Балдарды өнүктүрүү борбору, үй-бүлөлүк бакча, арзан насыя: Бала бакчаларды ачуунун көп амалы

  • 11.04.2024
  • 0

Кыргызстанда бакчага барган балдардын санын көбөйтүү көрсөткүчүн үстүбүздөгү жылы 40 пайызга, эки жылда 50 пайызга жеткирүү милдети турат. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде болгон жыйында министр Догдуркүл Кендирбаеванын балдарды мектепке чейинки билим берүү кандай стратегия менен ишке аша тургандыгы жөнүндө билдирүүсүн укту.

Балдарды өнүктүрүү борбору, үй-бүлөлүк бакча, арзан насыя: Бала бакчаларды ачуунун көп амалы

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү тапшырмасы коюлган.

“Бала кайсы жерде болсо да, баары бирдей билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек” — деди Акылбек Жапаров.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын көбөйтүү максатында мамлекет көптөгөн тоскоолдуктарды жоюп, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Мисалы, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамда кабарлоо жолу менен жеке менчик бала бакчаларды ачууга мүмкүндүк берилди. Учурда https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/ платформасы иштелип чыгып, менчигинин түрүнө жана формасына  карабай балдар бакчасын  ачууга билдирүү бере  алышат.

Альтернативдүү бала бакчалар

“Балдарды багуу эмес, өнүктүрүү системасына өтөбүз”, — деди билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева отурумда жасаган баянында.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте  ЮНИСЕФтин колдоосу менен китепканалардын базасында 248 балдарды өнүктүрүү борбору түзүлгөнүн билдирди.

Төмөндөгү инфографикада мектепке чейинки билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр кенен көрсөтүлгөн.

Балдарды өнүктүрүү борбору, үй-бүлөлүк бакча, арзан насыя: Бала бакчаларды ачуунун көп амалы

 

15-апрелге карата Нарын облусунун Кочкор районунда да 21 ушундай бала бакча ачылууга даяр.  Май айынын аягына чейин өлкө боюнча 240, ноябрь айына чейин 250 обьекттин ачылуусу күтүлүүдө. Аталган 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы төмөнкүдөй имараттарда:

  • 258 орто мектеп, гимназиянын базасында;
  • 230 балдар бакчаларынын базасында;
  • 13 клубдарда;
  • 17 ФАПтын имаратында;
  • 7 административдик имараттарда;
  • 35 айыл өкмөтү сунуштаган түрдүү имараттарда ачылат.

Мындан сырткары,

  • Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 36 үй тибиндеги балдар бакчалары иштеп жатат. Бул программаны республикага жайылтуу иштери башталды. Үй тибиндеги балдар бакчалары үчүн минималдуу санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптары иштелип чыгып, бекитилди.
  • Имараттарды эффективдүү колдонуу (уктоочу бөлмөлөрдү өнүктүрүү бөлмөсүнө өзгөртүү) Бишкек шаарынын №1 «Шоола» балдар бакчасында пилоттук негизде жүргүзүлдү. Республика боюнча балдар бакчасында 4909 өз алдынча   уктоочу бөлмөлөрү бар. Ал бөлмөлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүнө айлантуу менен кошумча 122 000 баланы балдар бакчасына тартууга мүмкүн. Анын ичинен 2024-жылы  2400 бала бакчаны эффективдүү колдонууга өткөрүү пландалууда. Мында 60 000 баланы камтуу менен 4800 жумушчу орун түзө алабыз. Бул боюнча “Аймактарды өнүктүрүү жана социалдык кызматташтык” коомдук фонду менен бирге иш жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын трансформациялоо: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн жаңы ыкманы колдонуу” тескемеси даярдалып, кароого киргизилди.
  • Үй-бүлөлүк балдар бакчасын уюштуруу максатында Министрлер кабинетинин токтом долбоору даярдалып, талкууга коюлду. Мында:
  • мамлекет мектепке чейинки билим берүү же өнүктүрүү кызматын каржылайт, б.а. тарбиячынын балдарды окуткан же өнүктүргөн айлык акысын гана төлөйт.
  • Жеке менчик өнөктөш жана ата-эне — имарат, коммуналдык, инфраструктуралык чыгымдарын көтөрөт. Ата-энелерден ушул чыгымдарын жана тамактануусун төлөтсө болот.

Балдарды өнүктүрүү борбору, үй-бүлөлүк бакча, арзан насыя: Бала бакчаларды ачуунун көп амалы

Жеке секторду  тартуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө жардам берет, натыйжалуу башкаруу жүрөт жана инновациялар аркылуу билим берүүнүн сапатын жакшырат, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү системасынын өнүгүшү үчүн каржылык база кеңейет. 2024-жылы 500 үй-бүлөлүк балдар бакчасын ачууну пилот жүргүзүү менен 12 500 балага мамлекет тарабынан эмгек акы берүү каралууда.

Балдарды өнүктүрүү борбору, үй-бүлөлүк бакча, арзан насыя: Бала бакчаларды ачуунун көп амалы

Билим берүү жана илим министрлигинде ачылган балдарды өнүктүрүү бөлмөсү

  • Балдарды өнүктүрүү бөлмөсү министрликтин имаратында уюштурулду. Бул модель кыска аралыкта мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер жерлерде ыкчам жаңы өнүктүрүү кызматтарын уюштурууга ыңгайлуу. Негизги максаты Балдарга сапаттуу өнүгүү кызматтарын тартуулоо, ыкчам шарттарын түзүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, жеке менчик жана мамлекеттик өнөктөштүк боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү.
  • Административдик-аймактык реформанын алкагында бошотулган имараттарды бала бакча катарында колдонуу. Министрлик аймактагы билим берүү бөлүмдөрү менен бирге бала бакча мектептерге болгон муктаждыкка анализ жүргүзгөнүн билдирүүдө. Жыйынтыгында 167 айыл аймактагы имараттар бошотууга жатат. Анын ичинен бүгүнкү күндө:
  • 3 имарат учурда бала бакча багытында пайдаланууга берилди;
  • 139 имаратта бала бакча ачууга сунуш берилди, ал жерлерде муктаждык абдан жогору;
  • 3 имарат мектеп катары пайдаланууга сунушталды;
  • 15 имаратты билим берүү багытында пайдаланууга муктаждык жок;
  • 5 имарат авариялык абалда;
  • 2 имаратты айыл аймак убактылуу колдонгонго байланыштуу бошотуп бере тургандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому кабыл алынды.

Анда:

  • 2024-жылдан баштап мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү каралды;
  • бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун тизмеси бекитилди;
  • педагогикалык багыттагы ЖОЖдордо мектепке чейинки билим берүү уюмдары түрүндө практикалык лабораторияларды түзүү;
  • мамлекеттик жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу;
  • менчигинин түрүнө карабай балдар бакчасын курууда тышкы жана ички инженердик тармактарды туташтырууну камсыздоо;
  • мектепке чейинки билим берүү уюмун куруучу жеке жактарга 49 жылдык мөөнөткө жер участогун ижарага берүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык балдар бакчасын куруп берген меценаттардын ысымдарын ыйгаруу каралды.

Айнагул КАШЫБАЕВА, Элвира КАКИЕВА

«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер