Б. БАЕТОВ: ИЛИМДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АКАДЕМИЯГА КАРАГАНДА УНИВЕРСИТЕТТЕРДЕ ШАРТ КӨБҮРӨӨК

  • 27.02.2023
  • 0

Б. БАЕТОВ: ИЛИМДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АКАДЕМИЯГА КАРАГАНДА УНИВЕРСИТЕТТЕРДЕ ШАРТ КӨБҮРӨӨК

Президенттин жарлыгына ылайык, УИАнын эки институту жогорку окуу жайларына биротоло өткөрүлүп, дагы он чактысы өзгөчө макамы бар ири университеттер менен интеграциялашып иштеши керек.

“Кут Билим” академиялык институттардын жождорго интеграция болушу кандай ишке аша турганын сурап, Министрлер Кабинетинин төрагасына караштуу Илим боюнча кенештин катчысы, КРнын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Батыркул Баетовго кайрылды.

 

КР президенти Садыр Жапаров 16-февралда абдан маанилүү жарлыкка кол койду. Анда өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө илимдин салымын жогорулатуунун чаралары жөнүндө деп аталат. Бул жарлыкта каралган чаралар кандай ишке ашып, кандай пайда берет?

 

— Биздин бюджетке карасак, Улуттук илимдер академиясынын курамындагы жыйырма институттун иштешине мамлекеттик бюджеттен быйыл жарым миллиард сом каражат бөлүнүп жатат. Тармактык мамлекеттик мекемелерге караштуу жана да жыйырмага жетпеген институт бар, ал эми 40 илимий изилдөө институту жогорку окуу жайларында.

Акыркы убакта адистер тарабынан илимий изилдөө институттарын тиешелүү тармактагы мамлекеттик атайын ыйгарымдуу бийлик органдарынын карамагына  өткөрүп берүү талапка ылайык деген сунуштар айтылууда. Маселен, айыл чарба багытындагы эки институт тармактык министрликке караса, экөөсү Агрардык университетте… Ал эми Энергетика министрлигинин атайын адистештирилген илимий изилдөө институту бар. Саламаттык сактоо тармагында ондон ашык илимий институт бар эле, азыр аларды оптимизациялоо маселеси курч бойдон калууда.

Тармактык мамлекеттик органдарга караштуу илимий институттар натыйжалуу иштээрин жашоо тастыктап жатат. Анын себеби, министр өзүнүн тармагын өнүктүрүү керек болгондо, өз аппаратынын убактысы жетпеген, квалификациясы жетпеген маселелерди окумуштуулардын алдына коет, алардын изилдөөсүнө таянып иш кылат. Кыргызстан ичинде, КМШда, дүйнөдө коюлган маселенин чечилишин талдап чыгып, окумуштуулар, албетте өз тыянактарын беришет, натыйжада мамлекеттик мекеме туура чечимдерди кабыл алат. Илимий изилдөө интитуттарын өзүнчө бир борборго жыйнап коюп, каражатты Финансы министрлиги аркылуу берип коюу – бул рынок шартында өтө терс көрүнүш. Мыйзамга ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде Улуттук илим фонду иштеп, ушул багытта жумшалган каражаттын ар бир сомунун кандай натыйжа менен иштеп жатканын тыкыр иликтеп туруусу керек эле.

Ушул жагдайлардан улам бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясындагы натыйжалуу иштебей келе жаткан Оштогу гуманитардык-аймактык изилдөөлөр деген чалажан институтту ОшМУга өткөрүп берүү эң туура чечим деп эсептейм. Экинчиси, ушу сиздер Улуттук илимдер академиясынын курамындагы Экономика институтунун бир жерден бир чогулушка катышканын, программа жазганды жөн эле коеюн, бир программага сын айтканын уктуңар беле отуз жылдан бери? Эч кимге кереги жок отчетторду жазып, илимдин  кандидаттарын, анда-санда бир докторун, кээде эки-үч китеп чыгарып койгонуна куштар болуп, акчаны бөлүп, ошончо адистерди кармап отура бериштин канчалык кажети бар? Ушул себептерден улам Экономика институтунун көп жылдан бери өзүн өзү каржылап өнүгүү жолуна түшкөн КЭУга өткөрүлүп жатканын биз түшүнүү менен кабыл алдык.

Ал эми калган он бир институт тармагы туура келген ири университеттерге интеграцияланышы жөнүндөгү жарлыктын талабы өтө маанилүү. Интеграция деген тыгыз иштесин деген сөз, формасын өздөрү тапсын. Практикалык-прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүп, илим менен окуунун бир жүрүшү дүйнөлүк практика эмеспи.

Б. БАЕТОВ: ИЛИМДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АКАДЕМИЯГА КАРАГАНДА УНИВЕРСИТЕТТЕРДЕ ШАРТ КӨБҮРӨӨК

— Жогорку окуу жайларына интеграция болгон академиялык институттардын ал жакта өнүгүп кетишине канчалык шарт, өбөлгө бар?

— Бүт дүйнөдө илим университеттерде жасалат. Университеттердин каржылык мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Азыр ошол университеттердин каржылык жана адам  потенциалы илимге жумшалса экен деп жатабыз. Өнүккөн мамлекеттер илимге ички дүң продукциянын 3-4% чейин каржылоо бөлсө, катардагы мамлекеттер 1-2-3% бөлөт экен. Ал эми бизде болсо бул көрсөткүч 0,08% түзөт. Мындай өп-чап каржылоо менен илимди өнүктүрүш дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан илимий изилдөө институттарынын кээ бирлери мамлекеттик ири жогорку окуу жайларларына берилсе, каржылык жактан бир мүмкүнчүлүк болуп, изилдөөлөргө жол ачылмакчы. Экинчи жагынан, бүгүнкү күндө окумуштуулардын жарымынан көбү, дээрлик 70%, де-факто ошол жогорку окуу жайларында эмгектенишет.

Өткөн жылкы мамлекет башчыбыздын жарлыгына ылайык жогорку окуу жайларында ирилештирүү процесстери башталган эле. Ошонун негизинде университеттер тармагы боюнча бириктирилип, беш мамлекеттик жогорку окуу жайынын тегерегинде ирилештирилген. Ошол ирилештирилген беш университетке өзгөчө статус берилди. Ал эми КЭУга “илимий изилдөө университети” деген өзгөчө макам берилди. Каржылык жактан алардын жолун кенен ачып, илимий жактан да тиешелүү тапшырмалар берилди.

Чакан университтер каржылык жактан да, илимий жактан да мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес, албетте.

Ири университеттердин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонуу абзел. Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан түзүлгөн тармактар аралык атайын жумушчу топ ошол 79 илим изилдөө институттарынын иш-аракеттеринин  натыйжалуулугун тыкыр изилдеп, 1-ноябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу өзүнүн сунуштарын берүүгө милдеттендирилди. Кайсы институт кандай иштеп жатат, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө канчалык салым кошуп жатат, кайсыларын бириктириш керек, кайсыларын жоюш, ал эми кайсыларын тескерисинче  күчөтүш керек? Акчаны баарына бирдей эле берип койбой, илимий-техникалык продукциянын маани-маңызына ылайык жыл сайын каржы маселеси өзгөчө чечилип турушу максатка ылайык.

Улуттук илимдер академиясы ызы-чуу чыгаргандан мурун чындыкты моюнга алышы керек эле –  мурда аты-жыты билинбеген эки институт мамлекеттик эки жогорку окуу жайына  өтүп кеткени туура эле болду деп. Анткени ОШМунун бюджети миллиарддарды чапчыган бюджет экени белгилүү, ал эми КЭУ болсо көп жылдардан бери өзүн өзү каржылаган, мамлекеттен акча албаган жогорку окуу жайына айланган. Эми ал жакта да жаңы өткөрүлгөн эки институт ишинин натыйжасын көрсөтө алышпаса, анда жогоруда аталган тармактар аралык атайын жумушчу топ алардын жабылышы тууралуу сунуш бериши толук мүмкүн.

Жарлыкка ылайык калган он бир академиялык институт өзгөчө макамдагы беш университет менен интеграциялык негизде иштешип көрсүн, жыл аягында алардын да  жасаган иштерине жараша тагдыры чечилээри бышык. Бул жерде варианттар арбын: кээ бир институттар өнүгүшү мүмкүн, кээ бирлери мурунку кейпинде калат, үчүнчүлөрү үчүн биригүү аргасыз кадам болуп калат, айрымдарынын кыскарып кетишине да негиз пайда болот. Анткени алардан эч кандай мамлекетке пайда жок болсо, салык төлөөчүлөрдүн миллиондогон акчасын эмне үчүн чача беришибиз керек?

Маектешкен Кубат Чекиров. «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер