АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН АШМАЛТАЙЫН ЧЫГАРГАНДАР
- 05.12.2023
- 0
Папан Дүйшөнбаев
АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН АШМАЛТАЙЫН ЧЫГАРГАНДАР
Же айтматовтаануудагы көйгөйлөр
1953-жылы “Киргизстан” адабий альманахынын № 2-санына Чыңгыз Айтматовдун “Сипайчи” деген аңгемеси жарыяланган. Ал жаш талапкердин басылмаларда жарык көргөн төртүнчү көркөм чыгармасы. Ага чейин “Советская Киргизия” гезитинин 1952-жылдын 6-апрелиндеги №42-санына “Газетчик Дзюйо”, жогоруда аталган адабий альманахтын 1952-жылдагы № 2 санына “Ашым”, “Комсомолец Киргизии” гезитинин 1952-жылдын 17-августундагы № 99-санына “Мы идём дальше” деген аңгемелери жарык көргөн. Жаш жазуучунун 1950-жылдардын башталышындагы алгачкы аңгемелеринин тобу “Советская Киргизия” гезитинин 1954-жылдын 11-апрелиндеги № 86-санына чыккан “На богаре” деген чакан аңгемеси менен жыйынтыкталат. Алардын баардыгы гезиттик маалыматтардын, ар кандай жазуучулардын чыгармаларынын таасирлеринде жазылган үйрөнчүк аңгемелер.Биз бул макалада алардын баардыгына токтолбойбуз, мында “Сыпайчы” аңгемеси жөнүндө гана сөз кылабыз.
Мен айыл жеринде чоңойдум, айылдын турмуш шарттарын, ага байланышкан нерселерди жакшы эле билем деп эсептегенге омоктуу негиздер бар, кийин университеттин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүп, акыркы убактарга чейин ар кандай гезиттерде иштедим, бирок кыргыз тилинде “сыпайчы” деген сөз барын уккан, же анын бир жерде колдонулганын көргөн эмесмин. Албетте, Ч.Айтматовдун алгачкы аңгемелеринин арасында “Сыпайчы” деген чыгармасы бар экенин угуп жүргөм, бирок аны атчан аскер жөнүндө экен деп ойлогом. ХVIII-ХIХ кылымдарда Кокон хандыгындагы, Бухара эмирлигиндеги кызыл кийинишкен тандалма атчан аскерлер “сыпайлар” деп аталган. Жекече түрү-“сыпай”. Ч.Айтматовдун аталган аңгемесин окугандан кийин ал сөздүн семантикасына, тарыхына кызыгып, тийиштүү булактарды карап чыксам, “сыпайчы” деген сөздү 1970-1980-жылдарда С.Жигитов менен С.Өмүрбаев өз чыгармаларында колдонушуптур (1:249), бирок аларга чейин жана алардан кийин кыргыз акын-жазуучуларынан бир да автор андай сөздү колдонгонун кезиктирбедим. Биздин оюбузча, алар Ч.Айтматовдун аталган чыгармасы менен таанышкандан кийин ал сөздүн семантикасына, этимологиясына көңүл бурбастан механикалык түрдө колдонушса керек. Эгерде алар ал сөздүн түпкү формасына кызыгып, такташтырышса, алар да, андан кийин аларды ээрчиген котормочулар да жаңылышмак эмес.
К.Юдахиндин Кыргызча-орусча (2:777), Орусча-кыргызча (3:845) сөздүктөрүндө, “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө” (4:561), “Кыргыз тилинин синонимдер, антонимдер, омонимдер сөздүгүндө” ,(10 :94,162,295), “Кыргызча-орусча. Орусча-кыргызча сөздүктө” (11:111,671), орус тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө (5:624) жана этимологиялык сөздүгүндө (9:434) “сыпайчы” деген сөз жок. Кыргыз менен казактын лексикаларында формасы, мааниси окшош сөздөр көп, же эки тилдеги сөздөрдүн 90 пайызга жакыны окшош. Мүмкүн, мындай сөз аларда бар болду бекен деп казак-орус сөздүгүн карасак, анда да жок экен (5:752). “Сыпайчы” деген сөз Х.Карасаевдин “Өздөштүрүлгөн сөздөр” деген китебинде гана бар. Анда: “Сыпай (ир.)-өзөндү, дарыяны, бөгөй турган үч буттуу шаты жыгач. Бул үч буттуу шаты жыгачтын арасына чырпык, куурай салып, таштар менен бастырып өзөндү бөгөгөн. Илгерки замандан бери келе жаткан ыкма” деп жазылган. Фарс тилинде “сепайечи” деп айтылат, се-үч, пайе-бут, аяк, буларга кыргыз тилинин “чы” мүчөсү уланган. Ал эми убагында жаш Айтматовго чоң таасирин тийгизген (ал өзүнчө сөзгө арзыйт П.Д.) Өзбекстандын эл жазуучусу М.Шевердиндин 1947-жылы жарык көргөн жыйнагындагы “Сипайчи” деген аңгемесинде бул сөз; “сипай, или се-поя,-что в переводе на русский язык значит треножник, применяется на реках и каналах Средней Азии тысячилетиями”(6:554) деп чечмеленет. Демек, “сыпайчы” се-паячинин орусча формасы, транскрипциясы, ал кыргызча атам замандан бери селпая, селпаячы деп аталып келет. Лексикабызда мындай сөздөр бар. Түштүктүн айрым жерлеринде селпая орнотуу- “бука”, “бука байлоо” деп да аталат. Алсак, Жалал-Абад облусунун көп жерлеринде ошондой. Ал эми “селпая” деген сөз алгачкы маанисин жоготуп, “сел көп каптаган жер” деген маанини билдирип бараткан аймактар да бар. Улуу тилчи Х.Карасаевдин ырастоосу боюнча, “селпая” айрым жерлерде “кара буура” деп да аталат (29:423,424).
Се-паячы орус тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык, М.Шевердиндин аңгемесиндегидей, ага сыпайчи же сипайчи болуп кирсе, орфографиялык, грамматикалык жактан кыргызча “селпаячы” деп аталганы туура болот. Бирок, тилекке каршы, улуу жазуучу үйрөнчүк кезинде М.Шевердиндин аңгемесине таасирленип, “Сипайчи” деп орусча жазган аңгемени Ч.Айтматовдун көзү өткөндөн кийин Мырзаян Төлөмүшов, анан Т.Токтогазиев, А.Абдылдаева, Т.Бекболотов үчөөсү өз котормолорунда кыргызча так ошондой аталышта кайталашса (8), анын улуу жазуучунун 10 томдук чыгармалар жыйнагына чейин кирип кеткени — улуттук адабиятчылар жана айтматовтаануучулар үчүн гана эмес, жалпы окурмандар үчүн кейиштүү көрүнүш. Анткени, улуу жазуучунун чыгармаларын, жыйнактарын басмаларга даярдагандар жок дегенде алардын аталыштарын дыкат карашпаса, ичиндегилер жөнүндө эмнелерди айтууга болот?
Маданият, анын ичинде тил-этностордун кылымдар бою байланыштарынан калыптанат. “…надеюсь, англичанин не надорвет свою душу, узнав однажды, что его словарь, которым он бесконечно гордится, больше чем наполовину состоит из романских слов. И француз не отчается, узнав что язык Виктора Гюго и Стефана Малларме содержит 30% арабизмов и 30% германизмов” ( 12:40). Орус тилинин лексикасынын 5-7 % пайызын түрк тилдеринен кирген сөздөр түзөт. Алсак, есаул, караул, барабан, орда, армада, атаман, шаровар, баян, дзот, чин, тайна, казна, туман, аркан, буран, толпа, кулак, прах, кровать, солома, таволга, баран, чинар, алый, курдюк, чайник, барс, кинжал, сель, миска, кинжал, шуба, тумак деген сыяктуу сөздөр түрк тилдеринен кирген (13:93-101). Орус тилинде кеңири колдонулбаган “сипайчи” да ошондой сөздөрдөн болуп саналат. Орус тилиндеги тексттерди кыргызчага которгондо; курдюукту – куйрук, кумысты — кымыз, деньгини —тенге, акча, сундукту — сандык деп жазгандай эле “сипайчы” да “селпаячы”болуп которулушу керек.
Ч.Айтматов алгачкы аңгемелерин гана эмес, “Гүлсараттан” (“Новый мир”, 1966, № 3) кийинки чыгармаларынын баардыгын орусча жазды. Аларды убагында Аман Токтогулов, Ашым Жакыпбеков сыяктуу кыргыз тилин мыкты билген, өздөрү да кайталангыс ырларды, макалаларды, аңгемелерди жана повесть, романдарды жаратышкан устаттар которуп, автор өзү редакциялады. Академик А.Акматалиевдин айтымында, алгач автор чыгармаларын өзү которууга аракеттенген, бирок ал котормо болбой эле жаңы варианттарга айлана бергендиктен андай аракеттерин токтотуууга аргасыз болгон.
Мурдагы Союзга кирген республикаларда Васил Быков, Чингиз Гусейнов, Роллан Сайсенбаев сыяктуу белгилүү жазуучулар өз чыгармаларын орус тилине өздөрү которушкан. Бир катар украин (О.Гончар, М.Стельмах), казак (Г.Мүсрепов, А.Нурпеисов, О.Боркеев) жазуучуларынын чыгармалары авторлордун катышуусунда которулуп келген. Ал эми Ч.Айтматовго орус тилинде жазылган чыгармаларын кыргызчага өзү которгонго, биздин жекече пикирибизче, эки тилдин ортосундагы лексикалык, туюнтмалык жана пластикалык гана эмес, адабий тажрыйбадагы тарыхый жана социалдык өлчөөсүз айрымачылыктар да себеп болсо керек. Анткени, орус адабий тилинин калыптанганына эки жүз жылдан ашык убакыт өтсө, кыргыз адабий тилин негизинен Ч.Айтматовдун замандаштары, курбалдаштары (Т.Сыдыкбеков,У.Абдыкаимов, К.Жантөшев,Т.Касымбеков ж.б.) калыптандыра башташкан. Ал процесс азыр да уланууда.
Орустарда кандай экенин билбейбиз, ал эми кыргызда жан-жаныбарларды антропоморфтоштуруу болгон менен коштошуу салты жок. Бул өңүттөн алганда “Прощай, Гульсарынын” адегенде “Жаныбарым, Гүлсары” деп айтылып жүрүп, он жылдан кийин кыргыз тилине “Гүлсарат” болуп которулганы туура. Андан кийинки “Белый пароход” сөзмө сөз “Ак кеме” болуп которулду. Ч.Айтматовдун орусча жазган чыгармаларын кыргызчага которгондо мааниси бузулуп, мазмунуна шайкеш келбей калган учурлары- “Восхождение на Фудзияму” драмасынан башталган.Казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен биргеликте жазылган бул драма алгач 1973-жылы Москвадагы “Современник” театрына коюлуп, кыргызча 1976-жылы сахналаштырылып, Кыргыз драма театрында бир нече жолу көрсөтүлгөндөн кийин алынып, ошондон кийин киносу тартылгыча дареги чыкпай калган. Биз анын саясый себебине эмес, драманын котормосунун атындагы оркойгон катага көңүлүңүздөрдү бурабыз.
“Восхождение на Фудзияму” деген тизмектин сөзмө сөз кыргызча мааниси “Фудзиямага чыгуу” же “Фудзиямага чыкканда”. Ал 1976-жылдан бери “Фудзиямада кадыр түн” деп аталып, автордун чыгармаларынын топтолмолоруна, жыйнактарына (14:404) ошол аталышта басылууда. Ал жазуучунун 1982-1984-жылдары чыгарылган 3 томдугунда “Фудзиямадагы кадыр түн” деген аталышта кирген. “Кадыр түн” деген диний, сакралдык маанидеги түшүнүк. Ислам дининде ал түнү Мухаммед пайгамбарга дүйнөнүн келечегин аныктаган Куран жиберилген деп эсептелгендиктен, ал түн мусулмандар үчүн ыйык катары эсептелет. Рамазан айынын 27-күнүнө оогон түнү (2020-жылы 19-майдан 20-майга оогондо тосулду) орозо кармагандар таң аткыча уктабай жараткандан жакшы нерселерди тилек кылышып, күнөөлөрүн кечирүүнү суранышат. Ал жакшы көрүнүштөр, жагымдуу эмоциялар менен ассоциациялашат (“кадыр түн сындуу жаркырап, калкыма нуру тийген күн”, “кадыр түнүмсүң, төбөмдө жарык күнүмсүң”, “чын көк жалдын биридир, кадырдын жарык түнүдүр” ж.б. (2:314). Чатактуу, жаңжалдуу нерселер, алар жөнүндө сөз козгоо-Кадыр түндүн максатына, философиясына ылайык келбейт, аны менен сыйышкыс. Ал эми “Фудзиямада кадыр түндүн” мазмуну жана маңызы, квинтэссенциясы эмнеде?
Бир кезде балдар үйүндө бирге тарбияланышып, кийин университетте, согушта да бирге болушкан төрт курбу аялдары менен совхоздун башкы агроному Досбергендин үйүнө конокко келишип, анан табиятта эс алганы дөбөгө чыгышат. Араларында балдар үйүндө аларды окуткан Айша апа да болот. Дөбөнү ошердеги окумалдардын бири Фудзияма деп атай салат. Фудзиямадагы эс алуу эч кимге ысык-суугу жок тамаша, кер какшыктар, чымчышуулар менен башталып, анан “ал мугалим Мамбеттин демилгеси, экиленген актриса Гүлжандын, курбуларга детдомдо таалим тарбия берген Айша апанын коштоосу менен кимдин ким экенин тастыктаган ретрореспективдүү анализ- чегинүүгө, азыр кайда экени белгисиз, бир кезде мыкты ырларды жазып, көптөн үмүттөндүргөн Сабырдын рухунун алдындагы “ачык сотко” айланып кетет” (15:117). “Ачык сотто” убагында Сабырдын үстүнөн жазалоочу органга арыз жазып, аны окуудан чыгарттырып, саясый жалаа менен куугунтуктаганга себепкер болгон адам да курбулардын арасында экени ачык болот. Курбулардын дөбөдөгү жолугушуусу- Досберген каалагандай, ымала достукту жана мамилени бекемдөө менен эмес,- чыр, жаңжал, акыр аягында бири-бирин дагы саткан чыккынчылык менен аяктайт. Бул өңүттөн алганда драманы кыргызча “Фудзиямадагы ачуу чындык” же “Фудзиямадагы абийир соту” деп атаса чыгарманын мазмунуна шайкеш келмек. Анткени, драмада “кадыр түн” деген түшүнүккө ылайык келгидей позитивдүү эч нерсе жок. Дөбөдө курбулардын адамдык, абийир-ахлактык жактан кандай начар адамдар экени дагы бир жолу ачыкка чыгат. Айша апа, Досберген, трагедиялуу акын Сабыр үчөөсүнөн башкасы окурмандарга, көрүүчүлөргө эч кандай жылуу сезим калтырбайт.
Мында айрымдар драма орусчадан которулгандан кийин автор тарабынан редакцияланып, “Фудзиямада кадыр түн” деген атты ал өзү койгон деп айтуулары да мүмкүн. Бирок, биз драма алгач орус тилинде театрга коюлуп, жарыяланып, анан айрым өзгөртүүлөр менен кыргыз тилине которулганын же чыныгы академиялык оригинал орус тилиндегиси болуп эсептелерин, бир чыгарманын эки оригиналы болбой турганын, тарыхчылардын тили менен айтканда майораттык укук ( бир туугандардын ичинде жашы улуунун артыкчылыгы, мында биринчи жарык көргөндүн деген мааниде ) “Восхождение на Фудзиямада” турганын, кыргызчасы жаңы варианттык макамда болбогон соң, котормодо орус тилиндеги оригиналдын аты, духу адекваттуу сакталуусу- академиялык милдеттүү талаптардан экенин айткыбыз келет. Бул Ч.Айтматовдун мындан кийин сөз кыла турган чыгармаларына да тийиштүү болуп саналат.
Орустун белгилүү жазуучусу П.Проскурин өзүнүн адабий, философиялык ой жүгүртүүлөрүндө адабиятты; а) фактографиялык, фотографиялык, б) алдын ала сезип, тынчсыздануучулук (предчувствия) деп экиге бөлгөн (16:7). Булардын ичинде да агымдар көп, аларга кайрылбайбыз, мында айтарыбыз, фактографиялык, фотографиялык адабият турмуштагыларды адекваттуу чагылдырууга, көркөм каражаттар менен констатациялоого аракеттенсе, экинчи багыттагы чыгармаларда кайсыл мезгил чагылдырылбасын, аларда автордун коомдо, адамдардын психологияларында боло турган тектоникалык өзгөрүүлөрдү алдын ала сезип, санааркап, тынчсыздануу маанайы үстөмдүк кылып турат. Маселен, Л. Толстой Россиядагы падышалык режимди, социалдык түзүлүштү чыгармаларында сындаган, же крепостнойлук укуктагылардын, 1861-жылдан кийин эркиндик алгандардын оор абалдарын көрсөткөн эмес. Башкаруучу чөйрөдөгүлөрдүн айрымдарынын өзгөчө ачкөздүктөрүн, адеп-ахлактык деградацияга учурагандарын чагылдырган менен “Согуш жана тынчтык” романында падышаны романтикалык, көтөрүңкү маанайда сүрөттөгөн. Бирок романдарында, повесттеринде, публицистикалык чыгармаларында сүрөткерлик туюму менен өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын сезип, жарым жартылай көрүп билип, тынчсызданып, санааркоо, эсхатологиялык сезимдери күчтүү болгондуктан В.Ленин аны “орус революциясынын күзгүсү” (17:85) деп атаган.
Совет адабиятында 1920-1940- жылдарда фактографиялык, фотографиялык, романтикалык көрүнүштөр үстөмдүк кылып келсе, 1950-жылдардан коомдогу процесстерге сын көз менен карап, андагы айрым негативдүү нерселер чоң сыноолорго тушуктуруп, өзгөрүүлөргө мажбурлай турганын аңдап-сезип, бир жагынан, анын зарылдыгын түшүнүп, жактырып-колдосо, экинчи жагынан, кандай жыйынтыктарга алып келерине ишенбей тынчсызданып, санааркоо сезиминдеги чыгармалар пайда боло баштаган. Анын классикалык үлгүлөрү катары Л.Леоновдун “Орус токою” романын, В.Овечкин, Г.Радов, С.Крутилин, В.Астафьев, В.Белов, Г.Треопольский, Ю.Трифонов сыяктуу авторлордун алгачкы чыгармаларын көрсөтүүгө болот. Андай маанай “Гүлсараттан” тартып Ч.Айтматовдун чыгармачылыгында да кеңири кулач жайып,тереңдөөгө өткөн. Ага анын “Ак кеме”, “Фудзиямада кадыр түн”, алардан кийин 1980-жылы “Новый мир” журналынын № 11 санына жарыяланган “И дольше века длится день” романын көрсөтсө болот. Ал айрым учурларда “Буранный полустанок” деген аталышта да басылып келди (18). Кыргызча котормосу “Кылымга тете күн”, Кылым карыткан күн”, “Кылымдан да узак күн”, “Бороондуу бекет”деп аталып жүрүп, жазуучунун кыргыз тилинде чыккан алгачкы көлөмдүү жыйнагына “Кылым карытаар бир күн” (19: 5) деген аталышта киргизилген. Андан бери ошол аталышта басылууда.
Романда бороондуу бекетте бир күндө болуп өткөн окуялар чагылдырылат. Анда мурдагы замандарда, андан кийинки мезгилдерде болуп өткөн окуялар да бар, бирок алар өзүнчө эмес, көркөмдүк, эстетикалык жана философиялык жактан бороондуу бекетте болуп өткөн бир күндөгү окуяларга багындырылган. Ошондуктан романдын кыргызча котормосун “Кылым карыткан күн” же “Кылымга тете күн” деп атаган чыгарманын логикасына, философиясына төп келмек. “Кылым карытаар бир күн” деген, башталганда эле романдын ыргагынан сезилген императивдик мүнөздөгү өткөн чакка айланып баратканды эмес, болобу, болбойбу дегендей, бошоң маанидеги арсар чакты билдирет. Б.Пастернактын ырынын бир сабы болгон “И дольше века длится день” арсар чагы, шеги, күмөнү жок эле, сөзмө сөз которгондо “ Кылымга тете күн” дегенди ырастап, бекем ишенимди билдирип турат.Ал аталган акындын ырынын тутумунда да ошондой. Романдын аты мындай өзгөрүүгө учураган соң ичи кандай болду экен?
Бул тууралуу жана Ч.Айтматовдун башка чыгармаларынын котормолору жөнүндө айта тургандар абдан көп, чакан макалада алардын баардыгы жөнүндө сөз козгогонго мүмкүн эмес, биз мында өз пикирибизди ырастоо үчүн бир эле мисал келтирели. Романдын орусча оригиналындагы биринчи сүйлөмү мындай: “Требовалось большое терпение в поисках добычи по иссохшим буеракам и облысевшим логам” (20:9). Бул кыргызчага минтип которулган: “Какшыган жыбыт коңулунан, ыраңы учкан жылга боорунан жем издеп чабытташ оңой кашкөйлүк эмес” (21:5). Мында адегенде эле көзгө түшкөн нерсе, “буеракам” менен логам” деген сөздөр көптүк маанини билдирсе, котормодо жекече мааниге өтүп кеткен. “Кашкөй” деген аныктама адамдарга карата гана айтылат, жан-жаныбарларга колдонулбайт. Ал эми бул жерде тумшугуна илинерлик бир нерсе издеп жүргөн түлкү жөнүндө сөз болууда. Орусча сүйлөм пластикалык, подтексттик чоң күчтө жыйрылган пружинадай чыңалып, андан ары да ошондой ыргакты, чыйралууну шарттап турса, анын кыргызча котормосунда андай чыңалуу, ыргак жок. Орусчасындагы подтекстти гана эмес, пластикалык ыргагын да жоготуп, констатациялык маанидеги бошоң сүйлөмгө айланып калган. Биздин оюбузча, сүйлөм: “Какшыган кокту-колоттордон, жылаңач жылга-жыбыттардан тумшукка илинерлик бир нерсени табууга аябагандай чоң чыдамкайлык керек” деп, же ушуга окшош тондо, ыргакта которулса, ал оригиналына ыргагы, мазмуну жагынан кыйла жакындашмак.
2018-жылы орус, кыргыз тилдеринде чыгарылган “толук” деген макамдагы чыгармалар жыйнактарынын тутумунан алганда Ч.Айтматов баардыгы болуп 30 көркөм чыгарма, Дайсаку Икеда, Мухтар Шаханов менен биргеликте 2 диалог-китеп жаратса, алардын үч-төртөөсүнөн башкасы орус тилинде жазылып, анан ар кандай убакыттар өткөндө ар кайсыл адамдар тарабынан кыргыз тилине которулган. Алсак, “Ботогөз булак” 1960-жылы, “Делбирим” 1961-жылы, “Кызыл алма” 1964-жылы орус тилинде жарык көрсө, алар толук бойдон биринчи ирет 1981-жылы кыргыз тилинде чыккан “Делбирим” жыйнагында жарыяланган. Ал эми “Гүлсараттын” кыргыз окурмандарына жетишине 12 жыл талап кылынса, “Ак кеме” 8 жылдан кийин которулуп басылган. Дегинкисинде 1960-жылдардын ортосунан 1970-жылдардын аягына чейин Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирбөө боюнча республиканын жетекчилери тарабынан тымызын көрсөтмө болгонбу же дүйнөгө белгилүү болуп, атак даңкы жылдан жылга күчөп жаткан автор өз чыгармаларынын эне тилинде басылышына кызыккан эмеспи, айтор, анын ошол мезгилдерде орус тилинде жарыяланган чыгармаларын убагында кыргыз окурмандарына жеткирүү боюнча эч кандай аракеттер жасалбаганы кашкайган чындык.
“1963-жылы калемгердин “Саманчынын жолу” жыйнагы кыргыз тилинде жарык көргөн боюнча 1978-жылга чейин дээрлик он беш жыл кыргыз окурмандары улуу жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде окушкан жок,- деп жазат бул маселе жөнүндө адабиятчы Садык Алахан,- Анан калса жаңыдан орусча жазылып жарык көрүп жаткан “Гүлсарат” (1966) да, “Ак кеме” (1970) да, “Эрте жаздагы турналар” (1975) да, “Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт” (1977) да кыргыз тилинде жарык көрбөдү, же мурда кыргыз тилинде жазылган чыгармалары кайрадан басылып чыкпады” (22:33).С.Алахандын ырастоосу боюнча, Ч.Айтматовдун көпчүлүк чыгармалары кыргыз тилинде чыга электе Германияда, Болгарияда чыгармаларынын эки томдуктары, ал эми Түркияда үч томдук чыгармалар жыйнагы жарык көргөн (22:33). Буга кошумча катары Ч.Айтматовдун 1952-1954-жылдары орус тилинде республикалык мезгилдик басылмаларга жарыяланган алгачкы беш аңгемеси туптуура 65 жылдан кийин же 2018-жылы которулуп чыгарылганын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Саботажбы же кыргыз окурмандарына жана жазуучуга карата жасалган кыянаттыкпы? Алар тууралуу убагында автор өзү же анын чыгармаларын ар кандай өңүттөрдө чечмелеп, наамдарды, даражаларды алып, тиричиликтерин өткөрүп келаткандар эмнеге маселе көтөрүшүп, коомчулуктун көңүлүн бурушкан эмес?
Мында Ч.Айтматовдун кыргызча чыгармалар жыйнагынын алгачкы 3 томдугу деле анын орусча чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу менен параллелдүү түрдө чыгарылганын (Чингиз Айтматов, собр. соч. в 3-х томах, М.1982-1984., “Молодая гвардия”), же мазмуну жагынан анын дубликаты болгонун белгилей кетүү зарыл.
Кыргызстандын ошол убактагы жетекчилигинин жана анын жазма-басмаларды тейлеген билермандарынын Манасты эсинен чыгарып жиберген Тазбайматтай болуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларын бастырып чыгарууну унутуп коюшкандары же атайылап кыргыз окурмандарына жеткирбөөгө болгон аракеттери (эгерде 1978-жылы жазуучунун 50 жылдыгы белгиленбесе, мүмкүн “Гүлсарат” жыйнагы деле чыкмак эмес) улуу жазуучунун көңүлүн биротоло суутуп, аны чыгармалары кыргыз тилинде кандай чыгып жатканына биротоло кайдыгер кылып таштаса керек. Бул биринчи гипотеза. Экинчиси, автор орусча жазылган чыгармаларын өзүм котором деген максатта жүрүп, ага чолосу тийбей же котормосун баштаса эле жаңы варианттарга айланып кете бергенден жадап, анан юбилейлик мааракеси жакындаганда аргасыз ал ишти башкаларга тапшырган окшойт.
Ч. Айтматов Лениндик сыйлыкка татыктуу болгондон кийин “Манас –Атанын ак кар, көк музу” деген бир публицистикалык очеркин гана өзү которгон (27), ал эми калгандарын публицистикалык макалаларына чейин башкалар которушкан.
Ачыгын айтуу керек, жогорудагы эки гипотезада тең чындык бар. Эгерде Кыргызстандын ошол убактагы саясый, жазма-басма бийликтегилеринин көздөрү түз болсо, жаңыларын котортушпаса да мурда кыргызча чыккандарын бир нече жолу кайра бастыртышмак. Ал убакта улуу жазуучунун чыгармалары орус тилинде жыл сайын эң кеминде 10-15 жолудан басылып турган. Ошол убакта адабий мейкиндикте парадоксалдуу бир кырдаал түзүлгөн; Ч.Айтматовдун чыгармалары мектептердин, ЖОЖдордун филология факультеттеринин окуу программаларына киргизилген менен анын кыргызча китептери Н.Чернышевский атындагы республикалык китепканадан башка эч жерден табылчу эмес.
Антип он беш- жыйырма жылдан бери жыйылып келаткандарды кыргыз окурмандарына дароо жеткирүүгө болгон шашылыш аракеттин эпкини, комплекси кийинки чыгармаларына да өткөндүгү ачык эле байкалат. Же ток этери, ичиндеги көркөм тексттер түгүл, айрым учурларда романдардын, диалог-китептердин аталыштары кыргызчага которулганда оригиналына шайкеш келбей калганын, эмнегедир андай көрүнүштөргө автор өзү да, көптөгөн айтматовтаануучулар да көңүл бурушпаганын ачык айтышыбыз керек. Улуу жазуучунун негизги чыгармаларынын котормолорунун оригиналга шайкеш келбеген учурлары “Кылым карытар бир күндө” гана эмес, андан кийинки чыгармаларынын котормолорунун да ар бетинен жолугат. Жазуучунун көркөм чыгармаларынын котормолорунун тексттерине үңүлгөнгө макаланын аянты жол бербейт, чындыгында ар чыгарма өзүнчө салыштырып изилдөөнү талап кылат, биз бул жерде аталыштары жөнүндө гана сөз кылуудабыз. Темабызды улантсак, жазуучунун 1980-жылдардын ортосунда чоң резонанска ээ болгон романы- “Плаха”.Анын сөзмө сөз котормосу- баталга, же өлүм жазасына тартылгандардын башын коё турган жыгач (3:559). Орусча жарылган жыгачтын бир жагы, өлүм жазасын аткаруучу жай, илгерки заманда өлүм жазасына тартылгандын башын коюп, кесүүчү жыгач да баталга деп аталган (5:450). Ал 1986-жылы “Новый мир” журналынын № 6,8,9 сандарына жарыялангандан кийин тездикте А.Жакыпбеков, А.Токтогулов тарабынан которулуп, “Ала-Тоо” журналынын 1987-жылдагы № 11, 1988-жылдагы № 1,2-сандарына жарыяланган. Романдын кыйла көлөмдүү экенин эске алсак, андай оперативдүү оодармага жазуучунун ага чейинки жана андан кийинки бир да чыгармасы арзыган эмес.
“Плаха” деген сөздүн орус тилинде чектелген, конкреттүү маанини туюнтарын айттык. Же ал “Баш кесээрде” же “Жарыкчылыктан кетээрде” деген эле так маанини билдирет. Ал эми “Кыямат” деген акыр заман, топон суу, зилзала дегендей кеңири масштабдагы түшүнүк.Романда окуялардын локалдуу чөйрөлөрдө эсептелүү адамдардын жана айбанаттардын катышуусунда өткөнүн эске алганда романдын кыргызча аталышы ашкере претензиялуу мүнөзгө айланып кеткен. Жазуучу С.Раев 2018-жылы “Топон” (Раев С., “Топон”, Б.”018. “Турар”, 280 б) деген романын жарыялады. Анда жер бетин топон суу басып, кыямат кайың жүргөнү чагылдырылгандыктан ага аты шайкеш келет. Ч.Айтматовдун сөз кылынып жаткан романынын орусча аты маанисине төп келген менен кыргызча аталышы андан алыстап кеткен.
Жазуучунун Дайкасу Икеда менен болгон диалогдорунун жыйнагы 1991-жылы япон тилинде чыкса, ал 1994-жылы орусчага которулуп “Ода величию духа” деген аталышта басылган. Аны адабиятчы А.Мусаев кыргызчага которуп 2016-жылы “Улуу рухтун одасы” деген аталышта китеп кылып чыгарды (23). Ал ошол бойдон жазуучунун 10 томдук чыгармалар жыйнагына да кирди (24). Өзүңүздөр көрүп турасыздар, котормочунун эрки менен диалог-китептин аталышы теңирден тескери болуп калган. Ал “Рухтун улуулугуна ода” же “Рухтун улуулугуна таазим” деп аталса оригиналга жакындамак. А.Мусаев жекече автор катары өз деңгээлине жараша которуп, китеп кылып чыгарды дейли. Бирок, андай оркойгон катаны Ч.Айтматовдун “толук” деген макамдагы юбилейлик чыгармалар жыйнагын түзгөндөр кантип байкабай калышкан? Эгерде дүйнөгө белгилүү эки инсандын тарыхый-философиялык, культурологиялык жыйнагынын атынан ката кетип жатса, ичиндегилери кандай которулган?
Улуу жазуучунун алгач 2006-жылы “Дружба народов” журналынын № 7 санына “Когда падают горы” деген аталышта жарыяланып, А.Пазылов, анан С. Станалиев которгон романы да ”Тоолор кулаганда” деген оркойгон ката бойдон кайра-кайра басылууда. Убагында М.Шолоховдун “Поднятая целина” деген романы “Көтөрүлгөн дың” деп сөзмө сөз которулгандай эле, эки автор тең анын атын сөзмө сөз которуп салышкан. Кыргыз тилинде дың жер көтөрүлдү деп айтылбайт. Дың жер бузулуп, айдалат. Айтматовдун аталган романы “Сардал кыз” деп да аталып жүрдү.Дегиңкисинде Ч.Айтматовдун орусча жазылган чыгармаларынын көпчүлүгүнүн кыргызча так атына дароо ээ болбой, ар кандай варианттарда атала берүүсүнө көнүп деле калганбыз. Сөз кылып жаткан романга кайрылсак, нормалдуу кыргыз эч качан “тоолор кулады” деп айтпайт. Тоолор урашы мүмкүн, бирок кулабайт. Таш кулайт, дөңкөч кулайт.Атка же төөгө минген адам гана кулайт.
Башка тилдерден бөтөн авторлордун чыгармаларын которгондо ал тилди жана чыгарманын жаралуу тарыхын жакшы билбегенден улам элемантардык каталарга жол берилгени кыргыз адабиятында түгүл, бай тарыхы, тажрыйбасы бар орус адабиятында деле жетишерлик кездешет. Англис тилин мыкты билген жазуучу, акын жана адабиятчы К.Чуковский котормолордогу элемантардык каталар жөнүндө “Высокое искусство” деген атайын изилдөө китеп да чыгарган (25). Алсак, АКШнын Мэриан Фелл деген котормочусу А.Чеховдун бир макаласындагы орустун белгилүү акыны К.Н.Батюшковду “батюшка” деп түшүнүп алып, атактуу поп, гной дегенди -гений, “Каштанканы” –каштан жыгачы деп которуптур (25:15).
Түрмөдөгүлөрдү ташыган темир тордуу машинаны орустарда “обезьянник”, “воронка” деп коюшат. Англияда андай машина кара түстө болгондуктан алар аны “Черная Мария” деп тергешсе, аны айрым орус котормочулары негритянка Мария деп түшүнүп которушкан учурлары да болгон. Украин тилинде “гоните” деген сөз “жените” деген маанини билдирсе, Павло Тычинанын ырларын которгондор “гоните его прочь!” деп которуп салышкан (25:12).Кыргыздын айрым котормочулары убагында орустун “рука руку моет” деген идиомасын “кол колду жууйт” деп которушкан.Туура экививаленти- “кол ийрисине тартат”.
Убагында Ф.М.Достоевскийдин “Идиот” романы кыргызчага “Көк мээ” деген атта которулуп чыгарылган (28).Идиот орус тилинде чындыгында эле акмак, макоо, жинди деген маанини билдирет. Ал эми чындыгында орустун улуу жазуучусу өз романын орус сөзү менен эмес, гректин idiotsng деген сөзү менен атаган. Анын бизче мааниси- бөтөн адам, элден качкан, обочолонгон дегенди билдирет (30:394) . Байыркы гректер философторду идиот дешчү экен. Философторду, жалгыз жүргөндү жакшы көргөндөрдү макоо же көк мээ дегенге болбойт. Көп ойлонгон окумуштуулардын, чыгармачылдардын көбү жалгыз жүргөндү жакшы көрүшөт, алар көп адамдарга аралашып жүрүшсө деле ички дүйнөлөрү жалгыздыкта болот. Ошондуктан Ф.М.Достоевскийдин аталган романын кыргызча “Көп ичиндеги жалгыз” же жөн эле “Бөтөн адам” деп атаган грекче сөздүн маанисине, улуу жазуучунун романынын философиясына шайкеш келмек. Баарынан кызыгы, романды кыргызча “Көк мээ” деп аташып, аннотациясында “Орустун гениалдуу жазуучусу, бүткүл дүйнөлүк адабияттын классиги Федор Михайлович Достоевский бул романында адеп-ахлактуулуктун тунуктугу менен дүйнө жүзүн кайра курууну эңсеген, эң сонун адам князь Мышкиндин образын ташка тамга баскандай чагылдырат” (28:2) дешип “Көк мээ” деген аталышты кайра жокко чыгарып салышкан. Мындай чыгарманын атына, затына аннотациясы каршы келген парадокс адабиятта сейрек кездешет болуш керек.Анын үстүнө Ф.Достоевскийдин чыгармаларында социалисттик мезгилде трафаретке айланган “эң сонун” дегидей түгүл, минималдуу адеп-ахлактык талаптарга жооп бере турган бир да оң кейипкер жоктугун эске сала кетүү зарыл.
Бирок, Ч.Айтматов биз үчүн жогоруда айтылгандардай бөлөк- бөтөндөрдөн эмес, маданиятыбыздын, дүйнө таанымыбыздын туу чокуларынын бири деп эсептелген дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучубуз жана ойчулубуз. Аны ар кимибиз өз деңгээлибизге түшүрө тартып, ашмалтайын чыгара бербестен мурастарына жогорку деңгээлде кесипкөй жана компетенттүү мамиле жасоо калыптандырылуусу, бир жазмакер Пушкиндин чаптамай котормосун окуп алып; “аны эмнеге эле мактайсыңар, Пушкиниңер деле Абдрасул Токтомушевдей эле акын турбайбы” деп айткандай болбошу керек. Бизде деле Айтматовдун чыгармаларынын котормолорун окуп арасат, күдүк ойлордо жүргөндөр аз эмес. Айрымдардан “мен Айтматовдун чыгармаларынын орусчасын гана окуйм, кыргызчасын окусам эле бир нерсе жетпегенсип турат” дегендерин да угабыз.Айтматовдун кыргызча котормолорунун орус тилинде жазылгандарынын лексикалык байлыгына, пластикалык жана туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүнө, философиялуулукка чыйралтылган океандын деминдей ыргагына, саканын ичине уютулган коргошундай ар абзацынын салмагын арттырып турган күчтүү подтекстине, чыныгы көркөм чыгармаларга мүнөздүү дагы-дагы башка бир катар касиеттерине жана сапаттарына толук шайкеш келбегенинен улам белгилүү деңгээлде окурмандардын көңүлдөрүн суутуп жаткандай. Бул өзүбүздүн байкообуз, көз карашыбыз. Эч кимге таңуулабайбыз. Анын үстүнө биздеги котормо мектебинин орус адабиятынын котормо мектебинен кыйла төмөн экенин эч ким танбайт болуш керек. Сөзгө мамиле кылуу жагынан алардын деңгээлине жакындай да албайбыз. Бул темаларда ойлор, байкоолор көп, бирок аларды айта бергенден абал өзүнөн өзү өзгөрүп кетпейт.Конкреттүү иш аракеттер керек. Алар кайсыл багыттарда жүргүзүлүүсү зарыл?
Жогоруда айтылгандай көрүнүштөрдү ырааттуу жөнгө салуу үчүн биринчи кезекте төмөндөгү милдеттерди жүзөгө ашыруу талап кылынат:
- Жетиштүү квалификациялары жана тажрыйбалары бар адистерден атайын комиссия түзүп, биринчи кезекте жазуучунун кыргызчага которулган көркөм чыгармаларынын баардыгын орусчаларына салыштырма сыдыргы-талдоодон өткөрүп, конкреттүү сунуштарды даярдоо зарыл. Анын негизинде айрым чыгармаларын кайра котортуу маселеси күн тартибине коюлушу толук мүмкүн.
Андан кийин ушундай эле тартипте диалог-китептерине, публицистикалык макалаларына, интервьюларына, эпистолярдык мурастарына киришүү керек.
- Өкмөттүк деңгээлде атайын комиссия түзүп, жазуучунун чыгармаларынын академиялык толук жыйнагын чыгарууга киришүү зарыл. Алсак, Өзбекстанда Хамид Алимжандын, Айбектин, Гафур Гулямдын, Казакстанда Мухтар Ауэзовдун, Сабит Мукановдун, Бабыржан Момышуулунун андай жыйнактары алда качан (айрымдарыныкы советтик мезгилде) эле чыккан. Биз алардан алда канча салмактуу жазуучу-ойчулубуздун, чоң мамлекеттик ишмердин чыгармаларынын академиялык толук жыйнагын чыгарууга киришмек түгүл, ойлоно да элекпиз. Ал аябагандай көп убакытты, эмгекти талап кылат, болжолубузда, академиялык толук чыгармалар жыйнагын чыгарууга 10-14 жылдай убакыт керек. Бирок, мааракеси келгенде баягы эле басылып жүргөндөрүнүн баш аяктарын жакшылап караштырбай тапырата бастыра коюп, окурмандарга кармата бербестен обьектиге, предметке чыныгы илимий өңүттө, кесипкөй, окурмандарга да урмат менен мамиле жасоого мезгил жетти.
Нарк-насилдери ар кандай диссертация атпайлар деле көбөйтүлө берсин, бирок алардан да улуу жазуучунун чыгармаларынын кыргызча котормолорун жогоруда айтылгандардай кемчиликтерден арылтуу зарыл болууда.
- Ч.Айтматов студент болуп жүргөндө М.Бубенновдун “Ак кайың”, В.Катаевдин “Полктун уулу” деген чыгармаларын кыргыз тилине которгон, бирок алар эч жерге басылган эмес. Ал котормолордун кол жазмалары кайда? Адатта жазуучу–акындар кол жазмаларын сакташат, үйрөнчүк мезгилде жазылгандарды өзгөчө аздектешет.Эгерде алар жазуучунун архивинде сакталып калса, аларды алып, китеп кылып чыгаруу керек.
Элдар Айтматовдун айтымында, жазуучунун архивинде баштап, бирок бүтпөгөн дагы 3-4 чыгармасынын кол жазмалары бар. Бүтпөгөн “Кар жана алтын” повестинин кол жазмасын басмага даярдаганыбызда анын айрым барактары жоголуп кеткенине күбө болдук. Ал эми дүйнөгө белгилүү чыгармаларынын айрымдарынын кол жазмалары балдарында, бир туугандарында болсо, көпчүлүгүнүкү кайда экени белгисиз. Аларга кошо бүтпөгөн чыгармаларынын кол жазмалары да жоголуп кете электе, мамлекет аларды инвентаризациялап, сактоого алуусу керек. Ч.Айтматовдун урматына одаларды арнагандан мурда анын “чарбасын” тартипке келтирип, ага карата чыныгы илимий кесипкөй мамиле жасалуусу, калыптандырылуусу зарыл.
Академик, адабиятчы Д.С. Лихачев “илимде маселени туура коюу, иштин жармы” дегендей ойду айтып, андан ары: “Иногда заслуга правильной постановки вопросов может оказаться даже более важной, чем нечеткий ответ” (26:299) дейт.
Көптөн бери көбүбүз билсек да билмексен, көрмөксөн болуп, бири-бирибиздин көңүлүбүзгө карап жүрө бергенден айтматовтаануу гана жабыр тартууда. Бул жааттагы жарым кылымдан ашык убакыттан бери топтолуп келаткан көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды четтетүү боюнча чама-чаркыбыз жеткендерге киришүүгө эбак мезгил жеткен. Биз аягына толук чыгара албасак, кийинкилер улантышат. Эң негизгиси, азыр ал иштерди баштоо чоң маселе болуп турат.
Бул маселеге башкалар да үн кошушуп, байкоолорун, ойлорун, сунуштарын айтышса, акырындап бирдиктүү иштиктүү позиция иштелип чыгылып, калыптанып, ал айтматовтаанууну сапаттык жактан жаңыртууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз.
Комментарийлер