БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАНЫ: «ӨЗ КӨМӨЧҮНӨ КҮЛ ТАРТКАН» МАМИЛЕ БОЛБОЙТ
- 19.02.2021
- 0
Социалдык тармакта айрым предметтердин жумалык саат жүктөмү өзгөрүүгө учурап, аны менен кошо мугалимдер кыскарышы мүмкүн деген айың кеп билим берүү тармагына чагылгандай дүрт этип өттү. Албетте, “кулак укса, курсак кайнайт” болуп, айлыгы ансыз деле чакан мугалимдер, сөз учугун улай, келерки окуу жылындагы болуучу “кыскарууларга” алдын ала бушайман.
Бул кырдаалга байланыштуу билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира мугалимдерди сабырдуулукка чакырып, өзүнчө билдирүү таратты.
“Урматтуу кесиптештер, акыркы күндөрү кыргыз тилинин же кандайдыр бир предметтердин, же болбосо мугалимдердин саны кыскара турган болду деген маалымат соцтармактарда жүрөт. Мунун бардыгы чындыкка дал келбейт, анткени Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнү өнүктүрүүгө багыт берген гана чечимдерди сиздер менен бирге талкуулап, изилдеп анан бекитебиз. Келгиле, капа болбой, баарыбыз балдарга татыктуу билим берели”, – деп билдирди министрдин орун басары.
Билим берүү тармагынын тарыхында мындай маселенин жаралышы биринчи жолу эмес. 2014-жылы дагы жогоруда келтирилген кыргыз тили, орус тили, биология, география ж.б. предметтердин кыскаруусу жөнүндөгү сунуштар далай угуулардан, талкуулардан өтүп, акыры 2017-жылы интеграцияланган жаңы Базистик окуу планы бекитилгенин биздин газета жазган эле.
Кайрадан ошол эле маселе, ошол эле предметтер жөнүндө талаш-тартыш. Социалдык тармакта талкуу чордонунда болуп жаткан жаңы Базистик окуу планынын долбоору кандай жол менен мугалимдердин калың катмарын аралап өтүп, түзүлгөн графигинен бери колдоруна тийгени кызык. Антсе да, долбоордун авторунун позициясына көңүл бурсак.
Жаңы базистик окуу планынын долбоору тууралуу
Биринчиден, базистик окуу планынын (БОП) долбооруна карата (ал талкууга расмий чыга элек болсо да) активдүү пикирлерин билдирип жаткан жарандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Анткени БОП – билим берүүнүн сапатына, балдарыбыздын келечегине, ал аркылуу коомубуздун, өлкөбүздүн эртеңкисине түздөн-түз таасир эте турган документ.
Экинчиден, бул документ долбоор гана, ал республикада кеңири талкуулангандан кийин кабыл алынышы керек. Азырынча бул долбоор расмий талкууга чыгарыла элек. Талкууга чыккандан кийин баарыңыздарды активдүү үн кошууга чакырып кетем.
Үчүнчүдөн, Кыргызстан окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык PISA программасына эки жолу (2006, 2009) катышып, экөөндө тең эң акыркы орунду (65, 57-орундар) ээледи. Эми 2025-жылы боло турган PISA баалоосуна катышуу пландалууда. Бул жолу да эң акыркы орунду ээлегибиз келбесе, биз билим берүүдө олуттуу реформаларга барышыбыз зарыл.
БОП канчалык деңгээлде XXI кылымга татыктуу окуучуну даярдай алат, ал кандай компетенттүүлүктөргө ээ болушу керек дебестен, ар ким өзүнүн гана саатынын көйгөйүн көтөрүп, аларды көбөйтүп алуу аракетинин натыйжасында учурдагы жана буга чейинки БОПтор абдан ийкемсиз болуп келген. Келечекте ким болгусу келгенине карабастан, Кыргызстандын бардык аймагындагы окуучулар, мектеп бүтүрүүчүлөрү баардык предметтерди бирдей көлөмдө окушат, кесипке багыттап окутуу ишке ашпайт. Кызыккан предметин, келечекте кандай адис болгусу келгенине байланышы бар предметтерди көбүрөөк окууга учурдагы БОП жол бербейт. Анткени, ушинтип талаша бергендиктен, мектеп компоненти деген сааттардын баары «таланып» кеткен. Учурда 5-класста гана бир саат мектеп компоненти бар.
Төртүнчүдөн, учурда дүйнөлүк деңгээлде эле эмес, КМШ мамлекеттеринин ичинде да окуу жүктөмү (өтө көп саат окуткан) да, окуу предметтеринин саны да, бир сааттык предметтердин саны да абдан көп мамлекет – Кыргызстан, ошол эле PISA эл аралык баалоосунда эки жолу эң акыркы орунду ээлеген өлкө да – Кыргызстан. Демек, саатты көбөйтүү менен маселе чечилбейт. Тескерисинче, окутуу методикасын, технологиясын жакшыртуу керек. Учурдагы окуу программасына ылайык, башталгыч класстарда зат атоочту окутууга эле 34 саат бөлүнгөн. Учурда дүйнө грамматикага эмес, жандуу карым-катышка, компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга басым жасоодо. Бирок, бизде алар эмес, сааттардын санын көбөйтүү маселеси биринчи орунда болууда.
Дагы бир орчундуу көйгөй – БОПто бир сааттык предметтердин көбөйүп кетиши. Дүйнө боюнча бир сааттык предметтер натыйжасыз деп эсептелет, чындыгында да ошондой. Бир сааттык предметтер көп болгон БОП сапатка эмес, кыйроого алып келет. Бүгүнкү күндө башталгыч класстарда он окуу предмети болсо, анын бешөө бир сааттан. Ушундан кийин кантип сапатты күтүүгө болот?!.
Жаңы сунушталган БОПтун негизги өзгөчөлүктөрү:
- Профилдик билим берүүгө өтүүнүн базасы негизделди, мектеп компонентинин эсебинен жогорку класстарда профилдик окууга өтүү ишке ашат (жаңы долбоордо мектеп компоненти жумасына 3-класста бир саат, 4-7-класстарда эки сааттан, 8-9-класстарда үч сааттан, 10-11-класстарда он сааттан).
- Мектеп компонентинин акчасы мамлекет тарабынан төлөнөт, ал сааттарды кайда колдонууну мектеп администрациясы, мугалимдер, ата-энелер чечишет. Мектеп компонентин кайсы бир предметтерди тереңдетип окутууга, жаңы багыттагы сааттарды киргизип, аларды окутууга ж.б. колдонсо болот. Мектеп администрациясы, мугалимдер, ата-энелер кайсы бир предметке саат аз деп эсептешсе, мектеп компонентиндеги сааттарды ошого колдоно алышат. Саатыбыз аз болуп жатат дегендер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сааттарын көбөйтүп ала алышат.
- Жаңы долбоордо окуу предметтеринин саны оптимизацияланды жана окуу предметтер жуурулуштурулду:
3.1. башталгыч мектепте учурда он окуу предмет болсо, бир жаңы окуу предмет, технология предмети кошулду, ушундан кийин жалпы сегиз окуу предмет болуп калды;
3.2. 5-9-класстарда учурда 18 окуу предмет бар, жаңы долбоордо – 15;
3.3. 10-11-класстарда учурда 14 окуу предмет болсо, бир жаңы окуу предмет, информатика предмети киргизилди, ал математика менен жуурулушту, ушундан кийин 11 болуп калды.
- Музыка жана көркөм өнөр предметтеринин сааты көбөйтүлдү.
- Башталгыч класстардагы «Мекен таануу» предмети «Мен жана дүйнө» деп аталып, сааттары көбөйтүлдү.
- Жалпы жүктөм жана класстык жүктөмдөр оптимизацияланды.
- Бир сааттык предметтердин саны кескин кыскарды.
- Жаңы БОПто 3-7-класстарда бир сааттан кыскартуу (оптимизациялоо) пландалууда (жалпы беш саат).
- Натыйжада жаңы БОПтун негизинде 2021-жылы башталгыч мектептин предметтик стандарттары, 2022-жылы 5-11-класстардын предметтик стандарттары иштелип чыкмакчы.
- Келечекте көп тилдүү билим берүүгө өтүү, б.а. окуу предметтерди кыргыз, орус жана англис тилинде окутуу пландалууда. Учурда тилдерди окутуу анчалык натыйжалуу эмес. Кыргыз тилдүү мектептерде орус тил окутулат, натыйжасы начар, орус тилдүү мектептерде кыргыз тил окутулат, мында да натыйжасы жакшы деп эч ким айта албайт, чет тили 3-класстан баштап окутулат, натыйжасын көрө албай жатабыз.
- Ошондой эле дүйнөлүк практиканы эске алуу менен, келечекте STEAM (табигый предметтер, технология, инженерия, искусство, математика) предметтерин жуурулуштуруп окутуу пландалууда.
Алмазбек Токтомаметов,
КР БИМге караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору.
Бул сунушталып жаткан долбоорду догма катары кабыл алып, алдын ала ар ким өз сааты үчүн коркпостон, билим берүүнүн аксаган жерин түзөп алууга акыл калчап, салым кошуубуз туура болор. Билим берүүгө реформа керек, балдарыбыз артта калып жатат деп кыйкыргандар аз эмес. Чыны менен пандемиянын залалынан, 2019-2020-окуу жылында, окуучулардын билим сапаты кадыресе жабыркады. Окуу жүктөмү окуучуга да, мугалимге да оор болду. Жалпы социум мобилдүү болуп өзгөрдү.
Бул маселеге окуучунун позициясынан караганда: чыны менен окуучу мектепте да, үйдө да окуганы менен убакыт кетиргени эле болбосо, билими терең экени күмөн. Ошол эле тилдерди, математиканы курстардан, ал эми дене тарбияны машыгуу залынан кошумча убакыт коротуп жана акча төлөп окушат. Окуучулар ашыкча жүктөмдөрдөн чарчап, физикалык, моралдык, эмоционалдык кризиске көп чалдыгууда. Маалымат көп, бирок ошонун өзүнө пайдалуусун иргей албайт, тандоо мүмкүнчүлүгү чектелүү. Балким, баланын жеке убактысын пландуу жана пайдалуу нерселер – багыттар, билимдер менен камсыздоо зарылчылыгы келип жеткендир. БОП – социумдун өнүгүшүнө жараша өзгөрүп, заман талабы болгон интеграцияга жараша, күнүмдүк турмушта пайдалануучу же табигый кубулуштарды изилдеп, түшүндүрүүчү предметтерге басым кылуу керек экендигинен кабар берип жаткандыр.
Ал эми мугалимдер пандемиянын соккусунан эле эки тарапка бөлүнүп калгандай сезилет: санарип-мугалим (видео-сабак өтүп, Zoom, Telegram ж.б. платформалар менен тыкыс иш алып барган) жана WhatsApp менен гана чектелген мугалимдер. Андыктан эгер интеграцияланган реформа күчүнө кирсе, жүүнү бош мугалимдер ( диплому жок, тааныш-билиш менен киргендер, диплому дал келбегендер, өз предметин терең биле албагандар ж.б.) өздөрү эле четте калат. Ошол эле учурда заман талабына жооп берген, жөндөмдүү, поливектордук (көп тармактуу билим) мугалим өсүп чыгат. Демек, дүйнөлүк стандарттарга теңелүүгө жана 2025-жылы болуучу дүйнөлүк Pisa сынагында татыктуу орунга жетүүгө азыртан аракет кылуу маанилүү.
Айнура Асаналиева,
“Кут Билим”
Комментарийлер