БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫ БАГЫТТА ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ИДЕЯЛАРЫ

  • 25.03.2022
  • 0

Азыр бардык илимдердин милдети- коомдун өнүгүү көйгөйүн изилдеш керек. Анткени өнүгүү – бул коомдун социалдык абалын жакшыртуу. Өзгөчө, табигый илимдердин илимий ачылыштары, теориялары менен социалдык тармактардын өнүгүү мыйзам ченемдерин изилдеп, салыштыруу мезгил талабы. Себеби, ал табигый илимдердин теориялары, закондору социалдык процесстин өнүгүү себебин далилдешет, коомду алга жылдырат.

Учурда, табият илимдери өнүгүүнү анализдеп, багыттарды көрсөтүп, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түздү, натыйжалуулугун камсыздоодо керек. Ошондуктан билим берүү процессинде жана башка социалдык тармактарда өнүгүүнү өстүрүү үчүн табият илимдеринин идея, теорияларын пайдалануу зарылдыгы пайда болду. Себеби, табият илимдеринин теориялары универсалдуу, түбөлүктүү, анын мыйзамдары өзгөрбөйт, турмушта тастыкталган. Ал теория, мыйзамдар баалуу. А конституциянын мыйзамдарынын көбү замандын өнүгүүсүнө карата өзгөрөт. Андыктан биринчи кезекте түбөлүктүү мыйзамдарды таанып, пайдалануу биздин милдет. Ошол себептен STEM билим берүүнүн максатын, мазмун – маңызын турмушка ашыруу маселеси бекеринен козголуп жаткан жок.

Ал эми табият жана башка илимдерди өнүктүрүүнүн рычагы — экономика. Билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн табият илимдеринин теорияларын, илимий көз караштарды, экономиканын идея, рычагдарын кызыктыруу максатында пайдаланып келатабыз. Ал теорияларды, идеяларды билим берүүнү өнүктүрүү үчүн да пайдаланыш керек.

Коомдогу бардык саясий, социалдык процесстердин өнүгүүсү кризистен башталат

Табият илимдери фундаменталдуу, ал эми теория, закондору универсалдуу. Ал теориялар (физика, химия, биология) табияттагы, коомдогу, социалдык-экономикалык процесстердеги өзгөрүүлөрдүн, өнүгүүлөрдүн себептерин, далилдешет. Нобель сыйлыгынын лауреаты И.Пигожин жана Г.Хакен, Н.Кондратьев, В.Садовничий, А.Акаев, С.Кузнецтердин, дүйнөлүк экономиканын өнүгүү процессин физико-химиялык процесстердин теориясына, синергетиканын идеясына салыштырууну жана пайдаланууну сунушташат. Рыноктук-экономикалык өнүгүү да, табияттын илимий теориялары туура экенин далилдейт. Мисалы, механикадагы циклдик автотермелүүлөр, тең салмаксыз термодинамикалык процесстердин термелүүлөрү. Саясий процесстер, социалдык-экономикалык кризистер, коомдогу баш аламандык, өнүгүүлөр да циклдик термелүү кыймылын аткарышат. Биз философиядан билгендей, коом спираль түрдө өнүгөт. Табиятта да, коомдо да түз сызыктуу өнүгүү жок. Тең салмактуулук да жок. Бирок биз коомдогу, экономикадагы, социалдык процесстердеги тең салмаксыздыкты, термелүүлөрдү өнүгүүнү башкарышыбыз керек. Маселе ушунда. Башкаруу үчүн сырттан күч, энергия (инвестиция) жумшоо зарыл. Ошол эле кезде өнүгүү үчүн энергия, инвестиция жана тобокелчилик да маанилүү.

Физикадагы бир эксперименталдык тажрыйбанын жыйынтыгын карап көрсөк, Д.Франк – Г. Герцтин электрондордун атом менен кагылышуу учурундагы (Н.Бордун постулаттары боюнча энергиянын дискреттүүлүгү (4.86 эВ) табигый мыйзам ченемдүүлүк же циклдик өзгөрүүлөр (термелүүлөр) коомдун өнүгүү принциптери менен бир тектүү. Аны алар эксперименттик тажрыйбада аныкташкан. Н.Бордун энергиянын дискреттүүлүгү боюнча кубулушту экономика жана билим берүүнүн өнүгүү процесси менен да салыштырып, түшүнсөк болот. Бардык социалдык-экономикалык тармактардагы өзгөрүүлөрдүн, өнүгүүлөрдүн цикли, философиясы дал ушул закон ченемдүүлүк менен турмушка ашат. Албетте, табияттын ал теориялары негиздүү мыйзам экенин социалдык процесстердин өнүгүүсү, турмуш практикасы да далилдеди. Ал эми, билим берүү процессинде ошол табигый кубулуштар, теориялар, закондордун илимий негизин салыштырууну түшүнө билүүбүз керек. Ал теория, закондорду салыштырган соң билим берүүнүн практикалык маанисине басым жасашыбыз зарыл. Билимдин маңызы ошол. Азыр билим берүүгө коюлган заман талабы, максаты да ушундай.

Кыскасы, табигый кубулуштардын (саясий, социалдык-экономикалык процесстердин) өнүгүү теги бир, бир мыйзам ченемге баш ийишет. Андыктан биз биринчи билим берүүнү уюштуруу, башкаруу жана өнүктүрүү көйгөйлөрүнө басым жасоодон мурун табият илимдеринин фундаменталдуу теорияларындагы, закондорундагы билимдин турмушка тиешелүү маңызын пайдаланганыбыз туура болот. Анткени, ал илимий-теориялар негиздүү, универсалдуу болгондуктан жашоонун, коомдун өнүгүү багытын көрсөтөт. Социалдык процесстердин өнүгүүсү да табият кубулуштары сыяктуу сызыктуу эмес. Бардыгы тең салмаксыз термелишет же өнүгүүнүн динамикалык термелишин далилдешет. Бул табияттын, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн да фундаменталдуу мыйзамы. Экономиканын термелиши да бардык социалдык процесстердин өнүгүшүн, өзгөрүшүн практикалык жактан түшүндүрөт. Ал процесстердин илимий-практикалык жыйынтыктарын А.Акаев, В.Садовничийлер (“Время, хаос и математические проблемы” аттуу И.Р. Пригожиндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик конференцияда) белгилешкен. Ошондуктан билим берүүнү өнүктүрүү үчүн да экономиканын термелүү динамикасы менен салыштыруу зарыл.

Жалпы мугалимдердин айлык акысын механикалык көтөрүп коюу менен билим берүүнүн натыйжалуулугуна жетишүүгө мүмкүн эмес. Себеби, бирдей акы төлөгөнгө көнгөн мугалим айлык акынын көбөйгөнүнө карабастан, мурункудай эле инерция менен иштей беришет. А айлык акынын көбөйүү деңгээли кызыгууну жаратышы зарыл. Ошон үчүн мугалимге айлык акыны түпкү натыйжасына же ар кимдин ийгилигинин даражасына жараша көбөйтүп төлөө маанилүү. Башкача айтканда, кызыгууну, жаралган ийгиликтерди талдоо үчүн математикалык изилдөө, тактоолорду колдонуубуз да керек.

Башка тармактар сыяктуу билим берүүнүн негизги максаты коомдун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, эффективдүү таасирлерин күчөтүү, натыйжалуулугун жогорулатуу. Калктын социалдык деңгээлин көтөрүү, кедейчиликтен куткаруу. Ал процессти турмушка ашыруу үчүн билим берүү процессин максатка ылайык уюштуруу, башкаруу, натыйжа берчү экономикалык механизмдерди талдоо, пайдалануу мугалимдин өздүк ресурстарын, билим берүүнүн технологияларын колдонуу менен өнүктүрүү мезгил талабы.

Билим берүүнү өнүктүрүүчү механизмдерди пайдаланууга булар кирет:

  • Билим берүүнүнүн бардык деңгээлинде демократиялык принципте башкаруу, экономикалык мамилени өзгөртүү, каржылоодо экономиканын эффективдүү рычагдарын киргизүү;
  • Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн билимдин ички философиясын демократиялаштыруу, адамгерчиликтүүлүгүн жогорулатуу, социалдаштырууну турмушка ашыруу;
  • Илимий теориялардын маңызын терең өздөштүрүп, социалдаштырууга жетишүү;
  • Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы рыноктук-экономикалык структуралык түзүлүштү талкуулоо, турмушка ашыруу, билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын философиясын жаңылоо;
  • Билим берүү процессинде педагогикалык кызматташтыктан өнөктөштүккө өтүүнү ишке ашыруу;
  • Мамлекеттик стандарттын чегинде мугалимге чыгармачылык эркиндик ыйгаруу;
  • Билим берүүдө натыйжага ээ болгон, прогрессивдүү тажрыйбасы бар мугалимдердин тажрыйбаларын изилдөө, анализдөө, жалпылоо турмушка ашыруу;
  • Окумуштуулардын билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган теория, идеяларын, пайдалануу;
  • Мугалимдин кесипкөйлүгүн жогорулатуу;
  • Мугалимди тандоо;
  • ЖОЖдордо педагогдук кесипке даярдоону мезгил талабына карата өзгөртүү, жаңыча мамиле.

Мектепте билим берүүнү эффективдүү уюштуруу:

  • Мектептин ички-тышкы эстетикалык жасалгаланышын коомдун өзгөрүү идеясына, өнүгүү багытына жараша шайкеш келтирүү;
  • Окуу план-программанын идеясын, билимдин философиясын максат-милдеттерин, рыноктук мамиленин идеясына багыттоо;
  • Көйгөйлөрдү эске алуу менен жаңы идеяларды алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды пайдалануу;
  • Билим берүүнүн эффективдүү технологияларын колдонуу;
  • Каржылоодо экономикалык эффективдүү рычагдарды турмушка ашыруу;
  • Билим берүүнүн жаңы прогрессивдүү идеяларын методсекцияларга, райондук август кеңешмелерине алып чыгуу;
  • Жаңы идеядагы окуу китептерин, көз караштагы адабияттарды, окуу-методикалык, окуу куралдарды, дидактикалык материалдарды заман өнүгүүсүнө шайкеш келтирүү максатында ачык талкууларды уюштуруу;
  • Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
  • Бетачарларга (презентацияларга), тажрыйбаларга, лабораториялык-практикалык жумуштарга тиешелүү материалдарды, химреактивдерди даярдоо, толуктоо ж.б.;
  • Билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечектүү стратегиялык багыттарын пландаштыруу.

Мектепте билим берүүнү башкаруу:

  • Педколлективде ийкемдүү, адамгерчиликтүү, моралдык-психологиялык климатты түзүүгө жетишүү;
  • Башкаруунун, өнүгүүнүн демократиялык принциптерин турмушка ашыруу;
  • Коомдун, жашоонун табигый өнүгүү мыйзамы болгон демократиялуу башкаруу системасына өтүүнү этап, этап менен жолго коюу;
  • Окуучулар арасында өз алдынча башкарууну көндүмгө айландырууну өнүктүрүү мугалимдер, ата-энелер арасында билим берүүнү уюштуруу, башкаруу жана өнүктүрүүдө демократиянын мыйзамдарын киргизүү боюнча талаш-тартыштуу пикирлер иш-чараларды, ток-шоу, дискуссияларды уюштуруу;
  • Жаңы коомду куруу үчүн сабакта, тарбиялык сааттарда, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар менен мамиле түзүүнүн активдүү формаларын тандоо, демократиянын принциптерин, адеп-ахлак эреже-нормаларды сактоонун ийкемдүү ыкмаларын пайдалануу максатында лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу;
  • Педагогикалык процесстерде демократиянын турмушка ашуу абалы боюнча кыска бирок, нуска интермедияларды мугалимдерге, ата-энелерге, окуучуларга тартуулоо;
  • Билим берүүдө демократиянын элементтерин эффективдүү пайдаланган мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларын изилдөөнү, жалпылоону, жайылтууну уюштуруу, ачык сабактардын конкурстарын өткөрүү.

Д. Султанкулов,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун улук окутуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер