БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

  • 01.02.2024
  • 0

Мугалимдин  кесиптик чеберчилиги, кесипкөйлүгү, деңгээли жогору болсо, билим окуучуга жугумдуу болот. Мугалимдик  дарамети күчтүү болсо, сапатка түздөн-түз таасир этет. Мугалимдин кесиптик чеберчилигин көтөрүүдө билимин жогорулатуу курстары, мугалимдердин кызматташтыгы, ишке болгон мамилесин өнүктүрүүдө шыктандыруучу чөйрө чоң таасирин берет. Чындыгында ар бир адамдын жетишкен ийгилиги анын  ишке болгон мамилеси  менен аныкталат. Окуу китептери, усулдук материалдар, усулдук колдонмолор  теория менен чектелген. Практикалык көндүмдөр көбүрөөк камтылган окуу усулдук колдонмолорду мугалимдер арасында кеңири жайылтуу маселесин карап чыгуу керек.  

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

Окуу программалары мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык түзүлүп, календардык тематикалык пландардагы темалар жашоо-турмушка жакын болуп, сааттардын да ошого карап бөлүштүрүлүшү билим сапатын көтөрүүгө таасирин тийгизет. Анткени мектептерде билим максатка ылайык берилбей жатат. Жашоо турмуштан алыс болгон маалыматтар мээге толтурулууда.

Дагы бир чоң фактор — окуу чөйрөсү: физикалык, академиялык, психологиялык, шыктандыруучу чөйрөнү  туура, максаттуу колдонуу. Ошондой эле педагогикалык, мектептин коомчулук менен, мектеп администрациясынын  мугалимдер менен, мугалимдердин ата-энелер менен кызматташуусу багытындагы  иштерди күчөтүү.

Көптөгөн мамлекеттер өзүн таануу, өзүн өнүктүрүү, социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк маеселесине кийинки учурда көңүл бура баштады. Бала качан өзүн жакындан тааный билсе, өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштесе жана коммуникациялык жөндөмдөрүн калыптандырса, билимге болгон кызыгуусу, алга карап умтулуусу пайда болот. Ошондуктан “Өзүн таануу ” деген предметти билим берүү уюмдарына киргизүү учур талабы болуп жатат. Дагы бир вариант — өзүн таануу боюнча талкууларды, дебаттарды, семинар-тренинг ж.б. иш-чараларды системалуу өткөрүп, өзүн таануунун пайдасы, аны кантип колдонуу жаатында мугалимдерге, ата-энелерге, жалпы коомчулукка кеңири маалымат берүү менен маселени актуалдаштыруу зарыл деп ойлоймун. Андыктан өзүн таануу боюнча окуу материалдык комплекстерин иштеп чыгып, жайылтуу, тиешелүү адистерди окутуу талап кылынат.

Биримдүү болсо эгерде,

Мугалим менен ата-эне.

Татыктуу берип тарбия,

Коомду оңдоо бат эле.

Султанбек МОМУНОВ, В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору, Баткен шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер