АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

  • 10.06.2024
  • 0

2024-жылдын 9-июнунда Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана Ош мамлекеттик педагогикалык университеттеринин базасында жалпы билим берүү уюмдарда эмгектенген педагогикалык кызматкерлер үчүн ыктыярдуу жана санарип форматта аттестациялоонун II этабы өтүп, ага 74 мугалим катышып, беш мугалим квалификациялык категорияларын тастыкташты.

АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун Педагогикалык кызматкерлерди тесттен өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Самаркүл Умралиеванын маалыматына таянсак, борбор тарабынан электрондук порталда катталган мугалимдердин (аттестация боюнча) квалификациялык категорияны ыйгаруу үчүн санариптик портфолиосуна 2024-жылдын 30-апрелинен 25-майына чейин эксперттик комиссия тарабынан экспертизанын 1-этабы жүргүзүлгөн.  Эскерте кетсек, мугалимдердин арыздары жана санариптик портфолиолору санариптик каттоодон 2024-жылдын 16-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлгөн. Аттестациялоонун I-этабынан, экспертизадан 337 документ каралды, ал эми 77си 2-этапка жолдомо алышкан. Алсак, Бишкек шаарынан 27 арыз берилсе, анын алтоосу экспертизадан өткөн. Ош шаары боюнча 24 арыздан тогузу гана өткөн. Баткенден 49 арыз түшүп, андан 14 өткөн, Жалал-Абад облусунан 70 мугалимден арыз түшүп, 14 өткөн, Нарындан 17инен бешөө өтсө, таластан 21 арыздан эки гана мугалимдикки өткөн. Ош облусунан 48тен тогузу, Чүй облусунан 28тен бешөө, Ысык-Көл облусунан 53 мугалимдин арызынан 13 талапка жооп берген. Жалпы 337 арыздын 77и экспертизадан өткөн.

— Мугалимдердин квалификациялык категория ыйгарууга берилген арыздардын жалпы бөлүнүшү боюнча 81 мугалим жогорку квалификациялык категория, 118 – биринчи квалификациялык категория жана 138 – экинчи квалификациялык категорияларга беришкен. Аттестациялоонун II-этабына, тестирлөөгө катышууга 77 мугалим жолдомо алган, алардын ичинен 74 мугалим катышты. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен төмөнкү беш мугалим ыктыярдуу түрдө билдирилген квалификациялык категорияларын тастыкташты, — дейт С.Умралиева.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун № 12 Абдуганы Атамов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Маматкулов Абдувахид биринчи квалификациялык категориясына арыз жазса, тестирлөөдө ал жогорку категорияны көрсөттү. Баткен шаарындагы № 4 мектеп-гимназия мекемесинин башталгыч класстын мугалими Таштемирова Минавар биринчи квалификациялык категориясына, Баткен облустук гимназия жатак-мектебинин  химия сабагынын мугалими Эралиева Мавлюда экинчи квалификациялык категориясына, Баткен районундагы «Газ» орто мектебинин орус тили жана адабиятынын мугалими Курбанова Анара экинчи квалификациялык категориясына жана  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабиятынын мугалими Турдубаева Мээрим экинчи квалификациялык категориясын тастыкташты.

Окурмандарга белгилүү болгондой, аттестациянын өзгөчөлүгү болуп мугалимдердин өз ыктыярдуулугу жана көз карандысыз санарип форматта катышуусу болуп эсептелет. Андан тышкары мугалим төмөнкү квалификациялык категориялар даражасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот: экинчи квалификациялык категориядагы мугалим (айлыкка кошумча акысы 2 миң сом), биринчи квалификациялык категориядагы мугалим (айлыкка кошумча акысы 3 миң сом), жогорку квалификациялык категориядагы мугалим (айлыкка кошумча акысы 5 миң сом).

С.Умралиеванын айтуусунда, аттестациялоонун негизги максаты жана милдеттери — мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү, педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү жана билим берүүнүн жыйынтыктарынын сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдерди илимий-методикалык жактан коштоонун бирдиктүү системасын түзүү болуп саналат.

— Учурда мугалимдердин ыктыярдуу аттестациялоодон өтүүсү үчүн жеңил шарттар түзүлгөн. Алсак, мугалимдер бир дагы билим берүү органдарынан же жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен же дагы башка жооптуу адистерден көз карандысыз ыктыярдуу аттестациядан өтүшсө болот. Маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда мугалимдер аттестациялоого керектүү документтерди үйдөн чыкпай туруп, санариптик портфолиого жүктөө мүмкүнчүлүгүн колдонуп келишет. 1-этапта тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Баткен облусунун Кара-Токой мектеп гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Маманазарова Нургуль Сабыржановна биринчилерден болуп “экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасына жыйынтык көрсөткүчтөрү жетишсе, бул жолу 74 мугалимден болгону бешөө категорияга татыктуу болушту. Бирок мугалимдердин басымдуусу эң жогорку балл алышты. Ошол эле кезде квалификациянын талабына 5, 4 балл жетпей калгандар болду. Өтө жакшы даярдык менен келишиптир. Бирок тестирлөөдө толкунданып жатып, билген суроолоруна деле күмөн болуп, туура эмес жооп берип алышкандарын айтышты, — дейт С.Умралиева.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Маматкулов Абдувахид  педагогика жана психологиядан 80%, компотенция боюнча 80%, предмети боюнча 93% жыйынтык менен 1-категорияга жетишти.

АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

— Аттестацияга катышса болот экен. Мен 1-категорияга арыз жаздым эле. Жыйынтыгым жогорку категорияга жетти. Даярданып келсек болот экен. Коркпой катышкыла, улуттук тестирлөө борбору даярдаган усулдук колдонмолордон пайдалансаңар болот, — дейт эмгек сиңирген мугалим.

Тестирлөөдөн чыккан мугалимдер суроолор өтө татаал болгонун айтышты. Айрым мугалимдер кээ бир терминдерди биринчи жолу укканын да жашырышкан жок. “Балдардын укуктары жөнүндө”, заманбап технологияларды колдонуу, педагогика, психология, саясий да суроолор болгонун атын атагысы келбеген мугалим билдирди.

— Тесттик суроолордун курамында IT технологияларына мүнөздүү татаал суроолор эмес, компьютерди колдоно билүүдөгү эң жөнөкөй көндүмдөр тууралуу суроолор болду. Жогорку окуу жайын аяктаган ар бир жаран эң жөнөкөй бул көндүмдөрдү билүүсүндө шек жок. Алсак, күнүмдүк иш алып барууда дагы Word, Exсel сыяктуу программаларда кантип иштөө, аларды ачуу, сактоо функциялары жана электрондук кат жазуу, жөнөтүү ыкмалары менен колдонуп жүрөбүз. Ал эми укуктук нормалар тууралуу суроолордун бардыгы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына гана тиешелүү балдардын укуктары (“Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы, мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттар, окуу программалары), мугалимдин кесиптик жана IT компетенциялары, укуктары, ошондой эле предметтер боюнча кыргыз тили жана адабияты, кыргыз географиясы, кыргыз тарыхы ж.б.у.с. суроолор каралган жана тесттик суроолордун баары дыкаттык менен экспертизадан өткөрүлүп, тесттик базага киргизилген, — дейт С.Умралиева.

Буга чейин мугалимдерди аттестациялоого даярдоо максатында окутуулар жүргүзүлгөн. Алсак, 2024-жылдын 13-мартынан 28-мартына чейин Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл  жана Нарын облустарында мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору менен тааныштыруу  максатында кошумча методикалык окутуулар өткөрүлгөн. Республика боюнча бул окутууларга жалпысынан 300 ашык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жооптуу адистер, мектептин директорлору жана мугалимдери офлайн форматында, ал эми ар бир региондо бул окутууларга онлайн түрүндө да педагогикалык кызматкерлер катышкан болчу. Ал окутууда педагогикалык кызматкерлерге 2024-жылдын I-кварталында өткөрүлгөн  ыктыярдуу аттестацияда берилген 312 санариптик портфолиосунан 255и, тактап айтканда 83% өтпөй калган себептерине талдоо жүргүзүлүп, анын механизмдери боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлгөнү айтылган.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору Ж.Баласагын атындагы КУУ менен ОМПУнун жетекчилигине мугалимдердин аттестациялоосун жогорку деңгээлде өткөрүүгө бардык шартты түзүп бергендери үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

 

Аттестациядан өткөндөр эмне дейт?

Минавар Таштемирова,  Баткен шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында башталгыч класстардын мугалими:

АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

— Мугалимдердин аттестациясына ыктыярдуу түрдө катыштым. Аттестация жогорку деңгээлде өттү. Бардык педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоодон өтүүгө чакырам. Педагогика, психологияга сүңгүп кирип, атактуу педагогдордун эмгектерин дагы бир ирет карап, өзүбүздүн педагогикалык ишмердүүлүгүбүздү сын көз менен кароого шарт түзүлдү. Мугалим интеллигенциянын сап башында тургандыктан, бардык тараптан компетенттүү болуусу керек. Аттестацияга катышып, билбегеним дагы көп экенине ынандым. Көп суроолорума жооп алдым, шыктандым.

Мээрим Турдубаева, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айлындагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде орус тили жана адабияты мугалими:

АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

— Тесттен жакшы жыйынтык көрсөттүм. Абдан кубанычтамын. Мен бул аттестацияга катышуу үчүн көп изденүү менен даярдандым. Тестке даярданып жатып,  өз  билимимди өркүндөтө  жана тереңдете  алдым. Азыркы заманга ылайык мугалим окуучуларды  сабагына кызыктыруу үчүн сабагын ар  тараптан компетенттүү болушу керек. Суроолор жетиштүү деңгээлде татаал  экен, бирок мугалим аттестациядан өтүү үчүн көп изденип, билимин тереңдете алса, анда тесттен өтө алат деген оюм бар. Аттестацияга даярдануу үчүн талыкпаган эмгек жана кененирээк убакыт талап кылынат экен.

Мавлюда Эралиева, Баткен облустук гимназия жатак-мектебинин химия мугалими:

АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

— Мугалимдердин ыктыярдуу аттестациясына катышып, экинчи квалификациялык категорияны тастыктадым. Мен бул аттестациядан өтүү үчүн аябай даярдандым, бул менен өзүмдүн кесиптик чеберчилигимди өстүрдүм. Билим берүү мыйзамдарын, нормативдик актыларды, педагогика, психология багытында көп окууга негиз болду. Азыркы мезгилде окуучулар тездик менен өнүгүп жаткан мезгилде мугалимдер алардын алдында, аларды ар тараптуу «жетелөөчү» кесиптин ээси катарында ар тараптуу өнүккөн, заманбап мугалим болуу талабы келип турат. Кесиптештеримди ушуга чакырып кетет элем.

Анара Курбанова, Баткен районунун «Газ» орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими:

АТТЕСТАЦИЯ: 74 МУГАЛИМДЕН КАНЧАСЫ ӨТТҮ?

— Эмгек  стажым 15 жыл, экинчи категорияга ийгиликтүү тапшырып, өттүм.  Аракетимдин артындагы ийгиликке чексиз кубанып турамын. Тапшырмалар   жакшы    түзүлгөн. Уюштуруу  эң жогорку деңгээлде болду. Уюштуруучуларга  терең ыраазычылык билдиремин.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер