БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЭМГЕГИ СИҢГЕН ИНСАН

  • 14.05.2024
  • 0

СССР тарап, Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийин билим берүү системасы кыйла кыйынчылыктарга туш болду. Өзүнүн жаңы муундагы окуу китептерин түзүү, балдарды улуттук негизде окутуу, билим берүү системасына реформа жүргүзүү сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр жаралды. Айлыктыктын аздыгынан көптөгөн мугалимдер иштерин таштап базарга чыгып кетишти. Мугалимдерге окуу усулдук жактан жардам бергенди мындай кой, бала окутканга мугалим таппай калган учурлар болду. Жаш адистерге тажрыйбалуу мугалимдер жардам бермек түгүл, өз алапайларын таппай калган мезгил эле. Мына ушундай кыйынчылык мезгилде Усеналиев Марат Жолдошбекович билим берүү системасына келди.

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЭМГЕГИ СИҢГЕН ИНСАН

М.Усеналиев 1964-жылы 9-майда Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылында төрөлгөн. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүрүп, тарых мугалими адистигине ээ болгон. Жаш адис Каракол шаарындагы №10 М.В.Ломоносов атындагы орто мектепке жиберилип, коом таануу, тарых жана музыка мугалими катары эмгек жолун баштаган. Бул жерде эки жыл иштеп балдарга сабак берүүдө дагы, мектептин коомдук иштеринде дагы өзүн жакшы педагог, келечектүү мыкты адис катары көрсөтө алган. Көп өтпөй 1988-жылы Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектепке директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалган. Бул жерде да Марат Жолдошбекович уюштуруучулук жөндөмү менен көзгө илинип, жергиликтүү бийлик кызматка чакыра баштаган. Алгач Ысык-Көл райондук кеңешинде, анан Ысык-Көл райондук администрациясында, Ысык-Көл райондук Калкты социалдык коргоо башкармалыгында инспектордук кызматтан баштап башкармалыктын башчылыгына чейин көтөрүлгөн.

1998–2000-жылдары Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Москва социалдык-экономикалык илимдер боюнча жогорку мектебин аяктап келип, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун социалдык кепилдиктер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Андан соң Төмөнкү-Чүй мектеп-интернатына директор болуп дайындалган. Бул мектепте психикалык жактан өспөй калган диагнозу бар, аң-сезиминин өнүгүүсүнөн артта калган балдар тарбияланып, ушундай балдар менен иштөөнүн кыйынчылыгын башынан өткөргөн. Балдарга көргөн камкордугу, педагогикалык мээрими, уюштуруучулук, жетекчилик жөндөмү жогору бааланып, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Эки жыл иштегенден кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун директорлугуна которулуп, ушул борбордун ишин илгерилетүү вазийпасы жүктөлдү. Ал милдетти да ийгиликтүү аткарды. Кайсыл жерге барса иштин майын чыгара иштеген Марат Жолдошбекович Бишкек шаардык Кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп да иштеди. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында иштеп, билим берүүнүн көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө өзүнүн салымын кошту, билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жигердүү катышты.

М.Усеналиев кайрадан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, бул кызматта 2012–2023-жылдары үзүрлүү эмгектенди. Ушул мезгилдеги билим берүү системасында болгон бардык реформаларды ишке ашырууга болгон күчүн жумшады. Билим берүүнүн сапаттык деңгээлин жогорулатуу, балдарды окуу китептери менен камсыз кылуу, мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги, айрым класстардагы балдардын өтө көптүгү, коопсуздук стандартын киргизүү, бала бакчаларды ачуу, өзгөчө шарттарда балдарды аралыктан окутуу, балдарды онлайн окутууда видеосабактарды көзөмөлдөө, сабактардын сапаттуу өтүлүшүн контролдоо, мектепте санариптик өнүктүрүү маселелери, Интернетти, интерактивдүү досканы колдонуу, 2015–2021-жылдары 30 алдыңкы мектептин тармагын түзүп, аларда табигый илимдер боюнча сабактарды (химия, физика, биология) окутуунун инновациялык усулдарын колдонуу менен окутуу, мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөөдөн өткөрүү, окуучулардын кийими, билим берүү тармагына киргизилген “Натыйжага негизделген билим” модели, балдардын ысык тамагы, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу (айрыкча жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын), мектеп директорлорун аттестациядан өткөрүү, мугалим мектептен акча чогулткан учурлар, деги койчу, айтор, ушул сыяктуу билим берүү боюнча иштердин чордонунда жүрдү. Бул айткандарыбыз анча-мынчасы эле, жасаган иштерин тизмелей берсек кагаз чак келбейт. Бардык маселелерди өз учурунда жана туура, калыс чечүүгө бүткүл күч-аракетин, билимин жумшады.

2023-жылдан Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө. Марат Жолдошбекович кайсыл гана жерде иштебесин ак дили менен кызмат өтөдү, кызматкерлери менен тил табыша билип, өз кызмат ордунун милдетин, маани-маңызын терең түшүнгөндүгү менен айырмаланды. Отуз жылдан ашык билим берүү системасында иштеп мол тажрыйба топтоду, жамаат ичинде, деги эле республиканын  бүтүндөй билим берүү тармагында эмгектенгендердин арасында кадыр-барк күттү, көптөгөн инновациялык жаңыланууларга демилгечи болду.

Марат Жолдошбекович Манчестер университетинин магистри (MBI Улуу Британия), мамлекеттик кызматынын 1-класстагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, дагы көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Жакында кутман курак 60 жашка толду. Элге, айрыкча, өзү көп эмгек жумшаган билим берүү системасына бергенинен бере элеги көп. Кутман курак кут болуп, биздин келечегибиз болгон жаш муундарга татыктуу жана сапаттуу билим берүү үчүн жаратмандык менен эмгектене берет деген ишеничтебиз.

Ысмайыл КАДЫРОВ,

журналист, КР маданиятына эмгек  сиңирген ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер