БААТЫРДЫН ӨМҮРҮ КЫСКА, ДАҢКЫ УЗУН!

  • 20.09.2022
  • 0

Бүтүндөй кыргыз элин өз эрдиги менен таң калтырган   баатыр жигит Эламан Ураимовдун  ойносо оюнга тойбогон балалыгы Кара-Суунун Өзбекстан менен чектеш Савай айылында өткөн.

Кара-Сууну билсем да, бул айылга түк  барбапмын.  Анан Камит Савайдын савайлык  балдардын жайдын күнү сууга түшкөн видеосун көрүп, Кыргызстаныбызда ушундай айыл бар экенин билип алдым. Биринен бири шамдагай айылдык балдардын чоң каналдын суусуна жээктен  секирип, так балыктын өзүндөй  чумкуп  жатышы таң каларлык болчу чынында.
Көрсө, ушундай тайманбас, эр жүрөк  айылдык балдардан мекендин чыныгы уулдары чыгат тура!

Ушул айылдын кулуну Эламан Ураимов  өзү туулуп-өскөн айылынын атын чыгарып, өлкөбүз Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилеп жаткан тушта анын өлбөс-өчпөс эрдигин кайталап, өзүнүн ысмын түбөлүккө калтырды. 16-сентябрда, кан күйгөн Баткендеги чек ара коогалаңында курчоодо калып, бирок колго түшпөй, колундагы гранатасы менен душмандын беш-алты жоокерин набыт кылып, өзү да баатырларча курман болду. 28 жаштагы баатырдын артында бир уул, бир кызы калды.

БААТЫРДЫН ӨМҮРҮ КЫСКА, ДАҢКЫ УЗУН!

Өзүнүн кыска, бирок нуска өмүрүндө кайталангыс эрдик жасап, эл эсинде түбөлүк калган  Ураимов Эламан Курстанович 1994-жылы 9-январда Кара-Суу районундагы Савай айылында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган.
2001-жылдын 1-сентябрында №100 «Кызыл Кыргызстан» орто мектебине 1-класска кабыл алынат. Аталган мектепте 4-класска чейин окуп, турмуш шартына байланыштуу Гүлчө айылындагы Парманас атындагы орто мектебинен окуусун уланткан.
2008-2011-жылдары борборубуздагы Д.Асанов атындагы Суворов аскердик окуу жайында окуп, андан кийин 2011-2015-жылдары К.Усенбеков атындагы Жогорку Аскердик институтунда билим алган.

Эмгек жолун 2015-2017-жылдары Көк-Жаңгак шаарындагы «Илбирс» атайын ыкчам  тобунда баштап, 2017-жылдан Баткендин Бужум айылында кызматын уланткан. Адегенде взводдун командири, кийин ротанын командири, акырында  капитан чинин алып, «Тоолуу аткычтар ботальонунун» командири болгон.
Балалык куракта кыялданып, атасынын колдоосу менен талбай окуп, зор мээнет менен жеткен кесибинде Эламан Ураимов так иштеп, Ата Мекенине  ак кызмат өтөдү. Чек ара кызматынын, өзү кызмат кылган аскер бөлүгүнүн бир канча ардак грамоталарына, дипломдоруна,  ыраазычылык каттарына ээ болду.
Баатыр жигит тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, азыркынын Чолпонбайын жаштайынан жакшы билген аяш апасы, кесиби боюнча педагог Бүсапар Мурзалиевага кайрылдым.
— Эламан бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу, таянар тоосу, күйүп турган чырагы эле. Төрөлгөндө эле ушунчалык сүйкүмдүү, дайыма күлүп турган жароокер бала болчу. Жаштайынан зирек, тетик, убакытка так,  убадага бекем, жоопкерчиликтүү болуп жетилди. Тапшырманы дароо туура аткарчу. Бул сапаттары Эламанга атасынан, чоң атасынан өткөн деп ойлойм, —  дейт маркумдун аяш апасы.

Ушул жерге белгилүү савайлык журналист Ризван Исмаилованын Эламандын чоң атасы тууралуу эскерүүсүн кыстара кетейин. «Анын чоң атасы  Ураим аке чыныгы  коммунист киши болчу.  Мен  бала  кезимден  жакшы  билем.  Колхоздун бир бригадасында   пенсияга  чыккыча табелчи болуп  иштеди. Ушунчалык  чынчыл, жалганды  эгерим  жактырбаган, кем  сөз, элдин   ишине   жанын   берген,  бир  мүнөз  киши  эле.   Олбурлуу, сөөк-саактуу,  салабаттуу  келбети көз  алдымда, жазы-жайы  күнгө  күйүп, торулган  жүзүнөн  мээрими төгүлүп  турчу. Элден  мурун  талаага  кетип, элден  кийин кайтып келчү, — деп эскерет жердешин журналист.

Айылдаштары, анын ичинде аяш апасы Эламандын кичинесинен мекенчил болуп өсүшүндө  атасы Бегиев Курсанттын, апасы Венера Апысованын таалим-тарбиясы ченемсиз болгонун айтышат.
— Эламандын атасы, аяшыбыз Курсант Бегиев ушунчалык чынчыл, эл үчүн иштеген эмгекчил адам. Жайы менен чуркап жүрүп айылга чыкпай калган таза сууну дамбаны оңдоп, Бишкектен жапжаңы суу тазалагыч чыпка сатып келип, чыгарып берди. Бир сом бербей, бир добушту да сатып албай, ак ниет эмгеги аркылуу айылдык кеңештин депутаты, айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Апасы да жогорку билимдүү, учурда айылдагы тигүүчү кыз-келиндерди жумуш менен камсыздап, ишкерлик менен алектенет, Эламандан кичүү эки кызы бар, экөөсү тең окуунун алдыңкылары, — деп айтат Бүсапар Мурзалиева.

БААТЫРДЫН ӨМҮРҮ КЫСКА, ДАҢКЫ УЗУН!

Манасты Манас кылган Каныкей болгондой, келинчеги Аймээрим Момунжан кызы Эламан баатырга тете кайраттуу жар болду. Жолдошу каза болгондо алгач келинчегине «Эламанды келип көрүп кеткиле» деген кабар келет. Кесиби боюнча аскер адамы болгон Аймээрим жүрөгү миң тилинип, кайгыга батып турса дагы, кайнатасы менен кайненесине түк билдирбей, «Ата, барып, кабар алып келели» дейт. Атасына аскер адамдары өлдү деп айта алышпай кыйналат. Бир кырсыктын болгонун жүрөгү сезген атасы: «Мен баламды аскерге бергем. Өлсө, өлдү дегиле!» дептир. Анан «тез жардам машинасы менен жеткиребиз» дешсе, «Тез жардам машинасы жетишпей жатса, кантип Кара-Сууга айдатып кетмек элем, уулумдун денесин өз машинамда эле алып кетем» деп болбой коёт.

Кайнатасы менен келиндин кайратын караңыз!
Ушуларды айтып отуруп, аяш апасы, Бүсапар Мурзалиева:  «Көрсө мекен үчүн жан берген баатырдын үй-бүлөсү, ата-энеси, түбөлүк баш кошкон жары да башкача болот экен» деп көзүнө жаш алды…

19-сентябрда Кыргызстандагы Аза күтүү күнүндө өлкөбүздөгү миңдеген мектептердин катарында Эламан Ураимов билим алган Кара-Суу районундагы мурунку «Кызыл Кыргызстан» азыркы Санавар Бахапова атындагы орто мектепте Баткен апаатында курман болгон баатырларды эскерген эрдик сабагы өтүлдү.

— Өзүмдүн 3-класска «Мекенди коргоо — ыйык милдет» аттуу тарбиялык саат өттүм. Окуучуларым Эламанды биринчи класстан төртүнчү класска чейин окутканымды билип, көп суроолорду беришти. Эламандын эч кимге жамандыгы жок, ачык маанай, ак көңүл бала болгонун, ушул класста үчүнчү партада олтурганын, сабакты жакшы окуганын балдарга айтып бердим. Өтө таасирдүү болду. Балдар: «Мекен деген Савай айылы», «Мекен деген Кыргызстан» «Анын бир сантиметрин да душманга бербейбиз!», «Биз да Эламан агабыздай мекенди коргойбуз!» дешти, — дейт баатыр жигиттин биринчи класстагы эжейи Мерикан Токоева.

БААТЫРДЫН ӨМҮРҮ КЫСКА, ДАҢКЫ УЗУН!

Мерикан эжей менен маектешип жатып кайраттуу жоокердин дагы бир мыкты сапатын билдим. Ал кайда окубасын, мектебин унутпай, биринчи класстагы мугалиминен кабар алып турчу экен. Ал гана эмес, «А» тамгасын тааныткан эжейин үйлөнүү тоюна чакырып, кубанычка  бөлөптүр. Мындай жароокердик сапат, билим берген мугалимине ыраазычылык билдирүү бардык эле бүтүрүүчүлөрдө боло бербейт. Эламан жалгыз эле биринчи класстагы мугалимине эмес, өзүнө билим берген бардык мугалимдерге сый-урмат менен мамиле кылчу экен. Агай-эжейлери да ичтеринен сызып : «Машинада баратса да, токтото калып, алы-жайыбызды сурап турчу» дешет.

Ооба, карасуулук баатыр жигит Эламан Ураимовдун эрдиги жаш балдардын эле эмес, жалпы жумурай журттун мекенчилдик сезимин курчутту. Ушу тапта Эламандын эрдигине таасирленбеген  адамды табуу кыйын.
«Кыргыздын жаңы Чолпонбайы Эламан Ураимов менин савайлык жердешим экенине сыймыктанам! Кош бол, баатыр, сенин эрдигиң кыргыз жоокери кандай болушу керектигин көрсөттү. Элим үчүн деп жанын кыйган азамат «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамына көрсөтүлсүн деп талап кылалы!» деп жазыптыр Камит Савай.
Камит Савайдын демилгесин бүгүнкү күндө миңдеген кыргызстандыктар колдоп жатышат. Биз, кутбилимчилер да, бул сунушту колдойбуз!
Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөсүн!
Эл уулунун өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалоо эгемендүү өлкөбүздүн келечеги үчүн керек экенин унутпайлы!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер