БАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ПРОПАГАНДА БОЮНЧА САБАК КИРГИЗИЛЕТ

  • 19.10.2022
  • 0

БАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ПРОПАГАНДА БОЮНЧА САБАК КИРГИЗИЛЕТ

Сүрөт интернеттен алынды. 

“Төрт жыл бою бир да жолу сабакка келбеген студент менен мамлекеттик экзаменде таанышкан күндөр да болот”, — дейт Бишкектин алдыңкы деп эсептелген жогорку окуу жайында иштеген ага окутуучу Асель.  Каарманыбыз 18 жылдан бери жогорку окуу жайында иштейт. Бул жылдары жүздөгөн студенттерди окутуп, түрдүү жагдайларга кабылды. Төмөндө жогорку окуу жайлардагы чыныгы көрүнүштү, сабакка келбеген студенттердин  кантип бүтүп, кандай жол менен диплом алып кетип жатканын ачык айтып берди. 

Асель алгач жогорку окуу жайын бүтөрү менен ошол өзү окуган факультетте лаборант болуп иштеп баштаган. Андан кийинки жылы окутуучулук милдетти аркалап, беш жыл бир жерде иштеп, андан кийин  айкалыштыруу жолу менен   башка окуу жайдан да саат алган. Жыйырма жылга жакын убактан бери студент окутуп, түрдүү жолдор менен окуу жайын бүтүп кеткендерди көрдү.

Аселдин айтымында, айрым студенттер ата-энеси толук каржылай албагандыктан аргасыздан иштейт, кээ бири болсо ата-энеси акча берип жатса деле ашыкча акчага кызыгып алып иштей беришет. Көпчүлүгү жайкы каникул убагында иштеп, окуу акысын таап алалы дешет. Түрдүү шылтоолор менен сабакка келбей жүрө берген дагы студенттер бар.

  • Негизи 1-курстар оңой менен сабактан калбайт, берилген тапшырманы убагында аткарып, сессиясын өз учурунда тапшырып кетет. Арасынан сабакка келбеген бирден-экиден гана студент чыгат. 2-курста студенттердин саны акырындап азая баштайт. Жайкы каникул убагында дээрлик көпчүлүгү жумуш таап алат. Алар жаңы окуу жылы башталганда анда-мында сабакка келип, көрүнүмүш болушат да, кышкы сессиядан кийин такыр эле жок болуп кетишет. 3-4-курста болсо баякы иштеген студенттерди такыр эле көрбөй каласың. 1-курстан баштап жакшы окуган же болбосо акчага кызыкпаган студенттер аягына чейин активдүү болушат, — дейт Асель.

Каарманыбыздын айтымында, сабакка келбеген студенттер сессиясын түрдүү жолдор менен бүтүрүшөт. Көбү кураторлорун же окутуучулардын бирөөнү кармап алат. Айрымдарынын жогору жактан таанышы чыгат.

  • Кураторду да, окутуучуларды да түшүнсө болот. Алган эмгек акысы эч нерсеге жетпейт. Мисалы, мен айкалыштырып иштеген жеримден 0.75 жүктөм менен болгону беш миң эки жүз сом эмгек акы алам.  Мага окшогондор толтура. “Акчаны көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр” дейт, акчаны көргөндө ким болсо да азгырылбай койбойт. Кээде такыр койбой койсоң жогору жактан байкеси, тайкеси же дагы бир таанышы чыгат, куда түшүп баштайт.  Алар ортого түшүп аке-жакелегенде айла жок баа коюп бересиң. Өзүмдүн эле тажрыйбамда бир окуя болду. Былтыр төрт жыл бою көрбөгөн баланы мамлекеттик экзаменде көрдүм. Төрт жыл бою сабактарын факультеттин эле деканы бүтүрүп жүргөн. Койбой коеюн десең деканың эле биринчи душманың болуп чыга келет. Кийинки жылы сааттан куру каласың, — дейт Асель.

Аселдин айтымында, ЖОЖ окутуучуларынын жолдон чыгышына студенттер өздөрү да себепкер.  Анткени сабакка келбегендерге талапты катуу коюп, тапшырма берип, өздүк иш жаздырып баштаганда эле акча сунуштап киришет. Сессия учурунда болсо семестр бою аткарылган иштерди талап кылып баштаганда эле ойлору бузулат. Дароо ортого киши салып башташат. Ошол эле учурда эч нерседен уялбай туруп студенттерден, сабакка келгенинен да, келбегенинен да акча чогултуп алган окутуучулар да бар. Акча чогултуп алгандардын көбү факультеттер аралык дисциплиналардан сабак бергендер. Алар бир же эки семестр келип сабак өтөт да, андан кийин ал студенттерди көрбөйт. Ал эми ошол факультетте же кафедрада гана иштеп,  адистик боюнча сабак бергендер акча албайт.

  • Мисалы, мен бир да студенттен албайм. Анткени бирөөнөн эле алып койсоң, аа мунун сабагын акча менен эле бүтүрүп алсаң болот экен деп, кийинки семестрде сабагыңа эч ким келбей коет. Ошентип, студенттерге да, жамаатыңа кадыр-баркың жок болуп калат. Бирок беш кол тең эмес. Анын үстүнө студенттердин арасында мындай сөздөр тез тарайт. Кайсы окутуучунун канча акча алаарын билгиси келген кишиге анчалык деле кыйынчылыктын кереги жок. Студенттер менен акырын сүйлөшсө эле баары чыгып калат, — дейт Асель.

БАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ПРОПАГАНДА БОЮНЧА САБАК КИРГИЗИЛЕТ

КОРРУПЦИЯНЫН ЗЫЯНЫН БАЛДАРДЫН АҢ-СЕЗИМИНЕ  КИЧИНЕКЕЙ КЕЗИНЕН БАШТАП СИҢИРҮҮ КЕРЕК  

Мына окурман, жогорку окуу жайларындагы бүгүнкү чыныгы көрүнүш ушундай. Каарманыбыз айтып берген маалыматтар бир-эки гана окуу жайга тиешелүү эмес. Мындай учурлар республикадагы дээрлик бардык окуу жайларда бар. “Ооруну жашырсаң – өлүм ашкере”. Биз бул ооруну жашырып-жаап отура бергенден эч бир пайда таппайбыз. Андан көрө жабыла көтөргөн жүк жеңил, жабыла киришип, алдын алып, бул илдеттен арылууга аракет кылалык. Бул жаатта Билим берүү жана илим  министрлиги жакшы саамалыкты баштоо алдында турат. Жакынкы арада жаш муундун арасында коррупцияга каршы активдүү позицияны калыптандыруу максатында билим берүүнүн бардык баскычтарында коррупцияга каршы пропаганда боюнча окутуу программасын киргизет. Учурда даярдык иштери жүрүүдө.

  • Азыр Кыргыз Республикасында 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу стратегиясы иштелип чыгып, талкууланып жатат. Биз дагы стратегиялык иш-аракеттер планынын долбооруна билим берүүнүн бардык баскычтарында коррупцияга каршы пропаганда боюнча окутуу программасын киргизүүнү пландап жатабыз. Башкача айтканда, мектептерде, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында коррупцияга каршы саясат боюнча сабактар окутулат. 2024-жылга чейин окуу программалары иштелип чыгат. Сабакты окута турган мугалимдер да даярдалат. Балким укук коргоо багытындагы окуу жайлар, ИИМдин Академиясына атайын курс катары киргизилиши мүмкүн, — дейт коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча сектордун башчысы Усупбеков Марат.

2020-жылдан бери бул сабак Кыргыз экономикалык университети, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы, Кыргыз улуттук университети, ИИМ Академиясы сыяктуу жети жогорку окуу жайында окутулуп келет. Ал үчүн “Коррупциянын алдын алуунун негиздери” жана “Коррупцияга каршы саясаттын негиздери” деген эки окуу китеби даярдалып, басылып чыккан, сабакты окута турган окутуучулар атайын даярдыктан өткөн.

  • 2019-жылы Ысык-Көлдө жайкы мектеп уюштуруп, бул сабакты өтө тургандарды окутуп, китептерди таратып бергенбиз. Китептердин авторлору жаңы стратегия бекисе ошого жараша окуу китебин кайрадан иштеп чыгабыз деп жатышат. Буюрса, ал китеп кайрадан иштелип чыкса, ЖОЖдорго таратып беребиз. Орто кесиптик окуу жайлар үчүн окуу китеби жок. Бирок ушул эле авторлор орто кесиптик окуу жайлар үчүн дагы окуу китебин иштеп чыгып бергенге даяр. Мектептер менен кесиптик лицейлерге Кыргыз билим берүү академиясы иштеп чыгат, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу милдети Кыргыз улуттук университети менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна жүктөлүүдө. Окуу программаларын иштеп чыгуу үчүн чоң каражат керектелет. Биз аны республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордон келип түшкөн каражаттан алууну пландап жатабыз, — дейт Марат Усупбеков.

Кандай гана жаңы иш башталбасын ал бир канча тоскоолдуктардан өтүп, кемчилиги акырындап түздөлөт. Бул жаңы башталып жаткан саамалык дагы барып-барып өз максатына жетет деген ишеним артып туралык.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер