АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

  • 15.03.2024
  • 0

Ыктыярчылык ишим кантип бааланды

АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

Биз, англис тил мугалимдери, IREXтин TEA программасына жылда конкурска катышчу элек. 1-2 турдан өтүп, андан ары өтпөй калчубуз. Анан мен коомдук иштерге көбүрөөк катыша баштадым. Сабактан тышкаркы мезгилдерде, Кызыл Ай коомунда да ыктыярчы болуп иштедим. Мектеп окуучулары менен «кыз ала качуу «, «байытылган унду колдонуу» ж.б.у.с. долбоорлорго активдүү катыштык. Мектепте ыктыярчылар менен иштештим. Эмгегимдин үзүрү кайтып, 2009-жылы жеңүүчү болуп, Бишкекке интервью менен тестке чакырылдым. Ошентип, Ош облусунан Токтогазиева Изат, Таластан Камчыбекова Ракыя жана Жалал-Абаддан мен 2010-жылы 23-ноябрында АКШга жөнөп кеттик.

 

Алгачкы таасирлер

 

АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

Вашингтондон үчкө бөлүнүп, биз, 22 мугалим, Небраска штатына учуп кеттик. Самолетто 2 саат 45 минута учуп, андан соң 1 саат автобуста жүрүп, Линкольн шаарына жеттик. Дароо Embassy Suites Hotel конок үйүнө жайгаштык. Укмуш экен жатчу жерибиз. Тегерете бөлмөлөр, ортосу кафетерия, чакан парк, дарактар, баары үстү жабык имараттын ичинде жайгашыптыр. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн бизге таң калыштуу болду.
Башкы корпуста бизди сүрөткө тартып, банк карточка ачтырып, ар бирибизге 240 $дан колубузга беришти. Окурман билет ачтырдык. Каерге барсак да тарелкаларда сормо конфеттер, чупачупс турат. Каалашынча алып жей берсең болот. Түшкү жана кечки тамак ичүүчү жерди тааныштырышты. Кезекке туруп эле каалаган тамагыңды иче бересиң. «Бейиштин эле өзү!»деп күлдүк. Студенттер да тамак ичишет, алар бир жылдык кылып төлөп коюшат экен.
Жатаканадагы ар бир бөлмөгө бир кучак гезиттерди таштап кетишет. Кагаз кор эле экен.

 

Америкалыктар — спортко маани берген эл

 

АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

Ушинтип Небраскадагы окууларыбыз башталды. Эми үч ай ушул жакта болобуз, мектептерге бөлүнөбүз, сабак өтөбүз. Бир күнү Небраска менен Түндүк Дакотанын футболдук мелдеши өтмөй болду. Ошо күнү эрте мененки сабакка баратсак, көчөдөгү адамдын баары кыпкызыл кийимчен экенин көрүп таң калдык. Кийбегени ийнине кызыл сумка асынып же башына кызыл шапке кийип алган. Коляскадагы бейбилерге да кыпкызыл кийгизип коюшкан. Аксаган чал-кемпирлерден өйдө эле бир жакка куюлуп эле кетип атышат, алар да кыпкызыл кийимчен. Кийимдеринде Небраска «Go Big Red!’ же Huskers (Небрасканын футбол командасынан аты) деген жазуулар бар. Көчөлөрдө кыпкызыл мончок сатып жүрүшөт, андан түшкөн акча ошо өздөрүнүн командасына демөөрчүлүккө берилет. Оюнду көрүүгө 45$ га билеттер сатылып атты. «Мага билет керек!» деп картонго жазып алып көтөрүп жүргөн адамдар да көп. Ушунчалык өз командаларын сүйүшөт экен, тим эле жашоо токтоп калчудай. Асманда эки кичирээк самолёт «Небраска» деген кыпкызыл желекти ары-бери рекламалап учуп жүрөт. Бөлмөгө келсек, астыңкы этаж толтура адамдар. Баары 7-8 сааттык жолдон келип, залдагы чон телевизордон атайын футбол көргөнү келишиптир. «Тооба, үйүндө отуруп көрсө болбойбу!» деп күлдүк. Ичимдик ичип отуруп, күйөрман болушат экен. Биз да 72 миң көрүүчү сыярлык чоң стадионго бардык. Көрүүчүлөрдүн кийиминен улам ичи кыпкызыл эле болуп жатып калыптыр.

АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

Мектепке даярдык ойдогудай болду

Бизди мектептерге барганга даярдап жатышты. Кантип дейсизби? Чон залдын эки бөлмөсүнө эки тарап мугалимдер кирдик. Биз, oversea teachers (четтен баргандар), бир бөлмөдө, экинчи бөлмөдө бизди кабыл алчу мектептерден биз менен бирге иштешчү мугалимдери орун алды. «Өзүңдүн жакшы жактарыңды, начар жактарыңды жазгыла!» деген тапшырма алдык. Барактарга жазып, доскаларга илип, жаш балдардай мойтоюп иштедик. «Актай баракка өзүңөрдүн сырткы келбетиңерди сүрөттөп жазгыла!» дешкенинен аны да аткардык.

Бир маалда эле наркы бөлмөдөгү америкалык мугалимдер кирип келип, баягы биз жазган барак боюнча эле бизди издеп калышты. Менин эжекем жаныма келип эле «Сиз Буузиясызбы?» деп мени оңой эле таап алды. Кучакташып учураштык. Колундагы шириндик салынган кичинекей баштыкчаны белекке берди. Ар бирибиз өз эжекелерибиз менен таанышып, анан экөөбүздүн үч окшош жактарыбызды баракка жазып, доскага илдик. Америкалык мугалим экөөбүздүн окшош жактарыбыз төмөнкүлөр эле:
1. Уй саай алабыз (күйөөсү фермер экен)
2. Күйөөлөрүбүз малды жакшы көрөт.
3. Көп балалуубуз. (Аныкы үчөө, меники бешөө).

 

Аллигаторлор мектебинде

АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

Ошентип, бөлүнгөн мектепке барчу күн да келди. Аябай толкунданып жатабыз.

Бир жарым сааттык жол жүрүп, ээн жерде жайгашкан North Star High School га келдик. Мектептин эки тарабында унаа токтоочу жайлары бар. Бир тарабында жүздөгөн машиналар — окуучулардыкы, экинчи жагында — мугалимдердики. Бардык окуучулар тыкан, мойнунда бейжиктер, чачтары жаңы эле душтан чыккандай, кийимдери ар түрдүү. Эки полицейский кире бериште карап киргизип атышат, ал эмес бизди да текшеришти. Кире бериште 5-6 адам отурат, бири катышуу, башкасы ата-энелер менен иштөө сыяктуу кызматтарды аткарат. Кудум тирүүдөй төрт-беш крокодил макети жатат. Көрсө, мектептин девизи «Биз аллигаторлорбуз!» экен. Өзүнчө символу да бар. Директор кабыл алды. Колубузга мектептин картасын берди, батыш, чыгыш деп араң табасын барчу классыңды. Мектептин ичи менен таанышууга атайын бир гид кошуп берди. Спорт залы бизди таң калтырды. Күйөрмандар үчүн столдор кнопка менен түшүрүлүп, кайра ордуна келет. Бир жагында волейбол ойноп атса, экинчи жагында баскетбол, ойнолууда. Оюндан кийин тердеп калган балдар жуунучу душтары да бар. Сүзүүчү бассейн андан да чоң. Ал да мектептин ичинде. Музыкалык бөлмө дирижерлору, хорго тизилүүчү сахнасы, өтө көп инструменттери менен биздин театрлардай эле бар. Ашканада экрандан бүгүн түшкүгө, кечкиге кандай тамак, баары жазылып, музыка менен айланып турат. Ар бир кабатта дааратканалар. Аларды rest room (эс алуучу бөлмө) дешет экен. Чынында эле ошондой. Кезек күткөн адам жок. Ичине анча- мынча кулактандырууларды, плакатка жазылган нерселерди илип коюшат. Коридорлордо абдан сүрдүү эки тартип сакчысы жүрөт. Сабак маалында балдар сыртка чыкса, мугалимден алган кагазга полицейскийлер кол коюп берет. Ал кагазды сабак өтүп аткан мугалимге апкелип тапшырып коет, ал партанын үстүндөгү темирге илип коёт. Ошончолук тартип күчтүү. Бир күн эле сабак маалында полиция эшиктен баш багып, бирөөнүн атын атады эле, ал бала шарт туруп ээрчип жөнөдү. Эжейинен сурасам, ал бала мүмкүн тартип бузгандыр, атайын бөлмөгө апарып тартипке чакырат деди. Сабак берип жаткан мугалимге ушунчалык шарт түзүлгөн. Бир секунд да баланын тартибине убакыт коротпойт. Бизде балдар мугалимдин нервин жеп эле коюшат.

АЙЫЛДЫК ЖӨНӨКӨЙ МУГАЛИМ АКШда

W тамгасынын сыры

Даблю тамгасын баарыңар билесинер да? W — ушул. Барганда эле бизге айтышкан болчу.
«W тамгасындагы биринчи чекит силер өз мамлекетиңерден чыккан абалыңар, ылдыйкы экинчи чекит – бул жакка келип өзүңөр менен салыштырып, стресске түштүңөр. Неге? Неге? деген суроолор менен алышасыңар. Кайра жогорку 3-чекитке чыгасыңар, ал бизге ыңгайлашып калган учуруңар. Үйрөнөсүңөр, тажрыйба топтойсуңар, өз өлкөңөргө жөнөп кетесиңер. Эми 4-чекитке кайра ылдый түшөсүңөр. Өз окуучуларыңар менен бул жакты салыштырып дагы кыжаалатчылыкка кабыласыңар. Кайра 5-чекитке чыгып, ал жакка моюн сунуп каласыңар» – деп сүрөттөштү эле.
Дал ошондой абалда жүрдүк. Ыйлаган күндөрүбүз болду. Неге биздин алтындай балдарыбыз жаман шартта окушат, аларга неге мындай шарт түзө албайбыз дейбиз ичибизден. Мугалимдерибиз болсо эптеп бир китеп, бир бор менен сабак өтүшөт деген кыжаалатчылыктар көп болду. Сабактар ортосундагы расписаниелерге көңүл бурсаңар, кызыктын баары ушул жерде. Саат 7.57 ден 8.49 га чейин деп койгон. Таң калыштуу! Неге 8.00дөн 9.00 га чейин эмес? Көрсө аларда 1 мүнөт бир чоң маселе чечет экен! Тырың дегенде шарт туруп, кайра ошол барар кабинетине жетип, ошол мүнөттө мугалим сүйлөй баштайт. Темирдей катуу тартип., баланы өз оюна коюу дегенди биздикилер туура эмес түшүнүп алып, чаржайыт жайып жиберишет. Сабактын 10 мүнөтү «Каякта жүрөсүң?» менен өтөт. Эгер мушташ болуп кетсе, бүтүндөй 45 мүнөт «Ким баштады?» деп атып өтөт.
Ар экинчи күнү педсовет болот. Сабактан кийин бир кабинетке чогулушту. Кире беришке пирог менен кофе коюлган, каалоочулар туруп эле шамшум этип кирип кетишти. 28 чет тили мугалимдери бар экен. Эң керектүүлөрү гана талкууланды. Андан кийин жалаң 10-класстардын, жалаң 12чи класстар өзүнчө бөлүнүп дагы талкуулашты. Ар бир баланын өсүүсү, начарлашы жөнүндө айтылды. Бул PLC — Proffesional Leaning Community же бизчесинен айтканда, ШМО.
Окуучуларды баалоо дагы башкача, тамга менен жүрөт. Ата-энелери менен байланыш тыгыз. Күндөлүк сыяктуу нерсеси бар, ата- энелерге күндө алган баасы түшүп турат. Чейрек маалында бардык мугалимдер өз кабинеттеринде же коридордо же мугалимдер бөлмөсүндөгү орундарда бирден окуучу менен отурганын көрдүк. Окуучуларга тапшырма берип сурап жатышты.

Буузия СУЛАЙМАНОВА, ардагер мугалим, Базар-Коргон району

Бөлүшүү

Комментарийлер