БЕШ ЖЫЛДА БАЛА БАКЧА, МЕКТЕП МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ

  • 09.09.2022
  • 0

Бишкекте 1-ноябрга чейин жаңы 15 мектеп, бир бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча 2022-окуу жылында 25 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет.

Жаңы окуу жылында Алтын-Ордо жаңы конушунда кубаттуулугу 480 окуучу орундук, жалпы аянты 3 521м2 үч кабаттуу мектептин имараты пайдаланууга берилди. Ал эми Бишкектеги №10 мектептин авариялык абалдагы эки корпусу толугу менен реконстукциялоодон өткөрүлдү. Министрликтин маалыматына ылайык учурда өлкө боюнча мектептердин жетишсиздигинен балдар үч нөөмөттө окуп жаткан 136 мектеп жана авариялык абалдагы 245 мектеп бар.

БЕШ ЖЫЛДА БАЛА БАКЧА, МЕКТЕП МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ

Билим берүү жана илим министри учурда өлкө боюнча 220 мектептин курулуш иштери жүрүп жатканын, азырынча 58 мектептин каржылоо маселеси чечиле электигин билдирди. Маалыматка ылайык, калган мектептер мамлекеттин жана министрлик менен иштешкен донорлордун эсебинен салынып жатат. Россиянын жардамы менен дагы тогуз мектеп салынып, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан курулуп жаткан 27 мектептин сегизи 2022-жылдын аягына чейин ишке берилмекчи.

БЕШ ЖЫЛДА БАЛА БАКЧА, МЕКТЕП МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ

“Беш жылга чейин Кыргызстанда мектеп, бала бакча көйгөйүн чечебиз деген амбициялуу план менен иштеп жатабыз” деген билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргызстанда жыл сайын бала көп төрөлүп, мектептер жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

— «БУУнун изилдөөсү боюнча, 2028-жылы Кыргызстанда калктын эң көп өсүшү күтүлөт. Буга байланыштуу жылына 24 мектеп салышыбыз керек. Маселе президенттин тапшырмасы менен чечилип жатат. Бирок Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда дагы эле мектеп маселеси курч бойдон калууда. Аны чечүү үчүн өкмөт активдүү иш алып барып, Дүйнөлүк банк, өнүктүрүү банктары менен иштешүүнү улантууда», — деди Алмазбек Бейшеналиев ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда.

Мектептердин курулушун ишке ашырып жаткан Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда жети объекттин курулушу боюнча иштер активдүү уланууда.

Алсак, Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектептин курулуш иштери 98% аяктап калды. Үч кабаттуу имараттын  кубаттуулугу 660 окуучу орундук, жалпы аянты 8666,94 м2 түзөт. Мектептин өзүн куруу менен катар эле анын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, окуучулардын коопсуздугун камсыздоочу тосмолорду, жолдорду жана тротуарларды орнотуу жана ошондой эле балдар үчүн дене тарбия, воркаут аянтчаларын куруу каралган. Курулуш иштерин “Ясин-Курулуш” ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

БЕШ ЖЫЛДА БАЛА БАКЧА, МЕКТЕП МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ

Ал эми Ак-Бата конушундагы №43 мектепке кошумча окуу корпусун куруу иштери дээрлик 100% аяктады десек болот. Мектептин кошумча корпусунда китепкана, мугалимдер каанасы, чайканма бөлмөлөрү бар спорт зал  курулган. Курулуш иштерин “СапатПром” ЖЧК подряддык уюму аткарды.

 

Жаңы конуштардын дагы бири Рухий-Мурас конушунда кубаттуулугу жалпы аянты 5 519,0 м2 түзгөн 700 окуучу орундук мектептин үч кабаттуу имараты курулуп жатат. Курулушту “Рамзан” ЖЧК подряддык уюму ишке ашырууда.

Эгемендикке ээ болгондон бери мектеп курулушуна мынчалык олуттуу көңүл бурула электигин айткан “Көлмө” жаңы конушунун тургуну, үч баланын энеси Жылдыз айым, ата-энеси ушул кезге чейин ар жылы бала бакча, мектеп көйгөйү менен алпурушуп келгенин белгиледи.

— Менин ата-энем союз ыдырап, борбор калаанын тегерек четтериндеги ээн талаага казык кагып үй салган алгачкы жаңы конушчулардан болот. Мына, менин жашым 30дан ашты, адегенде бир туугандарымды бала бакчага, андан кийин мектепке киргизүү кандай кыйынчылыктар менен коштолуп келген болсо, мен турмуш куруп, өзүм бала-чакалуу болгондон кийин деле ошондой оорчулуктар уланып келет. Өзүмдүн башымдан өттү го, ысык-суукта жол тосуп үшүп-шишип, түрткүнчүк болуп, айдоочулардын тилин далай уктук. Ушунун баары бала бакча, мектеп жетишсиздигинен болуп келатат. Менин башымдан өткөн кыйынчылыкты балдарымдын көрүшүн каалабайм. Ырас, быйылтан баштап мектептердин санын көбөйтөбүз деген убадаларды социалдык желелерден окуп, сүйүнүп жатабыз, — дейт Жылдыз.

Жаңы конуш деп, турукташкан тургундарга карата шарттуу түрдө айтылып келгени менен, Көлмө, Ак-Босого, Ак-Ордо конуштарына эң аз дегенде он жыл, алды отуз жылдан ашты. Инфраструктурасы түзүлбөй, социалдык обьектилери жетишсиз, кай биринде дээрлик жок шарттарда жашаган ал конуштардын балдары чынында эле Жылдыз айткандай, өздөрү бала жетелеп калышты.

Жаңы түшүп жаткан мектеп имараттары жогоруда аталган үч конушта да бар. Ак-Ордо конушунда кубаттуулугу 750 окуучуну камтыган жаңы мектеп курулуп жатат. Корпустун курулушу үч кабаттуу, жалпы аянты 5766 м2. Мектептин долбоорунда жыйындар жайы, хореография жана спорт залдары кошо каралган. Ошондой эле мектепте китепкана, ашкана, аймакты көрктөндүрүү да пландаштырылган.

Ак-Босогодо 660 орундук, ал эми Көлмөдө 380 орундук мектептин курулуп жатканы конуш тургундарын кубанычка бөлөп, балдарыбыз эми жок дегенде автоунааларда тыгынга кабылбай окуйт экен деген үмүт байлады. Окуу корпустары китепкана, ашкана, жыйындар жайы, хореография жана спорт залдары, футбол, баскетбол, воркаут ж.б. спорттук аянтчалары менен кошо курулуп жатканы, эгемендикке ээ болгон 31 жылдан бери “жаңы конуш” деп аталып келаткан жаңы конуш тургундарынын кубанычын эки эселеп көбөйтүп койду. Себеби балдардын билими ден соолугун чыңдоо менен айкалышып, борбордогу ийримдерге баруу түйшүгүнөн да арылмакчы.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер