БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУН ДАЯРДАГАН МАШЫКТЫРУУЧУ

  • 02.04.2024
  • 0

Республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасы жыйынтыкталды. Ага тандалып келинген мыкты 323 окуудан 52и эң алдыңкы орунга чыгышты. Тереңдетилген математика боюнча  Бишкек шаарындагы Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей комплексинин 10-классынын окуучусу Айдин Асанкадыров 1-орунду камсыздады. Анын мугалими эл аралык олимпиадалардын машыктыруучусу,  эки жолку алтын, төрт жолку күмүш медалдын ээси Мамат ИШМАТОВ жөнүндө кеп кылууну туура таптык.

БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУН ДАЯРДАГАН МАШЫКТЫРУУЧУ

Билим саяпкери

36 жаштагы Мамат Ишматов Германиядагы эң мыкты университеттердин бирин бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинде жана  Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей комплексинин математика мугалими болуп иштейт, ошондой эле ал  эл аралык математика олимпиадасында (IMO) Кыргызстандын командасынын лидери.

Мектеп партасынан эле Мамат математика сабагын жакшы көрүп, олимпиадага катышууга кызыгып келген.  Республикалык олимпиадада 1-орунду багындырып, бир эле ата-энесин эмес, жалпы мектепти, Ош шаарын сүйүндүргөн.

— Математика сабагын башынан эле 4-6-класстарда жакшы көрчүмүн. Биздин билимге болгон каалообузду ар тараптан колдоп, сынактарды уюштуруп, кызыктуу тапшырмаларды берген мугалимим — Махабат Мадаминовна. Көптөр олимпиадага даярдоо жогорку класстын мугалимдеринин эмгеги деп ойлошот, бирок, чындыгында башталгыч жана орто мектептердин мугалимдеринин эмгеги чоң. Анткени башталгыч жана орто мектепте пайдубал түптөлөт, негизги билим бул келечекте ийгиликке алып барат. Негизинен математика мен үчүн абдан жеңил болду. Лицейди аяктагандан кийин Германиянын Бремен шаарындагы Якобс университетине тапшырууну чечтим, — дейт мугалим.

Экинчи курстан кийин ал бир жылга Кыргызстанга кайтып келген, бирок  бир жылдан кийин барып, университетти ийгиликтүү аяктаган.

Кыргызстанга келгенде бир жыл ичинде DOTA оюнчуларынын командасына кошулуп, чемпионаттарга катышып, жети жолу 1-орунду камсыздаган.

Бакалавр даражасын аяктагандан кийин ал Ульм университетинин Финансылык математика факультетине акысыз магистратурага тапшырган.

— Бакалавриатта окуп жүргөндө профессорлор дайыма математиканы гана билбестен, кесипкөй математик болушубуз керектигин эскертип турушту. Эгерде Бремен университетинде теориялык билим алсам, анда Ульм университетинде математиканы прикладдык шарттарда үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул мага келечекте каржы жана математика менен байланышкан тигил же бул тармакта иштөөгө мүмкүндүк берди. Экинчи курста DAAD стипендиясын алдым. Бакалавр даражасын алгандан бери окуумду толук эмес жумуш менен айкалыштырдым: программалоо менен алектенип, архитектордун жардамчысы да болгонго жетиштим, — дейт студенттик кездерин эскерип машыктыруучу.

Студент кезинде эле үйгө каникулга келгенде Мамат  балдарды олимпиадага даярдоого убакыт бөлүүгө аракет кылчу экен. 2012-жылы анын даярдаган окуучулары байгелүү орундарга ээ болуп, анын ичинде республикалык математика боюнча олимпиадада 1-орунга ээ болушту. Бул аны ого бетер шыктандырган. Анан ал 2017-жылы Оштон топ чогултуп, аларды олимпиадага даярдай баштады.

— Республикалык олимпиаданын, улуттук олимпиаданын этаптарын ийгиликтүү аяктагандарга эл аралык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк берет. Эсимде, Германиянын курама командасы жана курама командага талапкерлер биздин университетте жыл сайын жай мезгилинде машыккан. Мен алар менен таанышканымда команданын эң кичүүсү болгону 10 жашта эле. Биздин өлкөдө тереңдетип окутуу сегизинчи же тогузунчу класстан башталат. Менин оюмча, бул абдан кеч, — дейт И.Маматов.

Кыргызстанда балдарды олимпиадага эрте жашынан даярдаса болот деген ойду айтууга ал дайыма аракеттенип келет. Анын даярдаган 7-класстын окуучулары акыркы жылдары геометрия боюнча Ирандын эл аралык олимпиадасында 2 коло, 1 күмүш жана 1 алтын алышкан.

Окуучуларга үлгү

Мугалимдер шакирттерине татыктуу үлгү көрсөтүшү үчүн мугалимдер, машыктыруучулар арасындагы сынактарга ал дайыма катышып келатат.

Казакстанда өткөн олимпиадалык резервдеги мугалимдер менен машыктыруучулардын IMPACT эл аралык олимпиадасында ал 1-орунду алып, алтын медалга татыктуу болгонун учурунда жазганбыз.

БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУН ДАЯРДАГАН МАШЫКТЫРУУЧУ

Анын максаты өтө эле жөнөкөй — республикалык олимпиада аркылуу тандоо системасын өзгөртүү. Ал бир нече адамдан көз каранды болбой, аны ишке ашырууну жаш муун колго алышы керек экенин айтат.

Өткөн жылы алтынчы IMPACT олимпиадасына 11 өлкөдөн 410 мугалим катышкан. Анын ичинен математика сабагы боюнча 212 мугалим жана 26 машыктыруучу болгон. Маматжан 70 упайдан 66 упай топтоп, күмүш медаль алган.

— Алгач 2018-жылы машыктыруучулар арасындагы олимпиадага катышкам. Андан бери эки алтын, төрт күмүш медаль алдым. Эки жыл бою Казакстанда өткөн мугалимдер арасындагы олимпиадада калыстар тобунун мүчөсү болдум. Бул дагы мага тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болду. Быйыл дагы катыштым. Кесиптешим айтат: “Жаман генерал согушка өзү барбайт” деп. Мындай олимпиадаларга байма-бай катышуу менен биз окуучуларга үлгү боло алабыз. Кээ бир мугалимдер үчүн мындай сынак өзүнүн деңгээлин өркүндөтүү үчүн пайдалуу. Мисалы, мен үчүн машыктыруучуларга уюштурулган олимпиада өтө кызык. Мага татаал маселелерди  олимпиадалык маанайда чыгарган жагат. Олимпиаданын көрсөткүчү  жакшы болбосо деле, катышуучулар үчүн анчейин деле маанилүү эмес. Эң башкысы, мен үчүн — бул мотивация. Бул сынак бир эле машыктыруучулар эмес, коомчулук үчүн деле кызык. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы Кыргызстандан барган көп мугалимдер, машыктыруучулар сынакка катышты. Себеби көбүнчөсү онлайн катышканга мүмкүнчүлүк алышты. Мугалим менен тренердин категориясында айырма көп. Тренерлердин олимпиадасы мектептеги олимпиаданын суроолоруна жакыныраак. Машыктыруучулардын сынагына акыркы жылдары дүйнөлүк олимпиадага катышып, жеңип алгандар дагы катыша баштады. Алар деле азыр абдан күчтүү. Мисалы, коло медаль үчүн бул жылы тренерлердин сынагында жети суроо берилсе, беш суроодон көбүрөөк чыгарышы керек болду. Быйыл мен эң көп убакытты биринчи суроого кетирдим. Калган алты суроону чыгарып бүткөндөн кийин жетинчи суроону чыгарганга шанс бар эле. Убакыт аз болду мен үчүн. Жылдан жылга сынактын деңгээли жакшы болуп жатат. Мугалимдердин лигасы боюнча айтсам, аларга берилген суроолорунун денгээли башка, мектептин темасына жакын. Мугалим мектеп темасын жакшы билет, андыктан ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Мугалимдер  берилген жети суроонун эки-үчүн  аткарса деле жакшы жыйынтык деп эсептелет. Айрымдар мугалимдердин категориясына катышып, өзүн текшерип көргөндөн кийин машыктыруучулар менен катыша берет. Бул абдан туура. Белгилей кетчү нерсе, Казакстанда сынакка катышуу өтө маанилүү. Себеби олимпиададан алган медалдар  алардын айлыгына таасир этет, т.а. эмгек акысына дагы 100% кошумча берилет. Мисалы, менин сегиз окуучум медаль алды, бирок биздин эмгек акыбызга эч кандай таасир этпеди. Олимпиадага катышкандан бери кыргызстандыктар  99 медаль топтоптурбуз. Акыркы беш жылды эле алсак 52 медаль келиптир. Билим берүү жана илим министрлиги өз кезегинде олимпиадага байланыштуу көп маселелерди чечип берди. Бирок азыркы учурда негедир көңүл бурулбагандай сезилет. Менимче, биз менен иштешкен адиске министрлик бардык мүмкүнчүлүктү берип, бизге көңүл бурдурушу абзел. Ал адис жетекчиликке көз каранды болбошу керек, — дейт машыктыруучу.

Олимпиаданын жүрүшүндө конференциялар өткөрүлүп, алар көптөгөн кызыктуу нерселерди үйрөтө алат. Көптөгөн адамдар мындай олимпиадаларды Кыргызстанда өткөрүүнү каалашат. Мугалимдер үчүн сынак өткөрүлсө, ал жөн гана шоу үчүн эмес, башынан эле сапаттуу өткөрүү керек экенине токтолду. Мисалы, Казакстанда мугалимдер арасында биринчи олимпиадаларды уюштуруу үчүн Бүткүл россиялык олимпиаданын калыстар тобунун белдүү мүчөлөрү чакырылган, алар тапшырмаларды өздөрү түзгөн, тапшырмалардын сакталышын өтө кылдаттык менен көзөмөлдөнгөн ж.б. Ачыктык жана адилеттүүлүк болмоюнча, ийгиликтүү олимпиаданы уюштуруу мүмкүн эмес экенин өз бөркүндөй ишенет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер