БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЛИДЕРГЕ КАРЬЕРАЛЫК БАГЫТ БЕРҮҮ

  • 25.12.2023
  • 0

Казакстан мамлекетинин борбор калаасында Педагогикалык чеберчилик борбору “Билим берүүдө лидерге карьералык багыт берүү” аталышында өткөргөн эл аралык интенсивдүү форумга Кыргызстандан мыкты мектептин жетекчилери, мугалимдери катышып келишти. Казакстандын педагогикасында биринчи жолу мектеп жетекчилери өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн жолугушту. Форумга конок катары чакырылган Бишкек шаарындагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн айтылуу “Креатив-Таалим” ББКнын генералдык директору, КР билим берүүсүнө эмгеги сиңирген мугалими, “Даңк” медалынын ээси Гүлнара ДАЙЫРБЕКОВА менен баарлаштык. Анда сөз башынан болсун!

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЛИДЕРГЕ КАРЬЕРАЛЫК БАГЫТ БЕРҮҮ

— Гүлнара Мелисовна, эл аралык форумдун максаты эмне экен?

— Форумга 400 киши келди, 2000 киши онлайн форматта катышты. Максаты — жеке менчик Педагогикалык чеберчилик борбору Казакстандагы, коңшулаш мамлекеттердин мугалимдерин эл аралык форумга чогултуп, тажрыйба алмашуу боюнча аянтча түзүп берүү. Биринчи пленарныйда спикер катары чет өлкөдөн чакырылган Британиянын Билим берүү изилдөөлөр ассоциациясынын Кеңешинин мүчөсү Сара Селезнева, Эстониянын мугалимдер союзунун төрагасы Мадис Сомелар, Сингапурдагы Арбингер институтунун биргелешкен кеңешчиси Сара Менон, Баку Райс Европа лицейинин директору Зульфия Вейсова өздөрүнүн иш тажрыйбаларын айтып беришти. Бул иш-чара Педагогикалык өркүндөтүү борборунун кадрдык резервди даярдоо жана мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуудагы  “Билим берүүнүн лидерлерине кесипке багыт берүү” боюнча масштабдуу иштеринин уландысы болуп саналат экен. Экинчи этапта — атамекендик билим берүүдөгү ийгиликтүү учурлар көрсөтүлдү.  Казакстанда жетекчиликке даярдоо боюнча атайын резерв кадр иштейт экен.

— Катышуучуларды өзгөчө эмне кызыктырды?

— Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун туудурган мектепте таланттарды башкаруу маселелери болду. Бул «Форсайт» сессиясынын темасына алып келди. Катышуучуларга мугалимдердин ички потенциалын жогорулатуу жана кесиптик кризистен чыгуу механизмдери боюнча сунуштар берилди.

— Директор талантын кантип аныктай алат жана келечектүү кызматкерлерди башкаруунун үлгүсү бар бекен? Лидердин миссиясы кандай болушу керек экен?

— Бул суроолорго борбордун тренерлери Төлөген Нугербаев, Фарида Жунусова, Сапура Жолдасбаева жана Евгения Маторина интенсивдүү катышуучулар менен бирге жооп беришти. Катышуучулар “Мектеп лидеринин баалуулуктары жана ишенимдери үчүн” деген симпозиумда мектеп жетекчилери Роберт Дилтстин логикалык деңгээлин колдонуп, жеке өнүгүүнү жана ийгиликтүү жүрүм-турум стратегияларын талдап, коммуникация концепцияларын түзүштү. Маселен, “Ката кетирбеген адам өнүкпөйт” аттуу панелдик сессияда чынчыл маалыматтар угулду. Ийгиликтин жана жеңүүнүн жеке окуялары – чыныгы лидерлерден деп Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин АМУ башкармалыгынын төрагасы Ануар Жангозин, Астана эл аралык мектебинин директору Айдар Болатов, Алматы шаарындагы Республикалык физика-математика мектебинин директору Алмаз Кунгожин, Шымкент лицейинин директору №65 мектеп Кайыпов Алмасходжи, Бишкектен «Айчүрөк» лицейинин директору Эрлан Сатаровдор айтып беришти. Интенсивдүү программа ата-мекендик билим берүүнүн топ-менеджерлери үчүн эң популярдуу форматтарды камтыйт: кейс-сессиялар “Ийгилик кантип келет?”, эмоционалдык компетенттүүлүк боюнча чыгармачыл семинар, талант-менеджмент боюнча “Мугалимдерди шыктандыруучу” алдын ала көрүү сессиясы, ата-энелер, окуучулар үчүн командалык талкуу жана мектеп лидерлери, санариптик сессияда «Санариптик башкаруунун куралдары» жана башкалар. Ата мекендик билим берүүдөгү ийгиликтердин мыкты учурлары даярдалыптыр. Биринчилерден болуп Астанадагы N54 мектеп-лицейинин директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Мукашев жана Алматы менеджмент университетинин президенти Асылбек Кожахметов олуттуу жетишкендиктери менен бөлүштү.

— Сизге кандай таасир калтырды? Өзүңүзгө эмне жаңылыктары жакты жана аны иш жүзүнө пайдаланасызбы?

— Мага өзгөчө таасир калтырганы менчик билим берүү тармагы менен мамлекеттик билим берүү мекемелери жуурулушуп иштегени. Мисалы, бизде менчик билим берүү мекемелери республикалык денгээлде өткөн иш-чараларга айрым учурда чакырылбай калат. Ушул биздин башыбызды кошкон Педагогикалык чеберчилик борбору бардык мекемелер менен тыгыз иш алып барат экен. Анткени бул чеберчиликти жогорулатуу борбору Н.Назарбаев атындагы мектептин тармактарына айкалышып жасалган орган. Мисалы, мектептин ичинен эле мугалимдердин билимин жогорулатуу курсун, ошол эле кезде бир жагынан окуу китебин жазуу курсун иштетишип, жыйынтыгында мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуучу курсу бара-бара эле борборго айланган. Анда 100дөн ашык киши системалуу, максаттуу иштешет. Бизде дагы ошол иштер жүрүп жатат, бирок ар ким өзүнүн иши менен алектенет. Маселен, мен өзүмдүн тажрыйбамды жайылтып жатам. Ал эми КББА (КАО) өзүнүн теориялык материалдары менен алектенсе, И.Арабаев атындагы КУУ жогорулатуу курсун иштетет.

Казакстанда бардыгы биригип алып, бир борбордо иш алып барышканы абдан кызыктырды. Бирок билим берүүдөгү көйгөй баарыбызда бирдей экен. Ошол эле Эстонияда баалоодо көйгөй бар экен. Заманбап технологияны колдонуу, STEM багытында билим берүү боюнча бардык өлкөлөрдө белгилүү деңгээлде аракет жасалып жатат. Анын ичинде Кыргызстанда да башка өлкөдөн кем калбай эле, ашса ашкан иштерибиз бар экени көрүнүп турду. Бул мени аябай кубандырды, шыктандырды. Казакстандагы жеке менчик борбордун тажрыйбасынан мени кызыктырганы – чет элдик билим берүү тармагындагылар менен кызматташуусу жакшы жолго коюлган, экинчиден, аларда толук мүмкүнчүлүк бар экен башка элдин мектептерин барып көрүп, чет өлкөдөгү педагогикалык билим берүүгө арналган иш-чараларга катышып, өздөрү дагы башкалар менен тажрыйба алмашып турушат экен. Маселен, мен Кыргызстандын чегинде эле  өз мектебимен сырткары чыкпай жатпайымбы. Ал эми биз барган Борбордо жугумдуу, андан дагы тереңирээк анализдегенге шарт түзүлүп жатканы көрүнүп турат.

Кыргызстандык мугалимдер кесиптик өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алыштыбы?

— «Назарбаев Интеллектуалдык мектептери» ААКсына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандан барган билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө мектепти башкаруу үчүн компьютердик симулятор тартууланды.Тренингдин жүрүшүндө командалар виртуалдык мектепти башкарып, кызыкдар тараптардын муктаждыктарын изилдеп, стратегиялык чечимдерди кабыл алышты. Бул бизге стратегияны иштеп чыгуу, артыкчылыктарды аныктоо, пландаштыруу боюнча тажрыйбабызды жогорулатууга, ошондой эле машыктыруучулар менен болгон каталарды оюндан оюнга жараша чечүүгө мүмкүндүк берди. Симулятор оюнун башкаруу жөндөмүн өнүктүрүүдөгү педагогикалык жаңылык катары бааладык. Ошондой эле жыйында Педагогикалык чеберчилик борборунун директору Жанбота Кабдыкаримова борбордун стратегиялык багыттары жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЛИДЕРГЕ КАРЬЕРАЛЫК БАГЫТ БЕРҮҮ

Мени кызыктырганы — Назарбаев атындагы мектептеринин ичинен физика-математикалык тереңдетилип окуткан мектепке барган экскурсия. Андан башка эл аралык мектебине кирип көрдүк. Назарбаев атындагы университетке бардык. Заманбап мектептер бар экенине абдан кубандым, сүйүндүм. Бул мектептерде тилге басым жасаганы өтө кызыктырды. Кайсы мектебине барбайлы эң алгач таптак эркин казак, орус жана англис тилдеринде мугалимдери дагы, окуучулары дагы сүйлөшөт экен. Бул менин кыялымдагы нерсе. Мен деле биздин жамаат кыргыз тилинде сүйлөп, орус, англис тилдеринде так маалымат айта алса  деп аракеттенип жатамын. Бирок ал канчалык деңгээлде ишке ашат азыр айтуу эрте. Ооба, белгилүү бир деңгээлде балдарыбыз сүйлөп калды. Бирок масса эмес. Экскурсия учурунда айрым бир ийримдер боюнча окуучулар өздөрү демонстрация кылышты. Мектепте техникалык багыттагы ийримдерге өзгөчө басым  жасалат экен. Роботехника, чопо, гончар станоктору менен иштегендери, биздикиндей кийим тиккендери, кол  өнөрчүлүгү, домбра кабинети бар экен. Миң домбра күү чертип, Гиннес китебине  киришиптир. Бизде болсо комуз кабинети бар, 1-класстан баштап сабак катары кирет. Шахмат кабинети, бий кружоктору бизде деле бар. Мени суктандырганы алардын материалдык-техникалык базасы, имараттын салынышы, мен үчүн бул жомок, кыял. Биздин комплексте ушундай шарт, заманбап аппараттар болгондо, алардан  да сонун нерселерди жасамак экенбиз. Бул, буюрса, келечектин иши.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЛИДЕРГЕ КАРЬЕРАЛЫК БАГЫТ БЕРҮҮ

Негизи биздин комплекстеги жасап жаткан багыттарыбыз туура экенине экинчи жолу ынандым. Биринчиси — Анталиядагы эл аралык сынакта дүйнөлүк менмен деген мыкты мектептердин ичинен “Креатив-Таалим” 1-орунду алганда, экинчиси — ушул коңшу мамлекеттин мектептеринин  миссиялары менен таанышууда байкалды. Бизде болгону техникалык ийримдерге материалдык жактан чектелүү болуп жатат.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЛИДЕРГЕ КАРЬЕРАЛЫК БАГЫТ БЕРҮҮ

Бул мектептер эл аралык болгондон кийин стандарттарында өзгөрүүлөрдү байкаса болот, бирок биз ал  стандарттарды тереңирээк караганыбыз жок. Жалпы эле мектептин жүрүшү, уюштурган иш-чаралары кандай өтөөрүн баамдадык.

Бул формумдан кийин эң башкысы – биздин педагогдор үчүн тил үйрөнүү зарылчылыгын актуалдуу экендигин сездик. Канча тил билсең, ошончолук маалыматка ээ болосуң.  Окуучуларыбызды окутууда  да тилге өзгөчө басым жасайлы деп чечтик. Буга чейин англис тилин 3-класстарга эксперимент катары ата-энелердин жардамы менен жеңил үйрөтүүнүн жаңы методикасы боюнча апробация жүргүзүп жатканбыз.    Эксперименттин жыйынтыгын декабрь айынын аягында көрөбүз. Эгерде ушул эксперимент ийгиликтүү ишке ашса, анда биз калган класстарды дагы ошол методика менен окутканга өтөбүз.

Биздин балдар дагы казактардыкындай үч тилде маалымат ала алышса, келечеги кен болот деп ойлойм. Экинчиси, АРТ-студияда бир сумка кийизден жасата турган болсо, кайсы оюуну салуу, кайсы материалдан жасоо, ага канча  материал кетет деп STEM багытында иштеп жаткан мугалимдер акылдашкан соң гана сумканы башташат экен. Ал эми бизде  ар бир мугалим өзү окутуп жаткан предметтин программасы боюнча гана жасатат. STEMди биз бир жылдык долбоор кылып, “Билимдер жомоктор дүйнөсүндө” же интегралдашкан  иш-чараларды өтүп жүрөбүз. Бирок биз анын ичинен дагы ар бир темалар боюнча майдалап бере берсек болчудай. Ар бир жасап жаткан ишибизге чоң масштабдуу иш-чара өткөрүп, анан баарыбыз кийлигишсек болот экен. Бир чындык бар экен — Кыргызстан дагы дүйнөлүк трендден артта калбай келатыптырбыз. Болгону менчик менен мамлекеттик ишканалар тыгыз кызматташса, мындан дагы  алдыга жылабыз деп ойлойм.

Бизде жалпы республика боюнча мугалимдерди август кеңешмесинде гана чогултабыз. Ал официалдуу түрдө өтөт. Биз барган форум жөнөкөй карапайым мектептер менен тажрыйба бөлүшүүчү жакшынакай аянтча экен. Форумдан келе жатып эмдиги жылдары август кеңешмесинен сырткары, Кыргызстандын мугалимдеринин акылдашуу аянтчасын уюштуруп, бир жылда бир-эки жолу тажрыйба алмашып турсак эффективдүү болчудай деп кыялданып келдим.

Биздин мугалимдер дагы чет элдик тажрыйбаларды көбүрөөк угуш үчүн атайын билим берүү тармагында ийгиликтери бар спикерлерди алып келүү ыңгайлуу. Башка өлкөдө жүргөндө патриоттук сезим ойгонуп, Кыргызстаныбызда  да  билим, тарбия берүү жаатында биргелешкен иштерди жасоо менен көптөгөн ийгиликтерге жетсек болооруна көзүбүз жетти.

— Соцтармактарда Сиздерди профессор Дүйшөн Шаматов тосуп жүрдү эле?..

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЛИДЕРГЕ КАРЬЕРАЛЫК БАГЫТ БЕРҮҮ

— Ооба, колуна кичинекей биздин желекти көтөрүп алып, тосуп келиптир. Профессордун Кыргызстандын мугалимдеринин чеберчилигин жогорулатууга карата жасап жаткан аракети башкача суктандырды. Ушундай жан дүйнөсү менен келип, төгүлүп-чачылып, ошол  университетке кыргызстандык бүтүрүүчүлөр  грант аркылуу келип окуса, анын артыкчылыктарын, мугалимдер келип тажрыйба алмашса болоорун маалымдады. Ал кишинин университеттеги аброю бизди сыймыктандырды. Баары  келип “профессор Шаматов” деп кайрылып жатышты. Ал киши ким экенин бизде көбү билишпейт. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей. Университетте кадырлуу экен. Дүйшөн агайдын билимине, пейилине, жөнөкөйлүгүнө суктандык  жана кубандык. Андан соң Астанадагы ЭКСПОго кирип, кыдырып ал жердеги илим менен техниканын жетишкендиктерин айкалыштырып көрсөткөн көргөзмөгө күбө болдук.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер