БЕЙБАШ БАЛДАРДЫ АДАМ КЫЛГАН ЗАЛКАР ПЕДАГОГ

  • 12.04.2024
  • 0

  

БЕЙБАШ БАЛДАРДЫ АДАМ КЫЛГАН ЗАЛКАР ПЕДАГОГАйтылуу Талас жергесинин көкүрөгүнөн орун алган Көпүрө-Базарда не деген гана акындар, залкарлар жашап өтпөдү дейсиң. Кезинде бул аймактан Турду аке аттуу атпай журтка акылы менен таанылган асыл адам чыккан. Ошол кадырлуу Аке атка конгон Турдунун түз небереси, белгилүү педагог, КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Баймырза НУРМАНБЕТОВ элибиздин агартуу тармагына зор эмгек сиңирген, ысымы аңызга айланган залкар инсан эле.

Совет убагында 21 жашында мектеп директору болгон Баймырза Нурманбетовдун ысымын учурунда туулган айылы эле эмес жалпы педагогикалык журт сыймык менен атаганы, агайдын педагогикалык ишмердиктин, мугалимдик өнөрдүн бийиктигине эртелеп жеткенинен кабарлап турат. Кийин агай кыска мезгилде Кыргызстан эле эмес, бүткүл союзга белгилүү мугалим болуп чыга келген.

 Баймырза агайдын баскан жолуна кылчайсак, ал алгачкы билимди Талас районунун №113-жылкы завод совхозундагы (азыркы Талды-Булак айылы) жети жылдык мектебинен алыптыр. Ортодо Улуу Ата Мекендик согуш башталып, эр азаматтар кандуу согушка аттанып,  тылдагы түйшүк кары-картаңдар, аялдар менен жаш балдардын мойнунда калат. Мектеп окуучулары окууну иш менен айкалыштырып, өзү курактууларындай эле 1943-1945-жылдарда 13 жаштагы Баймырза №3 фермадагы дүкөндө талон менен азык-түлүк таратуучу, административдик конторада кароолчу, сүт-товар фермасында учетчик болуп иштейт. Ошентип, согуш аяктагандан кийин 1946-жылы Фрунзедеги №5-кыргыз орто мектебине келип, билим алуусун улантат. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетине кирип, аны аяктаган соң, 1951-жылы Эл агартуу министринин жолдомосу менен бийик тоолуу, кышында   кар калың жааган алыскы Чаткалга жөнөтүлүп, Айгыр-Жал орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, бир жылдан кийин мектептин директору болуп иштейт. Агай “Педагогикалык эскерүүлөр” аттуу китебинде мектеп директору кандай сапаттарга ээ болушу керектиги айта келип, Чаткалда иштеген жылдары тууралуу мындай дейт: “…Чеги, ченеми жок директордун иштери менен милдеттерин алгач оңой-олтоң эле билип албайт экенсиң. Бул үчүн абдан кыйналдым. Декабристтер сүргүндө жүргөн сымал азап тарттым. Анткени, окууну бүтөр замат мурда бир күн иштеп тажрыйбам жок завуч, андан көп өтпөй 21-22 жашымда орто мектептин директору болуп, бул жоопкерчилик иш, мени көп ойлонтуп, акыл-ойго келтирип,   жаштыкка алданып кетпей, жаман жорук, жаман жолго баспай, адамдык сапатты сактап, түз жүрүп, түз иштеп, жетекчи тарбиячы болуудан мурда өзүңдү тарбияла, акылың болсо жетекчиликти элден үйрөн деген нуска сөздөр жүрөгүмдө ар дайым сакталып, аны аткарууга дилгир мамиле, ыйык аракет жасап, көк жалданып ишти иштей бердим. Мектептин жетекчиси гана эмес, өз башымдан өткөрүп, мугалим да болуп иштөөгө туура келди. Мында өзүмдүн мугалимдик ишимди башка алдыңкы мугалимдердин иши менен салыштырып, али менде бул маселеде кемчиликтердин бар экенин, билгенге караганда биле электерим көп экенин сезип билдим жана алардан үйрөндүм,-” деп эскерет. Агайдын бул китеби бир эле мугалимдин баскан жолу эмес, жалпы эле педагогиканын бир кездеги абалын, тарыхын чагылдырып турат дээр элек.

Ошентип, мектеп директору катары бышып-жетилип калганда, Токтогул районундагы Куйбышев атындагы орто мектепте директор болуп которулуп, 1954-1956-жылдарда ушул мектепте үзүрлүү эмгектенет. Кызыл-Туу айылында жайгашып, Чычкан, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу, Кара-Суу айылдарынын балдары келип окуган орто мектеп колхоздун эсебинен жаңыдан тургузулуп, көп жерлери али бүтө элек, үстү жарым-жартылай бүтүп, класстык бөлмөлөрүнүн полу али салына элек, окуучулардын жарымы жаңы мектептин бүткөн класстарында окушса, жарымы эски мектеп окушкан болот. Баймырза агай жаштык жигер менен иштеп, бүтө элек мектепти бүткөрүп, физика, математика, химия, биология, кыргыз тили, орус тили кабинеттерин ачып, кол эмгегинин устаканасын уюштурат. Жетекчи катары такшалганы дароо көзгө урунуп, сөзгө алынат. Анан Чаткал району менен Ала-Бука району кошулганда, Баймырза агай Ала-Бука райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, аерде 1956-1958-жылдарда иштеген. Жаш кезинен жетекчи кызматта иштеген педагогдун ташы улам өргө кулап, 1958-1961-жылдары Кыргыз ССР Эл агартуу министрлигинде мектептер башкармасы бөлүмүндө ага инспектор, бөлүм башчысынын орун басары кызматын аркалайт. Өз ишинин устаты катары таанылган жаш адис Талас райондук партиялык комитеттин суроосу жана өтүнүчү менен Талас районундагы Чалдовар мектеп-интернатына жиберилип, анда 1961-1965-жылдары директор болуп кызмат аткарат. Агай педагогикалык өмүрүнүн бул мезгилин: “Ар бир мектептин, мектеп-интернаттын өзүнчө өзгөчөлүктөрү, айырмаланган жактары көп болот. Мектеп-интернатты жалпы билим берүүчү мектептер менен салыштырууга болбойт. Андан тарбиялангандар сутканын 24 саатында дайыма көз алдыңда болот. Бир эле учурда, педагогдун, ата-эненин түйшүгүн тартууга, билим берүүгө да, тарбия берүүгө да туура келет. Негизинен мектеп-интернатта тарбиялануучу балдар А.С.Макаренко тарбиялаган чектен чыккан бейбаш балдар эмес, алардын теңинен көбүнүн ата-энеси барлар, бирок араларында кароосуз калган жетим-жесирлердин, мектептен, үйдөн качкан, ата-энесине баш ийбеген балдар да жок эмес” -деп эскерет. Бул эскерүүлөр анын мектеп турмушун мыкты билген адам болгонун билдирет. Бекеринен ага эки жылда алты мектеп директору алмашкан Москва районундагы Беловодский өзгөчөлөнгөн колония тибиндеги мектеп-интернаттын директорлук иши ишенип тапшырылбаса керек. Ал Кыргызстан Компартиясынын жана Эл агартуусунун министрлигинин жетекчилигинин өтүнүчү боюнча республикадагы бирден бир чектен чыккан, ээнбаш, тартипсиз жаш өспүрүмдөр мектебине жөнөтүлөт. Анын бул мектеп-интернатка директор болушу үчүн Кыргыз КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев өзү кийлигишип, республикадагы эң мыкты беш директордун ичинен тандалып алынат. Тагыраагы, калгандары Беловодский өзгөчөлөнгөн колония тибиндеги мектеп-интернаттын директорлук кызматынан баш тартышып, бир гана Баймырза Нурманбетов макулдугун берет. Директорду Эл агартуу министри А.Каниметов өзү  жатак мектепке алып барып тааныштырат.  Бул бейбаш балдар тарбияланган, укук бузган балдардын колониясы  болгон. Бирок, жымсалданып, Ак-Суудагы балдардын атайын өзгөчө мектеп-интернаты деп  аталган. Анда  чындап эле балдардын бейбаштыгында чек жок экенин агай китебинде көп эскерет. Жаңы директорду тааныштыруу  чогулушунда 5-6 бала кыйкырып, ызы-чуу салып, арасынан узун бойлуу бирөө чыгып: “Жаңы директор биз менен көпкө иштейби, же мурдагы директорлорго окшоп качып, же бошоп кетип калабы”, -деп завучка суроо беришет. Ошондо агай: -Балдар, мен бул жакка силер менен көпкө иштешкени келдим. Буюрса, жатакана да, жатаканадагы абал да, жууркан-төшөк, кийим-кече, тамак-аш да, силерге жасаган мамиле да оңолот. Мугалимдер, тарбиячылар силерге ата-энедей, бир тууганындай мамиле жасай башташат, эгер кимде-ким силерге орой мамиле жасаса, анда дароо жумушунан кетет, — деп  жооп берип, кийин ошол сөзүнө бекем турганын жогоруда аталган китебинде ачык жазат.  Баймырза агай китебинде келтиргендей, эки жылда алты мектеп директору алмашкан мектеп-интернат эки жыл ичинде республикадагы үлгүлүү мектепке айланат. Баймырза Нурманбетовдун педагогикалык таланты бүткүл союздук республикаларга дүң болуп, анын мектеп-интернаттагы ишмердиги тууралуу очерктер, китептер жазылып баштайт. Бул анын мугалимдик зор жеңиши эле.

Акыйкатта, Баймырза Нурманбетов иштеген мектеп-интернаттардын баары үлгүлүү билим берүү мекемесине айланган. Ал 1967-1972-жылдарда иштеп турганда, Бишкек шаарындагы №1-мектеп-интернат борбор шаардагы эң алдыңкы мектеп статусун алат. Анын уюштуруучулук жөндөмү, эмгеги эске алынып, шаардагы эң чоң райондордун бири болгон Ленин районуна эл агартуу бөлүмүнүн башчылык кызматына жөнөтүлгөн.

Баймырза агай бул жерде 1972-1974-жылдары иштеп, ошол эле учурда кандидаттык диссертациясын жактайт. 1974-1979-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) доцент, кафедра башчысы, гуманитардык кафедралардын партиялык уюмунун жетекчиси болуп иштейт. 1979-жылдан кайрадан Билим берүү министрлигинде коомдук илимдерди окутуу боюнча бөлүм башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген. 1990-жылы пенсияга чыккан соң, доцент жана профессордун милдетин аткаруучу болуп, Айыл чарба академиясында, И.Арабаев атындагы университетте, ага караштуу мугалимдер институтунда, Кыргыз техникалык университетинде 2007-жылга чейин, жалпысынан билим берүү тармагында 64 жыл тынымсыз эмгектенип, 78 курагында ардактуу эс алууга чыккан.

Б. Нурманбетовдун  педагогикалык бай тажрыйбалары туурасында кезинде очерктерден баштап, көлөмдүү китептер да жазылган. Журналист Азамат Иманалиев “Мээримдүү адамдар” (“Мектеп” басмасы, 1970-жыл.), белгилүү жазуучу Калканбай Ашымбаев “Болоттун куймасы” (“Мектеп” басмасы, 1975-жыл) китептеринде Баймырза Нурманбетовдун мугалимдик өмүр жолунун урунттуу учурларына кайрылып, чыныгы педагог катары жүзүн ачып беришкен.

Агай мамлекеттен көптөгөн сыйлыктарды алды. Эмгеги бааланды. Бирок, көкүрөгүндө бир арман кошо кетти деп ойлойм. Ошол токсонунчу жылдары Баймырза Нурманбетовду КР Эл баатырлыгына да сунуш кылган мезгилдер болуптур. Тилекке каршы, ар кандай себептер менен берилбей калган экен.     -Менин эмгегимди баалап, жыл сайын сыйлык артынан сыйлык берип келишкен. Окуучуларымдан, ата-энелерден, коомчулуктан  ыраазычылык көп уктум.  “Агай” деген элдин ошол   бийик аты мага бардык сыйлыктардан бийик, -деп айтып калаар эле.  Агай деген да, адам деген да улуу атка татыган Баймырза Нурманбетов токсондон аша жашап, бактылуу карылыкты көрдү. Артында өзү өстүргөн жакшы тарбия көргөн, билимдүү балдары, кыздары калды. Бир кезде агартуу журту агайды Кыргыздын Макаренкосу деп атаган экен. Акыйкатта, агайдын педагогикадагы өмүрү  ал атка татыктуу экендигинде шек жок. Эл эмгектен эскерет, -дегендей Баймырза агайдын баскан жолу сыймык менен гана эскерилип, унутулбай, башкаларга үлгү боло берсин дейли.

Майрамбек ТОКТОРОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер