БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА ЫКТЫЯРЧЫЛАР

  • 05.10.2022
  • 0

Тоолуу өлкөбүздө ыктыярчылык иштери кадам сайын жолукпаса да, ара чолодо учурап калат. Ишемби күнү Токмоктогу Чүй жатак-мектебинде ушундай ак пейил адамдардын аракетине күбө болуп кайттык.

Бул күнү мугалимдер менен тарбиячылар шаардык ишембиликте экен, бизди эшик алдынан китепканачы  Нургүл Молобекова тосуп алып, жатак-мектептеги акыркы жагымдуу жаңылыктар менен учкай тааныштырып, анан түз эле мындагы тарбиялануучулардын сүйүктүү жайы — китепканага жол баштады.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Эртең мененки убакыт болсо да китепкана ичи бош эмес. Кирип-чыккан көп.

— Алгач 2004-жылы тарбиячы болуп ишке орношком. 2009-жылы Токмоктогу маданият колледжин аяктагандан бери китепканачы болуп иштеп жатам, -деди  Нургүл.

Китепкана чакан болгону менен  текчелерине тизилген кызыктуу китептер көргөн адамдын көз жоосун алат. Баары ирети менен коюлуптур. Былтыркы «Активдүү окурман» сынагынан баян салган сүрөттөрдү карап жаттык. Жеңүүчү аталып, телефон, смартсаат, наушникти белекке алган окуучулардын жыймайган сүрөттөрүн көрүп, арадан жыл өтсө да таймашта жылдызы жанган балдар-кыздардын кубанычына орток болдук.
Китепканачы өзүнүн көп жылдык табылгаларынан да айтып отурду.

— Башталгыч класстардын окуучулары сүрөттүү китептерди жакшы көрүшөт. Никита аттуу окурманым бар. Китептин сүрөттөрүн көрсөтүп, баш жагын айтып берем. Эртеси келип, «Менин жанагы китебим кана?» деп сурайт. Ошентип, шар окуганды үйрөндү, — дейт Нургүл.

Китепканачы демөөрчүлөрдүн жардамына ыраазы экенин айтат. Китепканада 3000 китеп болсо, анын миңдейи окуу китептери экен. Быйыл демөөрчүлөр 10-11-класстын окуучуларына жаңы окуу китептерин сатып бериптир.

Өмүрүн ушул сыймыктуу кесипке арнаган Нургүл Молобекова менен жылуу коштошуп, ишемби күнү өтүлүүчү ыктыярчы мугалимдердин сабактарына бет алдык.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Биз баш баккан класста «Жароокер» кайрымдуулук фондунун ыктыярчысы, мекендешибиз Илгиз Абдымомунов өспүрүмдөргө англис тилинен сабак өтүп жатыптыр. Мугалимдин уруксаты менен сабакка кирип, окуучулар менен мугалимдин окуу ишмердигине байкоо салдык. Жалаң англис тилинде сүйлөп жатышты. Түшүнбөгөн сөздөрдү балдардын эне тилинде жазып бергени, кырдаалдар боюнча окуучуларды жандуу пикир алышууга тартканы, ар кандай интерактивдүү усулдар аркылуу балдарды англис тилинде сүйлөөгө эмитен багыттап жатканы жакты. Окуучуларынын арасында англис тилинде өз оюн билдирип, сүйлөп калгандары бар экен. Ушуга биз да кубандык. Сабактын соңунда ыктыярчы мугалим менен кенен пикир алышканга да үлгүрдүк.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

— Сабактарыбыз ишемби күндөрү гана өтүлөт. Ошентсе да, англис тилин үйрөнүүгө өспүрүмдөрдүн кызыгуусу зор. Мен 2019-жылдан бери мында келип, сабак берип жүрөм. Учурунда балдар үйүнөн тарбия алган, азыр англис, корей тилинде эркин сүйлөгөн тааныштарымды, өз ишинде ийгиликке жеткен ишкерлерди да чакырып турам. Алар убакытты кантип туура бөлүштүрүү керек,  акчаны кантип үнөмдүү пайдаланса болот, максат коюп жашоонун артыкчылыгы тууралуу айтып беришет. Жакында англис тилинен практикалык сабакка чет өлкөлүк досумду чакырам. Ал бир аз болсо да кыргыз тилин билет, — деп айтты ыктыярчы мугалим.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Илгиздин сабагынан кийин британиялык эки ыктыярчы мугалимден кабар алганы жөнөдүк.
«Мен 29 жылдан бери ыктярчылык менен алектенем. Эртең Амстердамга учам» деген Джим аттуу ыктыярчы айым окуучулар менен бирге сүрөткө тартып алалы десек, макул болбоду. Бажырайган балдардын сүрөтүн тартып, класстан чыга бердик.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Ал эми жатак-мектептин сыртында иш кызуу жүрүүдө.  Мектептин бардык терезелери заманбап терезелерге алмашканы дароо көзгө урунду.

Реформатор жетекчи Назгүл Мусаева кыялданган «Акылмандар үйү» курулуучу жердеги эски имараттын дубалдарын бузуп жаткан жумушчуларды көрдүк.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Футбол аянтчасы бүтөйүн деп калыптыр. Меценат Нургалиев салып жаткан жатак корпус алыстан бой керет. Сүрөткө тартып алдык.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ЫПЫСЫК НАН ЖАНА  ЫКТЫЯРЧЫЛАР

Ишемби күнү экенине карабай мындагы окуу, курулуш иштери үзгүлтүксүз  жүрүп жатканы бизди таң калтырды. Анан көп нерсе, туура жүргүзүлгөн менеджментке,  жетекчинин демократиялык жетекчилик стилине байланыштуу экенин түшүндүк.

Балдар үйүндөгү тарбиялануучулар эч кимден коркпой, келечегине ишенимдүү карап жашап, окуп, билим-тарбия алып жатканына күбө болдук. Ичкен тамагы да үйдүкүнөн кем эмес. Балпайган ашпозчу эженин колунан биз да үй каймагын ыпысык нанга кошуп чай ичтик. Даамын айтпаңыз!
— Директорубуз демөөрчүлөргө кайрылып, балдар үйдөгүдөй  колдо бышырылган нан жесин деп, нан бышыруучу электромеш сатып берген, — деди ашпозчу эже.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер