АЗЫРКЫ БАЛДАРДЫ ЖАЗАЛАП ОКУТА АЛБАЙСЫҢ

  • 17.03.2022
  • 0

Эмне үчүн ошондой экенин баарыбыз чогуу карап көрөлү.

Колума калем алып журналист болгуча, мен да сиздердей эле ак мектепке барып, ак пейил агай-эжейлердин колунан билим алгам. Ошондогу сыянын, жаңы дептердин, түрдүү түстөгү калемсаптардын, сырдалган доска, парталардын жыты өзгөчө болор эле. Башталгыч класстарда  биз Айтматовдун «Биринчи мугалиминдеги» Дүйшөн агайларды көрүп калдык. Бутуна хром өтүк, галифе шым кийип, үстүндөгү Сталиндикиндей кителинин көкүрөгү орден-медалга толгон мурутчан агайлар баарынан тартипти катуу кармашчу. Шоктонгондорду аяшчу эмес. «Сенин энеңди да, атаңды да окуткам!» —  деп кулактан чоюшчу. Биз эле эмес, ата-энелерибиз да ал агайлардан айбыкчу. Айылдын баары аларды  ызаат кылчу.
Биринчи класста баарын күлдүрүп окуткан мугалимге туш келдик. Сабакты билбегендердин, китеп окуй албагандардын шору шорподой катыды. Доскага чыгарып, оку дейт. Тамга тааныбаса  же кошуп окуй албаса кантсин, үн-сөзсүз туруп берет да. «Асмандан эшектер жаады» дейт мугалим. «Ас-ман-дан э-шек-тер жаа-ды» деп кайталайт окуучу. Биз мугалимге кошулуп шылдыңдап күлөбүз. Окуучунун билим алуу каалоосун, инсанын өлтүрүп жатканыбызды кайдан билебиз? Жашпыз да. Мугалим сөзүн кайталап айткан сайын, шылдыңдап күлө беребиз.Тапшырманы аткарбай келгендерди, окууга себепсиз келбей калгандарды бурчка тургузуп коёр эле.  Кээде стулду да көтөртүп койчу. Класстагы окуучулар да агайдын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жакшы окугандар менен сабакты билбегендер болуп эки антогонисттик топко бөлүнчү. Класста жолдоштук мамилелерге караганда бирөөнүн жаза баскан катасын мугалимге жеткирүү көбүрөөк орун алчу.
Азыр ойлосом, бул ошол кездеги мугалимдердин эле катасы эмес, жалпы коомдук түзүлүштүн, бүтүндөй доордун катасы экен. Биз адамдар ортосундагы социалдык теңдикти орнотууга чакырылган социализмде жашаганыбыз менен, коомдогу мамилелер көбүнесе авторитардык мамилеге (маселени күчкө салып чечүүгө) негизделиптир. Мектеп коомдун күзгүсү эмеспи, коомдогу авторитардык мамилелер мектепке чейин жетип, мугалимдин айтканы айткан, дегени деген доордо билим алыппыз.

АЗЫРКЫ БАЛДАРДЫ ЖАЗАЛАП ОКУТА АЛБАЙСЫҢ

Мындай окутуунун натыйжасында миңдеген балдардын жараткан берген таланты ачылбай мектепти бүтүп кетишти. Кайран балдар, кайран текке кеткен убакыт! Элибизде айтылып калган Толубай сынчы эсиме түшөт. Толубай сынчы жерде жаткан аттын баш сөөгүн кармалап, «Кайран жаныбарым, жакшы саяпкердин колуна түшсөң, миңдин бири болмок экенсиң»-  деп өкүнөт эмеспи. Бизде да не бир таланттуу балдардын таланты ачылбай калды. Мына жалаң коркутуп-үркүтүүгө, жазалоого негизделген авторитардык тарбиянын жыйынтыгы! Азыр баланын инсанын урматтоону баарынан бийик койгон гумандуу педагогиканын талапкерлери ар бир бала таланттуу экенин айтып, далилдеп жатышат…
Менин кийинки мугалимдерим мыкты болгонбу, айтор алардын сабактары көп жыл өтсө да, бет алдымда кинодой тартылып турат. Тарыхтан сабак берген Хасанов Тайир агайдын өзүнүн өмүр жолу тарых болчу. Кайсыл теманы өтпөсүн башынан өткөргөн өзүнүн окуяларын кыстара кетчү. «Мен силердей эне-атамдын колунда эркелеп өспөдүм. Ата-энем кулакка тартылып, Ферганадагы балдар үйүндө тарбияландым. Кээде шалыны отогону алып барышчу. Тизеден сууну кечип шалыны отойбуз. Сууда кан соргуч сүлүктөр жайнайт. Балабыз да, тизеге чейин ороп берген орогучту чечип, кантишер экен деп чечип көрөбүз», —  деп агай күлүп калар эле. Өзү тамекини үзбөй чекчү. Бирок бизге аны ыраа көрбөдү.
«Балдар, мен өз каалоом менен тамеки чегип калганым жок. Балдар үйүндө  «Чекпесең, көрөсүн!» деп коркутушчу.  Оозубузга тамекини шыкап зордоп чектиришчү. Чекпесең ур-тепкиге алышчу. Ошентип бул жаман адатка үйрөнүп калдык. Силердин заманыңар башка! Эсиңер  болсо, эч качан тамекини оозуңарга албагыла!» — дечү.
Азыр ойлосом биз менен окугандардан бирөөсү да тамеки чекпейт экен. Агайыбыз бизди ушинтип жалаң өрнөгү менен тарбиялаптыр. Дагы бир өрнөгү —  классташтарымдын эч кимиси айыл чарба жумушунан калчу эмес. «Балдар, эсиңер болсо, элдин жумушунан калбагыла! Чарба жумушунан качып, жалган справка алгандар чынында эле оорукчан болуп каларын турмуштан байкадым» дечү. Ушул бизге жетиштүү болду. Темир чогултабызбы, пахта теребизби, алма теребизби классыбыз менен чогуу болдук. Канча жыл өттү, классташтарым дагы деле коомдук иштен качпай, айыл арасында эл менен эл болуп, жаштарга үлгү болуп жашап келүүдө.
Дагы бир Абылкасымов Камчы аттуу керемет агайыбыз боло турган. Географиядан берчү. Ар бир сабагы өзүнчө ачылыш эле. Балдарды өзүнүн предметине кызыктырып, параллель класстарды бири-бирине жарыштырып окутчу. Мен ар убак мектептерге барганда Камчы агайдай өз предметин сүйгөн мугалимдерди издеп келем. Тилекке каршы, чанда жолугат.
Жогорку класска барганда физиканы баш-отубуз менен берилип окудук. Курганбаев Шарап агайыбыз бизге физикадагы тартылуу, сүрүлүү закондорун тажрыйба жүзүндө көрсөтчү.  Ар бир сабакта кодоскоп, эпидиоскоп баш болгон техникалык каражаттар, көргөзмө куралдарды колдонуп сабак өткөндүктөн, сабагы ары таасирдүү, ары жугумдуу болчу.
Жогорудагы мугалимдердин  окуучуларды кемсинтип, шылдыңдап, жаман сөз айтканын көргөн эмесмин. Жазалоо деген алардын арсеналында таптакыр болбоптур. Ошонусу менен алар биздин сый-урматыбызга ээ болушту.
Эми андан бери көп убакыт өттү. Баягы авторитардык мамилелерге шыкалган совет доору жок. Эркин, эгемендүү өлкөдө жашап жатабыз. Үйдөгү телевизорду кой, колубуздагы телефондон дүйнөнү колго салгандай карап отурабыз. Ушундай санарип заманда авторитардык мамилелердин ара-чолодо биздин мектептерде учурап жатышы мени журналист катары албетте кыжаалат кылууда.
Авторитардык мамиле, авторитардык тарбия эмне үчүн бизге болбойт, азыркы мугалимдерге жарашпайт? Ушуга үңүлүп көрсөк.
Кээ бир жаш педагогдор сабагында чымын учканы угулуп турган улуу мугалимдердей болгулары келиши мүмкүн. Анткени мындай шартта баланы окутуу да, тарбиялоо да мугалимге жеңил. Билбесе, журналга «экини» балчайта коёсуң бүттү. Эмне үчүн сабакты түшүнбөй жатат, предметтен начарлап кетти деп баш оорутпайсың. Окуучу деле мугалимден корккондуктан, түшүндүрүп бер деп сурабайт. Мугалим менен окуучунун ортосунда элестүу айтканда Берлин дубалы бар. Бул тосмодон мугалимге окуучунун эмне ойлоп жатканы, же кубаныч-кайгысы түк көрүнбөйт.
Ал эми мезгилге жараша окутуу чынында кыйын, бирок келечеги жакшы. Бир гана айырмасы мугалимге изденип иштөөгө  туура келет. Эртеңки сабакта кантсем, кантип өтсөм деп миң толгонот. Кошумча адабияттарды окуйт. Ар бир окуучунун окуу темпине жараша тапшырмаларды даярдайт. Баланын предметке болгон кызыгуусун өрчүтүүнү да унутпайт. Ата-энелери менен жакшы мамиледе болуп, баланын билим алуу ийгилигине кызыкканын иш жүзүндө далилдейт.
Тарбияда болсо, жазалоого караганда көбүнчө ынандыруу, ишендирүү усулдарына маани берет. Балдар менен кызматташып, билим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүгө кызыгат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бизде заман талабын түшүнгөн билим берүүдө интерактивдүү усулдарды колдонуп сабак берген мугалимдер барган сайын көбөйүп баратат.
Эми эң башкы суроого жооп издейли. Эмне үчүн азыркы балдарды жазалап окутууга болбойт? Анткени мындай жол менен биз эгемендүү Кыргызстандын  эркин атуулдарын тарбиялай албайбыз. Бирөөдөн тартынып, өз оюн айта албаган балдар алыс барбайт. Жашоодо өз ордун таппай кыйналышат.
Акыркы жылдары укмуштуудай ийгиликтерге жетишип жаткан алдыңкы мектептердин, жеке мугалимдердин ийгилик сыры эмнеде деп ойлойсуз?
Баарынан мурун алар өз предметин терең билишет. Муну менен эле чектелбей, өз предметине болгон сүйүүсүн окуучуларга жеткире билет. Лейлектик улуу устат Гапыр Мадаминов өзү жетектеген эксперименталдык гимназияга мугалимди жумушка алаарда ар бир класстын окуу китебинен баштан-аяк сурап чыгат. Агайдын ишениминде ар бир мугалим алдын өзү сабак берчү класстын окуу китебинин мазмунун «5» ке билиши керек. Ансыз анын окутуучулук ишинин кайтарымы болбойт.
Окуу ишине болгон мындай мамиленин акыбетин карап көрүңүз. Гапыр агай жетектеген гимназиядан жалгыз Медакадемияга 70 ке чукул бүтүрүүчү окууга өтүптүр. Болгондо да бюджеттик негиздеги окууга!

АЗЫРКЫ БАЛДАРДЫ ЖАЗАЛАП ОКУТА АЛБАЙСЫҢ

Ушундан соң, мен азыркы окуучу-мугалим айдыңында пайда болуп калчу конфликттердин төркүнүндө ушул кесиптик билимдин тайкылыгы жатабы деп ойлоп калдым. Анткени өз предметин терең билген мугалимге окуучулар каршы чыгууга даай албайт. Андай мугалим көп окуйт, өз үстүнөн көп иштейт. Изденет.
Мен окумуштуу-педагог Алмаз Токтомаметовго дайыма суктанам. Качан жолукпа, көз карашы такай жаңы, мезгилге үндөш. Сүйлөсө уккуң келет. Бир жолу Алмаз Даткабекович  жыйынга бир кучак китептерди көтөрүп кирди да, таңыркап карап калган мугалимдерге: «Мени өзгөрткөн китептерди силерге көрсөтөйүн деп атайын ала келдим! Силер да окугула! Өзгөргүлө! Буларды окугандан кийин кечээги өткөн сабагыңа, окуучуларды жемелеп айткан сөздөрүңө өкүнүп каласың!»  — деди. Окумуштуу-педагогду өзгөрткөн сыйкырдуу китептердин арасында «Фин керемети», «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт»  баш болгон дүйнөлүк педагогиканын мыкты табылгалары бар экен.
Акырында айтаарым, мугалимдик кесип ириде кесип ээсинен сабырдуулук, токтоолук сыяктуу башка кесиптерден бөтөнчө сапаттарды талап кылат. Сабырдуу, токтоо болбосоң, балдарды тарбиялай албайсың. Сабырдуу, токтоо адам өз акылына, турмуштук тажрыйбасына таянат. Ал эми мугалимдин турмуштук тажрыйбасы окуучу баланын тажрыйбасынан кыйла эсе көп экени чындык. Ушуну билип туруп, кызуу кандуулукка алдырып, окуучуга кол көтөрүүгө, кыйкырууга болбойт деп ойлойм.

А. АЛИБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер