БАЛА БАКЧА: КӨЙГӨЙ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ

  • 13.08.2021
  • 0

Бишкек шаары боюнча 89 мектепке чейинки билим берүү уюмдары (мындан ары – МЧББУ) иш жүргүзүп, анда 25206 бала тарбияланууда. Анын ичинен 17 бала бакчада окутуу кыргыз тилинде, 12 – орус тилинде жана 60 – аралашма тилде тарбияланышат. 2020-2021-окуу жылындагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.В.Безродняя менен маек курдук.

БАЛА БАКЧА: КӨЙГӨЙ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ

– Галина Васильевна, бир нече жылдан бери бала бакчага электрондук каттоо аркылуу балдарды алып жатасыздар. Бүгүнкү күнгө бала бакчага муктаждык маселеси
чечилдиби?

– Албетте, жок. Анткени бала бакча жетишпейт. Мисалы, Свердлов районунда 17 бала бакча болсо, анын кубаттуулугу 2920 орунду түзөт. Бирок учурда бул бала бакчаларга 4996 бала барат. Демек, 2076 бала ашыкча алынганы көрүнүп турат. Анан кантебиз, бала бакча жетишпей жатса? 1-Май
районун алалы. Ал райондо дагы 17 бала бакча жайгашкан. Кубаттуулугу 2285 болсо, учурда 4523 бала барат, 2238 бала ашыкча. Ленин районунда – 18 бала бакча. 2455 орундуу болушу керек болсо, азыркы учурда 5554 бала тарбияланып жатат. 3099 бала ашыкча. Ошондой эле Октябрь районунда эң көп, 37 бала бакча бар. Эгерде 6965 орундуу болсо, учурда 10133 бала барат. 3168 бала ашыкча алынган. Жалпылап айтканда, борбор калаадагы 89 бала бакчада 14625 бала тарбияланышы керек болсо, учурда 25206 бала кабыл алынган. Ошондо 10581 бала ашыкча. 1-сентябрга карата 28119 бала кабыл алынуу алдында
турат.

– Бала бакчалардын имараттары типтүүбү?

– 81 бала бакча типтүү, ал эми 8 типтүү эмес. Эгер район боюнча алсак, Свердлов районунда эки бала бакча №172, №14 бала бакчалар типтүү эмес. 1-Май жана Ленин райондорунда үчтөн бала бакча типтүү эмес, ал эми Октябрь районундагы 37 бала бакча тең типтүү имаратта жайгашкан.

– Үстүбүздөгү жылы жаңы бала бакчалар курулдубу?

– Ооба. 100 орундуу №11 “Ак кеме” МЧББУ, 140 орундуу №6 бала бакча 9-мартта ачылса, 105 орундуу №3 бала бакча 16-июлда балдарга эшигин ачты. Ал эми план боюнча 2021-жылдын август айында Келечек жаңы конушунда 140 орундуу бала бакча ачылмак. Бирок финансылык каражатка байланыштуу 2022-жылга жылдырылды. Ошондой эле Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулуу пландаштырылууда. Албетте, авариялык абалда турган бала бакчалар тууралуу айтып кетпесем болбойт. Алсак, №1 Касым конушундагы жана №31 бала бакчалар боюнча Курулуш башкармалыгы тарабынан имаратты оңдоого долбоор иштелип чыккан. Ал эми №9 бала бакчанын элеватору менен жылуулук системасын оңдоого туура келет. Ошондой эле №148 бала бакчанын жылуулук системасы, суу жана канализациясы авариялык
абалда.

– Камчысын алып кыш бат эле кирип келет. Кышка даярдык кандай?

– 5 бала бакча көмүр менен жылытылат. 9 бала бакча электр аркылуу. Ал эми калган 75 бала бакча борборлоштурулган жылытуу системасына кошулган. Көмүр менен жылытылган бала бакчалар эмитен эле көмүр менен камсыз боло башташты.

– Бала бакчаларды санариптештирүү боюнча абал кандай?

– 89 бала бакчанын 85 компьютер менен камсыз болгон. Анын ичинен 64 кабелдик интернетке туташтырылган, 15 модем менен иштейт. Дагы 5 бала бакча башка түрү менен туташтырып алышкан.

– Эң башкы көйгөйлөргө токтолсоңуз?

– Калкы көп жайгашкан конуштарда бала бакчалар жетишсиз. Айрым бала бакчаларда музыкалык жана дене тарбиялык залдар жок. Албетте, эң башкы көйгөй кызматкерлердин жетишсиздиги жана балдардын көп санда болуусу. Имараттардын эскилиги жеткендиктен жылуулук системасы жана электр зымдарынын тез-тез бузулушу да дайыма кыйынчылыкты жаратып келатат. Балдар ойноочу аянтчалардын эскилиги жетип, иштен чыккан. Айрым бала бакчаларда техникалык заманбап жабдуулар жетишпейт, (компьютер, ноутбук, интерактивдүү доскалар, проекторлор). Балдардын тамак-ашы жөнүндө да көйгөйдү чечүү керек. Анткени балдардын көпчүлүгү тамакты жешпейт. Тамактануунун нормаларын кыскартуу (сүт, нан, кумшекер) боюнча иштер жүрүп жатат. Ата-энелер тамак-ашка болгон наркты жогорулатышы зарыл. Баардык бала бакчалар үчүн жалпы меню-талаптарды түзүү керек. Ошондой эле кызматкерлер үчүн тамак-аштын бөлүнүшүн кароо, анткени азыркы учурда кызматкерлер үчүн тамак-аш берилбейт. МЧББУжана АМЧББУларда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу (компьютер, оргтехникалар, балдар үчүн эмеректер, техникалык каражаттар, тазалык үчүн каражаттар) учур маселеси. Мындан тышкары, кошумча сабактарды өтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүү керек. Мисалы, англис тили, бий кружоктору, көркөм-өнөр чыгармачылыгы, спорттун түрлөрү менен машыгуу. Кызматкерлердин штаттык жүгүртмөсүн көбөйтүүнү карап чыгуу керек (усулчу, медайым, чарба башчы, короо шыпыргыч, имарат жуугуч, кир жуугуч). Анткени эмгек акылары абдан аз, ошол себептен кызматкерлер бат-баттан алмашылып турат. Эң башкысы – жаш кадрларга материалдык жактан көмөк көрсөтүү зарыл.

– Чечүү жолдоруна токтолсоңуз?

– Айрым чечүү жолдорун айта кетсем: калкы көп жайгашкан конуштарга бала бакчаларды куруу жана МЧББУларда кошумча топторду ачуу керек экени айтпаса деле түшүнүктүү. Балдар аянтчаларын жаңылоо жана балдар ойноочу заманбап атрибуттарды орнотуу, финансылык каржылоо маселесин чечүү. Балдар ойной турган аянтчаларды заманга ылайык жаңы ойноо эмеректери менен жаңылоо, капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп туруу. МЧББУлардын аймактарын эске алуу менен камсыздалбай калган балдардын санын азайтуу максатында кошумча тайпаларды салуу, сырткы тосмолорду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн көмөкчү долбоорлорду иштеп чыгып каржылоону көбөйтүп, оңдоо иштерин жүргүзүү. №5, 26 МЧББУларга музыка залдарын куруу.

Гүлнара Алыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер