызыл-
Топу атындагы мектепте болуп өттү. Курсту Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы
А.Акматбеков ачып, өз сөзүндө курстарга мугалимдердин активдүү катышууларын, керектүү суроолорду жеринде чечип калууларына токтолуп өттү.

Курстарды жыйынтыктоо 4-5-июнь күндөрү Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарынын мугалимдери үчүн Пүлгөн шаарындагы Кадамжай райондук мектеп-лицейинде райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин башчысы
А.Сарымсаков жана лицейдин директору А.Садыкованын жогорку деңгээлде уюштуруп беришкенин белгилеп кетүү парз.

– Аталган кемтикти толтуруу үчүн жалпы билим берүүчү мектептеринин педагогикалык кызматкерлерин, мектеп жетекчилерин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан окутуучулук-профессордук жамааты окуу процессин уюштуруу менен, анын талабына жараша райондук билим берүү бөлүмдөрүнө курстардын тематикасын сунуштап, кайсы курстарды уюштурууну макулдашты. Курстарда теориялык билимди өнүктүрүү менен катар окутуунун темалары мектептерде практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталып, жаңы билим берүүнү, максат коюу технологиялары, өз ара интерактивдүү байланышуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналды, — дейт институттун директорунун орун басары А.Шергазиев.

Мугалимдин билимин жогорулатуу биринчи орунда турат

– Жаз айларынын алгачкы күндөрүндөгү өрүкзарлардын кооздугу, дүйнөдөгү эң таза сурманын эталону, сейрек кездешүүчү “Айгүл гүлү” менен белгилүү Баткен облусу Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан алыскы облустардын бири. Облустун аймагында бүгүнкү күндө үч район, алты шаар, үч шаарча жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү жайгашкан. Баткен облусунда 2020-2021-окуу жылына карата 233 мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелери, а.и. 185 орто мектеп, 13 толук эмес орто мектеп, 20 башталгыч мектеп жана 13 гимназия, эки лицей иштеп жатат. Жалпы жеке менчик мекемелеринин саны – 12 (түрк лицейлери менен кошо). Облустагы мектептерде 109308 окуучу окуйт. Азыркы мезгилдин шарттары билим берүүнүн максат, милдетин, мазмунун, түзүмүн жана билим берүүнү башкаруу принциптерин түп тамырынан өзгөрүүгө алып келүүдө. Демек, коомдун талабына жараша мугалимдин милдети келечектеги өсүп келе жаткан жаш муундарды татыктуу билимге үйрөтүү менен катар алдыдагы жашоо-тиричиликке да тарбиялоо болуп эсептелинет. Ошондуктан мугалим өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, билимин тереңдетүү максатында өз убагында билимин өркүндөтүп туруусу биринчи орунга чыгат, — деп айтат Баткен облустук методикалык борборунун директору М.Айжигитова.

Азыркы мезгилде аймактагы педагогикалык кызматкерлерге квалификацияны жогорулатууну облустук методикалык борбору жүргүзөт. Борбор 2008-жылы 25-июлда түзүлгөн. Облустук борбор семинар-тренингдерди, тегерек-столдорду, конференцияларды уюштуруп, ар кыл темада конкурстарды өткөрүп, мектеп мугалимдери үчүн методикалык жардамдарды берип келет.

– Облустагы 7637 мугалимдерди, 1036 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларын жана да мектеп, бала бакча жетекчилерин, психолог, социалдык педагог, уюштуруучуларды жана башка кызмат адамдарын толук бойдон квалификациядан өткөрүүгө Баткен облустук методикалык борбордун мүмкүнчүлүгү чектелүү болууда. Алар семинарларды, педагогикалык окууларды жана түрдүү иш-чараларды өткөрүүдө методикалык жардам гана көрсөтө алышат. Борбордун жатакана, окуу кабинеттери болбогондуктан, курстар жер-жерлерде өткөрүлөт. Ушул себептүү Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов Баткен облусуна болгон иш сапарындагы жолугушууларда аймактын билим берүү кызматкерлери квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөртүп берүүнү өтүнүшкөн, — дейт борбордун директору.

Курстардын өтүшү тууралуу катышкандардын пикирлери:

Гүлжамал Ысманова,
Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы мектебинин директору; Мээриниса Тажибаева, С.Айтматов атындагы орто мектептин директору:

– 2-3-июнь күндөрү Баткен шаарында ББИМ алдындагы РПККЖжана КДИ тарабынан эки күндүк курстар уюшулуп, мектеп директорлору үчүн өткөрүлгөн «Мектептин ченемдик-укуктук документтери жана финансылык сабаттуулук» деп аталган курс биз үчүн өтө пайдалуу болду. Курс өтө жогорку деңгээлде, эң мазмундуу өткөрүлдү. Башкача айтканда, мектептин уставы, окуу планы, окуу программалары, локалдык актылары боюнча кеңири түшүнүктүү практикалык кызыктуу маалыматтарды алдык. А.Шергазиевге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Курс мектеп директорлору үчүн мектептин ченемдик-укуктук документтерин туура жүргүзүү үчүн эң керектүү курс болду, көптөгөн суроолорго жооп ала алдык. Калган сабактар онлайн түрүндө улантылып, окуу менен калган маалыматтарды өз практикалык ишибизде колдонобуз деген ишеничтебиз.

Гүлназа Бердиева, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук каананын усулчусу:

 

– Т.Асанакунов тарабынан өтүлгөн лекция жана практикалык сабактарынан биз үчүн маанилүү методдорду кабыл алдык. Алар: предметтик жана негизги компетенттүүлүктөр; сабак өтүүдө инновациялык ыкма, интерактивдүү ыкмалардын натыйжалуулугу; элдик педагогика; мугалим-фасилитатордун артыкчылыктары; максатты туура, так кое билүү. Окуучунун позициясында койгон максаттын зарылдыгы: маалыматты берүүнүн түрлөрү; эс тутумдун түрлөрү ж.б.

Бул эки күндүк сабак мугалимдер үчүн өтө пайдалуу жана натыйжалуу болуп, ар бир мугалимдин кесиптик чеберчилигин арттырып, билимин өнүктүрүүгө өбөлгө болду.

Б.Шооруков, №5 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими, Катран айылы, Лейлек району:

– 2021-жылдын 31-майынан 1-июнга чейин Лейлек районундагы информатика мугалимдери үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эки күндүк офлайн окуу курсу болуп өттү. Окуу курсун Р.Сабыров өткөрдү. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар билим берүү системасында эң негизги процесс катарында каралууда. Маалыматтык технологиялар маалыматтык сабаттуулукка ээ болуу жана маалыматтарды иштете билүү бүгүнкү күндүн зарыл талабы. Пандемия шартында МКТны колдонуу билим берүү системасында аябай чоң секирик жасады. Аралыктан окутууда, ошондой эле кадимки окутууда МКТны колдонуу өз ордун таба алды. МКТны колдонуу маалыматтарды берүүнү, тажрыйбаларды бөлүшүү процессин тездетет. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар билим сапатын көтөрүүгө салымы өтө зор болууда. Эки күндүк окууда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын коомдогу жетишкендиктери, информациялык технологиялардын негизги түшүнүктөрү, классификациялары, перспективдүү багыттары, педагогикалык багыттары жөнүндө маалыматтар айтылды.

Офистик программаларды колдонуунун ыкмалары боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Ошондой эле интерактивдүү досканын мүмкүнчүлүктөрү жана аны колдонуунун ыкмалары мугалимдерге кеңири үйрөтүлдү. Мугалимдер үчүн бүгүнкү окуу аябай пайдалуу болду. Кечээки чек ара чырынан кийин Лейлек районундагы мугалимдер үчүн акысыз окууну уюштуруу дагы бир топ жардам болду. Мугалимдердин бүгүнкү окуудагы алган билимдери жаңы окуу жылы үчүн аябагандай даярдык болду деп эсептеймин.

 Нурбек Алимкулов, №2 мектеп-гимназиясынын мугалими, Лейлек району:

– Т.Жумакунов агай эки күндүк аскерге чейинки жана дене тарбия сабагынын мугалимдери үчүн өткөн курсу өтө жогорку деңгээлде болду. Бул окуудан көптөгөн маалыматтардан сырткары мага агайдын бул сабактарды слайд-шоу менен сүрөттөрдү, видеолорду колдонуу менен өткөндүгү өзгөчө кызыктуу болду. Агайдын оратордук чеберчилиги да мыкты экендиги, анын сүйлөгөн сөздөрүнөн, аудиторияны өзүнө тарткандыгынан, кызыктуу сабакты бере алгандыгынан көрүнүп турду.

Даярдаган
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер