Айнура АРСТАМБЕКОВА: “СЫНАКТАН БАРДЫК ДИРЕКТОРЛОР ӨТҮШҮ КЕРЕК”

  • 04.08.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында эмне иштер жүрүп жатканы боюнча башкармалыктын башчысы Айнура АРСТАМБЕКОВА менен маек курдук.

Айнура АРСТАМБЕКОВА: “СЫНАКТАН БАРДЫК ДИРЕКТОРЛОР ӨТҮШҮ КЕРЕК”

— Айнура Жанышовна, Президенттин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин сынактык тандоо системасы менен кабыл алуу Жарлыгы кандай аткарылып жатат?

— Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин сынактын негизинде тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан Жобонун алкагында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан иш жүргүзүлүп жатат. Бишкек шаарынын мектептеринде беш жылдан жогору иштеп жаткандар директорлордун саны 61. Азыркы күндө алардын 95% ти эмгек өргүүсүндө.

— Алар бошотулдубу? Директорлордун укугун сактоого тийиштүү көңүл бурулуп жатабы?

— Эмгек кодекси боюнча 14 күндөн кийин кайра ишке чакырсак болот. Бирок кодекстин 130-беренесинде кызматкердин макулдугу менен гана кайра ишке чакырууга укугубуз бар, ошондуктан азыр директорлор менен тыгыз иш алып барып жатабыз, анткени Президенттин Жарлыгына ылайык сынактан бардык директорлор өтүшү керек. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткаруу  боюнча Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы ар тараптан көмөк көрсөтүп жатат. Күчтүү, тажрыйбалуу жаратман директорлор да сынак аркылуу кабыл алынат, ошондуктан Бишкек шаарынын мектеп директорлорун биринчи сентябрга чейин сынактан өтүп, жаңы окуу жылын башташын суранып жатабыз. Анткени, директор – мектептин өзөгү.

—  Күчтүү, жаратман директор  кандайдыр бир себептен сынактан өтпөй калса, ага кандай иш орун берилет? Бул жагынан эмне иштер жүргүзүлүп жатат?

—  Жаратман директорлор жерде калбайт. Жаш мугалимдерге насаатчы, азыркыча ментор болушат. Маселен, бир мектептин директору “тестирлөөдөн өтпөйм, бирок ушул мектепте калгым келет, жаштарга тажрыйбамды жайылтам. Он, жыйырма жылдап жетекчи болуп отурбашыбыз керек, сөзсүз шакирттерди даярдай жүрүү зарыл. Мен шакиртимди эбак эле даярдап койгом, ал менин завучум”- деди.  Чынында эле ал директордун завучу абдан компетенттүү, бирок баарын  сынак чечет.

—  Шаардагы эң күчтүү мектептердин бири №61 мектеп-лицейдин директорун колдогон ата-энелер дагы митингге чыгышты. Ю.Н.Низовский менен Сиз көзмө-көз сүйлөштүңүзбү? Ал эмнеге сынакка катышкысы келбей жатат?

—   Ал киши менен бир нече жолу жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Керек болсо сынакка катышып, ушул эле №61 мектептин деңгээлине дагы бир башка мектепти жеткирип бериңиз деп сурандык. Азыркы күндө Ю.Н.Низовскийден бул суроо боюнча жооп күтүүдөбүз.

— Жаңы окуу жылына даярдык кандай? Курулуп жатат деген 15 мектеп 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачабы?

Айнура АРСТАМБЕКОВА: “СЫНАКТАН БАРДЫК ДИРЕКТОРЛОР ӨТҮШҮ КЕРЕК”

— Президент С.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде учурда  №6, №40, №43,№20, №75, №73, №78 мектептердин жаңы окуу корпусун куруу, ошондой эле структурасын бекемдөө жана №76 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү, №10 мектептин тирөөч конструкцияларын бекемдөө менен имаратты толугу менен реконструкциялоо жана №35 мектептин спорт залын куруу, ошондой эле  Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Ордо конуштарында жаңы мектептер курулуп жатат. Бардык күч-аракет ошол жакка жумшалып, Бишкек шаарынын мэринин көзөмөлүндө турат. Мисалы, Мурас-Ордодо 550 окуучулук орундуу бүгүнкү мезгилдин талабына шайкеш келген чоң заманбап мектеп курулуп жатат. Түсү, сырткы фасады, ички дааратканалары, откана, суу түтүктөрү, жарыктандыруу, жашылдандыруу, жакшыртып иреттөө ж.б.у.с.  Экинчи этабында материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат: ашкананы керектүү жабдыктар, мектепти парта, стулдар, эмеректер менен камсыз кылуу каралган. Эң негизгиси,  материалдык-техникалык  базаны чыңдоо, окуу китептери менен камсыз кылуу эң негизги көгөйлүү маселелердин бири. Албетте, бул иштер толугу менен калаа башчысы Э.Абдыкадыровдун көзөмөлү үстүндө турууда.

— Камчысын алып кыш келатат. “Кыштын камын жайда көр” дегендей, кышка мектептер даярбы?

— 2022-жылга Титул боюнча 138 млн сом каралган. Ириде 26 мектеп, 20 бала бакча жана эки балдар чыгармачылык борборунун жылуулук системаларын, чатырларын алмаштыруу жактары жүрүп жатат. Бул жакта да иштер катуу көзөмөлдө. Белгилүү болгондой, шаардык мектептердин көбүнчөсү электр энергия менен жылытылат, борбордук жылуулукка кошулган. Ал тарапты УКС көзөмөлдөп жатат. Экинчи жагы терезелер, эшиктер алмаштырылат.

— PISA — 2025 изилдөөсүнө даярдык кандай?

—  Окуу-методикалык материалдардын авторлору жана 5-9 класстарда математика, эне тили жана табият таануу предметтери боюнча билим сапатын баалоо тармагындагы адистер катышкан жайкы семинарларга шаардык мугалимдер катышып жатат. Эл аралык PISA изилдөөсүнүн тажрыйбасынын негизинде 21-кылымдын билим берүү жыйынтыктарын калыптандыруу жана баалоо методологиясын жана негизги ыкмаларын өздөштүрүү боюнча мугалимдерди Россиянын эң мыкты деген жогорку окуу жайлары менен кызматташып, ал жакка дагы тажрыйба топтоого жөнөтүп жатабыз. Окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илим, глобалдык компетенциялар, финансылык сабаттуулук, креативдүү ой жүгүртүү деген нерселерге өзгөчө басым жасалып, мугалимдердин билимин жогорулатып дагы жатабыз. Алсак, август айында Казан университетине он мугалим билимдерин өркүндөтүп келгенге барышат. Бул жакка дагы жөн эле мугалимдер эмес, көрсөткүчтөрү жогору, жетишкендиктери бар мугалимдерди райондук билим берүү борборлору бизге сунушташат. Анткени ал жерге барганда Бишкек шаардык билим берүүнүн сапатын көрсөтө алгандай күчтүүлөр барышы керек. Санкт-Петербургга болсо орус тили жана адабияты мугалимдери  жөнөтүлөт. Мындан тышкары Кубань, Куйбышев университеттери менен дагы тыгыз иштеп жатабыз.

— Бишкек шаарында 1-класска, бала бакчага кирүү дагы эле кыйын экенин ата-энелер айтып жатышат. Электрондук каттоодон өтө албагандар бар экен.  Бала бакчага кезекте алдыда туруп эле, бир убакта артка жылып калдык дегендер арбын болуп жатат?

— Азыркы учурда всеобуч боюнча 6-7 жаштагы 17 миң бала учетко алынган. Анын ичинен 15 миң бала электрондук каттоодон өттү. Эки миндей бала тизмеге кире элек. Анткени ички миграция толкуну күч алганына байланыштуу, көбүнчө ата-энелердин жашаган жеринде каттоосу (прописка) жок болгондуктан электрондук каттоо өткөрбөй жатат, ошондой эле «Электрондук каттоо» АМС порталында техникалык жактан иш жарагынан чыккан учурлар да көп болгондуктан көп ата-энелер балдарын каттай албай калды. Азыркы күндө ата-энелдер балдарыбыз мектепке кирбей калабы деп сарсанаа болуп жатышат. Ушул маселе боюнча 2022-жылдын  15-августунан  баштап  бардык билим берүү борборлорунда атайын комиссиялар түзүлүп, 1-класска кабыл алынбай калган балдар боюнча каттоого көмөк көрсөтүлөт. 15-августка чейин баланын ата-энеси арызы менен жашаган дареги боюнча билим берүү борборлоруна кайрылуусу зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер