БАКЧАДАН БААРЫ БАШТАЛАТ

  • 15.04.2022
  • 0

Учурда мектептик билим берүүнү 12 жылдык окутуу моделине өткөрүү жөнүндө коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрымдары бүгүн-эртең эле өзгөрүү кире калчудай кабатырланышууда. Министрликтин расмий маалыматына ылайык, 12 жылдык билим берүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин гана жүзөгө ашырылмакчы.

12 жылдык билим берүү 7 жыл мурун эле киргизилген

Министрликтин адистери “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга жана КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 5-6 жаштагы балдар мектепке 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап кабыл алынып келатканын, аларды мектепке даярдоо программасы менен окутуу процесси бирге башталганын айтышууда.

“Бир жыл толугу менен мектепке даярдоо программасын өздөштүргөн балдар 1-класска кабыл алынып, аны улай 11 жылдык мектепте билим алуусун улантып келген”, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтонкулова.

БАКЧАДАН БААРЫ БАШТАЛАТ

– Кыргызстандагы улуттук билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында, министрликтин атайын комплекстүү аткарылуучу календардык планы кабыл алынган. Аталган календардык планда билим берүү жана илим системасын модернизациялоонун негизги 14 демилгеси аныкталып, анын бир нечеси мектептеги билим берүү системасын камтыйт. Ошол мектептеги билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорунун бир демилгеси катары 12 жылдык билим берүү моделине өтүү сунушталган.

12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн себеби – бул мектептик билим берүү системасынын азыркы акыбалына байланыштуу жана коомчулук койгон талаптардан келип чыккан маселе. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы учурдагы мектептеги мектептик билим берүү мазмуну билим берүүнү эле талап кылат, ал эми билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдө ошол билимин окуучу өзүнүн жашоо-тиричилигинде колдонууну үйрөтүп жатат, — деди ал.

Окуу жүктөмү көп болгону менен көрсөткүчү аз

Биздин билим берүү системасындагы дагы бир көйгөй – бул биздин мектептердин окуу планындагы окуу жүктөмүнүн чеги билим берүү системалары өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла оор болгондугунда. Арийне, окуу жүктөмү өтө чоң экенине карабай, биздин окуучулар билим сапаты боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетише албай келгенин эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары айгинелеп жатат.

Биздин окуучуларыбыз республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп, ийгиликтерди багындырып жатканы да чын. Бирок бул сейрек кездешүүчү учурлар болгондуктан, билим сапатынын жалпы деңгээлин көрсөткөн көрсөткүчтөн алыс. Андыктан билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз тез арада кескин чечимдерди кабыл алып, комплекстүү модернизациялоого барганыбыз оң.

Адистердин айтымында, акыркы он жылда мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчага тартууга арналган программаларды ишке ашырууга бөлүнгөн каражат 20 эсеге жогорулаган. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү программаларына балдардын 48 пайызы тартылган. Алсак, 2012-жылы 132 миң бала камтылса, 2021-жылга келип бул көрсөткүч 198 миң баладан ашкан.

БАКЧАДАН БААРЫ БАШТАЛАТ

2020-2021-жылга карата алынган расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү курагындагы балдардын жалпы саны 1 млн 118 миңге жакын. Бирок учурда алардын 25 пайызы гана бала бакчаларга барат. Эгер шаар жерлеринде көрсөткүч салыштармалуу жогору болсо (2019-жылга карата — 34,5%), айыл жерлеринде болгону 20,6% бала бакчага барат.

Мектепке даярдоо программасын окуткан мугалимдер өз ишин улантат

Мектепке чейинки билим берүү программаларына камтуу деңгээли жогорулаганы менен, баланы ар тараптуу өнүктүрүү системасы балдарга жеткиликтүү болбой, сиңбей жатканы — билим сапатынын төмөнкү көрсөткүчүнүн далили.

– Бир жылда 480 сааттан турган мектепке даярдоо программасы беш-алты жаштагы балдардын жашын эске алган, жөнөкөй, оюн формасында даярдалган окуу программасы болуп эсептелет. Мектептеги билим берүүнүн мазмунун түзгөн Кыргыз билим берүү академиясынын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшкөндө, алар ушул эле 480 сааттык мектепке даярдоо программасын 560 сааттык программа катары кайра иштеп чыгууга мүмкүн экендигин билдиришкен.

Ал эми 12 жылдык билим берүү моделиндеги 1-класска окутууда 480 сааттык мектепке даярдоо программасын окуткан мугалимдер эле иштерин улантышат. Албетте, мугалимдерге жаңы даярдалган 560 сааттык программаларды окутуу боюнча семинарлар өткөрүлөт жана усулдук колдонмолор даярдап берилет, — дейт Ф.Солтонкулова.

Азыркы учурда мектепке даярдоо программасын окутуу үчүн мектептерде 4048 класс-кабинеттер даярдалып, алар заманбап окуу эмеректери жана окуу куралдары менен 100 пайыз камсыздалган.

Статистикага таянсак, ушул окуу жылында 101 миң бала мектепте жана 30 миң бала балдар бакчаларындагы мектепке даярдоо программасы боюнча билим алып жатат.

Эгерде 5,5-6 жаштагы балдар мектепке которулса, канчалаган орундар бошоп, ошол орундарды бала бакчага кирүүгө кезекте турган балдар ээлеп калат.

Мектепке чейинки даярдыктан өтпөй калган балдар болбойт

Ар кандай турмуштук кырдаалдарга жараша жаш курагы келгенине карабай, бала бакчаларга барбаган, мектепке чейинки билим берүү программасынын алкагында даярдыктан өтпөй калган балдар бар экени жашыруун эмес. Алардын санын азыр так айтуу кыйын, расмий түрдө эки пайыз деп айтылганы менен, иш жүзүндө андан да көбүрөөк болушу ыктымал. Эгерде алар кандайдыр бир себептер менен бала бакчага барбай жүргөн болсо, 12 жылдык окутууда алар алты жашынан мектепке милдеттүү түрдө бара баштайт. Мындай жол менен үй-бүлөдөгү ата-энелерге, мектептеги мугалимдерге жеңилдиктер болот. Тактап айтканда, 1-класска кабыл алынган 6 жаштагы балдардын саны 100 пайызды камтып, алардын билим алуу шарты бирдей деңгээлди түзөт.

Соңку бир нече жылда мектептердин астында 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо класстары түзүлүп, толук жабдылып калган. Аларга жыл сайын 5,5–6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат, бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашыгын түзөт. Мектепке алты жаштан тартып кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, эки жаштан тартып бала бакчага баруусуна мүмкүндүк берет.

– 12 жылдык билим берүү моделине өтүү мөөнөтү 2023-2024-окуу жылына бергиленип жатат. Ушул мөөнөткө чейин бул моделди Кыргызстандын ар бир жаранына тааныштырып, аны кабыл алып жаткан себептерин түшүндүрүү ишин Билим берүү жана илим министрлиги өзү, аймактардагы түзүмдүк мекемелери жана билим берүү уюмдары жүргүзүүгө тийиш. 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн министрликте мыйзамдык-укуктук документтер даярдалып, окутуу процессинде колдонулуучу предметтик стандарттарды, программаларды, окуу китептерин жана усулдук материалдарды даярдоо иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Ошондой эле жаш мугалимдерди даярдоо жана иштеп жаткан мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу маселелери такталып, мектеп имараттарын инвентаризациялоо, алардын материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү маселелери каралат. Кыскача айтканда, министрлик тез арада билим берүү тармагында кескин бурулуш жасап, билим берүүнүн сапатын көтөрүү менен дүйнөлүк стандартка жеткирүү тапшырмасын өзүнө коюп жатат, — дейт Фариза Солтонкулова.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер