АЙЫЛЫМДЫН ЭКИ ЖЫЛДЫЗЫ

  • 21.09.2021
  • 0

Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замир Сооронбаев коңгуроо кагып калды. Жеңем Кыргыз Республикасынын эл артисти Сейдалиева Калича экөөнүн тагдыры жазылган китебин талдап жатып, арасында академик досу жөнүндө айтып калды. Апам Жумабүбү да мени менен жашайт, эски кишилер шак илип алат эмеспи, жадымына жазып коюптур. Эртеси эле, ай, унутуп кала электе Чолпонкулду жаз. Көп эле кишини жазасың, тимирейип тиктегениң компьютер деп демите баштаса болобу… Күлдүм. Ушундай адамдардын жүрөгүнөн орун тапкан академик агамды куттуктайм. Кеп оролу башынан болсун.

Ак-Муз айлы ак карлуу, көк муздуу тоолор курчаган, Кытай Эл Республикасы менен чектешкен, айтылуу Аксай, Арпа жайлоолору менен атагы чыккан касиеттүү жер. Биздин айылдан ары жайлоо. Акыркы айылбыз. Сыймыктанып, куттуктай турган академик Арабаев Чолпонкул Исаевич как эле мен жашаган көчөнүн башында төрөлүп, эр эзеге жетип, андагы Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине киргенден бери шаарда жашайт. 1983-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, деканы, даярдоо борборунун директору. 1996-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын кадр кызматынын директору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумушгтуу катчысы жана башка жооптуу кызматтарды аркалаган. Айылымдан чыккан атактуулар көп эле, бирок академик биринчи чыгып отурат. Эски кишилердин эсинде. Айрыкча Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтобек Асаналиевдин “Боогачың сенин болоюн” деген ырын кыңылдап ырдабаган кыргыз баласы жоктур.

Учурунда Ак-Муз айылынын атагын чыгарган Боогачы да менин айылымдан, ошол адамдай бүгүнкү күнү академик болуп, алакандай айылынын атын чыгарган Чолпонкул байкем.

Аалам алкагында бир ууч элди “кыргыз” кылып тааныштыруучу белги – “Манас” эпосу. Ошондой эле төкмө акындык ырчылык, комузчулук өнөр.Кыргыз элинин маданият дүйнөсүндө өзүнө теңдеши жок улуу ырчы Боогачыны көрүп-билип жүргөндор учурунда көп эскеришкен. Небереси менен мен дагы №5 улуттук-компьютердик гимназияда чогуу иштеп калдым. Эгемендиктин эрте жылдарында 90-жылдардын башында кайра-кайра көтөрүлүп Боогачы, Казыбек казалчылар жөнүндө жаңы материалдар байма-бай чыгып, эскерилип кийин айтылбай калды. Кийинки муундун өкүлдөрү үчүн улам белгисиз болуп баратышы чочулоону туудурбай койбос. Ага себеп – азыркы жаштардын көбү кыргыз эмес, компьютер же смартфон баш болуп баратканында. Эскергеним, ал кезде орусча, англисче билбей шаарга келип талыкпаган эмгеги менен окуп, илимий иштерин Москвадан коргоп, Кыргыз мамлекетине берилгендик менен иштеген Чолпонкул байкемдей өмүр ошол эле өз доорунун булбулу болгон Боогачыга да таандык. Салыштырып көрсөк, экөө бирдей элин жерин сүйгөн, ата-энесин сыйлап кызмат кылган адамдар.

Залкар ырчы өнөрү гана эмес, адамдык асыл сапаты менен да элге алынган. Айылындагы жашаган саяк, сарбагыш, тейит, черик, өзбек, көкчө көз, чолок туума өңдүү урууларды бириктирип, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» ынтымакта жашоого чакырган. Чатак чыкса, баарын жараштырып, орду-ордуна койгон. Боогачы айылындагы гана эмес, Нарын өрөөнүнүн билермандары чече албаган эрдин кунун, жесирдин доосун, ууру-кескинин, барымтага кармаган жана башка дагы түрдүү-түрдүү чыр-чатактарды чечкен.

Чолпонкул Исаевич дагы бүгүнкү күндүн адамдарына мыйзамдын алкагында жашоого, жамандык жасабоого эмгегин өтөп келет. Айылдаштары, билгендер адамкерчилигине, жөнөкөй жүргөн асыл сапатарын айтып түгөтө албай келишет.

Мына, накта турмуштан алынган тунук, таза обонду жараткан Боогачы менен мыйзамды жазып элдин керегине жараган Чолпонкул байкеме кол куушура таазим этесиң!!!

Чолпонкул байке! Бактыгүл жеңе! Жараткан телегейиңиздерди тегиз берип, ден-соолукта бар болуңуздар. Эмгектин үзүрүн көрүп узак-узак өмүр сүрүп жаштарга үлгү болуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин. Айлымдан академик чыкты деп сиз менен сыймыктангандардын катары көбөйүп, сизге калдайган тоо болушун каалайм.

Чолпон Субакожоева

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер