БАЛДАРДЫ ТЕАТР АРКЫЛУУ ӨНҮКТҮРҮҮ – ИЙГИЛИКТИН ФОРМУЛАСЫ

  • 12.04.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору өткөргөн “Балдарды театр аркылуу өнүктүрүү – ийгиликтин фактору” аттуу мектеп  театр ийрим жетекчилеринин билимин өркүндөтүү курсуна келген 13 мугалим сертификатка ээ болушту.

БАЛДАРДЫ ТЕАТР АРКЫЛУУ ӨНҮКТҮРҮҮ – ИЙГИЛИКТИН ФОРМУЛАСЫ

Театр сүйүүчүлөр гана балдарды тарбиялай алат

Былтыр “Сейтек” борбору театралдык ийримдер үчүн К.Андерсендин жомоктору боюнча уюштурган республикалык онлайн-сынакка  25 жамаат катышкан болчу. Ошондо калыстар тобунун мүчөсү, КР эмгек сиңирген артисти, кыргыз драмтеатрынын башкы режиссеру Назым Мендебаиров сынактын катышуучуларынын жүрүм-турумун, сүйлөө кебин угуп эле,  ийрим жетекчилерин окутуу керек экенин айткан эле. Ошол пикирди эске алып, быйыл “Сейтек” борбору республиканын бардык мектептерине, чыгармачылык борборлорго кат жөнөтүп, ийрим жетекчилеринин билимин өркүндөтүү курсуна чакырышкан. Республикадан 13 театралдык  ийримдердин жетекчилери келип, он күн бою сахнада жүргөн этиканы, этикетти, сүйлөө кебин, жанрды тандоону, актерлук чеберчиликти өркүндөтүү, теория менен практиканы айкалыштырууну ж.б.у.с. темалардын тегерегинде билимдерин өркүндөтүштү.

— Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен сүйлөшүп, театралдык ийримдердин жетекчилеринин билимдерин жогорулатуу курсун уюштуруп, графикке койгонбуз. “Сейтектин” алдында эки театралдык студиябыз бар. “Деми арт” жана ШКИД. Жетекчилери атайын театралдык институтту бүткөндөр. Бул ийримдин тарбиялануучулары эл аралык фестивалдарга катышып, “Сейтектин” эле эмес, Кыргызстандын атын чыгарып жатышат. Керек болсо, пандемия шартында онлайн-сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишти. Бул жетекчилер да курстун угуучуларына өздөрүнүн ийримдери менен жакындан тааныштырып, тажрыйба алмашат, — дейт борбордун директору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Сабийра Челпакова.

Борбордун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын айтымында, мектепте ийримдерди кыргыз адабиятынын же кыргыз тили мугалимдери ар кайсы чыгармадан үзүндү алып, аны сахналаштырып кое беришет.

— Театралдык билими жок болгондон кийин, албетте, бул жетекчилер болгону пьесанын аткарылышына гана көңүл бурушат. Маселен, былтыркы сынакка катышкандар ошол бойдон эле тынчып калышты. Демек, бул ийримдер ырааттуу иштебейт окшойт. Ал эми толук кандуу иштеп жаткандардын көбүнчөсү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында экенин көрдүк, — дейт Ира Балтабаева.

Келген жетекчилер практикадан сырткары “Балдар менен иштөөдөгү психологиялык өзгөчөлүктөр”  деген темада окулган лекцияны кунт коюу менен угуп, дагы ушундай нуктагы лекцияларга муктаж экенин айтышты. Бул лекцияны эл аралык Коучинг Эриксон университетинин бизнес-тренери, коуч Т.М.Калчаева окуду. Ал эми практикалык жактан КР эмгек сиңирген артисттери Г.С.Кетова менен Н.Мендебаировдор кептин техникасы жана маданияты, сценалык пластика, балдар драматургиясы, театрдын жанрлары, ритмопластика, спектаклдерди кантип коюу керек, импровизация  ж.б.у.с. маселелерге кенен токтолушту.

ШКИД театрынын жетекчиси Бакыт Көйкеловдун айтуусунда, балдар менен иштөө абдан оор жана татаал. ШКИД театрынын катышуучулары өспүрүмдөр жана  студенттер.

— Жетекчилер менен классикалык театрга байланыштуу маселелер тууралуу кеп курдук. Мен маселен, эң опурталдуу курактагы балдар менен иштейм. Абдан оор. “Сейтектин” директору С.Челпакованын колдоосу менен көп ийгиликтерди жараттык. Ал киши биздин кичинекей чакан жамаатыбыздын апасы деп койсом жаңылышпайм. Айтайын дегеним, ар бир мекеменин жетекчиси театрга күйүп-бышып, бардык шартты түзүп берсе эле мыкты актерлор чыкмак, — дейт режиссер.

Театр – бийик трибуна

БАЛДАРДЫ ТЕАТР АРКЫЛУУ ӨНҮКТҮРҮҮ – ИЙГИЛИКТИН ФОРМУЛАСЫ

— Балдар театрларынын жетекчилери энтузиазм менен иштеп жатышат. Балдарга бир нерсе үйрөтөлү деген театр сүйүүчүлөр. Кээ биринин театралдык билим бар экен, көбүнчөсүнүкү жок. Эң башкысы буларга балдар менен иштөөнүн ыкмаларын, милдет, максат койгонду, тапшырма бергенди үйрөтүшүбүз керек деп ойлойм. Ошондой сабак өттүм. Эң башкысы театрды терең түшүнгөнгө жардам беришибиз керек. Анын ички түзүмү, заманбап өнүгүүсү, актердук чеберчилик боюнча түрдүү окуулар, агымдар  көп. Образ табууда илгертен бери калыптанып келаткан көз караш менен кошо заманбап да көз караштар бар. Ушул убакытта актер кылып чыгарып коем дегенден алысмын. Бирок көп иштерге  түрткү бере алам. Маселен, кайсы китепти окуу керек, кандай багытта билим алуу керек ж.б.у.с. багыт бере алам. Практикалык бөлүгүндө сахна кыймылынан баштап актерлук чеберчилик, этика, этикет, спектаклди музыкалык жасалгалоо, аны коюуда эмне өзгөчөлүктөр бар экенине токтолдук. Ошондой эле прозалык чыгарманы драмага айлантуу, диалогго кантип байлаш керек, режиссердук анализге негиздеп туруп окуттум. Жанр боюнча көп суроо беришти. Советтер Союзу убагында атайын балдар драматургу үчүн конкурстар жарыяланып, акчасын коюп, балдар үчүн чыгарма жаратышчу. Азыр андай сынакты ким жарыялайт? Балдар драматургиясы кооптуу ахывалда турат. 1990-жылдардан кийин 3-4 пьеса жазылса керек. Башка жок. Ошон үчүн колго эмне тийсе ошону кое бермей. Бир жылдары Москвада өспүрүм бала класска кирип, өзүнүн классташтарын атып салган. Ошондон 2-3 күн өткөндөн кийин В.Путин театрда иштеген Безруков, Ермольник сыяктуу чоң-чоң актерлорду чакырып, мындай деп сүйлөшкөн: “Мен бала кезде театралдык ийримге барчумун. Ошол ийрим көп балдарды оңдогон. Эгер сиздер,  ар бир белгилүү адам бир мектепке барып, ийрим ачып, балдар менен иштеп, жакын болсоңор тегерегиндеги жок дегенде 15-20 баланы оңдойт элеңер. Ал ийрим койгон спектакль  бүткүл мектепке таасирин бермек. Театр – бийик трибуна. Ошол жерден тамеки чекпе, арак ичпе, ата-энеңе жаман сүйлөбө деп айтсаңар балдар угат, таасирдүү болот.  Театрдын касиети, күчү болот”.

БАЛДАРДЫ ТЕАТР АРКЫЛУУ ӨНҮКТҮРҮҮ – ИЙГИЛИКТИН ФОРМУЛАСЫ

В.Путиндин айтканында калет жок, Кыргызстанда балдардын театрын кой, чоң театрлар кароого, коргоого муктаж. Акыркы эки жыл ичинде эле айрым театрлар оңдолуп-түзөлүп башталды, элдер илгеркидей театрга бара башташты. Эми чын эле ыйык сахнадан өспүрүмдөрдүн жүргөн-турганы тууралуу спектаклдер коюлса, аны өздөрү балдар ойносо канчалаган тентек балдарды оң жолго коймок элек. Мына ушундай жакшы ниет менен “Сейтек” борборунун чыгармачыл жамааты ушунун үстүнөн көп жылдан бери иштеп келатышат. Өзгөчө ШКИД театры өспүрүмдөргө компьютер оюндарынын зыяндуулугу тууралуу мектептерге чыгып койгондо, аншлаг менен өтүп, өспүрүмдөр терең ойлонуп, көп жакшы пикирлерин калтырышкан болчу.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер