“БАЛА ТАРБИЯЛОО — ТАШТЫ КЕМИРГЕНГЕ ТЕТЕ”

  • 02.02.2023
  • 0

“БАЛА ТАРБИЯЛОО — ТАШТЫ КЕМИРГЕНГЕ ТЕТЕ”

Сүрөт интернеттен алынды. 

Азыркы муунду тарбиялоодо ар бирибиз балага карата мамилени, алардын курактык ɵзгɵчɵлүктɵрүн, балдар психологиясын жакшы билишибиз керек. Себеби биз 21-кылымдагы илим менен техника ɵсүп-ɵнүгүп турган, санарип доордо жашап жатабыз.  

 

АЗЫРКЫ  БАЛДАРДЫН АҢ-СЕЗИМИ, КЫЗЫГУУСУ, ТҮШҮНҮГҮ КАНДАЙ?

Бизде бүгүнкү күндɵ балага билим берип, тарбиялоодо кандай кемчиликтерди кетирип, эмнени туура эмес кылып жатабыз деген суроолор көп жаралууда. Биздин муун Z жана Альфа муундагы балдар. Азыркы доор компьютердик технологияны мыкты ɵздɵштүргɵн, учурдун талабындагы кɵндүмдɵргɵ тез ыңгайлашкан, ой жүгүртүүсү кенен, акылдуу балдардын доору.

Муундар теориясынын негиздөөчүлөрү — Нил Хоу жана Уильям Стросс 1991-жылы ар кайсы курактагы адамдардын орток философиясына негизделген концепцияны иштеп чыгып, “Муундар” китебин чыгарган. Анда муундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Эң улуу муун (1901-1925);
  • Yнсүз муун (1925-1944);
  • Беби бумер муун (1944-1967);
  • X муун (1967-1984);
  • Y мууну — millennials (1984-2000);
  • Z мууну — (2000-2011);
  • Альфа муун — (2011-жылдан бери).

Z муун — мурунку бардык муундардан айырмаланып, руханий баалуулугу жогору. Алар үчүн эң маанилүү критерий – бул руханий компонент. Жаратмандыкты каалаган муун.

Альфа мууну — «жүз жылдыктардан» кийинки муундарды белгилөөнүн варианттарынын бири. Бул терминди австралиялык окумуштуу Марк Маккриндл сунуштаган. Анын айтымында, «альфалар» 2010-жылдан кийин төрөлгөн балдар.

А мууну (альфа) жаштайынан эле өзүн-өзү сыйлоо сезими жана улуулар менен бирдей деңгээлде баарлашуусу менен мүнөздөлөт. Аларга интерактивдүү жекелештирилген программалар жана окутуу ыкмалары керек болот. Анткени билим берүүнүн өзү да, адамдардын маалыматты кабыл алуусу да өзгөрөт. Дүйнөлүк тенденцияларга караганда, балдардын көп пайызы онлайн окутууга өтөт. «Зумерлерден» да эртерээк, алар эмнеге умтулуу керектиги жөнүндө так билдирүүлөрдү түзүшөт. Аны илим, технология деп белгилешет.

Крэнфилд университетинин профессору Джо Неллис альфа мууну али жок жумуштарды аткарарын белгилейт. Демек, бүгүнкү жаңы муундун ой жүгүртүүсү, акыл-эс жɵндɵмү жаратмандыкка, ɵз алдынча кɵйгɵйдү чечип, жыйынтык, натыйжага жетүүгɵ, аналитикалык ой жүгүртүүгɵ даяр балдар.

“БАЛА ТАРБИЯЛОО — ТАШТЫ КЕМИРГЕНГЕ ТЕТЕ”

Z  ЖАНА АЛЬФА МУУНУДУН БАЛДАРЫ

21-кылымда негизги 16 кɵндүмдү ɵнүктүрүү, турмушка пайдалана билүүгɵ тарбиялоо маанилүү болууда. Блумдун таксономиясындагы ой жүгүртүү пирамидасынын жогорку бɵлүгүндɵ жаратмандык коюлду. Коом IT адиске, жаратмандарга, креативдүү инсанга, архитектор, дизайнер, илимде, технологияда жаңы ачылыш жасаган адамдарга муктаж. Ааламдашуу заманында эбегейсиз ɵзгɵрүүлɵр болуп жатат. Бүгүнкү муундун ой жүгүртүүсү, кɵз карашы алдыда. Бүгүнкү муун — компьютердик технологияны мыкты ɵздɵштүрɵ билген акылдуу муун.

21-кылымдагы билим берүү — кɵндүмгɵ негизделген билим берүү. 21-кылымга таандык кɵндүмдɵр ɵз алдынчалуулукта, балдардын биргелешкен иш-аракети аркылуу жүргүзүлгɵн иш-аракетте, креативдүү тапшырмаларды аткарууда  ɵнүгɵт. Азыр биз “мен” деген позициясы бийик, мен жаратам, мага керек, же керек эмес деген ɵз пикири бар балдарды тарбиялап жатабыз. Бирок тилекке каршы, биз аларга мурдагы кɵз карашыбыз менен калыпка салынган окутуу ыкмаларын колдонуудабыз. Ата-энелер болсо азыркы муундун уникалдуу акыл-жɵндɵмү бар экендигин аңдап билбей жатышат. Учурда бала менен ата-эненин, бала менен педагогдун ортосундагы бир түшүнүккɵ келүү кɵйгɵйү мына ушундан келип чыгууда.

Бүгүнкү күндɵ бала тарбиялоодогу педагогикалык-психологиялык мамилелерде балага карата ɵзүнɵ болгон ишенимди, ɵзүнɵ болгон баа берүүсүн, ɵз алдынчалуулук, ɵзүн таануу, жаратмандык ой жүгүртүүсүн ɵнүктүрүү, ишенимдүү сɵз, бардыгы колуңан келет, жете аласың деген сɵз менен программалоо керектигин мыктап түшүнүү зарылдыгы турат. Баланы ыңгайлуу, чектелген, эрксиз адам кылып тарбиялоону четке кагуу түшүнүктү ɵстүрүү керек. Психологияда адамдын ɵзүнɵ-ɵзү баа берүүсү, ɵзүнɵ болгон ишенимин арттыруу абдан маанилүү. Анткени азыркылар ɵзүнɵ көңүлдү талап кылган, ишеними бар, «мен» деген позициясы жогору, заманбап технологияны пайдалануу жɵндɵмдүүлүгү жогору балдар.

Адамзат цивилизациясындагы 21-кылымга таандык белгиленген 16  кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүү максатындагы билим берүү системасындагы киргизилген жаңы стандарттын мазмуну дал ушул жаңы муундун жɵндɵмдүүлүгүн ɵнүктүрүү жана ɵз алдынчалуулугун арттыруу болуп саналат. Борбордук орунда бала турат. Бала ɵзү ишмердүүлүктү тандайт, билимине баа берет, жыйынтык чыгарат, андан ары ɵнүгүү жолун ойлонот, иш-аракет жүргүзɵт. Бала тарбиялоодогу мамиледе баланын ишенимин жогору коюу менен шыктандыруу, жан дүйнɵсүн түшүнүү, ага кɵңүл буруу, убакыт бɵлүү, биргелешип, акылдашып иш-аракет кылуу, ой жүгүртүүсүн, креативдүүлүгүн ɵнүктүрүү маанилүү.

Азыркы учурдун жашоодо ɵз ордун тапкан, креативдүү ой жүгүртɵ билген, кызматташа билген, биргелешип иш-аракет жүргүзгɵн, жɵндɵмүн, билимин кɵрсɵтɵ алган, эрктүү, ɵзүнɵ ишеними күчтүү инсанын калыптандыруу үй-бүлɵдɵгү жана билим берүү уюмдарындагы тарбиялоого байланыштуу.

 

“БАЛА ТАРБИЯЛОО — ТАШТЫ КЕМИРГЕНГЕ ТЕТЕ”

“БАЛАНЫ ТАЯК МЕНЕН ЭМЕС, АКЫЛ МЕНЕН ТАРБИЯЛА”

 “Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла”, “Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете” дейт элибизде. Бала тарбиялоодогу ата-эненин кетирип жаткан бир катар кемчиликтери бар. Алар: баланы  башка “жакшы” бала менен салыштыруу; күнүмдүк түйшүк менен алек болуп жүрүп, баланын жан дүйнɵсүнɵ кɵнүл бурбоо; баланын шык-жɵндɵмүн тааный билбɵɵ; баланы кичине адам катары, түшүнбɵйт деп кабыл алуу; мен чон адаммын деп үстɵмдүк менен мамиле кылуу; каалоосуна, ой жүгүртүүсүн ашкере чектɵɵ; үй-бүлɵдɵгү балдардын барын бирдей карабоо, улуу балага, же бирɵɵнɵ жооперчиликти артып коюу; одоно, орой сɵздɵр, зордук-зомбулук менен мамиле кылуу; туура эмес, кемсинткен же ишеним бербеген сɵздɵр менен сүйлɵɵ, жан дүйнɵсүн тааный билбɵɵ; баланы уга билбɵɵ; өзүнɵ болгон баа берүүсүн түшүргɵн сɵздɵрдү айтуу, ар дайым акыл айтуу, чоң адам ɵзү үлгү кɵрсɵтɵ албоо; өзүнүн бала кези менен салыштыруу, ɵзүнүн кɵз карашын талап кылуу; баланын ар бир аракетин белгилеп, демилгелей билбɵɵ; катасын кабыл албоо сыяктуу кемчиликтерди кетиребиз.

Улуу педагог Шалва Амоношвили “Тарбиялоо — инсанды азыктандыруу. Силер каалаган баланы кɵргүңɵр келсе, ɵзүңɵрдүн жакшы жүрүм-турумуңар менен үлгүлүү образды кɵрсɵткүлɵ, бала ошону алат” дейт. Ал эми кыргыздын улуу педагогу Г. Мадаминов “Бала трбиялоодо эң негизги эне билимдүү жана тарбиялуу болуусу керек” дейт. Андыктан балдарга биз өзүбүз үлгү болушубуз керек.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук наркты сактоо боюнча Жарлыгы жана атайын программа ишке киргизилди. Бала тарбиялоодо биздин алдыбызда бүгүнкү күндɵгү муундун акыл жɵндɵмдүүлүгүн эске алуу менен кыргыз элинин каада-салты, жүрүм-турум эрежелери, адам сапатындагы кыргыз эли алып жүргɵн баалуулуктарды сиңирүү, аны ɵнүктүрүүгɵ багыттап тарбиялоо милдети турат. Андыктын улуу муун ɵзү үлгү кɵрсɵтүүсү маанилүү.  «Уядан эмнени кɵрсɵң учканда ошону аласың»  дейт элибизде. Бала тарбиялоодогу мамиледе баланын инсандыгын урматтоо менен акылдуу бала позициясында кабыл алынган  мамиле, чоңдордун ɵзү кɵрсɵтүп берген үлгүсү зарыл.

Заманбап учурдун талабына жараша жаңылануу багытындагы программаларды, ишмердүүлүктɵрдү, заманбап кɵз караштагы тарбиялоону ишке ашыруу маанилүү. Кыргыз — сɵз баккан, сɵздүн кадырын билген, эркиндикти сүйгɵн, наркы бийик эл. Кыргыздын түпкү маданиятында аруулук, сɵздүн кадырын билүү, инсандык бийик сапаттарды жогору коюу, улууну урматтоо түшүнүгү жогору болгон. Эгерде биз улуттук баалуулуктардын маңызын алардын жан дүйнɵсүнɵ сиңире алсак, улуттук наркыбызды  андан ары ɵнүктүрүп, заманбап доордогу түшүнүк менен айкалыштырып алып чыга алышат жана аны ɵнүктүрүүдɵ жаңы идеяларды алып чыга алышат.

 

Нургүл Шарапова,

USAID «Окуу керемет!” долбоорунун тренингдер боюнча адиси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер