“АЙКӨЛ МАНАС” БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ

  • 30.11.2021
  • 0

Жыл сайын “Манас”  күнүн утурлап  Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан “Манас урпактары” кароо-сынагы өткөрүлүп турат.  Жакында  эле Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары арасында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы өткөрүлдү. Анда баш байгени Ленин районундагы №53 бала бакча жеңип алды.

“АЙКӨЛ МАНАС” БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ

Быйылкы жылы башталгыч класстарда “Жаш манасчы”, бала бакчаларда “Наристе манасчы” райондук кароо-сынагы болуп өткөн. Райондон иргелген наристелер шаардык деңгээлде өткөн  “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашында Жакыптын көргөн түшүнөн баштап Манастын төрөлгөнүнө чейинки сценканы дасыккан артисттердей аткарганы көрүүчүлөрдү кубандырбай койгон жок.

“АЙКӨЛ МАНАС” БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ

— Бул таймашты өткөрүү идеясы — билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимовага таандык. Бул сынакты тартуу иштерин КТРКнын “Баластан” студиясы колго алган, — дейт борбор калаадагы №53 бала бакчанын методисти Асель Сардарова.

“АЙКӨЛ МАНАС” БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын максаты — улуттун сыймыгы болгон улуу “Манас” эпосун балдарга таанытууда кеңири түшүнүк берип, аларды мекенчилдикке тарбиялоону көздөйт. Келечекте “Манас таануу”  интеллектуалдык телетаймашы эл аралык деңгээлде өткөрүлөт деген пландар бар экенин адистер айтышты.

“АЙКӨЛ МАНАС” БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ

Телетаймашта 1-орунду  Ленин районундагы №22 бала бакча алса,

2-орунга  Свердлов районундагы №51 бала бакча чыкты. Ал эми 3-орунду Ленин районундагы №5 мектепке чейинки билим берүү мекемеси камсыздады. Ошондой эле кызыктыруучу байгеге №131 жана №148 бала бакчалар татыктуу болду.

“АЙКӨЛ МАНАС” БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ

Баш байгеге татыктуу болгон №53 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балдары өз таланттарын татыктуу көрсөтө алды. “Манас” эпосундагы Жакып байдын ролун Майсбеков Рамзан, Чыйырдынын ролун Суранбаева Даткайым, Акбалтанын ролун Өмүрбеков Нурадил, думананын ролун Батырбеков Арген жеткиликтүү аткарып бере алышты. Телетаймаш саламдашуу менен башталып, акырындык менен Манастын төрөлүшүн сахналаштырууга өтүп, андар ары музыканын коштоосунда кыргыз улуттук оюндар көрсөтүлүп, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен жыйынтыкталды.

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын сыйлоо аземи 10-декабрда өткөрүлөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын

                                сценарийи

Даярдагандар: Сулайманова А.А., Атигирова А.С., Сетекова М.Т.

“Кыргыз күүсү” ырынын коштоосу менен балдар, кыз-бала болуп, музыкалык залга кирип келет.

Анеля:    Салам айтам Бакайдай акылманга,

Салам айтам Каныкейдей уздарга.

Салам айтам Айчүрөктөй аккууларга,

Салам айтам Манастай кабыланга.

Даткайым:  “Айкөл” деп койдук биз команданы,

Айкөлдөй алга барсын калкым дагы.

Элимдин тынчтыгы, биримдиги,

Чыңалсын деп алдыга талпыналы.

Рамзан:   Жүрөгүмдө туйлаган кыргыз каны,

Өзөгүмдө ойногон кыргыз жаны.

Төрөлгөндө оозанган Манас менен,

Айтып кирдим ордого салам менен.

 

Нармин: Кызыл тил көркү ырда экен,

Кыйындык сынак сындай экен.

Ак дилден салам айтабыз,

Атаандаш арбын сыйга тең.

Касиет: Салам айтам,

Жамгырымдын суусу болуп,

Берметим Ысык-Көлдүн буусу болуп.

Ыргактуу комузумдун күүсү болуп,

Салам айтам кыргызымдын кызы болуп.

Нурадил:  Ук жер жүзү, ук бүт аалам,

Урмат-сыйдын күүсүн чалам.

Айкөл Манас деп аталган,

53-бакчанын атынан!

Баары:      Жалындуу ысык салам!

Саламдашуу (хор)

Салам айтам улуу кыргыз калкыма,

Салам айтам ушул турган жалпыңа.

Салам айтам кара кылды как жарган калыстарга,

Тең тайлашкан атандашка.

Биздин топтун аты “Айкөл Манас”.

Туу кармап, туу тутабыз Манас, Манас, Манас.

Улутубуз улуу кыргыз, ук кыргыз.

Сыймыгыбыз Айтмат уулу Чыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз.

Даткайым: Биздин ураан — “Айкөл Манас”

Чогуу: Ала-Тоонун тиреги

Даткайым: Айкөл Манас

Чогуу: Ата-баба тилеги

Даткайым: Айкөл Манас

Чогуу: Улуу мурас, укмуш дастан теңиримдин белеги.

Инсценировка

Манастын бала чагы

 Автор:   Күндөрдүн биринде бай Жакып түш көрүп, Акбалтаны баш кылып кырк үйлүүнү жыйды.

Жакып: Журтум, түндө жатып түш көрсөм. Ала-Тоону жайлапмын. Бир бала барчын кармап алган экенмин, томогосун тартып жиберсем — кара чаар жолборс, качып каман алды, канаттуунун баарын айдап астына салды. Ааламдын чокусуна чыгып, оң колума күндү, сол колума айды кармап, ары-бери чакмак алып турупмун. Бул эмне болуучу!

Акбалта: О, кудай, Ата Конушту табат экенбиз, Жакып! Түштөгү барчын бала болот. Барчын куш салып, азуулууну алсаң, түшүңдө кылыч тапсаң, кара зоону бөлө чапсаң, ай менен күндү кармасаң шер уулдуу болот экенсиң. Түшүң туш келсин!

Чыйырды: Түлөө берели. Түлөөгө түмөн союп, Жараткандан перзент тилейли, байым!

Жакып: Сенин төрөп алган балаң кана? Жок неме той кылып малымды корото албайм! (Жакып жиндеп желдеттери менен чыгып кетишет)

Автор: Алтайдын жайы өтүп, күз ортолоп калганда Жакыптын байбичеси Чыйырды шердин жүрөгүн жегиси келип, эңсегени табылбай бөдөнөдөй бөгүп калды. Кырк үйлүүдөн кырк мерген аңга чыгып, барбаган жери калбай куру кол кайтты.

Чыйырды: Жок, жебейм! Жолборстун жүрөгүн жейм.

Автор: Айласы кеткен Акбалта менен Жакып  токсон төөнү Кытайдын Кочку деген мергенине тартуулап, шердин эти табылып, кырк үйлүү кыргыз чогулуп, түлөө өткөрдү.

Желдет: Чыйырды байбиченин шердин жүрөгүн жегиси келгенин, кара калмак-манжуга угулбасын, эч бир жанга айтпайбыз! – деп ант беребиз.

Автор: Айдан ай өтүп, Чыйырдынын төрөй турган кези болуптур.

Жакып: Баланын үнүн угуп жүрөгүм жарылып кетпесин, мен жылкыга барайын. Эгер кыз болсо, атын атап койгон ала бээни союп, койгула анда туяксыз өткөнүм. Эгерде эркек болсо мага сүйүнчү жибергиле, сүйүнчүлөп барганда төрт түлүк малымды берем.

Автор: Жакып жайытка келип, кудайга жалынып, ээрин жазданып, кементайын жамынып уктап кетсе, түшүнө ак сакалчан думана кирди.

Жакып: Оо Кудай, учугумду улай турган уул бере көр!

Думана: Кокуй, Жакып, өйдө тур! Бүгүн уулдуу болосуң, атын Манас кой. Манасың көк жал шер болот, телегейи тең болот, пири колдоп, кырк чоро жөлөйт. Бүгүн кула бээң кулун тууйт, шер уулуң казатка минээр тулпар ошол. Балаң он экиге чыгып, эрежеге жеткиче, кыргызга баш болуп кеткиче, уулумдун аты Манас деп бир адамга билгизбе.

Автор: Муну  айтып, думана көздөн кайым болду. Бай Жакып чочуп ойгонсо, таң кашкайып сүрүп калыптыр. Жылкыга келсе, туубай жүргөн  бээ куюндай кулун тууптур, ал ары-бери чуркап, энесинин үстүнөн аттап оюн салып турган экен.

Жакып: Жаныбарым, атың Торучаар болсун! Жаратканым муну минүүчү уулду берсе, миңгенин көрсөм, анан өлүп кетсем арманым жок!

Автор:  Ушул учурда Акбалта Телкүрөң атын теминип, этек-жеңин  делбеңдетип, алда кайдан кыйкырып  чаап келатты.

Акбалта: Оо, Жакып эле, Жакып! Оо, сүйүнчү эле, сүйүнчү!

Түшүң туш келди. Жышаналуу балалуу болдуң: оң колуна кара кан, сол колуна сары алтын уучтай түштү; балаңдын арт жагында кара көк жалы бар экен. Бар-бар эткен ыйынан  кемпирлердин  жүрөгү түшүп, жерден ороп алаарда капталында кара чаар кабылан чамынып, ымыркай баланы үч аттап кайып болду.

Уулуң аман чоңойсо анык кабылан шер болот, чачылган кыргызды таап берчү эр болот!

Жакып: Баламды батыраак көрсөт, чыдабай турам!

Автор: Экөө чапкан бойдон айылга келишти. Кубанычы койнуна батпаган Жакып, эркек перзент көрдүм деп, калмак–манжуну калтырбай чакырып, эпсиз той өткөрдү. Ала–Тоодой эт,

Ала–Көлдөй чык болуп, ат чабылып, кыргызга таң–тамаша түштү. Балага Чоң Жинди деген ат коюлду.

“Манас” эпосунан үзүндү айтуу.

Күндөн-күндөн күн өттү,

Күн мезгили да жетти.

Жетиге келди зор Манас,

Мунун аты Чоң Жинди.

Кара көк жал султандык,

Шер экенин ким билди.

Сегизге чыгып серпилип,

Оң жол менен жүрдүбү.

Адам айткан сөз болсо,

Муну кулагына илбеди.

Бешке чыга келгиче,

Берең Манас баспады.

Чакырган аты Чоң Жинди,

Мунун атын ким билди?

Жети жаштан сегиз жаш,

Бала чыгып келгенде.

Күйүп турган чок болду,

Кырк үйлүү кыргыз ичинде.

Мындай тентек жок болду,

Каары келип кармаса.

Чыңырып балдар чыркырайт,

Чындап кармап жиберсе.

Талкан болуп быркырайт,

Бир күнү Манас кабылаң.

Оолугуп токтобой,

Кырк үйлүүдөн кырк бала.

Кыйбатың  ойноп алыптыр,

Кыраан Манас ичинде.

Кымбаттан оюн салыптыр,

Каракалмак манжуудан.

Он беш менен он алты,

Экөөнүн орто жеринен.

Сексен бала барыптыр,

Жети чокмор жегенде.

Кыдырата карабай,

Кыранын, согуш көрсөттү.

Кылча жанын аябай,

Тегерегин карабай.

Тепкилешти көрсөттү,

Теги эле жанын аябай.

Майлаган буудай жүздөнүп,

Күүгүм туман көздөнүп.

Өрттөй көзү бек жайнап,

Каары боюн чың кармап.

Каалгадай кашка тиш –

Калайыктан башка тиш.

Кашкайып чыгып алыптыр,

Кырк балага дем болуп.

Кыркын баштап оңдонуп,

Кызык мушташ салыптыр.

Ошондо Манас бакырды,

Кыргызга ураан чакырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер