МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

  • 13.12.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйында тармактагы негизги маселелерге токтолду.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Билим берүү системасын каржылоо

Билим берүү тармагына 2023-жылы 75,8 млрд сом бөлүнгөн, бул ИДПнын 7% түзөт. 2020-жылга салыштырмалуу каржылоо эки эсеге көбөйдү. Эгерде 2019-жылы билим берүү системасына капиталдык чыгымдар 1,9 миллиард сомду түзсө, 2022-жылы 5,7 миллиард сомду түздү.

2023-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн республиканын мектептерине конторалык жана чарбалык чыгымдарга кошумча 55 миллион сом бөлүнгөн. Жалпысынан 2023-жылы мектептерге учурдагы оңдоого, кеңсе жана чарбалык чыгымдарга 215,6 миллион сом бөлүнгөн.

2024-жылга мектептерди утурумдук оңдоого, кеңсе жана чарбалык чыгымдарга 609,4 млн сом каралган, бул мектепти каржылоонун минималдуу ченемдерине туура келет. Мектептерге кошумча муктаждык жылына 1 миллиард 671 миллион сом өлчөмүндө көрсөтүлгөндө, бул сумма объектилерди коргоону эске алаарын керек (бул минималдуу каржылоо ченемдерине кирбейт).

Окуучулар жана студенттер үчүн чыгымдар

Эгерде 2014-жылы бир мектеп окуучусуна жылына 13,5 миң сом бөлүнсө, 2022-жылы бул сумма жылына 39,5 миң сомду түзгөн.

Бир нече жыл мурун кесиптик лицейдин 1 окуучусуна чыгаша 44,8;  колледждин  1 студентине 43,7 миң сом, жождун 1 студентине 26,3 миң сомду түзсө, азыр кесиптик лицейде 82,3 миң сом, колледжде — 65,5 миң сом, ал эми университетте 38,5 миң сом.

 Эмгек акы

Билим берүү тармагында орточо айлык акы 2018-жылдан бери айына 11 миң сомдон 2023-жылы 24,4 миң сомго чейин өстү. Алсак, бул убакытта мугалимдердин эмгек акысы 10,7 миң сомдон 26,8 миң сомго чейин өскөн.

Жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын айлык акысы айына 16,6 миң сомдон 32 миң сомго чейин жогорулады.

 Мектепке чейинки билим берүү

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2022-2023-окуу жылында бала бакчалардын жалпы саны 122 объектке көбөйүп, 1834 түзсө, анын ичинен 1583 мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелери, 251 жеке менчик. Балдарды типтүү бала бакчаларга камтуу 220 012 баланы түздү (же мектепке чейинки балдардын санынан 26,4% түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5% көп).

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатында быйыл биринчи жолу “Өкмөттүк акселераторлор” Программасы ишке ашырылып, анын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө 1400 ашык арыз түшкөн. Жыйынтыгында 800 адам окуудан өтүп, 570 сертификат алышкан. Бишкек шаарында 262 жеке ишкер катталып, 36 үй тибиндеги бала бакчалар ачылып, 900 бала камтылган. Үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салык төлөөдөн бошотулган. Ошондой эле бала бакчаларды ачууда мындан ары лицензия талап кылынбайт, ал кабарлоо системасына өтөт.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Отчетто белгиленгендей, быйыл Япония элчилигинин колдоосу менен 550 бала бакчанын директору мектепке чейинки билим берүүгө жана СанПИН стандарттарына тиешелүү ченемдик укуктук актыларга окуудан өткөн.

 Жакынкы иш-аракеттер

— Нобель сыйлыгынын лауреаты Жеймс Хекмандын изилдөөсүнө ылайык, бала бакчага барган баланын мектептеги жөндөмү эки эсе жакшыраак — ал университетти бүтүрүү мүмкүнчүлүгү 40% бар, мыйзамды сыйлаганы 88% түзөт, кайра даярдоодо 5% үнөмдөөсү бар. Балдарды эрте өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар үчүн 13 доллар экономикага кайтарылат. Жакынкы бир жарым жылда Дүйнөлүк банктын каражатына 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө,  ал бала бакчаларга 40 миңден ашуун бала ала турган болсо, 5 миңден ашуун тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болот. 2023-2025-жылдар аралыгында Дүйнөлүк банктын каражатына, аймактарда түзүлгөн 290 кыска мөөнөттүү бала бакчада (560 ичинен) оңдоо иштери башталды, — деди министр. — Китепканаларга караштуу кыска мөөнөттүү бала бакчалардын жана эрте өнүктүрүү борборлорунун санын көбөйтүү, мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун өсүшү жылына минимум 5% түзүшү керек. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы уктоочу жайларды окуу жана оюн аянтчаларына айландыруу форматы иштелип чыкты. Бир сменалык мектептерде 73,5 миң баланы камтыган мектепке чейинки топтор ачылат. Бала бакчаларды ченемдик каржылоого өтүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты, ошондой эле билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук режимде 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү мыйзам менен бекитилди.

Бала бакча көп жерде жетишпейт 

Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча контрчаралар демографиялык өсүшкө жооп катары дагы деле маанилүү.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Учурда мектепке чейинки курактагы балдардын саны 1 110 343 бала. Анын ичинен 220 012 бала балдар бакчасына барып жатат. Ал эми 768 796 бала балдар бакчасына  тартылбаган. Бул балдарды бала бакча менен толук камсыздоо үчүн 280 орундуу 2746  балдар бакчасын куруу зарыл экенин министр баса белгиледи.

 Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын каржылоо боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен: республикалык бюджеттен Баткен облусунун бала бакчалары жана айрым адистештирилген балдар бакчалары каржыланат. Аларда (10 сааттык режимде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бакчаларда) республикалык бюджеттен  13 сомдон 18 сомго чейин, ал эми ата-энелердин эсебинен 43-75 сомго чейин каржыланып жатат; жергиликтүү бюджеттен каржыланган бала бакчаларда (10 сааттык режимде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн) район/шаарларда 4,5 сомдон баштап 30 сомго чейин, ал эми ата-энелер 25 сомдон 100 сомго чейин каржылайт; Бишкек шаарында 60 сом жергиликтүү бюджеттен, 60 сом ата-энелердин эсебинен каржыланат. Бишкек шаарынын №162 жана №47 балдар бакчаларында 2016-жылы 100% тамак ашын ата-энелердин каржылоосу менен пилот жүргүзүлүп, ушул убакытка чейин иштеп келе жатат. Ал эми Кара-Кулжа, Ысык-Ата,   Панфилов, Москва, Сокулук райондору жана Токмок шаары  48-100 сом өлчөмүндө 100% ата-энелердин эсебинен каржыланып жатат.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Учурда мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн анализдер жүргүзүлүүдө. Балдардын тамак-аш менен камсыздоо чыгымдары күнүнө 3 жашка чейинки балдарга – 85 сом, 3 жаштан жогоркуларга – күнүнө 95 сом туура келээри болжолдонууда.  Балдардын тамак ашка 100% төлөмү ишке ашса орто эсеп менен баланын балдар бакчасына барган күндөрүнө жараша айына 1600 сомдон 2000 сомго чейин каржылоо жүргүзүлөт.

Мектепте билим берүү

Республика боюнча бардыгы болуп 2350 жалпы билим берүү уюмдары бар (бул өткөн жылга салыштырмалуу 17 жаңы мектепке көп), алардын ичинен: мамлекеттик – 2164, жеке – 186 мектеп. Мектептер 1 млн. 447 миң окуучуну 1-класстан 11-класска чейин камтыйт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 миң балага көп экен.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

2023-жылдын ичинде 100 миңден ашуун педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатылган (бардык деңгээлдеги окуу жайлары боюнча). Мисалы, Дүйнөлүк банктын эсебинен 27 миң педагог квалификациясын жогорулатса, республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 26 миң педагог квалификациясын жогорулатышкан.

Догдуркүл Кендирбаева билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду. Маалыматка таянсак, 2225 мектеп директору Кыргызстанда жана 116 директор Татарстанда квалификациясын жогорулатышты (эффективдүү башкаруу, STEM, PISA боюнча). Министрлер Кабинетинин мектеп директорлорунун жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарларынын эмгек акысын 50%  жогорулатуу жөнүндө чечими кабыл алынган. Ошондой эле министр айым 2022-2023-жылдары конкурстук негизде 1084 мектеп директору дайындалганын, дагы 333 бош орун бар экенин белгиледи.

Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

— “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамдын 17-беренесин аткаруу алкагында Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү башкармалыгын түзүү. Бул өтө начар жыйынтыктарды көрсөткөн мектептеги билим берүүнүн сапатына карата айтылган сынга жооп. Окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук баалоо (НООДУнун) 2021-жылдагы жыйынтыгы көрсөткөндөй, 4-класстын окуучуларынын окуу жана түшүнүү тапшырмаларын 50,8%, мекен таануу боюнча 60,9%, математика боюнча 38,8% гана аткарышкан. Министрлик окуу предметтери боюнча электрондук контролдук иштерди жана тилдер боюнча электрондук контролдук диктанттарды киргизүүнү пландаштырууда, — дейт Догдуркүл Кендирбаева.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Ошондой эле баалоонун жаңы формаларын киргизүү, мугалимдерди аттестациялоо жана көз карандысыз сертификациялоо, башкача айтканда мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун санариптик баалоо менен алектенет. Бул ошондой эле билим берүүдө Улуттук кадрлар резервин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул билимдин системалуу түрдө кесилиши, ошондой эле балдардын окуу китептерин түшүнүп-түшүнбөгөнүн, мугалимдерге кандай квалификацияны жогорулатуу курстары керек экендигин жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун сапаты кандай экенин аныктоого мүмкүндүк берет.

Мугалимдердин жетишсиздигинин чыныгы абалын ар бир адам көрүшү үчүн “Мугалим-Вакант” аянтчасын да түзүлмөк болду. Ал эми мугалимдик кесипке кайтып келүүнү же окуу жайын алмаштырууну каалагандар бош орундардын агымын ээн-эркин көрө алышат. Ошондой эле мектептерде сабак бере ала турган жогорку курстун студенттерине толук кандуу эмгек акы төлөө маселесин чечүү пландары бар.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Мугалимдерди аттестациялоонун жаңы санариптик модели киргизилип жатат (адам факторунун катышуусуз). Бул жумуштан үзгүлтүксүз санариптик баалоо болот, бул деген финансылык мотивация мугалимдин өзүн-өзү окутуу жоопкерчилигин калыптандырат.

”Жазалоо иретинде эмес, өнүктүрүү максатына ушундай иштерди жүргүзөбүз”,-деди министр.

Ошондой эле мугалимдерге жардам берүү үчүн Инновациялык педагогикалык технологиялар борбору түзүлмөкчү.

Окуу китептери

2019-2023-жылдар аралыгында жалпы суммасы 352 миллион сомго 1 миллион 911 миң даана окуу китептери басылып чыккан. Бүгүнкү күндө мектептерде 1 миллиард 128 миллион сомдук 4,5 миллион нуска окуу китептери жетишсиз.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

2023-жылы окуу-методикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен 5 миллион сому мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайл арибинде окуу китептерин басып чыгарууга багытталган.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

— Мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу жана алардын сапаты боюнча ата-энелер коомчулугу тарабынан катуу терс реакция болуп жатканын көрүп жатабыз. Көйгөйгө жооп катары азыр окуу китептеринин мазмунуна, экспертизасына жана прокатка өзүнчө жооптуу болгон бытыранды структураларды бириктире турган «Окуу Китеби» басмаканасын түзүү сунушталууда. Басмакана окуу китептеринин жаңы стандарттарын иштеп чыгат. Бул авторлор менен түздөн-түз иштөөгө, сапаттуу окуу китептерин түзүүнү институтташтырууга, майда-чүйдө иштерди жоюуга, окуу китептерин иштеп чыгууда үзгүлтүксүздүктү камсыздоого жана «Учкун» басмаканасынан чыга турган китептерди системалуу басып чыгарууну жандандырууга мүмкүндүк берет, — деди министр.

«Учкун» ачык акционердик коому 700 миңден ашуун окуу китебин чыгарууну пландап жатат. Эң белгилүү эл аралык окуу китептерин кыргыз тилине которуу менен алардын адаптациялоосу жүргүзүлөт. Ошондой эле окуу китептерин басып чыгаруунун эң мыкты эл аралык тажрыйбасы (Улуу Британия, Эстония, Россия  ж.б.) пайдаланылат.

Инфраструктура

3 жылдын ичинде 214 мектеп жаңы салынды. Быйыл Кыргызстан боюнча 204 авариялык мектептин 100 ишке берилет — 100 мектепке 7 млрд сом сарпталды.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

2021-жылдан бери бала бакчаларды жана мектептерди капиталдык оңдоого жана курууга дээрлик 12 миллиард сом бөлүнгөн.

Быйылкы жылдын 11-декабрына карата 78 мектеп жана 8 бала бакча пайдаланууга берилди. Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен 9 кыргыз-орус мектебин (долбоордук кубаттуулугу 1224 окуучу орунга чейин) түзүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.  Биринчи этапта Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашкан жер тилкелеринде бассейни бар мектептердин курулушу башталды. Биринчи мектептер 2025-жылы окуучуларга эшигин ачышы керек. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин катышуусунда сентябрь айында бул мектептердин курулушунун башталышына капсула салынды. Азыр курулуш боюнча техникалык тапшырмаларды  макулдашуу  процедурасы жүрүп жатат.

Кыргызстандын мектептери үчүн чоң көйгөй – табигый илимдер боюнча предметтик класстардын жана лабораториялардын жетишсиздиги. Бул АӨБнын 40 миллион АКШ долларын түзгөн долбоору аркылуу чечиле турган маселе болчу.

Долбоор, мектеп лабораторияларын STEM предметтери боюнча жабдууга, санариптик билим берүү платформасын өнүктүрүүгө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталыш керек болчу. Мисалы, Дүйнөлүк банктын каражаты менен аймактарда 560 бала бакча курууга 18 миллион доллар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга 4,5 миллион доллар, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин өз алдынча баалоого 3,5 миллион доллар бөлүп жатабыз.

 Эл аралык олимпиада

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектеп окуучулары үчүн республикалык, улуттук олимпиадалар өткөрүлөт. Республикалык олимпиада 12 предметтен, ал эми улуттук олимпиада 5 предметтен жүргүзүлөт.  Бул олимпиадалардын жыйынтыгынын негизинде мектеп окуучулары эл аралык олимпиадаларга катыша алат.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

 

Окуучуларыбыз математика, информатика, физика, химия, биология предметтеринен ар түрдүү эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келишти. Атап айтсак, информатика предмети боюнча эл аралык олимпиадаларда биздин окуучулар  2021-жылы  2 алтын медаль, 2 күмүш медаль, 17 коло медалдарга ээ болушту. Ал эми 2022-жылы 4 алтын медаль, 12  коло медалдарга, 2023-жылы 3 алтын медаль, 6 күмүш медаль, 11 коло медалдарга ээ болушту.

 Санариптештирүү

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимге ылайык, өлкөдөгү 2350 мектептин ичинен 2145 мектеп же 91,2% Интернетке туташтырылган (1855 мектеп  мамлекеттик/муниципалдык, 104 мектеп Бишкек шаарындагы мамлекеттик/муниципалдык жана 186 мектеп жеке менчик).

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 2023: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

— Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлдү. Мектептер 25000 компьютер, эмеректерди, сканерлерди, принтерлерди, көчүрмөлөрдү жана мультимедиалык класстарды алышты. Бул бардык негизги предметтерди окутууда математикага жана илимий жана табигый циклдин предметтерине өзгөчө көңүл буруу менен электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет. Санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында мектептерге жана кесиптик лицейлерге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2000 ноутбук алынды. Ошондой эле мугалимдер үчүн адистештирилген ноутбуктарды алууну пландап жатабыз (алдын ала сатып алуу баасы 1 млрд 40 млн сом). Министрликтин алдында “Санариптик билим берүү борбору” Мамлекеттик мекемеси түзүлдү, — деди министр.

Бул борборду түзүүнүн негизги максаты – окуунун натыйжалуулугун жогорулатуучу жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү санариптик инструменттерди жана платформаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле учурдагы маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана техникалык колдоо.

Министрликтин планында — эң алдыңкы санариптик педагогикалык технологияларды тездетип киргизүү, ата мекендик контентти иштеп чыгууну көздөп жатат. Ошондой эле маанилүү — конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн студенттик стартаптарды иштеп чыгуу. Мисалы, кыргыз тилиндеги мобилдик өнүктүрүүчү окуу колдонмолору.

 Санариптик экосистема

Азыркы учурда санариптик билим берүүнүн экосистемасынын архитектурасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Система бала бакчадан баштап колледжди, университетти аяктаганга жана жумушка орношконго чейинки адамдын толук жолун көзөмөлдөөгө жардам бериши керек.

Бул үчүн билим берүүнү санариптештирүүнүн базасы 3 негизги электрондук реестрди түзүү болушу керек: 1) бардык бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин, колледждердин жана жождордун окуучуларынын Бирдиктүү реестри, 2) мугалимдердин жана окутуучулардын Реестри, 3) бардык билим берүү уюмдарынын Реестри.

Бул реестрлерде маалыматтарды чогултуу: биринчиден, «Электрондук күндөлүк», «Мектепке электрондук кабыл алуу», «Кадрлардын резерв системасы» ж.б. сыяктуу тиркемелер жана системалар аркылуу ишке ашырылат. Экинчиден, буга чейин балдар жана мугалимдер тууралуу көптөгөн маалыматтарды чогулткан башка министрликтердин жана ведомстволордун маалымат базалары менен интеграциялоо аркылуу.

Билим берүүнү башкаруу процесстерин санариптештирүү мугалимдер азыр даярдап жаткан отчеттордун санын азайтат, коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат жана мониторинг иш-чараларына кеткен чыгымдарды азайтат.

 Инклюзивдик билим берүү 

Жекече окутуу пландары жана адаптациялык программалар боюнча окуган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар — 3,5% түзөт. Коррекциялык класстар жана жекече формада окутуу — 3 миңге жакын бала камтылган.

Жыл сайын жалпы билим берүү уюмдарында окуган ДМЧ балдардын саны көбөйүүдө (2023-2024 окуу жылында — 6605); Жождордун алдында 6 Инклюзивдик билим берүү лабораториясы ачылды. 20 пилоттук мектепте коштоо кызматы (54 бала камтылган) бар.

Кыргыз Республикасында 2023-2026-жылдарга эрте кийлигишүүнү өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө үч тараптуу буйрукка кол коюлду.

2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын июнуна чейин 56 жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, директорлору жана социалдык педагогдору үчүн ДМЧ балдарды окутуу маселелери боюнча бирдиктүү окутуу курсу өткөрүлдү. 2023-жылдын июнь-август айлары мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер үчүн окутуу курсу өткөрүлдү.

Мугалим-логопед, атайын педагог (олиго, сурдо), атайын психолог үчүн кесиптик стандарттын долбоору иштелип чыкты (Арабаев атындагы КМУнун ОМБ тарабынан бекитилген).

Жождорго кабыл алуу квотасы: 2021-жылга чейин – жыл сайын 100 орун бөлүнгөн, 2023 жылы — 308  орун  бөлүндү.

Коррупцияга каршы чаралар

Билим берүү тармагындагы 2023-жылга карата коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында коррупцияга шектелип 6 директор, 8 мектеп кызматкери, ошондой эле билим берүү бөлүмдөрүнүн (шаар, райондук) 3 кызматкери кармалды.

2018-жылдан баштап бала бакчаларда “Электрондук кезек” системасы, 2019-жылдан баштап мектептерде “Биринчи класска электрондук каттоо” системасы иштеп жатат.

2023-жылдын башынан бери министрлик тарабынан кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча 18 комиссия түзүлдү. Комиссиялардын ишинин жыйынтыгы боюнча: 6 директор ээлеген кызматынан бошотулду; кесиптик лицейлердин 32 кызматкери иштен бошотулду; кесиптик лицейлердин 8 директору жана 49 кызматкери сөгүш түрүндөгү тартиптик жазаларын алышты.

Кесиптик башталгыч билим берүү системасына билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы киргизилгенден кийин штат 348 бирдикке – 3568 кызматкерден 3220га кыскарган. Булар биринчи кезекте аныкталган “өлүү жандар”.

2020-2021-жылдары кесиптик лицейлерге, колледждерге жана жождорго кабыл алуу “Абитуриент онлайн” платформасы аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылынан тарта 92 кесиптик лицейде сынактар онлайн режиминде өттү.

2002-жылдан бери ЖРТ объективдүү, ачык-айкын тестирлөө жүргүзүүгө багытталган билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы ири долбоорлордун бири болуп саналат. “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, колледждерге кабыл алуу да ЖРТнын негизинде жүргүзүлөт.

2017-жылдан тарта жождордо мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация видеокамерага жазылып, архивде сакталат.

2020-жылдан тарта жождордо “Бирдиктүү терезе” системасы иштей баштады. Бул система коррупциялык тобокелдиктерди, убакытты текке кетирүүнү, кезек күтүүнү азайтуу жана студенттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилген.

Ошондой эле билим берүү системасында «Санариптик контрактчы», Билим берүүнү башкаруунун маалымат системасы (ББМС=ИСУО), «Билим берүү уюмдарынын электрондук лицензиясы жана аккредитациясы», «Чет өлкөдөгү студент», «Китеп» электрондук китепкан сыяктуу маалыматтык системалар бар.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер