АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИНИН АГАЙЫ

  • 20.08.2021
  • 0

Ушул жылдын сентябрь айында С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжине 85 жыл толот. Эгемендиктин 30 жылдыгына удаа белгилене турган бараандуу маараке алдында мал киндиктүү мамлекетибиздин мал чарбасын алдыга жылдыруучу жүздөгөн адистерди даярдап келаткан окуу жайдын директору Намир Бексултанович Өмүровго атайын барып жолугуп, эгемендиктин туусу желбиреген жылдарда окуу жай башынан кечирген оош-кыйыштар, жалпы эле орто кесиптик окуу жайынын орду тууралуу баарлаштык.

Эгемендикке ээ болгондогу эркин ойлор

Мен бараткан колледж борбор менен боордош Ысык-Ата районунда жайгашканына, анын жолго жакындыгына ичимден сүйүнүп, Сары-Өзөн Чүйдүн Аламүдүн, андан кийин мурунку Кант – азыркы Ысык-Ата райондорунун биринен сала бири куйрук улай артта калып жаткан айылдарын, алардын Ново-Покровка, Люксембург, Красная-Речка, Дмитриевка, Будденовка, Ивановка, Юрьевка деген аталыштарын окуп, ушунча убакыт өтсө да, энөөлүгүбүздөнбү, айтор, эне тилиндеги аталыштарга ээ боло албай келатканыбызга бир кейисем, кумурскадай тыным албай жер тырмалап, жыйым-терим камында жүргөн дыйкандарды, шагы ийилген алма бактарды көрүп бир кубанып, босогого кирип келген эгемендиктин ашык-кеми жок отуз жылдык майрамы жөнүндө ойго батып терезеге тигилем…

Отуз жыл оңойбу билгенге, “эгемендик, эгемендик” деп эдиреңдегенибиз менен аябай эле кыйын болду, аны биз көрдүк, күбө болдүк, кыргыз “Өлүп көрүптүрмүнбү” деп ошол үчүн айткан чыгар. Айыл чарбасы, дыйканчылык менен оокаты жүрүшкөн чүйлүктөр эгемендикте ээлик кылууга жеке менчикке берилген жерге, короосуна киргизилген малга чын кожоюн экендигин аңдап билгиче арадан далай мезгил өттү. 1991-жылы Кыргызстанда башталган менчиктештирүүнүн эпкини бүтүндөй бир колхозго тиешелүү оокаты бар Киргшелктогу айыл чарба техникумуна түз эле келип тийген. Ошол кезде анын карамагында 500 гектар жер аянты, 500 кой, 350 уй, 300 чочко, 40-50 техникасы, устаканалары бар эле. Ушундай кубаттуу чарбада теория менен практиканы айкалыштырып Надир Бексултанович баш болгон адистерден билим алган балдар, кайсы жакка барса да, жүзү жарык иштеп кетишчү.

Мотоцикл айдаган агроном болууну кыялданчумун

Биздин каарманыбыз Надир Өмүров 1950-жылы Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында туулуп-өскөн. Ата-энеси колхоздогу эң ири сүт товар фермасынын малын багып сарайда жашагандыктан, анын балалыгы, окуучулук курагы аларга жардам берип мал арасында өттү. Он жыл бою жети чакырым жерге жөө каттап, орто мектепти эң мыкты деген баалар менен аяктады. Жайы-кышы тоют жыйноо, чөп чабык, эгин чабык сыяктуу малчы ата-энесинин түмөн түйшүгүн четинен чоюп өскөн жаш жигит, Айыл чарба институтуна окууга өтүп, агроном болсом деп кыялданчу. Анын бул кесипти каалап калганына колхоздун Кадыр деген агроному, тагыраак айтканда, ал айдаган “Днепр” маркасындагы мотоцикли түрткү болгону али күнчө эсинде.

– 1960-жылдардын ортосу болсо керек, биздин чарбага Кадыр деген агроном жигит келип иштеп калды. Ал биздин чөлкөмдө ошол кезде сейрек кездешчү капталында отургучу (люлькасы) бар мотоциклин айдап, талааларды кыдырып жүргөнүн көрүп, суктанып карап калчумун. Кадыр байке чарбаларды кыдырып, биздин үйгө түштөнгөнү токтоп калган күндөрү мотоциклине отуруп, мен да агроном болуп, ушинтип мотоцикл минсем деп кыялданаар элем, — деп эскерет агай.

Жайлоодогу кызыл үй. Атасы окуган “Манас”

– Мектепте жакшы окугандыктан, эжей-агайларым уюштуруучулук жөндөмүң бар, тарых факультетине барып оку деп, кеп-кеңештерин айтышчу. Директорубуз Рашид агай өзү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, көптү көрүп, такшалган кыйын киши эле, ал мени мектептин иш-чараларына аралашып, такшала бер, сенден жакшы жетекчи чыгат деп көп айтаар эле. Ошол муундагылар Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө, андагы баатыр пионерлер жөнүндө кинолорду көрүп, советтик солдаттардын эрдигине суктанып, шыктанып, патриоттук духуна таасирленип өстүк. Биздин уй сарайда уйчу-саанчылар үчүн атайын китепкана боло турган, анын ачкычын менин атам алып жүрчү. Эсимде, жайлоого чыккан малчылар жайдын узак күндөрү шырдактарын жайыкка жайып алып, кымыз чаначтарын тизип коюп, жамбаштап жатып, атам кырааты менен келтире окуган “Манас” үчилтигин угушар эле. Атам раматылык, өзү да сөзмөр, санжырачы болгондуктан, окуп жатып берилип кетеби, кайсы учурда күпүлдөп манас айтып киргенин байкабай да калчубуз. Кээде үйгө бекинип алып, мен да атамды туурап манас айтчумун.

Ушулардын баарын эстеп жатканымдын себеби, ошол кезде телевизор, радио эмес, гезит-журналдар бирде жетип, бирде жетпеген алыскы тоолуу аймактардагы бизге окшогон малчынын балдарына тырышып окууга, кандай иш болсо да, активдүү катышууга дилгирленткен кандай күч бар эле деп, кээде ойлоп, таң калам. Окуу системасы ошондой күчтүү беле, же бизди окуткан агайлар кыйын беле, азыр айта албайм. Мен мисалы, жети чакырым жерге жөө каттасам да, мектептеги иш-чаралардын баарына жигердүү катышып жүрдүм, балким, класста класском болуп иштегеним да жоопкерчиликти арттырса керек. Ошондон улам, баланын өсүп-жетилүүсүнө коомдук иштердин таасири өтө чоң болоорун баса белгилегим келет, — дейт ал.

Эмгек китепчемде эки гана жазуу бар

Намир Өмүров мектепти аяктаган соң, борборго келип өзү энсеген агрономдук кесипке окууга тапшырды. Бирок, буйрук эмес экен, үч жыл катары менен тапшырып өтпөй калды. Катуу намыстанган ал: “Экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн” — деп, документтерин алып СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин тарых факультетин тандады.

– Айыл чарба институтунан жолум болбогон соң, 1970-жылы тарых факультетине окууга кирип, аны ийгиликтүү аяктадым. Бирок турмуш жолум баары бир айыл чарба тармагына байланган экен, кийин кызматыма байланыштуу агрономдук кесипке ээ болдум. 1976-жылы Аламүдүн районунун Ленин айылындагы №37 кесипчилик-техникалык окуу жайын түптөө вазийпасы анын директору Асанкадыр Иманалиев экөөбүзгө туш келиптир, ал жерде 17 жыл иштедим. Мени окуткан агайларым айткан уюштуруучулук жөндөмүм ошол жерден такшалып, жетекчиликке тажрыйбам ошол жерден түптөлүп, ошол жерде менин билим берүү тармагына тушоом кесилди деп эсептейм. 1992-жылдын декабрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Бишкек агро-экономикалык колледжинде эмгектенип келатам. Эмгек китепчемде ошентип эки гана жазуу жазылган, — дейт жылуу жылмайып.

Эгемендиктеги ээнбаштык

Билим берүү тармагында 48 жыл, тоголоктоп айтканда, жарым кылым эмгектенген устат жетекчи Намир Бексултановичтин көз карашы боюнча, отуз жыл ичинде орун алган оош-кыйыштардын түпкү тамыры — туруктуу система түзүлбөй, кадрлардын потенциалы туура пайдаланылбай жатканында. Анан, калп айткан менен болобу, өндүрүшчүлөрдө эркиндик болбой жатканында.

– Билим берүү тармагынын жетекчилери тез-тез алмашып турган шартта, алдыга өнүгүү кыйын. Мен иштеп келаткан ушул мезгил аралыгында Билим берүү министрлигине 19 министр келди. Анын ашып кетсе тогузун көргөндүрмүн, кээ бирлерин көрбөй да калып жаттык. Бир министр ашып кетсе, бир жарым жыл иштесе, анан кантип өзгөрөт? Жаңы министрибиз Болотбек Купешев менен эки жолу жолуктук, мен жолугушууда да ушул маселени айттым, ал билим берүү системасын түбүнөн түшүнгөн киши окшойт деп кубанып калдым. Чындыгында стабилдүүлүк болбосо, ийгилик кайдан болот?! Башка тармактарда деле ушундай. Биздин өлкө агрардык экенин, өнүгүү жолуна бизди айыл чарбасы алып бараарын жакшы билип туруп, чарбаларды аеосуз талкалап салганыбызга ичим али күнчө ачышат. Реформа деген менен, кээ бир жетекчилердин чалагайымдыгынанбы, айтор, көп жерлерде талап-тоноолор ачык эле жүрдү. Билимди ойломок тургай, нан таап жегенге кудурети жетпеген абалда калдык…

1995-1996-жылдардан тартып айыл чарба багытындагы кесиптердин баркы кете баштады. Себеби элде колхоз-совхоздор жок болсо, агрономдун, ветврачтын кереги эмне деген ой пайда болду. Чындыгында андай эмес да, эл өзү адис болбогондон кийин, баары бир адистерге муктаж болоорун дароо кабылдай алган жок. Акыры бир пайдасы тиер деген ишенимде, кооператив түздүм да, 2002-жылга чейин техникумдун чарбасын таратпай кармап турдум, ал үчүн айыл чарба үлкөндөрүнөн эки жолу сөгүш алганыма да кайыл болдум. Бирок ошол жылы чыккан Өкмөттүн токтому менен калган асыл тукум мал, үрөн чарбалар жоюлуп кетти. Жыйынтыгы кандай болгонун азыр өзүбүз көрүп жатабыз. “Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста” дегендей, талкалаган оңой, кайра куруу кыйын тура. Биздин чарбаны алгандардан саткандары бат болду да, жети миллиондук мүлкү бар чарбаны аягына чыгып бүтүштү. Эгемендиктин ээн-баштыгынын бири ушул деп билем.

Баарынан кызыгы, ал ортодо 1996-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынганда, орто кесиптик окуу жайлар мыйзамга кирбей калып жатпайбы. Анан 2002-жылы Ишенгүл Болжурова министр болуп келди кудай жалгап, себеби ал кантсе да бул тармакты жакшы билет эмеспи, айтор, мыйзамга киргизебиз деп эки жыл чуркап жүрүп араң киргиздик. Ушундай оош-кыйыштар болгон, — деди өткөнгө кылчайып ойлуу.

Үй-бүлөдө беш илимдин кандидаты бар

Намир Бексултановичтин үй-бүлөлүк таржымалы да кесиптик тагдыры менен чиеленишип, эбак эле бир бүтүн болуп калган. Өмүрлүк жубайы Бурулсундун кесиби тарыхчы, экөө баш кошуп, бирге түтүн булатканына туура 48 жыл толду. Ортодо төрт кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткиришти, балдарынын баары жогорку билимдүү: бири юрист, бири дарыгер, бири экономист, бири педагогика жаатында дегендей, ата-эне балдарынын ар кыл кесипти аркалап, элине ак эмгек өтөп келаткандарына кубанат, ийгиликтерине сыймыктанат. Бир үй-бүлөдө илимдин беш кандидаты бар дегендин өзү сыймык эмей эмине.

АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИНИН АГАЙЫ

– Аялым качан эл сыяктуу отпускага чыгып эс аласың деп калат. Эс алууга чыксам деле ашып кетсе бир жума үйдө болом, анан кайра эле айланчыктап ушул жерде жүрө берем. Анткени балдарга көнүп алат экенсиң да, алар келип, шаңдуу үндөр чыга баштаганда, кадимкидей жыргап калам, менин эс алганым ошол.

30 жылда кыйынчылыктар менен бирге кубанычтуу өсүштөр да болгонун кантип танабыз?! Кайсы тармак болбосун, баары жетекчиден көз каранды болот экен, мен буга жеке тажрыйбамдан улам ынандым. Баардык жерде эле багыт берген башчы керек, анан жетекчинин багытын туура колдоп улаган кадрлар керек, — деди ал, сөз учугун кайра эле өзү ичинен түйшөлгөн ишине жалгаштырып.

– Кесиптик билим берүүнүн келечеги кең. Бизде практика менен теорияны бирге алып кеткенге оңой. Заман талабына жараша азыр Германия менен жакшы алака түзүлүп калды, биздин балдар сүт азыктары, канаттуулар багытында немис фермерлерине барып, практика өтүп жатышат. Ал жактан акча тапканга да мүмкүнчүлүктөр болууда, эң негизгиси, айлана-чөйрөгө, бизнеске көз караштары жетилип, кадимкидей өзгөрүп келишкенин көрүп, эмгегибиз талаага кетпегенине кубанабыз, үмүт улайбыз, — дейт устат.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер