БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • 15.07.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимовдун “Кут Билим” газетасына берген маегин сунуштайбыз.

Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларында окутуу программалары жогорку кесиптик окуу жайлардын окутуу программаларынан кандай айырмасы бар жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагында бүтүрүүчүлөргө кандай документтер берилет?

– Жалпысынан айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесине ылайык, жалпы (негизги жана кошумча) кесиптик (негизги жана кошумча) билим берүү программалары ишке ашырылат.

Жалпы билим берүү программаларына мектепке чейинки, башталгыч, негизги, орто жана кошумча билим берүү кирет. Жалпы билим берүү программалары жалпы маданиятты түзүүгө жана жеке адамдын коомдо жашоо үчүн адаптация алууга, тандоо үчүн негиз чыгарууга жана кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгууга багытталган.

Ал эми кесиптик билим берүү программалары окуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.

Кесиптик программаларына кесиптик башталгыч, орто кесиптик, жогорку кесиптик, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана кошумча кесиптик билим берүү кирет.

Ар бир негизги жалпы билим берүү же негизги кесиптик билим берүү программасынын мазмунунун милдеттүү минимуму жана ченемдик өздөштүрүү мөөнөттөрү, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык коюлат.

Кесиптик башталгыч билим берүү кесипке даярдоо, жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу жана тиешелүү квалификациядагы адистерди кайра даярдоого багытталган.

Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окутууга негизги жалпы же орто жалпы билими бар адамдар кире алат. Жумушчуларды квалификацияланган эмгекке даярдоо бирдиктүү жалпы жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы менен жүргүзүлөт.

Зарыл учурларда, негизги жалпы билими жок адамдарга кесип алууга шарт түзөт.

Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында төмөнкү окутуу программалары ишке ашат:

— окутуу мөөнөтү үч жылдан кем болбогон негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

— кесиптик башталгыч билим берүү программасы негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим албастан 1-2 жыл окутуу мөөнөтү менен;

— 1 жылдан кем эмес окутуу мөөнөтү менен жалпы орто билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

— 1 жылга чейинки окутуу мөөнөтү менен кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасы.

Башталгыч кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуудан өткөн адамдарга төмөнкү документтер берилет:

— кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом, кыска мөөнөттө кесиптик даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын өздөштүргөндөргө — сертификат берилет, ал эми атайын уюмдар менен ведомстволор көзөмөлдөгөн объектилерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөндөргө объектилерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн – күбөлүк берилет. Өндүрүштүк окутуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги тарабынан бекитилген. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн окуу план- программасы боюнча мамлекеттик стандарттын негизинде пландаштырылат жана жүргүзүлөт. Окуу пландарында өндүрүштүк окутууга жана өндүрүштүк практикага окуу убактысынын 50-60% берилет.

– Бүгүнкү күндө кесиптик башталгыч билим берүү тармагынын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири кандай?

– Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эмгек базары экономикалык жана социалдык планда туруктуу эмес. Эмгек базары өнүккөн жана ийкемдүү болсо, калктын жашоо шарты ошого көз каранды болот. Республикада курч маселелердин бири болуп, жумушсуздук жана ошону менен бирге эле квалификациялык жумушчу күчтүн жетишсиздиги болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү системасы ишке орноштуруу багытындагы кызматтардын эсебинен жана мекемелердин эсебинен акы төлөп окутуунун негизинде жеке адамдарды окутуу, кайра окутуу жана жумушсуз калктын арасынан чоңдордун квалификациясын жогорулатуу кызматтарын берүүдө.

Жумушсуз жарандар өздөрүн иш менен камсыз кылуу үчүн массалык түрдө эмгек рыногунда учурдун талабы болуп жаткан керектелүүчү кесиптерге IT-адистикке, тигүүчүгө, ашпозчуга жана электр газ менен ширетүүчүгө жана айыл чарба өндүрүшүн кайра иштетүү, курулуш иштерине, компьютер оператору, 1С программасын билген эсепчи, ашпозчу, тикмечи, кызматтык менеджер, чач тарач, электр куроочу, айдоочу кесиптерине кыска мөөнөттө кесиптик лицейлерде окуп билим алышат.

Кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу боюнча изилдөөлөрдүн натыйжасында, бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өлкөнүн курулуш тармагына, жеңил өнөр жайына соода-сатык жана мейманкана индустриясына тартылгандыгы аныкталган. Андан сырткары, кээ бир жогорку окуу жайды бүткөн жаштар да жумуш таппаганда биздин окуу жайлардан кыска мөөнөттө өздөрү каалаган кесипке кайра даярдоодон өтүп, жумушка орношушат. Ошондой эле Кесиптик-техникалык билим берүү системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мекемесине тиешелүү училищаларда, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга жеке адамдарды окутуу, кайра окутуу кызматтарын беришүүдө. Жыл сайын Жаза аткаруу мекемесине тиешелүү кесиптик училищаларда 1300 жакын адам кесип алышат. Ошондуктан 100 жылдан ашык тарыхы бар Кесиптик башталгыч билим берүү системасы Кыргызстандын экономикасы үчүн 1,5 миллиондон ашык жумушчу кадрларды даярдашып, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошту.

– Республикада жеке менчик кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайлары ачылып жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Жеке менчик окуу жайларына көз карашым, эгерде Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесинде каралгандай, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мектепке чейинки, башталгыч, негизги, орто жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары билим берүү уюмдары окуу программаларын ишке ашыруу үчүн тиешелүү лицензиялардан өтүп иштерин башташса, анын талаптарына материалдык-техникалык базасы туура келсе, менчик формасына жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, мыйзамдарда белгиленген тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан же билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, билим берүү уюмдары беш жылдык мөөнөткө аккредитациялоодон өтүп турушса, бул мыйзамдуу деп эсептейм. Ал эми кээ бир менчик окуу жайлар акча табуунун жолун гана издешүүдө, окуучулардын билим сапатына көңүл бөлгөн менчик окуу жайлар аз. Ошондуктан өкмөт тарабынан көзөмөл керек.

Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилерин тандоо кандай өткөрүлөт? Жетекчиликке келгендер жогорку жактын көрсөтмөсү менен келеби же өздүк курамдагы резерв кадрлардын топтомунан келишеби?

– Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына Эмгек кодексинин негизинде дайындалат. Өлкө Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилерин дайындоо жана резевр кадрлардын топтомунан келиши жөнүндө мыйзамдар иштелип чыгып жатат.

– Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларында иштеген кесипкөй кадрлар жана өндүрүштүк окутуунун устаттарынын квалификациясын жогорулатуунун абалы кандай? Билимдүү кадрлар менен камсыз кылуу кандай каралган?

– Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында Кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун өндүрүштүк окутуу боюнча устаттардын жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу милдеттери Республикалык илимий-методикалык борборго (РИМБ) жүктөлгөн. 2018-жылдын 24-августтагы буйругу менен “Кесиптик башталгыч билим берүү системасындагы жетекчилердин жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жөнүндө” жобо бекитилген.

Аталган жобого ылайык, 2020-жылы квалификациясын жогорулатуу курстарынан 231 адам өтүштү, алардын ичинен:

84 адам – план боюнча РИМБ өтүштү;

124 адам – окутуучу тренингдерден жана семинарлардан;

23 адам – ГИЦ “Ишке орноштуруу жана кесиптик билим берүү” проектиси ЮНЕСКО менен бирдикте.

Биздин системага ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн тартуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Окуу жайларга керектүү мугалимдерди жана инженер–педагогикалык кызматкерлерди тартуу жакшы жолго коюлган. Андан сырткары, Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын алдындагы Токмок индустриалдык-педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү окууларын ЖОЖдордо улантып, биздин окуу жайларга өндүрүштүк окутуунун устаттары болуп иштешет. Бүгүнкү күндө, кадрлар менен камсыз кылуу орточо эсеп менен 98% пайызды түзөт.

Китепкана фонду Республикалык илимий-методикалык борбор (РИМБ) 2468 экз. окуу методикалык окуу куралдары менен толукталды, анын ичинен мамлекеттик тилде – 1436 экз.

2020-2021-жаңы окуу жылына карата окуучуларды кабыл алуу жыйынтыгы боюнча айтып кетсеңиз?

– 2020-2021-жаңы окуу жылына карата окуучуларды кабыл алууда план боюнча 17553 каралган, кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайлары 17781 окуучуну кабыл алышты. Быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы абитуриенттерди кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн/офлайн форматта жүргүзүлүп жана кабыл алуу комиссиясынын иши оптимизацияланды.

Ошондой эле, кесиптик лицейлерде кыска мөөнөттүү кесиптик курстар бар. Кыргыз Ресупбликасынын жарандарын башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынан кошумча кесиптик билим алууга чакырам.

Кошумча кесип эч качан турмушта тоскоолдук кылбайт, тескеринче, жашоо шартты жеңилдетет.

Эгемберди Усупов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер