БӨБӨКТӨРГӨ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК

  • 20.02.2024
  • 0

Нарын шаарында мектепке чейинки курактагы балдар бала бакча менен 53,3 пайыз камсыз болду. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын бала бакчаларды оптималдаштыруу демилгесин жетекчиликке алган жергиликтүү бийликтин жигердүү аракеттеринин натыйжасында бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылып, 500 бала бала бакчага бара баштады. Жыл аягына чейин дагы 300-400 бөбөктүн бала бакчага баруу бактысын камсыздоо аракети көрүлүүдө.

Алыскы тоолуу аймактардын бири Нарын шаарында балдардын бала бакчага тартылышы башка региондорго салыштырмалуу мына ушундай жогорку көрсөткүчкө ээ болуп жатканы кубандырат. Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Асангазы кызынын айтымында, учурда бала бакчага тартылган балдардын саны 2668 бала же болбосо 53,3 пайызды түзөт. Ал иштеп жаткан бала бакчалардагы уктоочу бөлмөлөрдү оптималдаштыруунун жана иштеп жаткан бала бакчаларга кошумча имараттарды куруунун  натыйжасында бала бакчага барган балдардын саны дагы бир топ көбөйө тургандыгын билдирди.

Нарын  шаарында учурда тогуз мамлекеттик, эки ведомстволук, бир менчик мектепке  чейинки мекеме иш  алып барууда. Жалпы Нарын шаарында мамлекеттик, муниципалдык бала бакчаларда — 2543 бала, ведомстволук бала бакчаларда — 60 бала, менчик бала бакчаларда — 60 бала таалим-тарбия алууда. Облустук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык эки жаштан алты жашка чейинки балдардын саны 4942 баланы түзөт. Бүгүнкү күндө жалпы бала бакчаларга электрондук кезекте турган балдардын саны 1991 бала, — деди ал биз менен болгон маегинде.

БӨБӨКТӨРГӨ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК

Ал Нарын шаарында жакынкы келечекте бир катар бала бакчалардын жаңы имараттарын курууга жер аянттары даярдалып жатканын, кезекте турган балдарды чукул арада бала бакча менен камсыздоо үчүн колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп жатканын баса белгиледи. Мисалга алсак, типтүү эмес №4 “Наристе-Нур” балдар бакчасындагы беш тайпада 150 баладан 185 балага чейин кабыл алынат, а бирок ал өзү болгону 75 орундуу бала бакча болуп эсептелет. Ошол чѳлкѳмдѳгү 63 баланы бала бакча менен камсыздоо максатында, келишимдин негизинде ижарага алынып иштетилип жаткан менчик үйдү жергиликтүү бийлик бюджеттин эсебинен айына 15 миң сомдон каржылап, кырдаалдан чыгып келатат.

— Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын демилгеси менен бала бакчаларды оптималдаштыруу боюнча Нарын шаарындагы бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келатат. Анын натыйжасында дагы 500 баланы бала бакча менен камсыздадык.

Шаардагы орто мектептерге, бала бакчаларга инвестиция тартуу аркылуу материалдык-техникалык базасын чындоо максатында аткарылып жаткан аракеттерди белгилеп кетким келет. Алсак, 2021-2022-окуу жылында мектепке 13 478 748 сом, 2022-2023-окуу жылында 49 120 872 сом тартылып, мектептин ремонт иштери, эмеректерин алмаштыруу сыяктуу зарыл иштер жасалды. Ал эми бала бакчаларда 2021-2022-окуу жылында 4 606 396 сом, 2022-2023-окуу жылында 7 353 889 сом тартылган, — дейт Элнура Асангазы кызы.

БӨБӨКТӨРГӨ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК

Жалпысынан алганда Нарын шаарында мектепке чейинки курактагы 2304 бала электрондук кезекте турат. Ошондон улам иштеп жаткан бала бакча имараттарына улай жаңы имараттарды куруп, кошумча бөлмөлөрдү түзүүнүн жардамы менен кырдаалдан чыгуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатышат.

Учурда тоо койнундагы жашыл шаар туш тарапка кулачын жайып кеңейип келатканы, шаар тургундарынын, жарык дүйнөгө келген наристелердин саны көбөйүп жатканынан кабар берет.

Вице-мэрдин айтымында, айрыкча, Нарын шаарындагы кичи райондордун тургундары жаңы бала бакча курулушуна муктаж. Ал үстүбүздөгү жылы Нарын шаарында жаңы курула турган курулуш тизмесине жаңы бала бакчаларды куруу да киргизилип, алар үчүн кичи райондордо жер тилкелери бөлүнүп берилип жатканын кубануу менен белгиледи.

— Шаардагы кичи районго 140 орундуу жаңы имарат куруу керек. Ал үчүн эки гектар жер аянты даяр. Ал жердеги №17 “Ынтымак” балдар бакчасында 305 бала болсо, электрондук кезекте дагы 228 бала турат. Ошондой эле интернат жайгашкан аймакта бала бакча жок болгондуктан, балдарды № 16 “Ыйман” балдар бакчасынын У.Асанов атындагы интернаттын жатаканасында жайгашкан филиалына алып барышат. 2024-жылдын сентябрь айында кошумча имарат таап, кошумча тайпаларды ачууну пландаштырып жатабыз. Бул жакта муктаждык чоң, андыктан эртели-кеч жаңы имарат куруу  зарыл. Жаңы бала бакча куруу үчүн жер тилкелери даяр болгону менен башка тиешелүү талаптарды аткарууга, мисалы, керектүү кадрлар менен камсыздоого, алардын эмгек акысын чечүүгө убакыт жана каражат табуу талап кылынгандыктан, биз колдо болгон бала бакчаларга кошумча имараттарды куруу менен жетишпей жаткан орундарды толуктоого аракеттерди көрүп жатабыз. Бала бакчада иштеген кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамы менен жергиликтүү бюджетке жүктөлгөнү маалым. Нарын шаардык бюджетинин тартыштыгына байланыштуу жаңы штаттык бирдиктерди ачып, кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө мүмкүнчүлүк жок.

Андыктан акыркы мезгилде активдүү ишке ашырылып жаткан бала бакчалардагы кыска мөөнөткө гана иштеген бөлмөлөрдү оптималдаштыруу жолу эң ыңгайлуу болууда. Канча жылдан бери типтүү бала бакчалардагы балдардын уктоочу бөлмөлөрү эки саатка гана пайдаланылып, калган убактарды бош турчу эмес беле, эми ошол бөлмөлөрдү толук пайдаланууга өтүп жатабыз, — деди.

БӨБӨКТӨРГӨ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК

Вице-мэр Кыргыз авто транспорт мекемесине караштуу ведомостволук “Нур” балдар бакчасы муниципалдык менчикке өткөрүлүп, Нарын шаарындагы бала бакчалардын саны дагы бир бала бакчага көбөйгөнүн кубануу менен кошумчалады.

Асангазы кызы Элнуранын айтымында,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ошол чөлкөмдө ишмердүүлүк жүргүзгөн коомдук фондулар билим берүү тармагына жигердүү колдоо көрсөтүп турат. Өткөн жылы бюджеттен мектептердин оңдоп-түзөө иштерине 1 055 000 сом бөлүнүп берилсе, бала бакчалардын ремонт иштерине 1 741 500 сом акча каражаты чечилип берилген. Андан тышкары Тенир-Тоо фонду 2 408 000 сом акча бөлгөн.

Жогоруда вице-мэр белгилеп өткөндөй, жаңы бала бакчаларды күтүүгө, башкача айтканда, кызматкерлердин эмгек акысын каржылоого азырынча республикалык бюджеттин да, жергиликтүү бюджеттин да чамасы чак болуп жаткандыгы, Нарын шаарында бакчаларды кеңейтип, аларга кошумча тайпаларды түзүүгө тоскоол болгон жок. Ушул жылы дагы 300-400 баланы бакчага тартууга аракети көрүлүүдө.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер