БАЛАНЫН КЫЯЛЫ МЕНЕН КОШО ЖАШАГАН ЗИНА ЭЖЕЙ

  • 27.09.2021
  • 0

“Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал — жакшы мугалим. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим” деп айтылат эмеспи. Төмөндө жумушуна да, окуучуларына да сүйүүсүн арнай алган, мыкты мугалим катары элүү жылдык өмүрүн бала тарбиялоого арнаган, окуучулардын экинчи энеси, жаш кадрдын насаатчысы, бир үй-бүлөнүн мыкты келини, балдардын апасы, өмүрлүк жолдошунун сүйүктүү жубайы, эңбашкысы жөнөкөйлүктүн символу боло алган Зина Торгоева жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

БАЛАНЫН КЫЯЛЫ МЕНЕН КОШО ЖАШАГАН ЗИНА ЭЖЕЙ

Элүү жыл. Айтканга оўой болгону менен, манжалап эсептей келгенде жарым кылымдык бүтүндөй бир өмүр. Ал өмүрдү эңтатыктуу кесипке – мугалимдикке арнап коюп, ага баш-оту менен кирип, өз балдарынан да өўгөнүн балдарын артык көрүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Торгоева Зина мугалимдик эмгек жолун 1969-жылы Чоў-Кемин районундагы Шабдан айылынын Шабдан орто мектебинен баштаган. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, Зина эжей ошол жылдан 2020-жылга чейин мотурайган бөбөктөргө “А” тамгасын таанытып, класс жетекчи, тарбиячы катары балдардын жан дүйнөсүнөн орун ала алды.

Биринчи мугалим — ар дайым бала үчүн идеал. Ар бир бала ошол мугалиминдей болгусу келет, мугалимин туурайт, мугалимдин айткан жолу менен басат, мугалиминин айтканынан чыкпайт, мугалимдин айтканы ал үчүн мыйзам. Мугалим дагы ошол баланын кыялы менен кошо жашап, кыялы менен кошо эргип сабак өтүп, келечегине таасир эте алышы керек. Бул болсо агартуучудан эңчоңталантты жана талыкпас эмгекти талап кылат. Зина эжейде мындай талант да болду, мугалимдик оор түйшүктү тартуудан эч талбады. Окуткан окуучуларынын алды алтымыш жашка чыгайын деп калса да азыркыга чейин астынан чыкса эжейлеп, айылга келсе издеп барып учурашып, мектепте, айылда өткөн иш-чараларда төргө отургузуп, сый-урматка бөлөп келишет.

БАЛАНЫН КЫЯЛЫ МЕНЕН КОШО ЖАШАГАН ЗИНА ЭЖЕЙ

Мугалим – бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Анын жетишкендиги кайсы бир мезгилди оўдогондой болсо, кемчилиги кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого болгон көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мугалимдин эмгегинен көз каранды. Айтайын дегенибиз, Зина эжейдин ак эмгеги текке кеткен жок. Ал окуткан балдардын алды дүйнө кыдырып жүрсө, өзүнө окшоп мугалимдик түйшүктүн жүгүн тартып жаткандары да бар. Биринчи бүтүрүүчүсү Чойбеков Адыл мугалимдик кесипти тандап, жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин өз айылына барып, алгач мугалим, андан кийин мектептин директору болуп иштеди.

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ачылып, билим берүү тармагында оозго алынып келе жаткан “Билимкана” жеке мектептеринин негиздөөчүсү да Зина эжейдин окуучусу. Тойчубаев Төлөн сүйүктүү эжейин Шабдан айылында ачылган мектебине чакырып, мектепке келген балдарды өзүнүн эңишенимдүү, эңсүйүктүү эжейинин колуна тапшырган. Бул мектепте Зина эжей 2012-жылдан өткөн 2020-жылга чейин иштеп, азыр ардактуу эс алууда.

– Билимканага чет мамлекеттен делегаттар көп келет. Ошолорго дайыма Төлөн мени биринчи эжейим деп тааныштырып, мени менен сыймыктана турганын айтып турат. Мен дагы өз окуучуларым менен ар дайым сыймыктанам. Ошолордун жолу ачык болсо экен, илимдүү-билимдүү болушса экен деп тилейм. Кудайга шүгүр, окуткан балдарым жаман чыккан жок. Алды минтип мектеп директору, жеке менчик мектептердин ээси болуп жатса, мамлекеттик чоў-чоңкызматтарда иштеп жаткандар, жеке ишкерлик менен алектенгендер да көп. Чет мамлекеттерге чыгып кеткендер да жок эмес. Өзгөчө Россияга баргандар “Эжей, бизди ырас эле катуу кармап, талапты катуу коюп, жакшы окутуптурсуз, кайда барсак да орус тилинен эч кыйналган жокпуз” деп ыраазы болуп калышат. Чынында мурун айылда орус тилдүү калк аз болгондуктан мектепке орусча бир сөз билбеген балдар барышчу. Ошолорду төрт жылда тамга таанытып, орусча сүйлөтүү биз үчүн абдан кыйын эле. Азыр болсо мугалимдерге жеўил. Себеби балдар интернеттен эле түрдүү мультфильмдерди, видеолорду, өнүктүрүүчү сабактарды көрүп жатып, мектепке даяр барып жатышат, — дейт Зина Исманбаевна.

Балдарды, кесибин сүйгөн Зина эжей өз балдарына гана эмес, неберелерине да татыктуу билим, тарбия берип келет.

– Менин эки балам бар. Улуу кызымдын биринчи мугалими. Жумуш деп жүрүп балдарым мектепти бүтүп кеткенчекти бир дагы чогулушуна барган жокмун. Баарына апам барып, кандай маселе болбосун баарын өзү эле чечип койчу, — дейт кызы Айнура.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Зина Исманбаевна өмүрлүк жолдошу Раимжан Байгазинов менен бир кыз, беш баланы татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Учурда чөбөрө көрүп, ардактуу эс алууга чыгып, бактылуу карылыкта күн кечирип жаткан кези. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, балдары да чоңкызматтарда иштеп, элге ак кызматын кылып келишет.

БАЛАНЫН КЫЯЛЫ МЕНЕН КОШО ЖАШАГАН ЗИНА ЭЖЕЙ

Бул жубайларды Шабдан айылынын эли үлгүлүү үй-бүлө катары билишет жана жөнөкөйлүктүн символу катары баалашат. Себеби алардын эч качан бири-бирине баш көтөрүп катуу сүйлөгөнүн, бири-бири менен урушканын, балага кол көтөрүп, катуу айтканын көрүшкөн эмес. Өмүрлүк жолдошу Раимжан дагы өмүр бою чоңкызматтарда иштеп, жасаган иши, элге кылган мамилеси менен үй-бүлөсүндө гана эмес, айыл ичинде кадыр-баркка ээ болгон мыкты инсан.

Айылдын жаш келиндери келин болсоңЗина жеўедей келин бол дешип, үлгү кылып турушат. Себеби Зина Исманбаевна Кыз-келиндер институтунда 2-курста окуп жүрүп турмушка чыккан. Кайын ата, кайын эненин колунда болду, удаа балалуу болуп, турмуштун түйшүгүн тартты. Эңбашкысы кайын энесин сыйлаган, сырдашкан келини болду.

– Чоң апам сексенден өтө жашады. Ошондо кырк жыл бою апам чоңапамдын колунда болду. Ушунча жыл чогуу жашап апамдын чоңапамдын алдынан кыя өткөнүн, баш көтөрүп сүйлөгөнүн, үнүн бийик чыгарганын көргөн жокмун. Чоңапам апама ыраазы болуп кетти. Апам күнү мектептин түйшүгүн, кечинде келип үйдүн түйшүгүн бирдей тартты. Үйдө ишим көп эле деп мектепти таштаган жок. Качан болсо жумушка бийик такалуу бут кийим кийип барчу. Ошондон уламбы, айтор, мага мугалим дегенде жарашыктуу кийинген, колунда ичи толо дептер салынган кол баштыгы бар, тыпырайган эжейлер көз алдыма элестей берет. Кичинекейимде апамды карап көп суктанаар элем. Себеби окуткан балдары дайыма эртеңменен эрте келип эшиктин алдында апамды күтүп турушчу. Чыгаары менен колундагы баштыгын талашып алып, жетелешкен бойдон мектепке кетишчү, — дейт кызы Айнура.

Убагында Зина эжейди кайын энеси кандай колдосо, азыр өзү колундагы мугалим келинин ошондой колдоп, сүйүктүү кесибин эч кыйынчылыксыз аркалашына себепкер болуп келет. Кайын эненин камырынанбы, айтор, келини Гүлзат дагы мыкты келин, мыкты мугалим, мыкты апа. Дээрлик 20 жылга жакын убактан бери мектеп менен бирге. Учурда “Билимканада” директордун орун басары болуп иштеп, бала тарбиялоо деген ыйык милдетин татыктуу аткарып келет.

Ушундай жөнөкөйлүктүн символу, окуучулардын идеалы, эңмыкты агартуучу болгон Зина эжейдин эмгеги дагы бааланбай калган жок. Ал райондун, облустун, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Эңбашкысы — өзү окуткан окуучуларынын сүйүктүү эжейи.

Чолпон Кийизбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер