БААТЫР БАТКЕН ЭЛИНЕ БААРЫЛАП ЖАРДАМ БЕРЕЛИ!

  • 23.09.2022
  • 0

Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек арага чектеш айылдарга коңшу тажик аскерлеринин согуштук чабуулдарынан жабыркаган жергиликтүү калкка билим берүү тармагынын кызматкерлери 44,4 млн сом акча каражатын жана гуманитардык жардам жөнөттү.

“Кабар” агенттигинде журналисттер менен жолугушууда Надира Жусупбекова алгач Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы билим берүү мекемелеринин, окуучуларынын жана мугалимдеринин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу маалымат берди.

— Баткен облусундагы 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтоп турат. Алардын ичинде 53 билим берүү мекемесинин базасында эвакуация пункттары уюштурулган. Лейлек районундагы 45 мектепте жана 23 бала бакчада окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат. Калган 21 мектепте жана 40 бала бакчада окуу баштала элек. Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө. Сүлүктү шаарында жети мектептин ичинен бир гана мектепте окуу процесси баштала элек.

Баткен облусундагы 11 кесиптик лицейдин ичинен эки лицейде окуу процесси убактылуу токтотулду. Ал эми Баткен шаарындагы жана Баткен районундагы колледж жана жогорку окуу жайларынан башкаларында окуу кадимки режимде уланып жатат.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 11 билим берүү мекемесинде (беш мектеп жана беш бала бакчада) билим берүү процесси убактылуу токтоп турат. 11 мектепте 18 бала бакчада иш ыргагы кадимки шартта уланууда, — деди Надира Сынташевна.

Учурда окуу процессин калыбына келтирүү үчүн окуу китептери жана жабдуулары эсептелүүдө. Окуу процессин офлайн форматта жүргүзүү үчүн бузулбаган имараттар бир нече нөөмөт менен колдонулмакчы. Өз айылынан башка жакка убактылуу көчүүгө мажбур болгон окуучулар учурда кайсы жерде баш паанектеп турса, ошол жердеги мектептерде окуусун улантып жатат.  Уюштурууга мүмкүн болгон жерде онлайн окутуу варианты да каралууда.

Кыргызстандын чек ара чегинде жайгашкан Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы бала бакча жана мектептердин жалпы саны:

Баткен облусу боюнча бардык типтеги жана формадагы 188 бала бакча, 238 мектеп, 11 кесиптик лицей, 5 колледж жана 5 жогорку окуу жайы бар.

Бала бакча тарбиялануучулардын жалпы саны — 20 миң 302 бала, мектеп окуучуларынын саны – 118 миң 30 окуучу. Бала бакчаларда иштеген жалпы тарбиячылар – 954 тарбиячы жана мектеп мугалимдеринин жалпы саны – 7564 мугалим.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда бардык типтеги жана формадагы 23 бала бакча,  17 мектеп жана 1 кесиптик лицей бар. Район боюнча бала бакчаларда тарбиялануучулардын саны – 1450, окуучулардын саны – 5961, тарбиячылардын саны – 130, мугалимдердин жалпы саны – 670 мугалим.

Биз биргебиз жана баарын жеңебиз!

Билим берүү кызматкерлери башка кызматтагылар менен биргеликте согуш чыккан аймактардан эвакуацияланган калкты билим берүү уюмдарынын базасындагы турак-жайларга жайгаштырууга жана тамак-аш менен камсыздоого активдүү көмөктөшүүдө.

Чек ара аймактарынан эвакуацияланган он миңдеген мекендештер бала бакчалардын, мектептердин имараттарына, мектептердеги спорт залдарына жана ошондой эле жогорку окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштырылды.  Мына ушундай оор кырдаалда Баткен элине жардам берүүдө билим берүү тармагынын кызматкерлери да четте турбай, 44,4  млн сом акча каражатын жана гуманитардык жардам чогултту.

“Баткенге жардам” акциясына Билим берүү жана илим министрлигинин “Кут Билим” медиа борборунун кызматкерлери да активдүү катышып, бир күндүк маянасын которду. Ошондой эле борборубуздагы К.Карасаев атындагы БГУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун курамындагы институт, колледждердин кызматкерлери дагы бул демилгени бир добуштан колдоп чыгышты. Аталган жогорку окуу жайлардын студенттери өз ыктыярлары менен гуманитардык жардам чогултууга жардам беришүүдө. Андан тышкары, Баткен жана Лейлек районунан келип окуган студенттер менен жолугушуулар өтүп, аларга ар кандай жардамдар көрсөтүлүүдө.

Согуш кырдаалында жабыркаган жалпы калкка психологиялык жардам көрсөтүү максатында Психологдор кербени уюштурулуп, жогорку окуу жайынын окутуучуларынан куралган 28 психологдун тобу Баткенде иштеп жатат.

БААТЫР БАТКЕН ЭЛИНЕ БААРЫЛАП ЖАРДАМ БЕРЕЛИ!

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова куралчан жоодон качпаган, кыйчалышта чыйралып, кыл чайнап элин сактаган баатыр Баткен элине жардам колун сунган агартуучулар журтуна кайрылып, ыраазычылык билдирди.

— Өлкө үчүн оор учурда кайраттуулугун, сабырдуулугун жана биримдигин көрсөткөндүгү үчүн жалпы мугалимдерге, студенттерге, окуучуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө Билим берүү жана илим министрлигинин атынан терең ыраазычылык билдиремин. Биз биргебиз жана баарын жеңебиз! – деди Н.Жусупбекова.

Эң зарыл болгон объектилер 40 күндүн ичинде калыбына келтирилет

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен чек ара аймагына тажиктердин куралдуу кол салуусунан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Комиссияны Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жетектөөдө. Ал азыркы учурда комиссия жалпы чыгымды эсептеп тактап жатканын, талкаланган объектилердин баары кышка чейин калыбына келтирилерин билдирди.

БААТЫР БАТКЕН ЭЛИНЕ БААРЫЛАП ЖАРДАМ БЕРЕЛИ!

Министрлер Кабинетинин башчысы аскерлер казармаларга, жарандарыбыз жаңы үйлөргө киргизилерин жана ошондой эле эң зарыл болгон объекттерди 40 күндүн ичинде калыбына келтирүү чаралары көрүлөрүн белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 21-сентябрдагы билдирген маалыматтарына караганда, Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.

Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштеп жатат.

Чек ара аймактарындагы кыргыз айылдарына тажиктердин куралдуу кол салуусунан келтирилген чыгымды аныктоо максатында уюштурулган комиссиянын жүрүшүндө 364 турак жай имараты, 168 чарба курулуштары, 9 социалдык объекти (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1), беш стратегиялык объекти, 149 — кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери жана тогуз транспорт каражаттары жабыркагандыгы тастыкталды. Аталган комиссия келтирилген зыянды баалоо иштерин улантууда.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер