БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР — КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

  • 15.08.2024
  • 0

Кыргызстандын педагогдорунун август кеңешмесинин алкагында өтүп жаткан билим саммитинин биринчи күнүндө билим берүүдөгү ваучер маселеси, атап айтканда Казакстандын тажрыйбасы талкууланып жатат.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

Казакстандын мектепке чейинки билим берүү департаментинин директорунун орун басары Гүлнара Искакова, “Финансылык борбор” ишканасынын төрагасы Аскар Ибраимов мектепке чейинки билим берүүгө киргизилген ваучердик механизми коңшуларда кандай иштеп жатканын айтып беришти.

Ваучердик системаны киргизүү Кыргызстандын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамында биринчи жолу каралды. Мындай тажрыйба постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Грузияда ишке ашканы белгилүү. Эки жылдан бери аны Казакстан дагы карап ишке ашыра баштады.

“Эки тараптуу тажрыйба алмашуу процесси жүрүп жатат. Каржы министрлиги, Социалдык коргоо министрлиги, Салык кызматы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, финансисттери эки күн толугу менен алардагы жана биздеги сунуштарды карап талкуулап баарлашабыз”,-деген шаршембиде билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

Кыргызстан үчүн ваучердик модель таптакыр жаңы көрүнүш. Ошондуктан азыркы учурда алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп карап жаткан чагы.

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын жеке менчик жана үй-бүлөлүк бала бакчаларга баруу көрсөткүчүн көтөрүү үчүн жалпы эсеби 1000 ваучердик орун чыгарууну пландап жатканын билдирген.

Ваучер деген эмне?

Билим берүү жана илим министрлиги 1-сентябрдан тарта мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун пилоттук ваучердик механизмин киргизет. Ал эки жыл аралыгында иликтенип, жыйынтыгында республикага жайылтылат. Ваучердик механизмди иштеп чыгуучулардын айтымында, бул ыкма балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын жогорулатып, жумуш орундарын көбөйтүүгө шарт түзөт.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишарапов пилоттук апробация учурунда жалпы эсеби 1000 ваучердик орун чыгаруу жана ал ваучерлерди жеке менчик жана үй-бүлөлүк бала бакчаларга баруу үчүн балдарга берүү пландалып жатканын кабарлады.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

 

Ваучер — бул билим алуу үчүн кандайдыр бир суммага чегерилген купон же билет. Ваучердик каржылоону мектепке чейинки билим берүү тармагына киргизүүнүн максаты: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камтуу, калктын аяр катмарына билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Ваучердик механизм аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматын алуучу деп ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук платформасында катталган жана ваучердин ээсинин статусун алган мектепке чейинки курактагы бала эсептелет.

Ваучердик каржылоо киргизилсе, ваучер ээси менчиктин түрүнө карабастан жеке же мамлекеттик билим берүүчү уюмду тандай алат жана окуу акысын төлөөдө ушул билетте көрсөтүлгөн суммадагы окуу акысын төлөй алат.

Бул механизм Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы үчүн жаңы жана буга чейин иш жүзүндө колдонулуп келген эмес. Ошол себептен биринчи пилоттук апробациядан өткөрүү зарыл.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

«Акселелаторлор», оптимизация, трансформер, аймактык реформа 

Учурда мектепке чейинки курактагы бөбөктөрдүн 28,2 % гана бала бакчага барат. Аны жыл аягына чейин 40% жеткирүү максатында салттуу бала бакчалар менен катар эле жеке инвестицияларды тартуунун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуунун эсебинен балдарды өнүктүрүү борборлору, үй-бүлөлүк жана жамааттык бала бакчалар, кыска мөөнөттүү бала бакчалар ишке киргизилүүдө.

Министрлик административдик-аймактык реформанын алкагында бошотулган имараттарды бала бакча катарында колдонуу максатында аймактагы билим берүү бөлүмдөрү менен бирге бала бакчага, мектептерге болгон муктаждыкка анализ жүргүзгөн. Жыйынтыгында 167 айыл аймактагы ар кандай имараттарды бошотууга болору маалым болгон. Учурда үч имарат бала бакча багытында пайдаланууга берилсе, 139 имаратта бала бакча ачууга сунуш түшкөн. Адистердин айтымында ал жерлерде бала бакча ачуу муктаждыгы өтө жогору.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 36 үй тибиндеги бала бакча ачылганы маалым. Азыр бул программаны республикага жайылтуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Мектепке чейинки билим берүүгө эл аралык уюмдар, башка министрликтер да кайдигер караган жок. Алсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  ЮНИСЕФтин колдоосу менен жер-жерлердеги китепканалардын базасында 248 балдарды өнүктүрүү борбору уюштурулду. Мындай жол менен бала бакчаларга бара албаган балдарды мектепке даярдоо, ар түрдүү ийримдерге тартып, балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө мыкты өбөлгө түзүлөт.

 

Бөбөктөрдү бала бакчага тартуунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө бакчалардагы уктоочу бөлмөлөрдү максаттуу пайдалануу сунушу кеңири колдоо табууда. Алсак, республикагы балдар бакчаларда 4909 өз алдынча уктоочу бөлмө бар. Ал бөлмөлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүнө айлантуу менен кошумча 122 миң баланы балдар бакчасына тартууга мүмкүн. Анын ичинен 2024-жылы 2400 бала бакчаны эффективдүү колдонууга өткөрүү пландалууда. Имараттарды эффективдүү колдонуу, тагыраак айтканда уктоочу бөлмөлөрдү өнүктүрүү бөлмөсүнө өзгөртүүнүн мыкты тажрыйбасы Бишкек шаарынын №1 «Шоола» балдар бакчасында, Көк-Жар жаңы конушундагы №25 бала бакчада жана Нарын шаары сыяктуу айрым аймактарда пилоттук негизде жүргүзүлүп, оң натыйжасын берүүдө. Адистердин айтымында мында 60 миң баланы камтуу менен 4800 жумушчу орун түзүүгө болот.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушундагы №25 бала бакча ачылганына жарым жылдын жүзү болду. Заңгыраган заманбап бала бакча 280 орундуу делгени менен уктоочу бөлмөлөргө жылдырма керебеттерди коюп, аны балдар уктаган кезде эки саат гана пайдаланып, калган учурда окуу, оюн-зоок уюштуруу сыяктуу өнүктүрүү чөйрөсүнө айландырса болот. Бала бакчанын директору Айнура Байсабаеванын айтымында, бала бакчада 12 тайпаны эффективдүү пайдалануу, тагыраак айтканда, уктоочу бөлмөлөрдү оптимизациялоонун натыйжасында сентябрдан баштап дагы 12 тайпа ачылып, жалпысынан 510 баланы кабыл ала баштайт.

— Өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун бөбөктөрдү 40% бала бакчага тартуу саясаты ургаалдуу жүрүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Айрыкча, Көк-Жар сыяктуу жаңы конуштарга жакшы көңүл бурулуп, бала бакча, мектептер курулуп жатат. Жаңы конуш дегени менен, алардын курулганына деле 30 жылдан ашпадыбы. Бирок ушул мезгил аралыгында бир да бала бакча жок болгондуктан, ата-энелер бала бакчага жылдап кезек күтүп келген. Бул имараттын аянты бөлмөлөрүн оптималдаштыруу аркылуу дагы 12 тайпа ачууга мүмкүнчүлүк берет. Демек, кезек күткөндөрдүн саны кыйла кыскарат. Балдардын 99 пайызы – жаш үй-бүлөлөр жана жергиликтүү калктын балдары. Айрыкча кыргыз тилдүү экенин уккан ата-энелер балдарын сүйүнүп алып келип жатат, — дейт.

Бала бакчалардын санын эле эмес, сапатын да жогорулатып балдарга сапаттуу билим-тарбия берүүдө заманбап даярдалган кадрлар менен толуктоо да эң маанилүү жана жооптуу милдет.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

Учурда Кыргызстанда жалпысынан алганда 10 миңге жакын тарбиячы бар. Мектепке чейинки билим берүүчү адистер эки жогорку окуу жайда даярдалат. Анын бири Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунун ректору Уланбек Мамбетакунов балдарды эрте өнүктүрүүнүн баланын инсандыгын калыптандыруудагы мааниси өтө чоң экендигин белгилейт.

— Кыргызстандын билим берүү системасы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Билим берүү министрлиги мектепке чейинки, мектептик жана жогорку окуу жайлардын билим берүү системасын комплекстүү түрдө өзгөрткөн “Алтын казык” улуттук программасын сунуштады. Анда бала бакчалар көбүрөөк балдарды камтып, мектептер 12 жылдык окуу моделине өтөт.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

Бул реформанын кадамдарын эске алуу менен, эрте өнүгүүнүн маанилүүлүгүн белгилей кетүү керек, анткени мектепке чейинки мезгил баланын инсандыгынын негиздерин калыптандыруу үчүн өтө маанилүү. Мектепке чейинки сапаттуу билим берүү мындан аркы ийгиликтүү окууга жана өнүгүүгө негиз түзөт. Бул этапка бардыгыбыз өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Ошондуктан Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжди институтка айландыруу мектепке чейинки билим берүүнү реформалоодогу маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Институттун алкагында мектепке чейинки билим берүү программалары иштелип чыгып, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогдорун даярдоонун жаңы технологиялары киргизилет.

Албетте, бала бакчалар менен 40% камтууну камсыз кылуу маанилүү кадам, бирок министрлик жана тиешелүү мекемелер жана түзүмдүк бөлүмдөр 100% сапаттуу мектепке чейинки билим берүү менен камсыз болушуна умтулат. Буга жетишүү үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү каржылоо жана бала бакчаларда жаңы орундарды түзүү жана жаңы бала бакчалардын ачылышы башталат.

Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатынын негизги фактору кесипкөй педагогдор (тарбиячылар) болуп саналат. Билим берүү кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат, кайра даярдоо системасы киргизилет.

Педагогика, психология жана нейрология илиминин акыркы жетишкендиктеринин негизинде мектепке чейинки билим берүүнүн алдыңкы методдорун изилдөөнү жана ишке киргизүүнү камтыган инновациялык ыкмаларды киргизүү маанилүү. Бул мектепке чейинки курактагы балдардын эң натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылат.

Албетте, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо көйгөйлөрдү тез арада аныктоо жана зарыл жакшыртууларды жүргүзүү маанилүү, — дейт.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ВАУЧЕР - КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛКУУДА

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер