БАЛА БАКЧА: БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

  • 27.09.2021
  • 0

10-сентябрда Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплексинде борборубуздагы мамлекеттик жана муниципиалдык бала бакчалардагы бөбөктөрдүн билим сапатын жогорулатуу маселесин талкууга алган маанилүү жыйын өттү.

БАЛА БАКЧА: БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

Анын ишине баш калаанын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баардык жетекчилери катышты. Жыйында шаардагы мектепке чейинки мекемелелердин 2020-2021-окуу жылындагы жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги тууралуу ачык-айкын сөз болду.

Шаардагы бала бакчалардагы билим сапатын талкууга алган жыйынды шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси  Г.В.Безродняя алып барды.

БАЛА БАКЧА: БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

– Биздин эң башкы максатыбыз – бала бакчалардагы билим сапаты. Ата-энелер балдарын чын ниетинен алып келген бала бакчалар бар. Ошол эле учурда электрондук катталууда эң төмөнкү рейтингде тургандар да жок эмес. Кайсыл мектепке чейинки билим берүү мекемесине баланы алып барууга болот, кайсынысына алып барбаш керек, муну электрондук каттоо ачыктап койду, — деп айтты Галина Васильевна.

РЦОнун жетектөөчү адиси Д.У.Урматова мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өтүлгөн сабактардын санына эмес, сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

– Сабактар бөбөктөрдүн жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен уюшулуп, кызыктуу жана таасирдүү болсо деген тилекти айткым келет. Ошол эле учурда алдыңкы окуу технологияларын колдонууну унутпашыбыз керек, — деди докладчы.

Шаардагы №172 бала бакчада бөбөктөргө музыкалык тарбия берүү боюнча колго аларлык иштер жасалып жатыптыр. Бала бакча жетекчисинин пикиринде музыка балдарды адамгерчиликке тарбиялоонун эң ийкемдүу каражаты экен.

– Иш жүзүндө бала бакчадагы музыкалык ийримдин жетекчилери программанын талаптарын дайыма эле аткара беришпейт. Музыка сабактары көбүнчө эрте мененки көңүл шат иш-чараларды даярдануу менен алмашылып калган. Бул болсо музыкалык сабактардын натыйжалуу болушуна терс таасирин тийгизет. Учурдагы алдыңкы инновациялык технологияларды, анын ичинде компьютердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен биз музыка сабактарында композиторлор менен таанышып, классикалык жана эстрадалык музыка күүлөрүн бөбөктөргө уктурсак болот, — дейт шаардагы №172 бала бакчанын директору С.В. Михайлова.

Бул бала бакчанын тарбиячылары музыкалык-дидактикалык аудиоколдонмолорду өз сабактарында колдонууну адатка айлантышканы жакшы саамалык экен. Албетте, мындай аудиоколдонмолор балдарды музыканы уга билүүгө, түшүнүүгө, ритмге тарбиялайт. Ой өрүшүн өстүрөт.

Бала бакчада балдар эң жаштайынан тартып музыка аркылуу тарбияланышканы, сабактарда музыкалык аспаптарды кармап, ойноп көрүшкөнү жыйындагы жагымдуу жаңылык болду.

– Бөбөктөр эрте менен бала бакчага келгенде көңүлдү көтөргөн музыка, уктаар маалында Шопендин музыкасы, үйүнө баратканда жай, жагымдуу музыка ойноп турат. Алар музыканын түрлөрүн, атактуу композиторлорду жана өзүбүздүн кыргыз композиторлорун, алардын чыгармаларын, музыкалык аспаптардын аттарын билишет, — дейт
С.В. Михайлова.

№172 балдар бакчасында тарбиячылардын аракети менен музыкалык тарбиялоо боюнча төрт сабактын иштелмесин электрондук форматта даярдашкан жана мындагылар башка бала бакчалар, жеке тарбиячылар менен бөлүшүүгө даяр.

№43 бала бакчанын директору М.К.Уркумбаева бөбөктөрдү тарбиялоодогу көп тилдүү билим берүүнүн ордуна өзү жетектеген бала бакчанын тажрыйбасында токтолду. Бул бала бакчада бөбөктөр үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилинде баарлашууга үйрөнүшөт. Ар бир тилге бир күн ичинде өзүнчө убакыт бөлүнгөн.

– Көп тилдүү билим берүү балдарды толеранттуулукка тарбиялоонун маанилүү шарты болуп эсептелет. Башкысы, балдар өз эне тилин унутушпайт. Башка тилдерди үйрөнүү менен чет элдиктердин маданиятын таанышат, — дейт бала бакча жетекчиси.

№172 бала бакчанын директору Г.Ж.Чуулдакова бала бакчанын мектеп менен тыгыз байланышы бакчадан кийин мектепке биринчи класска келген балдардын мектепке бат көнүгүүсүнө алып келерин белгиледи.

– Мектептин башталгыч класстар мугалимдери менен бала бакчалардагы улуу тайпалардын тарбиячыларынын өз ара сабактарга катышуусу үзгүлтүксүз билим берүүнүн айкын көрүнүшү болуп саналат. Биринчи класстардын сабактарына катышуу менен тарбиячылар дагы эмнелерди үйрөтүш керектигин билсе, мугалимдер оюн аркылуу окутуунун ийкем ыкмаларын үйрөнүшөт,- дейт докладчы.

И. Арабаев атындагы университетинен Д.Э.Дунганова​ «Сорос фондунун» каржылык колдоосунда «Өлкөнүн келечеги» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан инклюзивдик билим берүүнүн мазмунун сапаттык жактан жаңылоого багытталган долбоордун аткарып жаткан иштери тууралуу ой бөлүштү.

– Биз майыптуулукка карата жаңы парадигманы сунуштап жатабыз. Ал баалуулуктар мамилесине негизделген. Майып балдар да башкалардай эле мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барууга укуктуу экенин ата-энеден баштап тарбия ишин уюштуруучуларга чейин билиши керек, — дейт долбоордун башкы эксперти.

Жыйында мектепке чейинки билим берүүдө кезиккен бир төп көйгөйлөр айтылды. Шаардагы №172 бала бакчанын директору С.В.Михайлова бала бакчага иштегенге атайын билимдүү адистер жетишпей жатканын айтты.

– Биз бош орундарга педагогикалык билими бар башка адистерди жумушка алып иштетип жатабыз. Атайын даярдыгы жок болгондуктан алар балдар менен иштөөдө кыйналууда, — деди ал.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.В.Безродняя бул көйгөй тарбиячылардын айлык акысы аз болгондуктан, мыкты тарбиячылар Орусияга жана башка өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатканынан пайда болгонун, миграция бала бакчалардын жай турмушуна таасир эткенин мойнуна алды.

БАЛА БАКЧА: БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

– Педагогикалык багыттагы адистерди даярдаган жогорку жана атайын орто окуу жайлар бизге жардамга келүүгө тийиш. Бала бакча тарбиячыларын, дефектологдорду ыкчам жана сапаттуу даярдоону колго алышы керек, — деди Галина Васильевна.

Жыйында бир катар бала бакчалардын директорлору тарабынан «Министрликтин буйругуна ылайык бала бакчага бөбөктөрдү электрондук каттоо аркылуу алышыбыз керек. Бирок бизге чек ара кызматында, ички иштер органдарында иштегендер келип, каттоосуз аласыңар, бул тууралуу атайын мыйзам бар деп жатышат» деген маселе көтөрүлдү.

– Мыйзам буйруктан жогору турат. Ошон үчүн мыйзамдын талабын биринчи иретте аткарышыңар керек, — деди Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.А.Касымова.

БАЛА БАКЧА: БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

Ал жакында арада мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде электрондук каттоо кандай жүрүп жатканына байкоо салган мониторинг жүргүзүлөрүн эскертти. Министрликтин өкүлү жыйын катышуучуларынын башка суроолоруна да жооп берди.

Жыйындын аягында чогулуштун резолюциясы кабыл алынды.

​А.Алибеков,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер