БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БААЛУУЛУКТАРЫН ӨЗГӨРТҮҮ — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
- 02.11.2023
- 0
Жакында И.Арабаев атындагы КМУда билим берүү адистеринин жана коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагындагы «Кыргыз Республикасында 2023-2030-жылдарда окутууну өнүктүрүү жана чоңдорго билим берүү программасы» кеңири талкууланды. Тегерек үстөлдүн катышуучулары дүйнөлүк жана улуттук экономикадагы кескин өзгөрүүлөр мындай билим берүүнүн зарылдыгын шарттаганы менен, Кыргызстанда аны шыр ишке ашырууга азырынча мыйзамдык-нормативдик база жетишпестигин бир добуштан белгилешти.
Белгилей кетсек, бул маанилүү программаны иштеп чыгууда — стратегиялык мүнөздөгү эки документ – «Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы» жана «2040-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы» укуктук негиз болуп саналат. Талкууда чыгып сүйлөгөндөрдүн пикиринде бул документтерде мамлекеттин чоңдорго билим берүү жаатындагы негизги артыкчылыктары белгиленет. Ошондой эле чоңдорго билим берүү бүтүндөй билим берүү системасынын зарыл элементи катары таанылат жана ар бир жарандын өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу укугунун кепилдигин камсыз кылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү жана натыйжалуу фактору катары каралат. Белгилүү болгондой, өлкөнүн чоңдорго билим берүү жаатындагы саясатында: (1) формалдуу эмес жана кесиптик тажрыйбанын негизинде алынган квалификацияларды, билимдерди жана көндүмдөрдү расмий таануу системасын түзүү; (2) студенттердин иш жүзүндөгү санына жана окуунун айрым багыттарынын тартибине жараша кошумча билим берүү уюмдары менен экономиканын реалдуу секторунун ортосунда байланыштарды орнотуу; (3) Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык системасына ылайык сапатты камсыздоо системасын калыптандыруу талаптары бар.
Тегерек үстөлдүн катышуучулары дүйнөдөгү жана өлкөдөгү татаал жана тез өзгөрүп жаткан социалдык-экономикалык жана геосаясий кырдаал, экономиканын жана коомдун санариптик трансформациясы, глобалдык климаттын жана демографиянын өзгөрүшү, адамзаттын Жердин экосистемасына күчөгөн басымы адамдан өзгөргөн тышкы чөйрөгө ыңгайлаштырган тиешелүү билимдерди жана көндүмдөрдү колдонууну талап кыларын айтып, мындан ары «өмүр бою билим алуу актуалдуу жана маңыздуу болуп калат» деген пикирди колдошту.
Чындыгында эле чоңдорго билим берүү жана окутуу адамдын коомго ийгиликтүү социалдашуусунун жана аны курчап турган тынымсыз өзгөрүп турган дүйнөгө интеграциялоонун негизи болуп саналат.
Чоңдорго билим берүү жетилген курактагы адамдын компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган, ал бир жагынан бүтүндөй коомдун социалдык капиталынын деңгээлин жогорулатса, экинчи жагынан ар бир инсанга экономиканын жана айлана-чөйрөнүн керектөөлөрүнө ыңгайлашууга жардам берет.
Ушундан улам талкууга коюлган бул программага чоң кишилерди окутуу жана тарбиялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын макулдашылган документи катары кароого болот жана ал Кыргыз Республикасынын бардык аймагында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, юридикалык жана жеке жактардын макулдашылган системалуу ишинин стратегиялык негизи болуп саналат.
Программа мамлекеттик саясаттын максатын, приоритеттерин жана милдеттерин, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде инсандык жактан жетилген курактагыларда окутуу жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө таасир этүүчү пландардын, долбоорлордун жана негизги иш-аракеттердин негиздерин камтыйт.
Программада жетилген курактагы адамдардын билим алуусу жана билим берүү чөйрөсүндөгү саясаттын узак мөөнөттүү артыкчылыктары, күтүлгөн натыйжалар жана коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн сунушталган механизмдер баяндалат.
Программаны ишке ашыруунун натыйжасы келечекке жетишүү болуп саналат, анда сөз болуп жаткан окутуу жана билим берүү системасы өмүр бою, чектөөлөрсүз жана басмырлоосуз сапаттуу билимге жетүү принциптерине негизделген максаттар жана милдеттер каралган. Ушундан улам тегерек үстөл катышуучуларынын жалпы пикиринде
аталган билим берүү жана окутуу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жана дүйнөнүн алдында турган чакырыктарга ийгиликтүү каршы турууда негизги курал болуп эсептелет.
Талкууда учурдагы абалга таасын баа берилди. Мисалы, Кыргызстандагы эмгек рыногуна бир тарабынан квалификациялуу кадрлардын кескин жетишсиздиги, экинчи жагынан аз квалификациялуу жумушчу күчүнүн ашыкча болушу мүнөздүү экени айтылды. Маалым болгондой, санариптик технологияларды кеңири колдонуу жумушчулардан, жарандардан жана керектөөчүлөрдөн жаңы көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү талап кылат.
Талкуунун катышуучулары Кыргызстандын улуу курактагы калкынын дээрлик 98%ынын маалыматтык жана коммуникация көндүмдөрү “биринчи деңгээлде жана андан төмөн” экенин, аларда “электрондук почта же веб-браузер сыяктуу кеңири жеткиликтүү жана тааныш технологиялык тиркемелерди колдонуунун негизги көндүмдөрү гана бардыгын бул күнкү презентациядан улам билишти жана «Бул өз кезегинде улуу курактагы калктын басымдуу бөлүгү квалификациясы төмөн кызматтарда гана иштөөгө жөндөмдүү жана заманбап дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү боло албашына алып келет» деген тыянакка келишти.
Талкуунун катышуучулары мындай кырдаалды өзгөртүү үчүн жашаган жерине, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүнө, экономикалык абалына жана алардын мотивациясына карабастан, жеткиликтүү билим алуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу чоңдорго билим берүүдөгү боштуктарды толтуруу зарыл деп эсептешет.
Бирок учурда аймактарда чоң кишилердин муктаждыктарына жооп берген сапаттуу билим берүү программаларын сунуштаган провайдерлердин жетишсиздигинен чоңдор үчүн окутуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелгенин айта кетишибиз керек. Бардык ресурстар, анын ичинде финансылык жана адамдык ресурстар өлкөнүн экономикалык жана саясий борборлорунда – Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле негизги областтык борборлордо топтолгон. Айыл жеринде ресурстар жана окутуучулар жетишсиз.
Натыйжада республика боюнча чоңдорго билим берүүчү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин бөлүштүрүлүшү өтө бирдей эмес, бул алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө айыл тургундарынын жеткиликтүүлүгүн чектейт. Провайдерлери жок жерлерде кишилер өздөрү уюштурган коомдорун жана клубдардын саны аз жана алар туруксуз. Анткени аймактарда чоңдордун билимин уюштуруу инфраструктураны талап кылат. Ар кандай долбоорлордун алкагында көптөгөн сайттар (жаштар борборлору, айыл чарба борборлору, инновациялык борборлор ж.б.) түзүлгөн, бирок алардын ишмердүүлүгүнүн эсеби, анализи жана статистикасы жок.
Белгилей кетсек, 2020-жылдагы пандемиядан кийин билимге жетүүнүн абалы өзгөрдү, чоң кишилерди мамлекеттик тилде жана башка тилдерде окутуу үчүн көптөгөн онлайн платформалар пайда болду. Бирок чоң курактагы кишилер санариптик көндүмдөрдүн жетишсиздигинен, ошондой эле өмүр бою билим алуу маданиятынын жоктугунан бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай жатат. Бул курактагы окутуу системасын калыптандыруу үчүн ар кандай категориядагы адамдар, анын ичинде карылар менен иштөөгө жөндөмдүү адистердин (андрагогдордун) жетишсиздиги байкалат.
Азыркы учурда педагогикалык жогорку окуу жайлар негизинен балдар менен иштөөгө багытталган мугалимдерди даярдайт, бирок чоң кишилердин ар кандай категориялары менен иштөөгө компетенттүү адистерди бир дагы кесиптик окуу жайлар даярдабайт.
Чоңдордун билими мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүү үчүн приоритет болгон эмес. Бул “чоңдор” калктын атайын тобу катары аныкталбаганын, алар үчүн окутуу өзгөчө түрдө уюштурулушу керек экендигин тастыктайт, ал улуттук мыйзамдарда дагы эле юридикалык жактан тааныла элек.
Бул мамлекеттик органдардын «чоңдорго билим берүү» деп аталган иш менен байланышкан тикелей иш жүргүзүүгө укугу жок дегенди билдирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары алар тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт. Жыйынтыктап айтканда, колдонуудагы ченемдик-укуктук база заманбап чөйрө, адамдардын муктаждыктары жана учурда мамлекеттин артыкчылыктары талап кылгандай чоңдорго билим берүүнү кеңейтүүгө мүмкүндүк бербейт.
P.S. 30-октябрда “Баары билим үчүн – билим бардыгы үчүн” улуттук форуму болуп өттү. Анда Президенттик аппараттын саясий-экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов «коомдогу баалуулуктарды өзгөртүү зарыл, анткени алар туруктуу натыйжаларга алып келет» деп баса белгиледи.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер