“БАЛАЖАН” МЕНЕН “АРТЕК” — БАЛДАР ДОСТУГУНА КӨПҮРӨ

  • 17.03.2021
  • 0

“Балажан” балдар борборунун беш кызматкери “Артек” эл аралык балдар борборуна үч айга барып, квалификациясын жогорулатат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна барганда билдирди.

Россия Федерациясынан келген меймандар КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин коштоосунда “Балажан” балдар борборуна барып, борбордун эмгек жамааты, чыгармачыл балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушту.

Алдыңкылар “Артекке” барышат

РФ делегациясы “Балажан” балдар борборунун ишмердиги менен таанышып чыкты. Жолугушуунун алкагында “Артек” эл аралык балдар борборунун директору Константин Федоренко балдарга руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү маселесинин тегерегинде борбордун кызматкерлери, өнөрлүү балдар жана алардын ата-энелери менен пикир алмашты. “Балажан” борборунун жүргүзүп жаткан иштерине жогору баа берген ал: “Сиздер окуу-усулдук борбор катары балдар үчүн абдан чоң эмгек жасап жаткандыгыңыздар көрүнүп турат, бул келечек муундарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ. Балдарда чыгармачылык жана креативдүүлүк кеңири өнүккөндүгү байкалып турат.  Бала үчүн жумшаган эмгегиңиздерге терең ыраазымын” – деп, суктануу сезимдерин жашырган жок. Ал өз сөзүндө кыргызстандык кесиптештерин балдардын чыгармачылык дараметин өркүндөтүү багытындагы долбоорлорго  биргелешип иштөөгө чакырып өттү.

“БАЛАЖАН” МЕНЕН “АРТЕК” - БАЛДАР ДОСТУГУНА КӨПҮРӨ

“Балажан” РЭТОУБ директорунун орун басары Замира Молдалиева, жолугушуу учурунда тарбиянын инновациялык усулдары боюнча “Балажан” борбору жүргүзгөн илимий иштерин жайылтууга арналган бир нече жаңы долбоорлор талкууланганын билдирди.

— “Артек” эл аралык балдар борборунун директору Константин Федоренко жаш өспүрүмдөрдү ар түрдүү багытта даярдоо жана такшалтуу, балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу уюштуруу, тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн “Балажан” борборунун беш мугалимине 2021-жылы “Артек” Эл аралык балдар борборунан орун берилерин кабарлады. Эки өлкөнүн билим жаатындагы кызматташтыгынын алкагында алар үч айлык стажировкадан өтүп келишмекчи. Биздин билим берүү тутумундагы алгачкы жаңы долбоорго “Балажан” катышып жаткандыгына чексиз кубануудабыз, — дейт.

“БАЛАЖАН” МЕНЕН “АРТЕК” - БАЛДАР ДОСТУГУНА КӨПҮРӨ

Былтыр 95 жылдыгын белгилеген “Артек” балдар борборун кимдер гана билбейт?! Союз маалында түптөлүп, союздун курамындагы республикалардан эң мыкты окуган балдарды кабыл алып, алардын окуусуна эле эмес, андан кийинки турмушуна трамплин катары өчпөс чыйыр салып берген айтылуу “Артекке” тажрыйба арттырууга аттана турган агартуучулардан сырткары, РФ агартуу министри Сергей Кравцов “Артекке” барууга 150 сертификатты белекке тартуулаганы да кубанычтуу жаңылык болуп калды.

“Балажандын” балдарынын белеги

Россиядан келген делегацияга “Балажандын” таланттуу балдары кыргыздын улуттук аспаптарында күүлөрдү ойноп, ыр-бийлерди аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жаш өнөрпоздордун жагымдуу музыкалык программасына күбө болушкан меймандар, андан тышкары, “Ысык-Көл досторун чакырат” Эл аралык этно-карнавалы туурасында тартылган видео тасманы көрүштү. Борбордун кичинекей уз-чебер балдарынын өз колдору менен даярдалган кийиз паннолор эстеликке белек катары тартууланды.

“БАЛАЖАН” МЕНЕН “АРТЕК” - БАЛДАР ДОСТУГУНА КӨПҮРӨ

РФ агартуу министри Сергей Кравцовдун бул кызматындагы чет өлкөгө алгачкы иш сапарында эки өлкөнүн агартуу министрлери биргелешкен Биринчи иш-чаралар планын бекитишкенин белгилеп кетсек болот. Бул жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын август айына карата көрсөтүүгө ниеттенип жатышкан мектептердин типтүү долбоорун жана алардын курулушуна карата техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана жабдуу маселесин чече турганын белгилешти. Кызматташтык алкагында КР Билим берүү жана илим министри сунуштаган мектеп + бала бакча форматында билим берүү комплекстерин куруу, ошондой эле Бишкек шаарында республикалык кошумча билим берүү борборун куруу мүмкүнчүлүгү да каралмакчы.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер