БАТКЕН: ЖАҢЫ МЕКТЕП – ЖАҢЫ ДЕМ

  • 12.12.2023
  • 0

11-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусунда бир катар мектептерди жана бала бакчаларды ачуу аземине катышты.

БАТКЕН: ЖАҢЫ МЕКТЕП – ЖАҢЫ ДЕМ

Элдин үмүтү жанды

Чек арада жайгашкан Баткен облусуна мамлекет өзгөчө көңүл бөлүп келет. 2022-жылы чек аранын чечилбей келген талаш-тартышынан улам ириде мектеп, бала бакчалар өрттөнүп, жараксыз болуп калгандыктан, Президент чукул арада жаңы мектеп, бала бакчаларды куруу тапшырмасын берген эле. Курулуш иштери 2023-жылдын апрель айында башталган объекттер толугу  менен бүткөрүлүп, эми пайдаланууга бериле баштады. Баткендиктердин сүйүнүчүндө чек жок.  Объекттер биринин артынан бири эксплуатацияга бериле баштады. Алсак, Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара чатагынын учурунда 2022-жылдын 14-16-сентябрында мектеп өрттөнүп кеткен. Б.Ходжаев атындагы  орто мектептин эски имаратынын ордуна 275 орундуу жаңы мектептин имараты курулган. Курулуштун сметалык наркы 115 млн сомду түзөт.

БАТКЕН: ЖАҢЫ МЕКТЕП – ЖАҢЫ ДЕМ

Эки кабаттан турган мектеп 2023-жылдын 11-декабрында 426 окуучу,  32 мугалимге эшигин ачты. Ак-Сай  айылында 630 кожолук, 2300дөн ашуун калк жашайт. Райондун борборунан 50 км алыстыкта жайгашканын эске салып кетели. Айыл Тажик Республикасынын Ворух айылы менен чектешкен. Ал эми Көк-Таш башталгыч мектебинин жаңы курулуш имараты райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. 120 орундуу мектептин  жалпы сметалык баасы — 51297005 сом. Мектепте 106 окуучуга  9 мугалим билим тарбия берет. Мындан сырткары Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Достук  айылындагы 275 орундуу мектептин жалпы сметалык баасы — 77 000 000 сом. Бул мектеп дагы толук түрдө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мектепте 20 окуучуга  11 мугалим билим тарбия берүүдө. Достук  айылында 70 кожолук, 300дөн ашуун калк жашайт. Райондун борборунан 24 км алыстыкта жайгашкан.  Ошондой эле 225 орундуу Чоң-Талаа  орто мектеби коопсуз жайга жылдырылды.  Анын жалпы сметалык баасы — 83 000 000 сом. Имарат эки кабаттан турат. Мектепте 337 окуучуга  28  мугалим билим тарбия берет. Чоң-Талаа айылында  440 кожолук, 2000ге жакын калк жашайт. Райондун борборунан 16 км алыстыкта жайгашкан.

БАТКЕН: ЖАҢЫ МЕКТЕП – ЖАҢЫ ДЕМ

Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов  атындагы орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу курулду.  Анын жалпы сметалык баасы — 116327830 сом. Мектепте 1023 окуучуга  74 мугалим билим тарбия берип келатат. Мындан сырткары, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев   атындагы орто мектебине кошумча  1 окуу корпусунун курулушу толугу менен бүткөрүлдү. 150 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушунун жалпы сметалык баасы — 75 452 163 сом. Имарат 2 кабаттан турат. Мектеп 2023-жылдын 11-декабрында ачылат. Мектепте 962 окуучуга  59 мугалим билим тарбия берет.

Кызыл-Бел   айылында   1985 кожолук, 8116 дөн ашуун калк жашайт. Райондун борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан.

Облустун аймагында 2023-2024-окуу жылынын башталышына карата жалпы алты мектептин курулуш иштери бүткөрүлүп,  пайдаланууга берилген. Алар: Кадамжай районундагы Ж.Бөкөнбаев, Ж. Баласагын атындагы, Миң-Чынар, Жеңиш айылындагы №85 орто жана Баткен районундагы Ж.Момунов атындагы, Кыштут орто мектептери.

Кадамжай районундагы Миң-Чынар орто мектебинин 240 орундуу имараты (мурдакы Миң-Чынар башталгыч мектеби) “Ассанабил” Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен жана Жеңиш айылындагы №85 орто мектебинин 275 орундуу жаңы имараты республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Мындан сырткары Баткен шаарындагы көркөм сүрөт мектеп-интернаты Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн курамына кошулуп, жалпы мектептердин саны — 238 болду.

 Чек арада чеп болуп жашаган элдин мамлекетке  ишеничи жана сыймыгы жаралды

Ак-Сай айылындагы “Эдельвейс” балдар бакчасы  дагы 2022-жылдын 14-16-сентябрындагы чек ара чырында өрттөнгөн эле.

Курулган имарат Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан “Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында   100 орундуу бакча курулду,  анын жалпы сметалык баасы — 79966650 сом түздү. 2023-жылдын апрель айында курулуш иштери башталган болчу. Эки кабаттан турган балдар бакчасы да Президенттин жана билим министринин катышуусунда ачылды. Балдар бакчада  65 балага   6 тарбиячы  билим тарбия берет. Ошондой эле Көк-Таш  айылындагы “Учкун” балдар бакчасы 1 окуу корпустан турат. Сыйымдуулугу 50 орундуу бала бакчанын жалпы сметалык баасы — 29835446 сом.  2023-жылдын апрель айында курулуш иштери башталган бала бакча толук түрдө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Балдар бакчасында  80 балага   8 тарбиячы  билим тарбия берет. Ак-Сай  айылында 970 кожолук, 4370 калк жашайт. Райондун борборунан 45 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми Достук  айылындагы 30  орундуу “Бөбөктай” балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы — 34 216 978 сом түздү. 20 бала,  2 тарбиячыга жаңы бала бакча майрамдык маанайда эшигин ачты. Ошондой эле Баткен районунун Кара-Булак  айылындагы 50 орундуу “Жаш Балапан” балдар бакчасы “Коомчулукту өнүктүрүү жана CASA 1000” жергиликтүү коому тарабынан курулуп, пайдаланууга берилди. Анын жалпы сметалык баасы  — 6  208224 сом. Балдар бакчасында  152 балага  9 тарбиячы билим тарбия берип келет.

Кара-Булак   айылында  калктын саны өскөндүктөн,  азыркы күндө 980 кожолук, 4900 калк жашайт. Райондун борборунан 18 км алыстыкта жайгашкан.

Контингенттин саны

2023-2024-окуу жылынын башына карата жалпы билим берүүчү мекемелериндеги окуучулардын контингентин тактоо максатында алынган ОШ-1 отчётторунун негизинде бүгүнкү күнгө карата 238 мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелери, а.и. 189 орто мектеп, 13 толук эмес орто мектеп, 21 башталгыч мектеп жана 13 гимназия, 2 лицейлер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Жалпы жеке менчик мекемелеринин саны — 13 (“Сапат” билим берүү лицейлери менен кошо).

Облустун аймагындагы жалпы мугалимдердин саны — 8470, тактап айтканда Сүлүктү шаарында — 282, Баткен шаарында — 482, Кызыл-Кыя шаарында — 629, Баткен районунда — 1494, Лейлек районунда — 2234, Кадамжай районунда — 3349 мугалим.

Бүгүнкү күнгө карата жетишпеген мугалимдин саны 92 болсо, тактап айтканда Сүлүктү шаарында — 7, Баткен шаарында — 2, Кызыл-Кыя шаарында — 15, Баткен районунда — 22, Лейлек районунда — 21, Кадамжай районунда —  25 мугалим. Бул жетишпестик башталгыч класстарынын мугалимдери, орус тили жана адабияты, англис тили, математика, физика, химия, тарых, информатика, география, музыка, көркөм өнөр, технология, дене тарбия предметтеринин мугалимдеринен турат.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

РПККЖ жана КДИнун жана Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун адистери тарабынан 2023-жылдын январь-сентябрь айларында (1-2-квартал) жалпы 1010 мугалим, 240 мектеп директорлору, 76 балдар бакчаларынын тарбиячылары, жалпы 1326 билим берүү кызматкерлери   окутуу курстарынан өткөн.  Социалдык педагогдор үчүн онлайн окутуу болуп, жалпы 30 катышып, 72 сааттык курстан өтүштү.

2023-жылдын апрель айында 46 тарых мугалими, 14 башталгыч класс, о.э. май айында 240 мектеп директорлору жана Лейлек районунан 76 башталгыч класс, 32 математика мугалимдери жана 76 балдар бакчаларынын тарбиячылары 72 сааттык окутуу курстарынан өткөнүн айтып кетүү керек. Мындан сырткары түрдүү долбоорлордун эсебинен да курстардан өткөн учурлар бар. Алсак, “Керемет окуу” долбоорунун алкагында 1525 башталгыч класстын мугалимдери, “Санариптик сабаттуулук” долбоорунун алкагында 1278 мугалим, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 110 башталгыч класстын мугалимдери,  “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу боюнча” долбоорунун алкагында 69 башталгыч класстын мугалимдери,  2023-жылдын 10-июнуна чейин “Коррекциялык окутуу” боюнча Баткен районунун жана Баткен шаарынын жалпы 360 башталгыч класстарынын мугалимдери да 72 сааттык курстан өткөн.

Билим берүүгө жан берген мыктылар

Бир эле баткендиктер эмес, жалпы республика сыймыктанган, бүгүнкү доордун Дүйшөнү аталган Гапыр Мадаминов да чек арада жайгашкан айылдан.  1996-жылдары Лейлек районундагы чек арада жайгашкан түптөгү айылга мектеп ачып, окуучуларына өз колу менен тамак жасап, курсагын тойгузуп, билим берген жөнөкөй элеттик мугалимди ким гана тааныбайт?! Ал тууралуу быйыл  “Агай” сериалы тартылып, коомчулук аны кубануу менен кабыл алды. Тарбиялык мааниси зор тасма чыныгы турмуштан алынган. Учурда новатор-мугалим республиканы түрө кыдырып, топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Анын “Энелер мектеби” республикада кулачын жайып, ар бир мектепте Мадаминовдун тажрыйбасы колдонулуп келатат.

БАТКЕН: ЖАҢЫ МЕКТЕП – ЖАҢЫ ДЕМ

Гапыр агай, ошол кандуу чыр-чатакта мектебинен бир карыш жылбай, кайтарганы эрдик эмей эмне? Агайдын баскан-турганы, куйкумдуу сүйлөгөнү, нускалуу кептери жаштарга өрнөк.

Дегеле баткендиктер өтө эмгекчил келишет, өзгөчө билимге өтө маани бурушат. “Кут Билим” менен көп жылдан бери кызматташып келаткан Тайир Аширбай уулу дагы идеяга бай, билим берүү дегенде “ичип жаткан ашын жерге койгон” агайлардын бири. Лейлектен чыккан жаш педагог, бир нече жолу сынактарга катышып, жеңүүчү аталган Жеңишбек Абдиназаров, жаштарды окутуп, тажрыйбаларын жайылткан Кундуз Арапова, Айнура Абдрахманова ж.б. көптөгөн агай-эжейлер билим берүүнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келатышат. Бар болгула, агартуу майданынын баатырлары!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер