БҮГҮНКҮ ЖАШ АДИС ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ УСТАТ

  • 12.05.2023
  • 0

БҮГҮНКҮ ЖАШ АДИС ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ УСТАТ

Эрте менен эрте туруп ашыгып жумушка кетесиң, жумушуң аяктаганда ашыгып үйүңө келесиң — мунун өзү бакыт. Ооба, ар бир адам бир нерсе менен алек, бирок бактылуу адам бир өнөрдүн ээси болуп, анын натыйжасынан ыракат алган жана бир кесипти аркалап, анын үзүрүн көргөн адам эмеспи. Негизи кесипти адам жаратат, башкача  айтканда кесиптин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым-катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Техника өнүгө элегинде кесиптик көп түрдүүлүк чектелүү эле. Индустриянын өнүгүшү менен кесиптин дагы жаңы түрлөрү пайда боло баштады. Мүмкүн адам турмушунда колдонула элек кесиптер да бардыр. Кесип – бул замандын талабы, коомдук экономикалык мамилелер өнүккөн сайын замандын талабы дагы өзгөрдү. Кесип тандоо да татаалдай баштады.  Кеп жаңы заманбап кесиптер жөнүндө эмес, кесипкөйлөр жөнүндө болсун, болгондо да жаш адистер жана алардын кесипкөй болушунун өбөлгөлөрү жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Бир кесипке ээ болуу үчүн адам билим алып, ал кесиптин ээси болушу керек. Кесип болгондо кээ бирөөлөр кара күч эмгеги, кээ бири акыл эмгеги менен алектенет. Биз мугалимдер акыл эмгеги менен алектенебиз.
Ар бир адам турмушта алдына максат коёт, ар бир күнү жасаган аракетиң, өзүңдү сыноого койгонуң, иши кылып жашооңдогу бардык иш-аракетиң алдыдагы сен кыялданган максаттарды ишке ашыруу. Максатсыз, каалоосуз жашоонун маңызы жок. Балакатка жетип акылың толгон күндөн баштап, кыялдарды орундатуу аракеттери менен жашап келет окшобойбу инсан.

БҮГҮНКҮ ЖАШ АДИС ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ УСТАТ

Адам жашоосунун маңызы элге кызмат кылуу, жалгыз өзүң үчүн кам көрүү — бул руханий жан таслим болуу. Эң зарылы элден аз алып көптү берүү деген идея улуу орус жазуучусу Л. Н. Толстойдон кездешер эле. Ал өзүнүн жашоосунун эң жакшы жылдары деп, элдин жыргалчылыгына кызмат кылган күндөрүн белгилейт эмеспи. Кесипкөй инсандар элге кызмат кылуу, коомго салым кошууну башкы планга коёт. Жашоонун өзөгү — эмгектин үзүрүн көрүүгө багытталат. Ошондо мугалим элге кызмат кылып, билимдүү коомду жарата алса, мыкты өндүргүч күчтү даярдоого салым кошо алса, үзүрлүү эмгек деп билет.

БҮГҮНКҮ ЖАШ АДИС ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ УСТАТ

Адамдын адамдык жашоосунда эң башкысы анын мезгил менен кошо өнүгүп-өсүшү. Албетте, ар бир инсан заманга ылайыкташып өнүгүп отурат. Ал эми мугалим болсо өзү өнүгүү менен бир катар өнүктүрүүгө, ыңгайлаштырууга салым кошот.
Кимдир бирөө кара жанын багуу менен алек, кимдир бирөө эл катары кыбырап жүргөнүнө шүгүр кылат, кимдир бирөө коомдук пайдалуу эмгек жасоо аракетинде болот. Бир эле кесип менен алектенгендердин  да ушундай түрлөрү бар. Кандай болгон күндө да ар инсан өз кесибине каалоо менен ал өз эмгегинен ыракат алат, үзүрүн көрөт, ийгиликтерди багындырат. Заманыбыздын залкар педагогу Г. Мадаминов айткандай: “Айлык, сыйлык үчүн иштөө эмес, кесибин сүйгөн үчүн иштөө керек. Сүйүүнүн кайсы түрү болбосун, бул сезим болгон  жерде жыргалчылык, бактылуулук бар. Кесибин сүйгөн инсан эмгек жамаатына байыр алып, кылган эмгегинин үзүрүн, жыргалчылыгын көрөт.  “Баар алдым ишимден, бак таптым сүйгөн кишимден” дегендей, үйдө күткөн кишиң, сыртта сүйгөн ишиң болгону жакшы. Даанышман ойчул Ибн Сина айткандай, “Сүйүү – бул бул кыймылдаткыч күч,  жашоодо сүйүү бар жерде өсүү, өнүгүү бар. Биздин мектеп “Кесибиңди сүйүп иште, өзүңдү өзүң өнүктүр, эл керегине жара,” деген принцип иштеп жатат.

БҮГҮНКҮ ЖАШ АДИС ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ УСТАТ

Биз баарыбыз өз кесибибизге алгачкы кадамыбызды таштоо менен “жаш адис” атка конобуз, бирок канча убакытка? Кесиптик баскычта биз, адистер, канча убакытта жетилген куракка, анан дасыккан куракка жетебиз жана буга кандай факторлор  өбөлгө болот? Муну изилдеген педагогдор да бар чыгар, бирок мен ушул маселеде ой бөлүшүүнү чечтим.
“Жаштык” (орус. молодость) 19 жаштан 35-39 жашка чейинки курактык мезгил. “Жаш адис” деп кимди эсептейбиз? Инсан белгилүү бир кесипке ээ болуп, жана жогоруда белгиленген куракка тиешелүү болсо жаш адис болот, дагы бир көз караш боюнча курактык өзгөчөлүгү эске алынбай өз кесибин кайсы куракта болбосун, жаңы баштаган адис “жаш адис” болуп эсептелет.
“Адистик” (лат. species-түр, орус. специальность) – билим берүү процессинде адис алган жана квалификациясынын белгилүү деңгээлин камсыз кылган билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн жыйындысы, иштин түрү, кесип. “Адис” деген түшүнүктүн маанисин чечмелеп көрсөк, бул атайын кесиптик билимге ээ болгон кызматкерлер, же белгилүү бир кесике ээ болуу.  Кесип демек, “адис” сөзү менен синоним. Бирок турмушта адис сөзүн кеңири мааниде колдонобуз, кээде “ адис” сөзү бир иштин билерманын да түшүндүрөт. Кесип адамдарды интеграциялайт, башкача айтканда   анын адамгерчилигине,  кабыл алуусуна, дүйнө таанымына, көз карашына, өзүн-өзү алып жүрүүсүнө, кийинүү стилине, жест , мимика,  манерасына  таасир этип, жакындыкты, типтүүлүктү пайда кылат. Мисалы, мугалимди башкалар анын типтүү окшоштуктарынан тааныйт жана башка кесип ээлеринен айырмалайт.
“Кесипкөйлүк” түшүнүгү философияда, социологияда, лингвистикада колдонулат жана эки мааниге ээ.
Биринчиден, бул ар кандай кесипте жогорку компетенттүүлүккө ээ адамдын мүнөздөмөсү.
Экинчиден , “профессионализм ” же “дасыккандык” деген маанини билдирет. Тактап айтканда,  өз ишин мыкты билген, ийгиликтерге жетишкен адамды түшүндүрөт. Адам ар кандай чөйрөдө кесипкөй же дасыккан адам боло алат. Мүмкүн өзү кесиби мугалим болгону менен кайсы бир ишмердүүлүк  боюнча дасыккан чебер же бир өнөрдө дасыккан адис болушу мүмкүн.
Баары эмнеден башталат, алгач үйрөнчүк болобуз, бул мезгиде иштин көзүн жакшы түшүнбөй, катачылыктарга жол берүү мүмкүндүгү бар болот. Адистик боюнча топтогон билимдерди өркүндөтүү, машыгуу, көнүгүү менен көндүмдөрдү өрчүтүп отуруп, квалификациябыз жогорулайт, ошондо ошол кесиптин “жаш адиси” болобуз. ( Мен алгач иштеген жылдарымда педагог-стажер элем, акырындык менен “мугалим” деген статуска ээ болдум, менин устаттарым мени дасыктыруу менен алек болушту, профессор, философия илимдеринин доктору Т. Аттокуровдун, профессор Б. Апышовдун, философия илимдеринин доктору Арзыматовдун, доцент А. Батыралиевдин, окумуштуу Артыков Аркабай агайдын сабактарына үзгүлтүксүз катышып, тарбия көрүп, акыры мыкты лектор болуп, “ улук окутуучулукка” жетиштим. Менин насаатчыларымдын менин системага түшүүмдө ролу чоң, тагдырдын жалгоосу менен университете эмес, мектепте иштеп жатсам да жогорку деңгээлдеги педагогикалык мектептен өткөнүмдүн үзүрүн көрүп келем.)

БҮГҮНКҮ ЖАШ АДИС ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ УСТАТ

Кесипкөйлүккө жетишүү үчүн сени таптаган, тарбиялаган мыкты устаттар, насаатчылар болуш керек. Мугалим  маалыматты кайдан алып жана аны кандай жол менен жеткирүүнү билип калганда дасыгып калган болот. “Системага түшүү” деген бул өз кесибиңде эмгектенүүнүн жол-жобосун билүү, адис катары калыпка түшүү, кесиптик аң-сезимге ээ болуп, предметтик аң-сезимдин калыптануусу дегендик. Көптөгөн жылдар бою тажрыйба топтолуп, кесиптик акылмандыкка жеткенде “дасыккан адис” болобуз.
Кесипкөйлүккө, дасыккан чебер адистикке жетишкенде да инсан тынымсыз изденип өсүүгө, чыгармачылык менен эмгектенип жаратман болууга, статустук баскычтарга көтөрүлүүгө аракетенет. Кесипкөй адам өсүү процессинен ырахат алат. Кесипкөй мугалимдер эртеңки сабагына бүгүн түйшөлөт. Өтө турган тема боюнча окуучуларды кандайча шыктандырууну ойлонот. Ал эми окуучунун сабакка мамилесин тема боюнча шыктануу абалын элесетет. Мугалимдин ар бир сабагы жаратмандык менен өзгөчө өтөт жана ар бир өтүлгөн сабактан ырахат алат. Кесипке мугалим тапшырманы окуучунун теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн байкоо үчүн берет.  Окуучу түшүнбөгөн маселенин үстүнөн иштеп, натыйжага жетишүүгө аракет кылат. Кесипкөй мугалимдин сабак өтүү тактикасы окуучуну түйшүккө салып кыйноо эмес, окуучуга билим берип темага кызыгууну жаратып, андан ары өз кызыкчылыгы менен теманы терең өздөштүрө алуусуна багыт берип, шыктандыруу. Жакшы сабакта окуучу да мугалим да чарчабайт. Кесипкөй  мугалимдин ар бири өзүнчө касиеттерди арттырат. Окуучулар окуткан мугалиминин ошол өзүнө мүнөздүү педагогикалык касиеттерин эстеп калат. Айрым учурда атын атабастан, кайсы бир өзгөчө сапатын айтып, таанышат. Окуучулар өзүнө жагымдуу мугалимдердин мектепте болушун каалайт. Жумушка келбей калса, орду билинет. (Көпкө ар кандай себептер менен келбей калып, жумушума келсем: «Сиз көрүнбөй калдыңыз, сиз жок мектеп кызыксыз болуп кетти»- деген кырдаалга да кез болдум). Кесибиңди сүйүп иштөө, окуучуларга чын дилиңден билим, тарбия берип, берилип иштөө менен мугалим эң чоң сый-урматка ээ болот. Ар бир мугалим кесиптик мыктылыкка жетишип, окутуп, билим берип, жаш адиске устат болууга жетишсин. Бүгүнкү жаш адис эртеңки кесипкөй устат экенин унутпайлы!

Фаризат ТАГАЕВА, Кара-Көл шаарындагы Токтогул  атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 
тарых мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер