БАКЧАНЫ АКЧА ЭЭРЧИСИН
- 10.02.2023
- 0
Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын жаңы долбоорунда жеке менчик бала бакчаларды ачууда мурда талап кылынган лицензияны алып салуу каралууда. Мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун бул демилгеси учурда жетишпей жаткан бала бакчалардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзмөкчү.
Жеке менчик бакчалар бизде качан жетиштүү болот?
Бала бакчалардын тартыштыгынан, баласын мамлекеттик бала бакчага берүү үчүн айлап-жылдап электрондук кезекте турган ата-энелердин басымдуу көпчүлүгү баасы кымбат болсо да, жеке менчик бакчаларга берүүгө аргасыз болушат. Бул көйгөйдү оңунан чече алгандар, ал эми иш жүзүндө көпчүлүк балдар жаш курагы өтүп кеткенче бала бакчага барбай да калат.
Бишкек шаарынын тургуну Гүлзат айым небересин бала бакчага киргизүү үчүн электрондук кезекке койгонуна экинчи жылга кеткенде, айла жок, жеке менчик бала бакчага жетелеп жөнөгөн.
— Мен өзүм билим берүү тармагында иштейм. Андыктан электрондук кезекке тургузууну алдын ала ойлонуп, жашаган жерибизге ылайыктуу бала бакчага кезекке туруп койгонбуз. Бирок натыйжасы биз күткөндөй болгон жок. Кезек такыр эле жылбай койгондуктан, жеке менчик бала бакчаларды караштырууга аргасыз болдук. Себеби убакыт өтүп, неберем чоңоюп келатат, анын жаш курагына жараша мектепке даярдашыбыз керек. Менчик бала бакчаларды да табуу оңой эмес экен, көбүнүн баасы кымбат. Балдарым студент болгондуктан, көпкө издөөгө туура келди. Эгерде, жеке менчик бала бакчалардын саны азыркыдан көбөйсө, атаандашуу пайда болуп, бааларын төмөндөтүшмөк, — дейт Гүлзат Атабаева.
Министрликтин маалыматы боюнча учурда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 24% деп айтылып келет, а бирок иш жүзүндө вариативдүү – кыска мөөнөттүү, чакан үй-бүлөлүк, жеке менчик бала бакчаларды ачуу жана кошумча билим берип, мектепке даярдоочу программалардын жардамы менен камсыздоо деңгээли 47 пайызды түзөт. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова бала бакчалардын саны менен бирге балдардын саны да өсүп жатканын белгиледи.
— Союз учурунда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 30% болгону маалым. Бул көрсөткүч кайра куруу жылдары, тагыраак айтканда 2000-жылдары 9%га чейин түшүп кеткен. 2011-жылдагы расмий эсеп боюнча 742 бала бакча калган. Ал эми акыркы 10 жыл ичинде жалпы бала бакчанын саны 1712 бала бакчага жетти, тагыраак айтканда, миң бала бакчага көбөйдү. Бирок ошол эле учурда балдардын өсүү динамикасы да жогорулап жатканын белгилеп коюшубуз керек. Эгерде мурда жылына 70-80 миң, 110-120 миң бала төрөлсө, азыр жыл сайын 160 миңдин тегерегинде балдар төрөлүп жатат. Талапка жараша биз алдын ала 10 жылдык пландарды түзүшүбүз керек эле, бирок ага азырынча мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт, — дейт.
Коомчулуктун пикиринде, шарты жана каалоосу бар жарандарга жеке менчик бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, балдарды жетишерлик санда бала бакча менен камсыздоого болот. Ал үчүн лицензиялоо процедурасын алып салып, жеңилдиктерди берүү кажет дешет алар.
Ваучердик системанын эмнеси ыңгайлуу?
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, билим берүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү Абдувахап Нурбаев жеке менчик бала бакчалар канчалык көбүрөөк ачылса, алардын арасында атаандаштык жүрүп, бала бакчалардын саны да, сапаты да жогорулайт деп эсептейт.
— Билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү аныктап, аларды четтетүүнүн жолдорун издөөдө атайын түзүлгөн жумушчу топ 700гө жакын мугалимдер жана эксперттер менен жолугушууларды өткөрдүк. Андан тышкары Эстония, Грузия, Казакстанда иш жүзүндө колдонулуп жаткан тажрыйбаларды изилдеп, алардын эксперттеринин ой-пикирлерин уктук. Мисалы, коңшу Казакстанда балдардын 97 пайызы бала бакчага барат. Алар мындай көрсөткүчкө бала башына каржылоо, б.а. ваучердик системаны киргизүүнүн аркасында жетишкен. Мисалы, сиздин эки балаңыз бакчага бара турган болсо, мамлекет төлөп берген акча менен балаңызды каалаган бакчага алып бара аласыз. Биз ушул эл аралык практиканы изилдеп көрүп, эффективдүү экендигине ынандык. Бизге да ваучердик системаны киргизүү сунушун КР Министрлер Кабинетинин башчысы, КР Жогорку Кеңеши колдоп жатат. Биз качан бизге жакшы депутат же кыйын президент келип жашообузду ондойт деп күтпөй, балдарыбызга мыктылап билим-тарбия берүүгө умтулушубуз керек, себеби биздин коомду биз тарбиялап өстүргөн балдар оңдойт, — деген ишенимин билдирди.
Эң зарыл инвестиция
Адистердин айтымында, бала бакчага барган баланын деңгээли бала бакчага барбаган балдарга караганда 17% жогору болот. Ал эми үч жашка чейинки баланы тарбиялап-окутууга жумшалган инвестиция 17 эсе кайтарыларын, алты жашка чейинки балдардан 12 эсе, ал эми 10 жашка чейинки балдардан жети эсе болуп улам азая берерин аргументтештирген экс-депутат, баланы бала бакча менен камсыздоонун мааниси илимде далилденгендигин баса белгилейт.
— Жеке менчик бала бакчаларды ачуу үчүн 16 документ даярдоо талап кылынчу. Бизге мына ушундай жасалма тоскоолдуктарды жок кылууну өтүнүп көп жарандар кайрылды. Билим берүү мыйзамынын жаңы долбоорун талкуулоодо өзгөчө талаш-тартыштар да ушул лицензияга байланыштуу болду. Талкуунун соңунда лицензия алуу жокко чыгарылды. Эми каалаган жарандар билдирүү жолу менен гана жеке бала бакча ача алат. Эң башкысы – санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөн жана өрт өчүрүү кызматынан акты алып, мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу талап кылынат. Аны биринчи кезекте ата-эне көзөмөлдөй алат. Мисалы, мурда бир айылда айына беш миң сом төлөгөн бир бала бакча болсо, эми жеңилдетилген шартта дагы көп сандаган бала бакчалар ачылып, атаандаштык түзүлөт. Алар кошумча кызыктуу курстарды ачып, балдарды өзүнө тарта баштайт. Натыйжада бала бакчанын саны менен бирге сапаты өсөт. Анткени сапат бир гана атаандаштык менен көтөрүлөт. Андан тышкары, эгерде миң бала бакча ачылса, 10 миң кыз-келиндер жумуш орду менен камсыздалат. Алардан салык түшсө, мамлекетке экономикалык жагынан да пайдалуу, — дейт А.Нурбаев ынанымдуу.
Башталгыч багыт — ченемдик каржылоо
Арийне, жогоруда айтылгандай, ваучер системасы бала бакча көйгөйүн оңой эле чече койчудай көрүнгөнү менен, мамлекеттин азыркы экономикалык абалын эске алсак, анын бүгүн-эртең эле ишке ашары күмөн.
— Ваучердик система – ар бир баланын артынан баруучу социалдык пакет. Учурда республикада мектепке чейинки куракта 1 млн бир жүз жети миң бала бар. Орточо эсеп менен алардын ичинен 200-220 миң бала бакчага барат. Жумушчу топ ошол балдарды окуткан мугалимдерди каржылаган каражатты гана эсептеп чыккан. Ал эми 1 млн 107 миң балага акча бөлүп берүүгө мамлекеттин каражаты жетеби, бул өзүнчө маселе. Эгерде балдарды бала бакча менен 100 пайыз камсыздай алсак, ваучер системасы эң жакшы болмок, анткени бала кайсы бала бакчаны тандаса, ага бөлүнгөн акча кошо барат.
Андыктан, бизге азырынча ченемдик каржылоону киргизүү ылайыктуу деп эсептейбиз. Бул азыркы биздин шартта ваучердин биринчи башталгыч багыты болуп эсептелет. Ченемдик каржылоодо мамлекет мугалимдерге айлык акы төлөйт, ата-эне баланын тамак-ашын каржылайт, ал эми жергиликтүү бийлик органдары инфраструктураны жакшыртууга, бала бакчаны өнүктүрүүгө, кошумча бала бакчаларды ачууга жардам берет, — дейт Нурзида Касымова.
Ал билим берүү мыйзамынын жаңы долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында лицензиялоо процедурасы жокко чыгарылганын, шарты бар каалоочулар эми министрликке маалымат билдирген соң, санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун жана өрт өчүрүү кызматынын актысынын негизинде жеке бала бакча ача алышарын тастыктады. Ал лицензиялык талаптарды бала бакчалардан гана эмес, адамдын ден соолугуна зыян келтирбеген шарттагы окутуу курстарында да лицензиясыз эле кошумча билим берүүгө болот деген тартип киргизилип жатканын кошумчалады. Эң негизгиси — мамлекеттик билим берүү стандарты аткарылышы керек.
Маалымат үчүн бала бакчаларга төлөнчү акчанын көлөмү тууралуу да кошумчалай кетели. 1992-жылы чыккан Токтом боюнча баланын тамак-ашына ай сайын 18 сомду ата-энеси, 18 сомду мамлекет төлөйт деп көрсөтүлгөн. Азыркы учурда факты боюнча тамак-ашына төлөмдөрдүн көлөмү ар түрдүү. Бала бакчалардын 20% — 36 сомдон төлөсө, 75% бала бакча — 90 сомго чейин төлөйт, 5% бала бакча 120 сомго көтөрүлдү, бул Бишкек шаарына гана тиешелүү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер