БАЛДАРДЫН ДИНДЕР ЖӨНҮНДӨ БИЛИМИ БОЛУШУ КЕРЕК

  • 16.06.2022
  • 0

Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып 9-класстарга эки чейрек “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окутула баштайт. Бул сабакта дүйнөдөгү бардык диндердин тарыхы, адамзаттын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий маалымат гана берилет, агымдар жана конфессиялар жөнүндө сөз болбойт.

 

НЕГИЗГИ МАКСАТ ЭМНЕДЕ?

Мындай предметти киргизүүнүн зарылдыгы соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы менен түшүндүрүлөт. Президенттин жарлыгында  белгиленгендей, бул мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет.

Салттуу диндердин негиздерин билүү балдарга өзүн таанууну калыптандырууда, колдоодо жана сактоодо, экстремизм идеологиясын жана сабырсыздыкты алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.

«Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш», — деп айтылат жарлыкта.

Конфессиялар аралык тирешүүлөр курчуп, дүйнөдө диний экстремизм жосундары күчөп, терроризм менен радикализм тобокелчиликтери чектен ашкан азыркы шартта диндин жаралуу тарыхын, анын түпкү маанисин калкка туура түшүндүрүүнүн мааниси зор. Анткени өз ишениминин таржымалын жетик билген адам башка бирөөнүн жетегинде калбайт, экстремисттик жана террордук топторго кошулбайт.

“Азыркы ааламдашуу доору бир да мамлекет ар кандай ички жана тышкы коркунучтарга каршы жалгыз-жарым күрөшө албай турганын көрсөттү. Ал эриш-аркак биргелешкен күч-аракетти талап кылат. Мында, албетте, унутта калып бараткан улуттук каада-салттарды жандандыруу, ата-бабадан келаткан нарк-насилди сактоо, жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү чаралары да четте калбоого тийиш. Диндердин тарыхын таанып-билүүнүн түпкү таалим-тарбиялык мааниси да дал ушунда турат, — дейт мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов массалык маалымат каражаттарына берген маегинде.

 

ОКУУ МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКС ДАЯРДАЛУУДА

Президент Министрлер Кабинетине 9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу-методикалык усулун жыйынтыктап, экспертизадан өткөрүп, кайра басып чыгарууну,  7–8-класстар үчүн окуу-методикалык комплексин иштеп чыгып, апробациядан өткөрүп, экспертиза жүргүзүп, басып чыгарууну жана мугалимдердин,  профилдик мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттарынын кызматкерлеринин жана башка кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгууну тапшырды.

Өлкө мектептеринде «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Аталган предмет пилоттук долбоордун алкагында 2016-жылы 10 мектепке, 2020-жылы 56 мектепке киргизилген.

  • Бул жылдары предмет боюнча түзүлгөн мамлекеттик стандарт, окуу комплекси, окуу программасы, мугалимдер үчүн окуу-усулдук колдонмо жана окуу китеби сынактан өткөн. Тилекке каршы, пандемия убагында токтоп калган, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева.

Предметти окутуу концепциясынын негизинде даярдалган «Диндердин өнүгүү тарыхы» курсу боюнча предметтик стандартка таянуу менен 7-8-9 класстарда «Диндердин өнүгүү тарыхы» программасы иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө жаңы окуу жылына 9-класстарга предмет боюнча окуу методикалык комплекс даярдалууда.

  • Негизги маселе — бул предметти окутуу үчүн окутуучуларды даярдоо. Ал үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча окутуучуларды даярдоо боюнча билим берүү системасынын мыйзамык-укуктук нормативдик базасы, билим берүүнүн психологиялык-педагогикалык проблемалары, заманбап билим берүүдөгү маалыматтык технология, предметти окутуудагы окутуунун интерактивдүү усулдары камтылган 72 сааттык курстун модулу иштелип жатат. Мугалимдерди даярдоо курсу Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда 1-августтан баштоо пландалууда. Окуу-методикалык комплексти автордук топ даярдап жатат. Ал топтун ичинде окумуштуулар, мугалимдер бар, — дейт Кыргыз билим берүү академиясынын Кадрларды өнүктүрүү жана кайра даярдоо борборунун ага окутуучусу Дооталиев Асылбек.

Бул предметти өтүүгө тандалып алынган мугалимдер алгач окуудан өтүп, алган билимин тестирлөө же аңгемелешүү жолу менен тастыктагандан кийин гана сертификат ала алышат.

 

КИМДЕР ОКУТА АЛАТ?

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети азырынча 9-класстын окуучуларына жумасына бир сааттан өтүлөт, жалпы 34 саат бөлүнгөн. Андан кийин 7-8-класстарга этап-этабы менен киргизилет. Бул предметти диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адистер окута алат. Кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн “тарых мугалими” квалификациясы менен педагогикалык билими бар кадрлар дагы тартылат. Бирок аларга бул предметти окутуу үчүн уруксат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгынан кийин гана берилет.

  • Бул сабакты бере алам дегендер алгач мектеп директоруна арыз жазат. Андан кийин райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөр тарабынан алдын ала анализ жүргүзүлөт. Сабакты бере алам деген адис сөзсүз түрдө теология же тарых боюнча жогорку билимдүү болушу керек. Андан сырткары сөзсүз түрдө иштеген жеринен балдар менен иштеше ала тургандыгы боюнча сунуштамасы болушу зарыл. Азыр биз райондук билим берүү бөлүмдөрүнө сабак өтө ала туган мугалимдерди топтоо жана тандоо боюнча тапшырмаларды берип жатабыз. Алар ириде талапкердин документтерин, компетенциясын карап, аңгемелешүүдөн өткөрүшү керек, — дейт Самаркүл Умралиева.

Президенттин жарлыгына ылайык быйылкы окуу жылынан баштап “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдер “Дин таануу” адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларда даярдала баштайт. Ал үчүн атайын бюджеттик орундар каралат.

 

МУГАЛИМДЕРДИ ТАНДОО БАШТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштерин баштады.

Алгач тандоодо райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү арыз берген адамдардын документтерин кылдаттык менен карап чыгат. Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

— квалификациялык талаптарга жооп берген теология багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же тарых мугалими квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун түп нускасын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;

— эмгек китепчеси;

— мектептин директорунун атына мугалимдин арызынын болушу;

— иштеген жеринен сунуштама кат;

— 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер