АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

  • 08.04.2024
  • 0

Кыргызстандын мектептеринде 10 миңден ашуун пенсия курагындагы мугалимдер эмгектенет. Алардын билим берүү ишине кошкон салымы канчалык экенин өз ооздорунан уксак.

АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

Тогуз-Торо районундагы №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебиндеги 85 мугалимдин ичинен 16сы пенсия курагындагылар болуп эсептелет. Союз мезгилинен бери мектепте иштеп келеткан бул топтогулардын  пикиринде алар өз кызыкчылыгына караганда ар убак элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, эң бир аз айлыкка, турмуштун толгон-токой сыноолоруна карабай, баарына чыдап, мектепти таштабастан, балдарды, сүйгөн кесибин чанбастан иштеп келишти. Айлык көбөйгөн акыркы эки жылдан бери карай дагы деле мурунку калыбынан жазбай, аруу тилек балдарга жүрөгүн арнап, билимин берип, талыкпастан эмгектенишүүдө. Союз доорунан бери үзгүлтүксүз иштеп келаткан эмгеги элге сиңген тажрыйбалуу педагог Шайлообү Чоконбаева өткөндөгү күндөрүн мындайча эскерет:

— Биз жалаң бор менен сабак өттүк. Уят болуп калбайын деп, түн бир оокумга дейре конспект жазып, сабакка даярданчубуз. Биз учурунда айлыктын аздыгына карабай, белди бекем бууп, билекти түрүп, ак ниеттүүлүк менен иштегенбиз.

АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

Ушул эле билим уясындагы педагогикалык стажы 40 жылга барабар ардагер мугалим Кожомамбетова Айнагүл да ошондогу өз ишине ыраазы экенин айтат:

— Бир убакта мектепти кыймылдаткандар азыркы пенсия курагындагылар болчу. Алар  айлык үч-төрт айлап берилбей калганда да сүйгөн кесибин таштап кетпей, үй-бүлөлүк турмушун экинчи планга коюп, балдар үчүн жанын бергенге даяр болуп иштеп келишти. «Тулпар тушунда, күлүк күнүндө» дегендей, убагында бүт күчүбүздү берип иштедик: ыйлап жаткан балабызды карабай, таң атканча көрсөтмө куралдарды даярдап, сумкаларыбыз айрылганча китеп-дептер  салып, мектепке көтөрүп келчүбүз. Ачык сабак өтчүбүз, «Жыл мугалими» сынагына катышчубуз, окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдачубуз. Азыр ошондогу окуучуларыбыз ак эмгегибиз үчүн рахмат айтышканда, кесипти туура тандапмын деп өзүбүзгө ыраазы болуп калабыз.

АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

Кесиптештеринин пикирин агартуу ардагери Молдобаева Дамира да колдоду:

— Бүгүнкү күндө өздөрүнүн бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп иштеп жаткан пенсия курагындагы менин курбуларым дагы деле башкаларга үлгү болуп, керек болсо жаштардан калышпай, окуучуларды олимпиадага даярдап, күнү-түнү тыным билбей, мурда кандай иштешсе, ошондой темпте эмгектенип жатышат. Алардын арасында мен да бармын. Ошого өзүм да  ыраазы болом!

АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

Тилекке каршы, ардагер мугалимдердин мурунку ат көтөргүс эмгеги азыртан эле унутула баштаптыр. Эмгеги сиңген эжейлердин айтуусунда, Кыргызстандын мектептеринде педагогдорду жашы боюнча чектөө, жумуштан кодулоо фактылары жок эмес. Бул тууралуу Шайлообү эжей мындай деди:

— Кээ бир жерде пенсия курагындагыларга  5-6 саат же ашып барса, 10 саат берип коюшат. Бул такыр туура эмес! Ден соолугу жакшы болсо, иштей берсин да?! Кимдердин жашын чектеш керек? Биринчи кезекте билим берүү тармагындагы 65 жаштан өтүп калган райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтүн чектеш кажет.

Ал эми анын кесиптеши Кожомамбетова Айнагүлдүн айтуусунда мындай терс көрүнүштөр азаймак тургай, акыркы мезгилдерде күчөп баратат:

— Айрыкча өткөн окуу жылынан баштап мектеп жетекчилиги бизди кеткиле деп кодулай башташты. Буга чыдабай кетип калгандар да болду. Биздин мектептеги 85 мугалимдин арасынан пенсия курагындагылар 7-8, 10, 16 саат менен иштеп келебиз.

АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

Мугалимдердин жалпы пикиринде, мындай ойлонулбаган мамиле мектептеги моралдык -психологиялык кырдаалды курчутуп, муундар ортосундагы түшүнбөстүктү жаратып жатат.

— Ар бир үйдүн, ар бир айылдын аксакалы болгондой эле, мектептин да улуу муундагы акылгөй ардагерлери болушу керек. Пенсия жашындагы мугалимдер болбосо, мектеп жоголуп кетет. «Атаң алтымышка чыкканда, алдап күчүн ал» дейт элибиз. Алардын үйүндө ыйлап жаткан баласы жок. Мектепте окуучуларды олимпиадага даярдаган кимдер? Албетте, көпчүлүгү улуу муундун өкүлдөрү. Балдар азыр мугалимди тоготушпайт. Айтышат. Өз предметинен күчтүү болсо, окуучу мындай кадамга барбайт деп ойлойм. Пенсия жашындагы мугалимдерге окуучулардын ушундай мамилесин эч көрбөдүм. Бул мени албетте, кубандырат. Экинчи жагынан мектепте мугалимди алмаштыруучу кадрлар дайыма болушу зарыл. Математик декреттик эс алууга чыкса, аны эмне кыргыз тилчи мугалим алмаштырабы?! –дейт Шайлообү Чоконбаева.

Ал эми Кожомамбетова Айнагүл эжейдин пикиринде азыркы мектеп пенсия курагындагы мугалимдердин акылына, тажрыйбасына муктаж:

— Мурунку 60-70 жашка чыккандар менен азыркыларды салыштырып болбойт. Мурда дооруна жараша мугалимдер эс алууга чыгаары менен үйдө отуруп калышчу. Азыр мезгил башка. Бул курактагылардын  да бир топ жакшы жактары бар. Пенсия курагындагы мугалимдер материалдык байлыкка караганда руханий байлыкты жогору коюшат. Азыркы мектеп улуу муундагы мугалимдердин акылын, тажрыйбасын пайдаланып калышы керек. Бул түгөнгүс байлык!

Дагы бир пенсия курагындагы мугалим Ажыбаева Жээнбүбүнүн ою боюнча улуу муундун өкүлдөрү мектепте мугалим жетишпегендиктен иштеп жатыптыр:

— Учурда айрыкча шаар жерлеринде айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт. Сабак өтүлбөй калбасын деп, пенсионер мугалимдер мектепке кайра келип иштеп жатышат. Мунун эмнеси жаман? Улуу муундун өкүлдөрү бир да сабагын себепсиз калтырбай, жаштарга үлгү болуп иштешүүдө.

АЗЫРКЫ МЕКТЕП ПЕНСИЯ КУРАГЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫНА МУКТАЖ

Бул маселеге Бишкек шаарынан Төрөкан Алыбаева мындай деп үн катты:

— Мени мугалим катары түйшөлткөн маселе пенсия толук кандуу жашоого жетпей жаткан убакта пенсия жашындагы мугалимдердин мектепте иштеши эң эле туура деп ойлойм. Мугалимдерибиз жаштыгын, ден соолугун, билимин өмүр бою мектепке арнашса, анан пенсия чыкканда  бир заматта акчасы күнүмдүк жашоого, дары-дармекке жетпей калса, чынында оор. Биздин гимназияны эле алалы. 24 кыргыз тили мугалимдеринин арасынан тогузу  пенсия жашында, ушул жылы бул куракка жете турган дагы мугалимдерибиз бар. Жаш мугалимдердин азыркы айлыкка келе бербеси айдан ачык. Келип да жүрүшөт. Бирок класска киргенде сабак бермек тургай  ызы-чууга түшкөн 40-45тен ашуун окуучуларды тынчтандыра албай, балдардын суроолоруна жооп таппай шаштысы кетип, ашып кетсе үч күн иштеген жаш мугалимдерди деле көрдүк го. Жаңы келген мугалимдер тажрыйбага ээ болгончо да убакыт керек. Биздин пенсия жашындагы мугалимдердин бардыгы сабакта заманбап технологиялар менен санариптик онлайн, офлайн сабактардын бардык платформаларында сабак беришет. Жыл сайын өз алдынча жана атайын өткөрүлүүчү кесипкөйлүктү жогорулатуучу курстарда билимдерин өнүктүрүп турушат. Азыркы жаштар тажрыйбалуу мугалимдердин насаатына, кеп-кеңештерине муктаж деген ойдомун.

Бул күнкү талкуунун аягында пенсия курагындагы мугалимдер өздөрүнүн төмөнкү сунуштарын беришти:

— Пенсия курагындагы мугалимдерди аттестациядан бошотуу зарыл. Алар буга чейин далай фронталдык текшерүүлөрдөн өтүштү, өз билимин жогорулатуу курстарына барышты. Арасында окуучуларын предметик олимпиадага ийгиликтүү даярдап жаткандары, чыгармачылык сынактарда жеңүүчү болгондору бар. Дагы бир сунушум: күчтүү мугалимдерди тандаш керек. Мектепке жаңы мугалимдерди тест аркылуу алуу зарыл. Ошондо мектепте билим сапаты көз көрүнө оңолот, — деди Шайлообү эжей.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер