АЙЫЛДЫК АГАРТУУЧУНУН СУНУШТАРЫ

  • 24.11.2023
  • 0

Кыргызстандагы дээрлик бардык билим берүү мекемелеринде чечимин күткөн маселелер абдан көп. Айтор, алардын айрымдарын  ак кагазга түшүрүүгө аракет жасадык. Эмесе, сөз башынан болсун.

АЙЫЛДЫК АГАРТУУЧУНУН СУНУШТАРЫ

1. Кайтарым байланышты күтөбүз

Жыл сайын райондук жана шаардык август кеңешмелеринде ат башындай армандарды айтабыз. Алгылыктуу идеяларды сунуштайбыз. А бирок, көтөрүлгөн маселелер боюнча  Билим берүү жана илим министрлигинен, Кыргыз билим берүү академиясынан  кайтарым байланышты, орундуу жоопторду күтөбүз.

2. Аралаш олимпиадалар

Беш-алты жылдан бери предметтик олимпиадалар чоң класстардын окуучуларынын ортосунда аралаш, чогуу  өткөрүлүп келет. Маселен, 8-9- класстардын окуучулары  менен 10-11-класстардын окуучулары бир бөлмөдө орток, бирдей тапшырмаларды аткарышат.. Эмне үчүн ар бир классты өзүнчө жарыштырбайбыз?
Тогузунчу класстын окуучусу өзү окуй элек 11-класстын темаларын кайдан билсин?
Бул багытта министрликтин чечкиндүү аракеттерди көрүүсүн каалайбыз.

3. Өз ара сабакка катышуу

Бир мугалим бир жумада бир эле жолу башка мугалимдердин сабагына катышуусу жетиштүү деп ойлойбуз.
Ошондо мугалимдер  бир айда төрт жолу, бир жылда отуз алты ирет өз ара сабакка  катышышат.
Ансыз деле мугалимдерди ар жума сайын  окуучулар менен жекеме-жекеме иштөө,ийрим иштерин жүргүзүү, тарбиялык сабактарды өтүү, ата-энелер менен кызматташуу, нөөмөтчүлүк кылуу, дептер текшерүү, эртеңки сабактарга даярдануу, чогулуштарга, семинарларга катышуу  жана башка милдеттер күтүп турат.

4. «Фронталдык текшерүү»

Эсил кайран советтик педагогикадан калган «фронталдык  текшерүү» деген ыкманы түп тамыры менен жоюп салуу керек!  Анын ордуна «комлекстүү текшерүү » деген вариантты тандайлы.
Окуу-тарбия иштери боюнча текшерүүгө келишкен комиссия мүчөлөрү тырмактын астынан кир издебестен, көбүрөөк усулдук жардам беришсе, жакшы болоор эле.
Дагы бир жолу кайталап айтабыз: «фронталдык текшерүү» деген сөз кулагыбызга  «фронт» деген сөздөй суук угулат.

5. Иш-чаралар чачтан көп…

Бир айда мектепке ондон ашуун тапшырмалар, ар түрдүү иш-чаралар келет. Өзүбүздүн Билим берүү жана илим министрлигинен  гана эмес, башка ведомстволордон, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан да сунуш каттар, жоболор жамгырдай жаайт. Биз аларды сөзсүз аткарабыз. Каршылыгыбыз жок. А бирок, чачтан көп иш-чаралар сабактардын өтүлүшүнө тоскоолдук кылбайт деп кепилдик бере албайбыз.

6. Биз силерди колдойбуз

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  балдардын айрымдары мектептен окуй алышпаса, аларга аталык  камкордук көрүү керек. Ошолор үчүн жеңилдетилген тапшырмалары бар окуу-усулдук колдонмолорду чыгарууну колго алалы.
Инклюзивдүү билим берүү багытында атайын окуу китептерин чыгаралы.

7. Уюлдук телефонду  чектөөгө болобу?

Айтор, окуу китебинин ордун уюлдук телефон ээлеп алды. Ааламдашуунун заманында уюлдук телефонду четке сүрүп таштоо кыйын. Аны ата-энелер менен байланышып туруучу курал катары пайдалансак болот.
Ошондой болсо да, мектепке окуучулардын телефон көтөрүп келүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү керек.

8. Китеби жок сабак бар…

Дене тарбия сабагы боюнча окуу китептерин жазуу–мезгилдин талабы.
Окуучуларга спорттун түрлөрү, улуттук оюндар, спорттук оюндардын эрежелери  боюнча маалыматтарды, заманбап теорияларды окуу китеби аркылуу жеткирүү оңой жана  тезирээк. Жок дегенде, мугалимдер үчүн окуу китебин, таяныч усулдук колдонмолорду чыгарып берүү жагын Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштууларынан суранабыз.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер