АВГУСТТУН СЕГИЗИ (Аңгеме)

  • 06.08.2021
  • 0

«Ошко эки киши!», «Ноокатка бир киши!» деп жар салган ортомчуларды айланып өтүп, четтеги жеңил машинага жакындадым. Ээси жаңы ачылган  облуска кызматка бараткан таластык жигит экен. Жанында жаш келин отурат. «Көп сурабайм, күйүүчү майга эле берсеңер болду. Бир жагы маектешип, алыс жолду кыскартып кетебиз» — деди ал.

Уйкудан  калган таксисттерге караганда, бул жигит азыр эле аренага чыгып, алыс аралыкка чуркап кетчү жөө күлүктөй сезилди. Дароо макул болдум. Арткы орундукта айылдын аптабына бышкан  аравандык жүргүнчү эбак орун алыптыр.
«Дагы бир киши келсе, буюрса жылабыз», — деди айдоочу.
Аңгыча арт жактан бирөөлөр «Баткенге барабы шу машина?» деп калды.
— Ооба, Баткендин өзүнө барам!
— Апабызды ала кетиң! Пулуну биз төлөйбүз!» -деди кош бойлуу келин.
«Кызы го, жанындагысы күйөө баласы экен» дедим ичимен. Ошондой болуп чыкты. Кетирекей мурдуна чоң көз айнекти кондуруп, кызыл гүлдүү көйнөгүнүн жакасын төөнөгүч менен бекем төөнөп койгон чарчы бойлуу баткендик эже отурары менен кызы терезеден баш багып: «Гамшиңдап ар балаани айтпай жөн кетиң!» деп апасына кол булгалап калды.
Машина ордунан жылар менен көз айнекчен эжеге жан кирип, бешенесиндеги терин аарчып, капастан качып чыккан канаттуудай күүлөнүп алды.
«Шаардиктариң курусун! Кызым  Дордойдо квартирада турат. Бир короодо он бешта үй-бүлө жашайт экендер. Тооба! Бири-бири менен пакас иштери жок» — деп эже жакасын карманды.
Жаңы эле кирген жүргүнчүнүн оозун кызыга тиктеп калдык.
Эже ушуну эле күтүп тургансып, сөзүн улантты:
— Нооруз күнү беш кила гүрүч дамдап, баарин чакырдым. Чилдирман жок да жанимда, табакты чилдирман кылып чалып  бердим.
— Мазза отуруш боптур, — деди аравандык күлүп.
— Ошоетте отуруп, таанышып атышпайбы: «Силер каяктан болусуңар, биз минияктан болобуз» дешип!
— Ха-ха-ха! Сиз болбосоңуз бири-бирин билбей жүрө беришмек тура!
— Нимеси болсо да, тааныштырып койдум. «Ат-Башыдансыңбы, Алайдансыңбы, баари бир кыргыздын баласысын, салам берип жүргүлө!» дедим.
— Сооп иш кылыпсыз, апа! — деди алдыдагы келин.
— Ушу сооп деп калдың, кызым, көзүм көргөн бир окуяны айтып берейин!
— Айта бериңиз! Жол алыс! Шашпай айтыңыз!
— Нимеге шашат эдем? Болгонуну болгондой айтам да! Дордойдо ниме көп, дааватчы көп экендер. Эки күндүн бириде: «Үйдө эркек киши барбы, болсо чакырып коюң» деп, жаш эле туруп сакал коюп алган дааватчылар келе береттер. Эркектерди үйгө камап коюптуларбы? Баари ишиде же базарда да! Такыр бовой калганда кошуна короодо тигүүчү кыздар жашайттар, ошонго барышып, таза баштарын айлантишиптир. Дааватчылар: «Тапканыңар харам болот, жок дегенде ника кыйып коюш керек!» дешсе,  биттаси алданып калыптыр.
— Анан ниме боптур?- деди аравандык жүргүнчү тынчы кетип.
— Ниме болот эде, баягы кыздын боюга бүтүптүр да! Күндүгө ошиеттен тамак ичип жүргөн неме ошо бойдон кебей коёт.
— Дин жолундагы адам да ушундай кылабы? — деди алдыдагы келин.
— Ону бир айтасиңби, эки айтасиңби! Болор иш болду да! Эми кыздын апасы ийласа,  жанинда туралбайсиң! Зорго соороттук. «Кызың өлүп калды беле? Нимеге ийлайсиң! Өзүнө катта сабак болду! Шундан кийин өзүнө ушар болот!» дедим. Эне бечара не кылсын, айтканибизга көндү. Достору да эстүү кыздар экен: «Аман-эсен төрөлсө, баарибиз жардам берип,  багып алабыз» дешти.

Муну угуп: «Жакшы адамдар бар да дүйнөдө!» деген болдук.
Унчукпай бараттык…Баткенчи эже көпкө чыдай албады.
— Мазза отуруш боптур дедиң, икам! Өзүң биякта ниме кылып жүрөсүң? — деп аравандыкты жарга такады.
— Кечээ кечинде келгем. Кайра үйгө кайттым. Бишкегиң бовойт, эже! Жакпады!
— Анча кимге кап эттиң?
— Аталаш авам бар биетте. Апасы өткөндөн кийин айылдагы үйү ээн калган эде. Кээде бактарыны сугарып коём. Кечке маал  шо тууганыма тилпон кылсам, «ишим жүда көп, өзүм чалам» деди. Анан биякка алып келген шопурдан суранып, машинасыга жатып алдым.
— Баткендиктердей сүйлөйсүң го? — деди таластык жигит.
— Мен өзү Ноокаттан болом, Аравандын Керкиданында турам. Келинчегим кызылкыялык.
— Келинчегиң болгону жакшы, икам! Бу дүнияда жалгыздыктан жамани жок! Парандалар дагын экитадан учушат, шуну пакас эсиңден чыгарба!- деп эже үшкүрүп алды.
— Коюң эже, жанатан бери бизди күлдүрүп келаттыңыз эле, энди ийлаганга өттүңүз. Антпең! Мына мен ийласам жарашат. Аялым кызымды ээрчитип баарда эле кетип калган!
— Кой икам, бактысы бүтүн экен деп атса, адамды ийлатасиң да!  Дыкат бово, кеткен катын келет, атасынын үйүнө батат дейсиңби!
— Кызыл-Кыяда кафеде иштейт экен.
— Шопур икам, сен Кызыл-Кыя менен өтөсүң да?
— Ооба!
— Кызыл-Кыя менен өтсөң, анда бу икамди катыны менен жараштирип кетели! Сооп болот! Эркек киши ичпесе болду! Ичкени  бовойт!
— Арак ичпейм, эже!
Катыным шаарга жашайбиз дейт. Мен ынабайм. Биздин талаш ошо болгону.
— Аялыңыздын көңүлүнө карап шаарга деле жашап көрбөйсүзбү? — деп калды жанатан бери сөзгө аралашпай келаткан таластык келин.
— Мага айылда жашаган жагат. Шаардиктарга келсең, тилпон кылып барышың керек экен. Айылда кудайга шүгүр! Эшигибиз дайыма ачык!
— Дурус гапти айттиң, икам!       Кышлактан өтөрү жок! Биякта басканыңын баари пул экен! Бизде битта сыйырың, анан бир кап унуң болсо болду!

Ортодогу сөздөргө айрыкча айдоочу жигит моокуму канганча күлүп жатты. «Баткенге барып иштейсиң десе, араң макул болдум эле. Көрсө, тили абдан таттуу тура!» — деди айдоочу Сосновкадан өтүп, жол боюнда дарбыз жеп жатканда.

Дарбыз менен шам-шум этип, жолубузду уладык. Алдыда төөнүн өркөчүндөй болгон Төө-Ашуу! Асмандын так чокусуна бараткан жолдун кайрылыштарына сан жетпейт!
Жолдун аягына эми эле чыктык десең, бурулуштан дагы жаңысы уланат…
— Чалыңыз бардыр, эже? -деп аравандык ортодогу тынчтыкты бузду.
—  Үч жыл болду өлгөнүгө.
— Оорудубу?
— Касал болуп өлсө, кана! Отуз жыл аракты өлгүдөй ичти. Шонтип жүрүп малканага жетпей тынчыптыр.
— Жаман болгон тура!
— Ийлайин десем, көзүмөн жаш чыкса кана! Адам өлгөндө кылган жакшылыгын эстеп ийлайт экенсин да! Тойдун эртесиден калтактаса, күндүгө кайип болсо, нимесине ийлайм! Кайра ичимден бир сүйүнөм, бир сүйүнөм, энди өзүм каалагандай жашаймин деп!

— Коюң, эже! Антпең! Кантип эле бир жакшы сапаты болбосун?
— Ичкен неменин нимеси жакшы дейсиң! Падаркани кой, күйөв болуп ширин габи боводу! Сенин катының сага бекер эле таарыныптыр, икам!
— Канча балаңыз бар?
— Кичик кызым Бишкекте, калган экөөсү Баткенде жашайттар. Шо кызымды күйөвгө бергенден кийин катта үйдө жалгыз калдым.
— Парандалар учуп келишпедиби анан?
— Жүда мамадана бала экенсин! — деп эже аравандыкка карап күлдү. Биз да күлүп калдык.
— Ха-ха-ха-ха!
— Кампири жок чалдардан күндүгө биттаси келет. Келалбаса, бирантадан айттират. Күйөөмдөн жакшылык көрбөдүм, энди ушу чалдан көрөрмүн деп, мана шу Баткендин өзүндө турганына чыгып кеттим.
— Туура кылыпсыз да!
— Нимеси тууру дейсиң!  Жеткен битина экен! Күндүгө тамакка өлчөп береттер. Маасисинин кыркта жериде жамаачысы бар немеден мага бирдеме калмак беле?  Базарга кеткенде алып берген көйнөгү менен оромолун баканга илдим да үйүдөн чыгып кеттим!
— Ха-ха-ха-ха! — деп боорубуз эзиле күлдүк. Эже өзү да ушундай күлкүчү экен, утуру көз айнегин алып, көзүнүн жашын жоолугунун чети менен аарчып коюп баратты.
— Сараң чалдын сазайын берипсиз, — деди таластык келин күлкүсүн токтото албай.
Муну айтканда салон ичи кайрадан күлкүгө толду.
-Ха-ха-ха-ха!
Ошентип отуруп Чычканга кантип жеткенибизди билбей калыппыз. Жол боюндагы кафеден тамактанып, сапарыбызды уладык.
Машина ордунан козголору менен жанагы сөз кайра жанданды.
— Биринчиси го өлүптүр, экинчисинин сазайын берипсиз, эми кимге баратасыз? — деди таластык жигит жылмайып.
— Эртең августтун саккизиби?
— Ооба, сегизи!
— Саккизи болсо жүда жакшы!
Битта чал келем деген. Ошонго баратам!
— Ха-ха-ха-ха!
Салон ичи кайрадан күлкүгө толду. Баткендик эже да биз менен бирге күлүп, бир убакта ичинен катуу үшкүрүп:
— Мени кампир девеңдер! Жаш элемин. Ылайыктуу адам болсо, ысык чайын дамдап, ашын пышырып бергенге жараймин! — деди.

Бул окуяга он жылдай болду.  Августтун сегизинде айласыз эсиме түшөт да, турат…

А. АЛИБЕКОВ, республикалык Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

Бөлүшүү

Комментарийлер